Ыр секи

Көнүмүштөн качкан Каныкей

Сахнада көөдөй кара боекторду көп колдонгон, табышмактуу ырчы Каныкейди көчөдөн көрсөң таптакыр таанылчудай эмес. Оюндагысын жашырбаган, бетине бир да боек колдонбогон жөнөкөй кыз экен. Бирок кийимдери, аксессуарлары оригиналдуу. Колунда кийизден жасалган шакек, кулагында ачкычтан жасалган сөйкө.

- Кандай жаңылыктарың бар?
- Быйыл Эл аралык университетинин экономика факультетин жана музыкалык окуу жайды бүттүм да, кайра Улуттук консерваторияга тапшырдым. Мен ушул окууга тапшырганыма сыймыктанам. Анткени башка мамлекетке музыка боюнча барганда ушул өлкөнүн консерваториясын бүтүп келгем десең гана таанышат.
- Сахнада өтө табышмактуусуң. Бул атайын сахнага жасалган стилби же жашоодо деле ошондойсуңбу?
- Сахнадагы Каныкей менен чыныгы жашоодогу Каныкейдин айырмасы деле жок. Экөө тең стандарттуу нерселерди жактырбайт. Бир жыл бою бир эле чач жасалгасы менен жүрө албайм.
- Сахнада кара боекторду көп колдоносуң. Азыр жүзүңдөн бир дагы боек көрүнбөйт го?..
- Күнүмдүк жашоодо боенбойм. Териге зыяны тиет деп эсептейм. Ал эми сахнадагы көөдөй кара боектор, ийри-муйру бийлер, кылыктарым - ичимдеги сырлар. Жандүйнөмдөгү ойлорду ошолор аркылуу билдиргим келет. Жалпак сөз менен айткым келбейт. Муну ар ким өзү каалагандай кабыл алат. Айрымдар укмуш, бийик нерсе катары кабыл алса, башкалары талантсыз адамдын жоругундай кабылдашат.
- Беш жыл мурунку Каныкей менен азыркы Каныкейдин кандай айырмасы бар?
- Физикалык жактан, албетте, өзгөрдүм, чоңойдум. Жан дүйнөм ошол бойдон. Күнүмдүк турмуштан сабак алып, акылым кошулуп келатат. Бирок мурда эч нерсени билбеген неме болчумун деп айтпайм.
- Сырдашың ким?
- Туугандардын арасында да, курбулардын арасында да сырдаштарым бар.
- Сатып кетет деп бирөөгө сыр айтуудан коркпойсуңбу?
- Жок. Анткени мен бирөөгө калп же ыплас нерселерди айтпайм. Эгер ал дагы бирөөгө айта турган болсо мен жөнүндө чындыкты эле айтат да. Артыман сүйлөгөндөр сүйлөй берсин. Андан түк коркпойм.
- Мүнөзүңдө тажаалдык барбы?
- Болсо болгондур. Аны айта албайм (күлүп).
- Дүйнөнү театр кылып карасак, сен анын ичинде кимсиң?
- Куурчакмын. Анын жаны жок да. Бирок адамдар ага жан берет.
- Ошондо сага жан берүүчү ким?
- Долбоорду иштеп чыккан менин продюсерлерим.
- Социалдык желелерди колдоносуңбу?
- Ооба, колдоном. Жаңы­лыктарды карап турам. Фанклуб ачып алган фанаттар бар. Өткөндө күйөрмандар "Ырчы Каныкейге суроолор" деп баракча ачышыптыр. Аларга жооп бердик.
-Кайсы бир гезитке "кыргыз ырчыларынын ырларын укпайм" деп айткан элең. Чын эле бир дагы кыргызча ыр угуп көргөн жок белең?
- Мен такыр укпайм деп айткан эмесмин. Интрига кылып ошентип жазып коюшуптур. Мисалы, классикага айланган Актан Исабаевдин ырларын угам. Ал эми Муратбек Бегалиевди музыка жаатында Кыргызстандын деңгээлин көтөргөн адам катары эсептейм. Эстрада боюнча комментарий кылбай эле коеюн (күлүп).
- Кайсы жаатта досторуң көп?
- Кары-жаш, аял-эркек деп бөлбөйм. Кыялдарыбыз төп келсе, достошо берем.
- Ырдан башка кандай өнөрүң бар?
- Кийимдериме сайма саям. Кичине кезимде жакшы кийимдерим жок болгондуктан кездемени алып туруп юбка тигип, этегине сайма сайып, шуру тигип алчумун. Көргөндөр таң калчу. Азыр да "ушуну өзүң кылдыңбы, эмнеге мындай" деп сурашат. Алар билишпейт да качандыр бир кезде мен каалагандай кийим жок болуп, ушундай нерселер керек болуп жүргөнүн.
- Үй жумуштарын кылганга убакыт табылабы?
- 8-классымдан бери бардык жумуштарды кылып, тамак жасап жүрчүмүн. Азыр колум көп бошобойт. Үйдөн ал жумуштарды апам, туугандарым жасашат.
- Ата-энең "бул же тигил жерге турмушка чыкпа" деп чектөө койбойбу?
- Жок. Кичине кезимде эле "апа, мен чоңойгондо кимге кааласам ошого күйөөгө тием" десем, апам "мейли, кааласаң нигерге тийип ал" дечү. Ошондо "өз бактымды өзүм табам" деп айтчумун. Кеп жерде эмес да, кеп бакытта. Мен каалаган жериме турмушка чыга берем.
- Куда түшкөндөр барбы?
- Азырынча жок, андайга эрте.
- Кайрымдуулук кыла турган болсоң, кайсы тармакка жумшайт элең?
-Мектептерге. Анткени мектеп - бул билим. Мен кичинекей кезимде кооз сүрөттөрү бар китептерди жакшы көрчүмүн. А бизде андай китептер жок болчу. Баса, бир окуя эсиме түштү, кыргыз адабиятынан берген мугалимим Акбара менен Ташчайнардын образын бизге ушунчалык жеткиликтүү айтып берген. Акбаранын балдарын издеп тоону тинтип, буттары канаганын ушунчалык жакшы сүрөттөп берген, ушул убакка чейин ошол кездеги элестөөм көз алдымда турат. Ошондуктан мен китеп, мектеп, мугалим дегенден каражат аябайт болчумун.
- Жанатан бери балалыгың тууралуу көп эстедиң. Балалыгың кандай өттү эле?
- Карапайым үй-бүлөдө чоңойгом. Кара нан жеп, талаада иштеген кыздардын биримин.
- Эмнеге жеке жашооң жөнүндө айтпайсың?
- Айткым келбейт. Чыгармачыл адам болгондон кийин мен адамдардын жашоосуна боек беришим керек. Жеке жашоомдун элге эмне кереги бар?
- Кантип эс аласың?
- Классикалык концерттерге, балетке барам. Алар жыл сайын эле бир программасын кайталай берет дечи. Бирок мен андан да тажабайм, бар нерсеге сүйүнүп бара берем.
- Киного тартылгың келеби?
- Эгер алар тарыхта кала тургандай "Биринчи мугалим", "Махабат дастаны" сыяктуу мыкты тасмалар болсо, берилген образга Таттыбүбү Турсунбаевадай куюлушуп кирип, жакшы бир нерсе жаратсам анда башка кеп. Бирок азыр андай кинолор тартылбай атпайбы. Мен эми анча сындап катуу кетпейин, мен ким экенмин? Бирок аталгандай кинолордун мезгили келе элек. Ошол үчүн тартылбайм.

Маектешкен
Бегимай БАКАШЕВА