Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Көңүл чордонунда

Сүзө түш. Чындык чыгып калаар

"Мегаком" - Кыргызстандагы уюлдук байланыш кызматынын эң ириси. Ошого жараша Кум-Төрдөн кийин эле бюджетке булактай агып кирип жаткан киреше берген ишкана. Анын мындай "асылдыгын" билген эл аралык аферанын алчы-таасын жеген өкүлдөрү айдасак деле болбой, кайра өзүбүзгө тап берип, чөө тишин көргөзүп, айланчыктап "ыркырап" турушат. Атаңдын көрү, мыйзамдын узун укуругун алып, андай болсо мына деп туруп так төбөгө басып ала турган сотторубуз, кайра алардын сөзүн сүйлөп, "көз камандык" кылып турушу жан кейитет. Андыктан "Мегакомдун" өчөйгөн кыргыз экономикасы үчүн өтө мааниси бар экенин, аны чөө көзүн канталатып кимдер айланып жүргөнүн, бийлик башындагы кайсы "балта сап" аларга жан тартып жатканын дагы бир ирет айтып бербесек болбой калды.

Көпчүлүк окурмандар "Мегаком" чырын айта берип мээ кайык кылдыңар деши мүмкүн. Алардыкы туура. Кептин баары азезилдин өзүн айныткан анын тегерегиндеги окуяларда болуп жатат. Себеп дегенде "Мегакомдой" босогосунан май аккан ишкананы тооругандар ошончолук көп болгондуктан, кайсы бирин угаарыңды билбей каңгы баш болушуң толук мүмкүн. Аныгында "Мегаком" өңдүү бакыйган компания ызы-чуусуз "бакылдап" иштеп турса баарыбызга эле жакшы болмок. Иштеп деле жатат. Кашайганда караңгыраак жерден чыга калып каап кетип жатышкан "Пенвелл", "Серпеус" өңдүү чөөлөрдөн кутула албай жатпайбызбы.
Өздөрүн инвестор атаган, кың десеңер артымда турган өлкө менен алакаңар болбой калышы мүмкүн деп кекетип турчу бул компанияларды "Мегакомго" жолотпой, оффшордук аймактарга ооштуруп кетип жаткан акча каражаттарын кан буугандай тыя салдык эле, "байкуш" "Мегакомубуз" аз эле убакытта жүзүнө кызыл жүгүрүп, жүнү кулпуруп, капшыты кампая чыгып, күн өткөн сайын бюджетке кошкон салымынын барааны артып баратат. Ач көзү агып кетчүдөн бетер, аркы бурчта жаланып турган алиги компаниялардын ичин күйгүзүп ("Пенвелл", "Серпеус") акыркы мезгилдеги "Мегакомдун" экономикалык абалына окурмандардын көңүлүн бура кетели.
Белгилүү болгондой өткөн жылы "Мегаком" "көкбөрү" болуп кете жаздаган. Апрель окуяларынан кийин деле аттан түшкүсү келбеген "Пенвеллдин" өкүлү А.Силич (башкы директор) "бульдозер менен түртсөңөр да чыкпайм" деп отуруп алган болчу. Ой, аны түртпөгүлө деп Башкы прокурордун милдетин аткаруучу К.Байболов канатына калкалай калган. Болбой эле А.Силичти аңтара түрттүк эле, олтурган жеринин айланасы бүт эле тешик экен. Болгондо да Ала-Тоону аралап барып оффшордук аймактардан чыккан тешиктер болуп чыкпасбы. Ошентип, булар 27 млн. долларды кантип "оп тартып" кетишкендиктери билинип калган. "Мегакомго" Кыргыз Өкмөтү тарабынан сырткы башкаруучу киргизилген. (Кийин "Мегакомдун" акционерлери тарабынан Башкы директорлукка А.Мурзалиев шайланды). Ошону менен иш жылды.
Эми фактыга кайрылсак "Мегакомдун" 2011-жылдагы жарым жылдык жалпы кирешеси 67 млн. долларды же 1 миллиард 28 млн. сомду түзүптүр. Муну ишкананын өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчүнө салыштырсак 290 пайызга көптүк кылат экен. Бул ооз толтура айтылган цифранын (67 млн.) таза кирешеси 22 млн. доллар болуп жатат. Эң сүйүнүчтүүсү бул кирешелерден оффшордук аймактарга "ойноп" кеткени болгон жок. Мамлекеттин бюджетине да 600 млн. сом "топ" этип барып түшүп калды. Былтыр "Мегакомдун" жыл бою бюджетке түшүргөнү болгону 760 млн. сом болчу.
