Ыр секи

Кенже Дүйшеева:
"Кайнатам жумуш жасатпайт"

Кенже азыр көптөн күткөн максатына жетип, бир жигиттин сүйүктүү жары болуп, наристе күтүп жүргөн кези. Бирок мындайда чыгармачылыкка баш-оту менен кирген адамда айла жок экен да. Дагы деле сахнага чыгып, жаңы ырларды жаздырып, жадакалса сентябрь айында, көз жарар алдында чоң программадагы концерт берем деп даярданып жүрөт.

- Эне болуу бактысын күтүп аткан кезиңиз, кандай сезимдер болуп атат?
- Мен азыр бактылуу аялмын. Жүрөгүмдү өйүп, маанайымды чөктүргөн бир да нерсе жок азыр. Болгону "менден кандай наристе жаралат, жакшы тарбия бере аламбы, мага окшош болор бекен?" деп ойлоно берем. Эртең менен ойгонорум менен курсагымды сылап "экөөбүз эки айдан кийин жолугушабыз" деп сүйлөшүп коем. Өзүм турмушка кеч чыкпадымбы, ошондуктан бул наристени жараткандын мага берген чо-оң белеги деп санайм. Төрөлүшүн жолдошум экөөбүз тең аябай күтүп атабыз.
- Кош бойлуу болгондон кийин мүнөзүңүз өзгөрдүбү?
- Азыр мен өзүмчө эле ханыша болуп калдым. Менин айткандарым үйдө мыйзам болуп атат.
- Уул же кыз экенин билдиңизби?
- Биринчибиз болгондуктан кимиси болсо да аман-эсен болсун деп, ким экенин деле билген жокпуз. Бирок өзүмө уул төрөчүдөй сезилип атат. Жолдошум кимиси болсо да аман-эсен төрөсөң болду деп жүрөт. Ал кээде "сен күчтүүсүң, күчтүү наристе төрөлөт" деп көңүлүмдү көтөрүп коет.
- Кайын-журтка барганда той-топурларда ырдап жүрөсүзбү?
- Кандай гана той болбосун мени келин катары жумуш жасаганга эмес, кеңешип, акылдашуу үчүн чакырышат. Алысыраак туугандар болсо расмий конок катары барам. Кайнатам чыгармачылыкты сыйлаган адам. Туугандарыбызга "келинимди катуу кыйнабагыла, жумуш жасатпагыла. Кенже бүгүн силерге ырдап берет" деп мени коргоп турат. Андайда жумуш жасабай калганым үчүн эмес, кайнатамдын мага карата жылуу мамилесине кубанам. Ал эми аяштар болуп отурганда мени кыргызча ырдатканды жакшы көрүшөт.
- Өзүңөр конок тоскондо тамакты ким жасайт?
- Талгат экөөбүз тең конок тосконду жакшы көрөбүз. Ушул жагынан кудай окшоштуруптур. Ашканада жетишпей атсам Талгат сөзсүз жардам берет. Анткени өзү тээ мектептен кийинки жылдары ашпозчунун окуусун бүтүп алыптыр. Бир нече дипломдун ээси. Тамак жасаган жагынан мени капа кылбайт. Негизи менин атам да ушундай адам болчу, апамдын колу бошобой атса, тамак жасай койчу. Мурда бул нерселерди анча жактыра берчү эмесмин. Бирок Талгаттын ушул сапатынан улам ал оюман кайттым. Кээде жумуштан чарчап калганда "тамакты мен жасап берейин" деп өзү жасай салат. Аял чарчап турган учурда эркек куру намыстанбай кол кабыш кыла калганы эң жакшы нерсе экен. Башында келин болуп барганда тамак жасап атсам кайненем күйөөмө "Кенжеге жардам бер" десе, өзүмдү аябай ыңгайсыз сезчүмүн.
- Акчага сарамжалсызбы?
- Акчаны экономдой албайм. Муну үй-бүлө кургандан баштап байкай баштадым. Өзүм стилимди алмаштырып, жаңыланып жүргүм келет. Кийим сатып алганды аябай жакшы көрөм. Анымды жолдошум байкап, акча экономдой албайсың деп калат. Бирок мен кийим деп сапатсыз нерселерди ала бербейм. Дайыма керектүү нерсе алганга аракет кылам.
- "АГК" тобун түзбөдүңөр беле. Анда кандай иштер болуп атат?
- Гүлнара Калдарова, Айжамал Кабылова үчөөбүздөн турган "АГК" тобубуз жакында Красноярск шаарында концерт берип келдик. Эл жакшы тосуп алды. Ал жакка мен Алматыдан, Айжамал Москвадан, Гүлнара Бишкектен концертке бир саат калганда учуп бардык. Бири-бирибизди аябай сагынып калган экенбиз, сөзүбүз таң аткыча бүткөн жок. Эми сентябрь айынын башында Ош жергесине чоң программадагы концерт коюуга даярданып атабыз. Азыр өзүм түзгөн "Жебе" тобу менен бирге иштеп атам. Алар репетиция учурунда мени "эже, кыйналган жоксузбу?" деп аяй беришет. А мен кош бойлуумун деп жатып алганым болбойт да. Анткени кош бойлуу аял канчалык кыймылдуу, эмгектенип, жакшы ойлор менен жашаса, ошончолук баланын төрөлүшүнө оңой болсо керек деп ойлойм.

