Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Китепкана

  Күнжебе

Чыныбай ТУРСУНБЕКОВ, КСДП фракциясынын жетекчиси:
"Айныксыз фаворит - Атамбаев, калганы регионалдык, уруулук деңгээлдеги лидерлер"
- Чыныбай мырза, жакында КСДПнын съезди болгону жатат. Анда талапкерликке Алмазбек Атамбаев өзү чыгабы?
- Биз Алмаз Шаршеновичтин өзү эле татыктуу деп ойлоп атабыз.
- Алмазбек Атамбаевдин шайлоодо утуу мүмкүнчүлүгү кандай деп ойлойсуз?
- Бүгүнкү кырдаалда Атамбаевдин шансы башка саясатчыларга караганда абдан эле жогору. Анткени ал өкмөт башчы болгон жарым жылдан ашыгыраак убакыт ичинде өлкө ичинде мамлекеттин бир топ эле маанилүү маселелерин чечти. Ошон үчүн жасап аткан ишинин таасири элге жетип аткан соң, менимче, андай адамга элдин үмүтү байланат.
- Өкмөт башчы болуп туруп кайсы иштерди жасай алды да, кайсыларды жасай албай калды?
- Коалициялык өкмөттү башкаруунун өзү кыйын. Анткени бул өкмөт үч командадан куралды да. Бюджеттин дефицитин азайтып, жыйырма жыл ичинде мынчалык көтөрүлбөгөн мугалимдердин, врачтардын айлыгын жарым жылда 30 пайызга көбөйтүүгө жетишти. Бул укмуш да. Бюджетке түшө турган алымдардын көлөмү да көбөйдү. Башка мамлекеттер менен катышты да жакшыртып, алардын, инвесторлордун Кыргызстанга болгон ишенимин арттыруу үчүн жигердүү иштерди жасаганы көрүнүп турат. Эң негизгиси - өзү коррупцияга малынган жок. Башка бийлик өкүлдөрүнө окшоп, тууган-туушкандарын бийликке алып келбеди.
- Кайсы иштерди аткара алган жок?
- Биздин партиянын программасындагы айтылган нерселердин баарын эле аткарып атат. Мисалы, уюшкан кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөш жүрүп атат… Балким, инвесторлорду мындан да көбүрөөк тартып, айлыктарды мындан да көтөрсө жакшы болмоктур. Бирок мунун баарын аткаруу үчүн убакыт керек да. Мамлекеттик чоң маселелерди чечүүгө алты ай аздык кылат дейм.
- Алмазбек Атамбаев быйылкы жылдан профицит менен чыгабыз деп айткан эле, айрым депутаттар, эксперттер профицит менен чыгууга өлкөнүн реалдуу мүмкүнчүлүгү жок болуп турганын, профицит менен чыкмак тургай дефициттин көлөмү 22 млрд. сомго жетерин, өкмөт башчы чындыкка туура келбеген убаданы берип атканын айтып атышат…
- Акылбек Жапаров мырза ушул маалыматты айтып атат. Ал киши өзү дагы өкмөттүк кызматтарда иштеп жүргөн, мындай маселелерди чечүү, айлыктарды эле 10 млрд. сомго көбөйтүү канчалык кыйын экенин жакшы билет. Мындай иштер жасалып атканда, сөзсүз оппоненттер да табылып, өкмөттүн жасап аткан жакшы ишин жаман көрсөтүүгө аракет кылары табигый көрүнүш. Айтып коюу керек, биринчи, экинчи кварталга салыштырмалуу дефицит азайды. ГСМ тартыштыгынын чечилип атканы Атамбаевдин эмгеги менен болуп атканы саймедиреп айтпаса деле түшүнүктүү болуп турат.
- Сизди КСДП фракция жетекчилигинен кетирүү боюнча аракеттер болгонун уктук эле. Фракциялаштарыңызга эмнеге жакпай калдыңыз?
