Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
 "Бомба китеп" дейби?

Мелис Мырзакматовдун
өз чындыгы
(Берилбей калган БТР, Ош Республикасын түзүү сунушу, житип кеткен көзгө атарлар ж.б. тууралуу)

Өткөн аптада Ош шаарынын мэри М.Мырзакматов "Мен издеген чындык" аттуу китебинин бет ачарын өткөрдү. Китепке апрель жана июнь окуялары боюнча айрым документтерди киргизип, өз башынан өткөндөрдү баяндаган. Курманбек Бакиев менен Ош мэринин жеке мамилелеринен өйдө, ал качып кетер алдындагы акыркы сөздөрү тууралуу да кеңири баяндама берет. Азыр Ош шаарында аталган китепти алгач алып окуган атуулдар арасында "бомба китеп" деп атыгып кетти. Эмесе ошол "бомба китептин" айрым жерлеринен үзүп-үзүп берели.

Он мүнөттүк ойлонуу
"…Анан мага бир эле БТР бергиле. Өзбектер жыш жайгашкан Он-Адыр, Шейит-Дөбө райондоруна барып, сүйлөшүп келейин. Эртең, 12-июнда, түшкү саат 12:00дө жарашуу боюнча сүйлөшүүлөр башталат, кепилдигин беремин" дедим. Унчукпай калышты. Тообо, 10 мүнөт унчукпай отурушту, жообун күтүп мен деле отура бердим. "БТР бересиңерби?" дедим акырында. "Болуптур берели", - дешти. Ошол жерден Убактылуу Өкмөттүн башчысы Р.Отунбаевага телефон чалып: "Эртең саат 12:00дө кыргыз-өзбектин жарашуусу башталат" дедим. "Ошентсе кана! Дай бог!", - деди Роза Исаковна. Жарашуу башталаарын прессага дагы айтып ийгем. Тилекке каршы, БТР беришкен жок. Түнкү саат 12:00гө чейин күттүм, беришкен жок. Эмне оюн болуп кеткенин билбей калдым..."

И.Исаков чечет
"…Кол куушуруп отура алган эмесмин, Убактылуу Өкмөттүн жетекчиси Р.Отунбаевага чалып, кээ бир райондордун ички иштер бөлүмдөрүндөгү ок атуучу куралдарды жашыра туруунун зарылдыгын билдиргенмин. "Бул маселени Исмаил Исаков чечет" деген жоопту алдым…"

Тополоңдун биринчи белгилери
"…7-апрелден 18-майга чейин эле Ошто өзбек менен кыргыздардын 106 жолу мушташуусу катталып, шаар коомчулугун кооптондурган…"

Эй, торпокчу!
"…Эртеси 20-майда кечинде курал ташып баратат деген оперативдик маалыматтардын негизинде экс-депутат И.Абдурасулов кармалды…"
"…Мен И.Абдурасулов менен "Интурист" мейманканасында жолуктум. Катуу эскерттим. Ооба, курган жаным катуу айттым. Торпок сатып байыган жайы бар эле: "Эй, торпокчу! Сен көчөгө киши чыгарган даражага жетип калдыңбы? От менен ойнобогун. Жүр, сенин кишилериң менен сүйлөшөлү" дедим. Адегенде мен анын токтоосуз камакка алынышын талап кылгам. Курсан Асанов дагы ушундай позицияда эле. Бирок Улуттук коопсуздук кызматынын кишилери караманча каршы чыгып: "Кое бербесеңер болбойт, коопсуздукка биз жооп беребиз" - деп каадаланышты…"

Сиздер Ош Республикасын түзүшүңүздөр керек
"…2010-жылы апрель-май айларында Кыргызстанды түндүк менен түштүккө бөлүү аракети абдан күч алды. Бир мисал келтирейин, ошо жылы 10-апрелде Россия Федерациясынан бир телеграмма келди. Анын мазмуну төмөндөгүдөй: "Сиздер Ош Республикасын түзүшүңүздөр керек. Ташматов Хамидге кайрылсаңыздар жардам берет". Бул телеграмманын көчүрмөсү бизде сакталуу…"

Түштүк Кыргызстан Демократиялык Республикасы
"…Бул максатты ишке ашыруу үчүн белгисиз бирөөлөр 400 млн. доллар акчаны сунушташты. Көмүскө күчтөр: "Түштүк Кыргызстан Демократиялык Республикасы түзүлдү деп жарыя кыл да, өзүң четке чыга бер, калганы биздин иш" - дешти. Алар Кыргызстанды Түштүк менен Түндүккө бөлүүнү менин колум менен турмушка ашыргысы келишти…"

Психушкадан вице-мэрликке кеткен жол
"Апрель окуяларынан кийин Убактылуу Өкмөттүн башчысы Р. Отунбаеванын декрети менен мэрдин биринчи орунбасарлыгына Тимур Камчыбеков дайындалган. Тимур Камчыбековду мамлекеттик маанилүү кызматка таптаган Убактылуу Өкмөттүн жоругу жолдо калсын. Т.Камчыбеков көп жылдан бери психикалык жактан оорулуу адам катары Ош облустук психикалык ден соолук борборунда каттоодо турат. Амбулатордук картасынын номери: 2633"