Бегимай Бакашева




  Мүлккана

Кыргыз шоу-бизнесинде ким бай?

Белгилүү адамдардын канча үйү, канча машинасы бар болду экен деген суроо кызыктырды беле? А биз ал жөнүндө өзүлөрүнөн сурамжыладык. Айрымдарынын экиден үйү болсо, кээ бирөөлөр батирде жашайт экен.

Сайра Момунбаеванын үйү, дачасы, тигүү цехи бар
Ырчылыктан тышкары актрисалык өнөрдү да аркалап жүргөн Сайра Момунбаева сахнадан аз көрүнгөнү менен жашоо шарты алда канча алдыда. Жеке ишкерлик кылып жүрөт. Дегеним, бир нече жылдан бери тигүү цехин иштетет. Бишкекте жер үйү, толугу менен курулуп бүтө элек дачасы бар. Баасы 5 миң долларлык "Мерседес" үлгүсүндөгү машина айдайт. Андан тышкары Ысык-Көлдө жер иштетет.


Алтын-күмүшү көп Фарида
Айылда бизнес катары алып-саткан малы бар. Өтө кымбат баалуу алтын, бриллиант зер буюмдары көп. Азыр баасы 7000 долларлык "Мерседес" айдап жүрөт. Ал эми келерки жылы "борбордон үй сатып алсам, тигүү цехин ачсам" деген пландары бар.


Камчыга "Мазданы" досу белек кылган
Камчы Сарыбаев батирде турат. Азырынча менчик үйү жок. Бир аз мурда ишкерликке киришип "Сыграем" деген бильярд залын ачты эле, азыр анысын да иштетпей калыптыр. Өзүнө тиешелүү мүлкүнөн досу белек кылган "Мазда" үлгүсүндөгү унаасы бар.


Азамат үйлүү боло элек
Төкмө акын Азамат Болгонбаевдин шаарда да, айылда да менчик үйү жок. Азырынча өзүнө тиешелүү баасы 4 миң долларды түзгөн "Мерседес" машинасы гана бар.


Гүлзат Байзакованын 1 пансионаты, 2 миң койу барбы?
Бай ырчылардын бири - Гүлзат Байзакова. Бишкекте эки үйү, айылда 7-8 жылкысы, 25 уйу, 80 койу багылып атат. Андан тышкары "Мерседес" үлгүсүндөгү 8 миң долларлык, "Тайотта" үлгүсүндөгү 7 миң долларлык, "Субара" үлгүсүндөгү 6 миң долларлык үч унаасы бар. Кызыгы, биз менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин Байзакова "Көлдө 10 гектар жерим, 1 пансионат, 100 жылкы, 500 бодо мал, 2 миң койум бар" деген sms билдирүү жөнөттү.


Абдылда Иманкулов
мал-жандуу
Бул куудулдун Бишкекте менчик үйү, "Жип" үлгүсүндөгү 10 миң долларлык унаасы бар. "Андан тышкары малым бар. Анча көп эмес, бирок өзүбүзгө жетиштүү" дейт өзү.


Сакиш арпа-буудай айдатат
Айнура айымдын көпчүлүк байлыгы айылда. Көп жылдан бери арпа, буудай айдатып жүргөн үлүш жери бар. 8 жылкы, 30-40 койун айылдагы туугандары багып жүрөт. Буюрса, күздө шаардан үй алсам деп пландап атыптыр.


Мергендин Алматыда 4 бөлмөлүү үйү бар
Бишкекте 2 үйү, Алматыда 4 бөлмөлүү жер үйү бар. Күнүмдүк жумуштарды бүтүргөнгө жөнөкөй деп "Пассатын" айдаса, "Жип Лэнд Крузерин" сыйлуу жерлерге барганда гана пайдаланат.


Нурзат үй салдырат
Бишкекте үйү жок. Бирок үй курдурайын деп жүргөн жер тилкеси даяр. Анткен менен Чолпон-Ата шаарында 2 бөлмөлүү үйү бар. ""Хонда" үлгүсүндөгү унаага заказ бергем, бирок келе элек" дейт Нурзат.


Нуриса Абазова "Volkswagen Polo" айдайт
Нуриса Абазованын унаасынын баасы 4 миң доллар, үлгүсү "Volkswagen Polo". Ал эми үйү Бишкектеги кичирайондордун биринде. Андан башка менчик мүлкү жок.


Даярдаган
Назима Жумаева