"Мегаком" компаниясы кирешесин жылдын аягына чейин 40 млн. долларга чейин жеткиребиз деп турат. Баса, "Мегакомдогу" баягы 49 пайыз акциябыз үчүн эле 22 млн. доллар дивидент алат экенбиз. Буга кубанып эле турабыз. Анткени бюджет тартыштыгы (22 млн.доллар) баарыбызга белгилүү. Бул каражаттар мурда М.Бакиевдин сателиттеринин сол чөнтөгүнө түшүп турчу эмес беле. Тиги көздөрүн канталатып, шилекейин жутуп тургандардын да ("Пенвелл", "Серпеус") эңсегени ушул болчу.
Максим Бакиевдин максымдаштары "Мегакомдон" 2009-жылы 300 млн.сом, өткөн жылы 700 млн.сом жулуп кетишкен. Быйылкы жылы мындайга жол берилбей калып, ыктытып турушпайбы.
Ошентип, "максимчилер" эки жылдын аралыгында эле 1 миллиард сомду сомдоп жиберишкен. Бул каражаттарды чыгарып кетүүдө эл аралык аферада кеңири практикаланып жүргөн ыкмалар, коррупциялык схемалар пайдаланылган. Сыртынан караганда баары мыйзамдуу көрүнгөнү менен ичи ириген бул коррупциялык схемада, адатта эл аралык келишимдер өтө жогору бааланып, тейлөө кызматына оңбогондой каражаттар төлөнөт. Ошону менен чөнтөгүңдү кантип кагып кеткенин билбей да каласың. К.Бакиевдин табакташтары ушул жол менен иштеп келишкен. Учурда "Мегакомдогу" жаңы жетекчилик бул схемаларды тамырынан кыйып, компаниянын ичиндеги бирин-бири кайталаган функциялар жоюлгандан кийин гана иштери илгерилей баштаган.
Айтмакчы, Кыргызстандын мамлекеттик байланыш агенттиги "FONEX" жана "Мегаком" байланыш операторлорун лицензиялык макулдашуу шарттарын аткарган жок деген болчу. "Мегаком" лицензиялык макулдашуу шарттары боюнча 40 млн.сом, ошондой эле 2011-жылдын 5-апрелиндеги Өкмөттүн токтомун аткаруу үчүн 50 млн.сом (баш-аягы 90 млн.сом) бюджетке төлөп, лицензиялык макулдашуу шарттарын толук аткарууга жетишти.
Бардыгы салыштыруу менен аныкталат эмеспи. 2010-жылы компанияда 1 млн. 844 миң абонент болсо, бүгүнкү күнгө чейин алардын саны 2 млн. 225 миңге чыккан. Жылдын аягына чейин "Мегаком" компаниясы абоненттеринин санын 2 млн. 500 миңге чыгарууну көздөөдө. Компаниянын жетекчиси А.Мурзалиев жаңы кызмат көрсөтүүлөр, тарифтер аркылуу буга жетишүүгө болот дейт. Ошондой эле компания 2012-жылы таза кирешени 45 млн. долларга жеткирүүгө ниеттенип тургандай.
"Мегаком" жакын арада иштеген офисин которуу алдында турат. Себеп дегенде жыл сайын арендасына эле 1,5 млн.доллар беришет экен. Башка иши калбай калгансып, парламенттин айрым депутаттары "эмнеге көчөсүңөр" деп демитип жибергенге үлгүрүштү. Бирөө көчөбү, жатып алабы, ырдайбы, ыйлагысы келсе ыйлайбы, деги депутаттардын кандай иши бар десең. Сыягы, алардын арасында отурган имараттын ээси мынчалык каражаттан ажырап каламбы деп чыйпылыктай баштагандай. Анын ким экенин деле жакында айтабыз. Учурда "Мегакомдун" көчүп кирчү имаратына ремонт жасалууда. А.Мурзалиевдин айтымында, ремонтту сырткы инвестициянын эсебинен жүргүзүп жатышат.