Кармалган жалданма көзгө атарлар кайда жоголду?
"…Жалданма адамдар кармалды дегендер тирүү. Ош шаарында арабызда эле жүрүшөт. Жалданмалардын колго түшүрүлгөндүгүн жөнөкөй адамдар эмес, аскер адамдары, К.Байболов, А.Бекназаров баш болуп борбордук телеканалдардан айтышкан. Жалданмалардын ок атуучу куралдары тууралуу да маалыматтар таратылган. Бирок бул маалыматтар эмнеге аягына чейин изилденбей калды, аны коопсуздук күчтөрүнөн жана Убактылуу Өкмөттөн сураш керек…"

Өзбекстандын "Бирлик" партиясынын талабы
"…Парламенту необходимо выбрать новую форму государственного устройства Кыргызстана, которая будет обеспечивать безопасность узбеков. Такой формой является создание на территориях, в которых исторически проживали узбеки Узбекскую автономную республику с правом иметь свои вооруженные силы…"

К.Батыровго паспорт сураган Э.Байсаловдун каты
"09.04.2010 г. исх. №15 Министерство иностранных дел Кыргызской Республики Казакбаеву Р.А.
Уважаемый Руслан Айтбаевич! В связи с производственной необходимостью прошу Вас выдать дипломатические паспорта Руководителю аппарата председателя Временного правительства в лице Байболова Эдиля Жолдубаевича, Первому заместителю руководителя Председателя Временного Правительства Болотбаеву Асылбек Аскарбековичу и Президенту Университета Дружбы народов Батырову Кадыржан Алимжановичу. С уважением, Руководитель Аппарата Председателя Временного Правительства ______ Э. Байсалов…"

Кол салууну күтүү
"…Генерал И.Исаков кыскача сөз сүйлөдү. Чалгындоо кызматынын маалыматына караганда, күндүзү Өзбекстандын Анжиян шаарына 20 атайын рейс менен самолетто тандалма жоокерлерди түшүрүптүр. Алардын максаты - Ош шаарына чабуул коюп, облустук жана шаардык жетекчилердин көзүн тазалоо, ИИБни талкалоо, негизги коммуникациялык түйүндөрдү иштен чыгаруу ж.б. Өзбек тандалма жоокерлеринин саны 5000 адамдын тегерегинде болушу мүмкүн экендиги жана чабуул таңкы саат 4:00дө экендиги айтылды…"

Өлүмгө даярдануу
"…Күнгө 13-июнь эле. Тапанчамды кабынан чыгарып карасам 13 огу бар экен. Бир окту чыгарып, чөнтөгүмө салып койдум. Эгерде душмандар менен атышып жатып тапанчамдагы огум ада болсо акыркысын өзүмө колдоноюн деген ой менен…"

Коштошуулар
"…Шаар коменданты К.Асанов коргонуунун уюштурулушу тууралуу маалымат берип болуп: "Меке, балдарым жаш эле, эгерде согушуп жатып о дүйнө кетсем, ошолорго көз сала жүр, досум". Экөөбүз акыретте бир болууга макулдаштык…"
"…Ички иштер министрлигине караштуу "Шер" тандалма жоокерлер отрядынын командири, подполковник Бакыт Айыпов чалып калды: "Мелис аке, сиздин өмүрүңүзгө коркунуч туулуп жатканын уктук. Ошон үчүн суранып жатып, отрядым менен шаарды коргоого чыктым. Биринчи чабуулду биз каршы тособуз. Мамлекетибиз чоң коркунучта. Бирок биз аны душманга тепсетпейбиз. Эгерде шейит кетсем туугандардын баарына айтып коюңуз, мен аларга эки дүйнөдө ыраазымын. Сөөгүмдү өз колуңуз менен аруулап жерге бериңиз. Мен сиз менен сыймыктанам, Мелис аке" - деди ал…"

Текебаевди
көкбөрү кылышмак
"…Бир кезде чөнтөк телефонума СМС кабар келди. Мазмуну мындай: "Алайдан Ошту карай агылган албуут топ Убактылуу Өкмөт мүчөсү Ө.Текебаевди барымтага алууну көздөп жатат"… Убактылуу Өкмөттүн өкүлдөрү вертолет менен Алайдын жолуна жетип, жаалданган топту тосуп сүйлөшмөй болушту да, ордуларынан тура жөнөштү. Мен эшикке туураман туруп, Ө.Текебаевдин жолун тородум. "Сизден инилик сураныч, алайлыктар менен жолугушууга барбай эле коюңуз" деген ишаараны жасадым. "Эмнеге?" - дейт. "Так надо" - дедим. Ошентип, аны мен алып калгам. Кийин парламенттик угуулардын алдында Ө.Текебаев: "Менин жолумду эмнеге торогонуңду эми сурайм, ачык айтып бересиң" - деп кадалса болобу…"
Мэр Мелис Мырзакматов ушундай китеп чыгарды, ал өзү жазакчы, анын өз чындыгы ушул. Бирок ушул китепте жазылган айрым саясатчылардын да, Убактылуу Өкмөттүн да өз чындыгы бар. Акыры, бул китепте айтылган окуяларга тарых өз баасын берет жана кимдин чындыгы орнорун да көрө жатарбыз. Учурда Ошто уу-дуу болуп аткан китепти эл-журтка тааныштыра кетүү максатында айрым үзүндүлөрдү бердик.

Даярдаган
Ыдырыс Исаков, Ош




кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??