- Мен деле ал маалыматты силердей болуп маалымат каражаттарынан окугам. Бирок мага эч ким келип "лидерликтен кетиңиз" деп айткан жок, же нааразылыгын айтып партия лидери Атамбаевге арызданган жок. Тескерисинче, мен өзүм жаңыдан депутат болуп келгенде мурунку иштерим менен кош айтыша албай, кыйылып, саясатка келгим келбей ыңгайсыз болуп жүрдүм. Бул сөздөр жөн эле биздин фракцияны жаман көрсөтүүгө болгон шыкактар болушу ыктымал. Анткени бүгүнкү күндө эң ынтымактуу команда болуп иштеген биздин фракция экенин жакшы билесиңер, башка фракцияларда эки-экиден чабышкандарга, бирин-бири сабап салып атканына күбө болуп жүрбөйбүзбү. Биз фракция жыйынында талашып-тартышыбыз мүмкүн, бирок фракциянын чечимине бардыгы баш ийет.
- Бул шайлоодо Бакиевчилер реванш алганы жатат деген прогноздор айтылууда. Бул боюнча пикириңиз кандай?
- Бакиевдин саясатын эт-бетинен кетип жүргүзүп, алардын камчысын чаап жүргөндөр өткөн парламенттик шайлоодо да жеңип келишпедиби!? Азыр алар жаңы системанын артыкчылыгын пайдаланып жүрүшөт.
- Акыркы убакта спикердин Түркияга болгон жашыруун сапары боюнча коомчулукта кызуу талкуу жүрүп жатат. Бир маалыматта Бакиевдер менен жолукканы кетти деп айтылса, бир маалыматта Көлбаевдерди куткарганы кетти деп айтылууда. Сиз бул боюнча эмне айта аласыз?
- Ошол эле Акаевдер, Бакиевдер Кыргызстандагы турмушка өз таасирлерин сактап калгылары келет. Алардын бул аракетин пайдаланып, андан акча жасап алгылары келген бул жактан күчтөр табылат. Мурунку бийлик өкүлдөрү менен, криминал өкүлдөрү менен иш алып барган саясатчылардын саясый өмүрү кыска болот деп ойлойм. Нариман Түлеевдин "Ата-Журт" партиясы шайлоо астында Акаевдерден акча алгандыгы тууралуу маегин окуп, андан мурунку маалымат каражаттарына чыккан криминалдын лидерлери менен жолугушуулар тууралуу маалыматтарды, УКМКнын маалыматтарын окуп жүрөбүз. Мунун баары чын болсо элдин төрагага болгон урмат-сыйын жоготору турган иш.
- Бул шайлоодо негизги күрөш кайсы талапкерлердин ортосунда болот деп ойлойсуз?
- Бүгүнкү кырдаал, сурамжылоолордун натыйжасы айныксыз фаворит Атамбаев экенин көрсөтүп турат. Башкалар да бар. Айрымдары регионалдык деңгээлде, кээ бирлери уруулук деңгээлдеги лидерлер.
- Бул шайлоодо кандай факторлор роль ойношу мүмкүн? Акчабы, криминалбы, Түндүк-Түштүкпү?
- Өткөн шайлоо биздин коомдогу маселелерди жылаңачтап көрсөтүп койду. Криминал саясатка аралашып алганын көргөздү. Ошон үчүн бүгүнкү күндө криминал менен болгон күрөш дале аяктай элек. Бирок бул шайлоодо ушул факторлордун ичинен криминал аралашпайт деген үмүтүм бар. Акча кандайдыр бир деңгээлде аралашышы мүмкүн. Криминал, акча менен келген партияларды эли көрдү да. Ошон үчүн коом өзүнүн тандоосун жүргүзүшү зарыл.
- Коомчулукта Атамбаев шайлоодо административдик ресурсту колдонот деген коркунуч бар. Бул негиздүүбү?
- Административдик ресурс деген эмне? Бул губернатор, акимдер, жергиликтүү бийлик. Аларды азыр өкмөт башчы дайындабайт, алар айылдык, райондук кеңештин депутаттары аркылуу шайланат. Эгер кайсы бир талапкер мыйзам бузуп атса, сот анын талапкерлигин алып сала алат. Өзүңөргө белгилүү болгондой бүгүнкү күндө соттор соттордун тандоо кеңеши аркылуу келип атат. Ал кеңештин сегиз мүчөсүн коалицияга мүчө болгон фракциялар, сегизин оппозициялык фракциялар, сегизи сот органдарынан тандалып алынган. Бул соттор бүгүнкү күндө көз карандысыз, өкмөт башчыга баш ийбейт дегендик.
Дилбар АЛИМОВА








кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??