Ошондой эле "Мегаком" кайрымдуулук иштерин күн өткөн сайын арбытууда. Быйылкы жылы өлкөнүн тарыхында биринчи болуп бардык мектептерди компьютердик класстар менен камсыз кылууга белсенүүдө. К.Бакиевдин тушунда "Мегаком" бул максатта жыл сайын 500 миң сом жумшаса, учурда гуманитардык жардам көрсөтүүлөрдүн жалпы суммасын 2 млн. сомго чейин жеткирүү көздөлүүдө. Мунун арасында республиканын бардык согуш ардагерлерин (Улуу Ата Мекендик жана Афган согушунун катышуучуларын) бир жолку материалдык колдоо озуйпасын да моюндарына алышкан.
"Пенвелл" компаниясынын өкүлү А.Силич баштаган лөктөрү кезегинде Кыргызстанда "Мегаком" өңдүү масштабдуу ишкананы иштетип кете турган кадрлар жок дегендей бир күпүлдөп алышкан. Андай деле эмес экен. Иштетип эле жатабыз. Иштетип деле кетебиз. Бул багытта компаниянын инженер-техникалык кызматы дурус эле аракеттерди көрүп жатат.
Учурда да "Мегакомдун" айланасындагы укуктук-юридикалык талаш-тартыш чечиле элек. "Пенвелл", "Серпеус" компанияларын айдасак кетпей жаткандыгын айттык. Анткени биздин сатылма соттордун (башка эмне дейбиз) бардык инстанциясы айрым маселелерди алардын пайдасына чечип берип үмтөттүрүп койгон. Коомчулук аталган компаниялардын кимдигин, кайдан келгенин, ошондой эле алардын эл аралык деңгээлдеги М.Бакиевдин "май ичмелери" экенин таанып турса дагы сотторубуздан утулуп калып, бозала болуп турабыз.
Кыргызстандын экономикасы жалпы баарыбыздын аракетибиз менен кыр ашаары белгилүү. Бюджетке бир сом болсо да бере турган ишкана болобу, ишкер болобу биз үчүн өтө маанилүү. Мындай шарттарда жалаң оффшордук аймактардан келген оендорду "Мегакомду" үч айланта кууп туруп жолго салуу андан да маанилүү болуп турат. Ал үчүн эл аралык соттук териштирүүлөрдөн коркпой-үркпөй эле коюш керек. Анткени тигилерди мыйзамдын укуругу менен төбөгө чабууга далилдер жетиштүү. Алардан акыры кутулабыз дечи. Асты, өзүбүздүн "балта саптардан" кутулбайт окшойбуз. Бирдемени каңкуулап капталдан чыгышат да турушат. Фактыга кайрылсак, кадимки эле А.Келдибеков "ИА-24kg" агентине берген интервьюсунда "Мегакомдон" акча каражаттары адаттагыдай сыртка агылып, андагы техникалык жабдуулар кытай жабдуулары менен алмаштырылып жаткандыгын айткан. Өлкөдөгү биринчи адамдын сөзү далилдүү болсо мейли эле. Дегеле, А.Келдибеков жеңил-желпи сөз өзүнө жарашпай турганын, баягыдай "ээн ооз" саясатчы эмес, эл башылык озуйпа мойнуна жүктөлгөнүн туйбайт окшойт. Эгерде жогоркудай фактылар болсо мынакей деп ачыкка чыгарууга, күнөөлүүлөр болсо жоопко тарттырууга А.Келдибековго бу заманда эч ким жолтоо кылалбайт. Анткени кызматы ошондой. Коомчулук дагы ошону талап кылат.
Аныгында "Мегаком" компаниясы инвестициялык климатты жакшыртуу, өндүрүштү арттыруу, техникалык чыгымдарды оптималдаштыруу, биллинг системасынын көлөмүн көбөйтүү максатында жети жылдык Информациялык системаны сатып алуу максатында ачык тендер өткөргөнү ырас. Ага дүйнөгө таанымал Hewlett-Packard, Fujitsu, Sun, Huawei, ZTE өңдүү компаниялар катышкан. Тендерде Huawei компаниясы жеңип чыккан. "Мегаком" компаниясы ага өзүнүн сервердик инфраструктурасын сунуш кылган. Эч кандай ИТ-инфраструктурасын толук алмаштыруу, болгондо да кытайдыкына алмаштыруу жөнүндө сөз болгон эмес.
Ал эми капталдан чыга калып сүзүп калган А.Келдибековго не дейбиз. Сүзө түшсүн дейбиз. Ылайым, мүйүзүнө чындык илинип калгысы бардыр.

Темирбек Алымбеков








<кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"




а ­е¦Є.НҐй«