Эконом-саат

Кыргызстандын жеңил өнөр жайы: гүлдөп аткан тигүү тармагы,
Кытайга туруштук бере албаган бут кийимчилер

Жеңил өнөр жайды Кыргызстандын экономикасында өнүгүп аткан тармак катары атоого болот. Бул тармакка кийим тигүү, кездеме чыгаруу, трикотаждык буюмдар, тери иштетүү, бут кийим чыгаруу кирет. Бүгүнкү күндө булардын баары бирдей деңгээлде өнүккөн эмес.

Мисалы, кийим тигүү тармагы менен кийим токуу алдыда кетип баратат. Ал эми кездеме чыгаруу менен бут кийим чыгаруу союз кулаганда эле токтогон. Себеби фабрикалардын баары иштей албай калган. Муну иштетүү үчүн жылдан жылга жаңырып өнүгүп турган технологияны кууп жетип туруу зарыл. Рынокту кууп жетип, кайсы кездеме керек болуп атса, аларды чыгарууга техникаларды улам жаңылап сатып алып туруу чоң каражатты талап кылат. Анын үстүнө бут кийим тармагы Кытайга атаандаштыкты түзүп, туруштук бере албай калган. Ошондуктан болбой турган нерсеге эч ким баш оорутуп, бут кийим чыгаргысы келбейт. Буга салыштырмалуу тигүү тармагы көп акчаны талап кылбайт. Тигүү машинелеринин баалары 200-500 доллар. Кездемелердин баары Кытайдан келет.


Жеңил өнөр жайынын
экономикадагы орду
Ички дүң продукциянын - 3%ын түзөт
Ички өндүрүштүн - 9%ын түзөт
Экспорттун көлөмү боюнча - 3-орунда турат (1-орунда жез, алтын, 2-орунда электр энергиясы)
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, жеңил өнөр жай тармагында 158 миң адам иштейт.

Кыргызстан үчүн стратегиялык рынок Россия менен Казакстан. Жеңил өнөр жай ассоциациясынын Россиянын 17 шаарында атайын өкүлчүлүгү бар. Жумасына эки жолу Кыргызстандан кийим-кечектер барып түшүп, ал жакта иштеп жүргөн биздин мекендештерибиз сатышат.
Мигранттар Кыргызстанга 1 млрд .750 млн. доллар инвестиция кылат. Бул көлөмдүн бирден бир бөлүгү тигүү тармагы боюнча келген кирешелер.





Сапарбек Асанов,
Жеңил өнөр жай ассоциациясынын жетекчиси:
"Патент системасынын кириши менен тигүү тармагы гүлдөдү"
- Жеңил өнөр жайды өнүктүрүүгө Өкмөттөн кандай кам көрүлүп жатат?
- 2005-жылы декабрда жеңил өнөр жайына патент системасын киргизүү боюнча Өкмөттүн токтому кабыл алынган. Бул система киргизилгенден кийин 2006-жылы атайын мыйзам кабыл алып, жеңил өнөр жай тармагында иштеп аткандардын патенттин суммасынан 25% соцфондго төлөө тууралуу норма кирген. Ушундан баштап мурда жашыруун, көмүскөдө иштеп аткан ишканалар ачыкка чыгып иштей башташкан. 2003-2004-жылдары өндүрүштүн көлөмү 1 млрд. 750 миң сом болсо, бүгүнкү күндө 5 млрд. сомго чыкты.
- Патент системасы киргенге чейин жеңил өнөр жайчылар салык төлөшчү да ээ?
- Ай сайын салык инспекциясына барып, канча көлөмдө продукция чыгарып атканы, канча пайда көрүп атканы тууралуу отчет тапшырышчу. Анан ошого жараша салык төлөнчү. Эч ким аны ачык көрсөткүсү келчү эмес. Кирешесин жашырчу, коррупция гүлдөчү да. Ошол убакта Өкмөткө 8 млн. сом салык түшчү. Бүгүнкү күндө орто эсеп менен 100 млн. сомго чейин чыгып атат. Ал учурда Улуттук статистикалык комитет жылына болгону 2 млн. кийим-кече чыгат дечү, иш жүзүндө 6-7 млн. чыкчу. Патент системасы иштеп аткандан бери 50-60 млн. даана кийим-кечек чыгарылып, экспортко кетип атат. Бул жакшы көрсөткүч да.
- Азыр ошондо жеңил өнөр жайчылар кандай төлөмдөрдү төлөшөт?
- 2009-жылы патент системасын эки ай алып салышкан. Жогорку Кеңештен чыкпай, чуркап атып араң кайра калыбына келтиргенбиз. Бирок 2009-жылы июль айында соцфонддун төлөмүн 13 эсе көбөйткөн мыйзам кабыл алып коюшту. Бул мыйзамга ылайык, ар бир тигүүчү башына 1600 сом төлөш керек болчу. Муну эч ким төлөй албайт. Кайра эле жашырынып иштей башташмак. Анан ошол мыйзамды дагы жакында араң калыбына келтирдик. Азыр эми ар бир тигүүчүнүн орто айлык акысынын 40%ынан 12% төлөйт. Бул ар бир тигүүчүгө 380 сомдон туура келет дегенди түшүндүрөт. Андан сырткары, киреше салыгы 320 сом төлөнөт. Жумуш берүүчү болсо ар бир тигүүчү машинеге 10го чейин болсо 2 миң сомдон, андан ашса 1 миң сомдон төлөйт. Бул көрүнүштү Кыргыз Өкмөтү жеңил өнөр жай тармагына жакшы мүмкүнчүлүк, шарт түзүп атат деп айтсак болот.
- Экспортту мындан да көбөйтүү үчүн кандай аракеттерди көрүү керек?
- Экспортту дагы кененирээк жайылтуу үчүн ар кандай жарманкелерди уюштуруп туруу керек. Биз андай жарманкелерди тынымсыз өткөрүп, Казакстанга, Россияга барып жарманкелерге катышып турабыз. Мына апрель окуялары болгондо дагы биздин иштерибиз эч токтоосуз жүрүп жатты.
- Демек, бул тармакта эч кандай проблема жокпу азыр?
- Жок, эч кандай проблема жок.
- Бажы союзу иштеп баштаса бул тармакка кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?
- Бажы союзу иштеп баштаса көп продукциялар бул өлкөлөргө кирбей калат деген божомолдор айтылып атат. Бирок бул союз иштеп баштаса да бизге эч кандай зыяны тийбеши керек. Анткени Россия, Казакстан, Кыргызстан, Белоруссия, Тажикстан ЕврАзЕСтин мүчөлөрү болуп саналат да. Бул өлкөлөр бири-бирине бажы салыгын төлөбөйт. НДСти гана төлөйбүз. Мурда кандай иштесек дагы деле ошондой иштей беребиз.
- А эгер биз ошол Бажы союзуна мүчө болуп калсакчы?
- Анда өзгөрүү болушу мүмкүн. Бир маселе бар - биз тигип аткан материалдардын баары Кытайдан, сырттан келет да. Алардын баары кымбатташы мүмкүн. Бирок, бажыдан өткөндөгү көптөгөн кыйынчылыктардын жоюлушун алганда бул эки нерсе бирин-бири компенсациялап кетиши ыктымал. Өкмөттө биздин Кыргызстанга керектүү болгон сырьелордун баасын көзөмөлдөгөнгө мүмкүнчүлүгү бар. Бажы союзуна кирип атканда бизге кайсы сырьелор сырттан кирип атса, ошолордун бааларын төмөн кылып макулдашып алса болот. Казакстан деле ошентип өзүнө керектүү болгон шарттарды түзүп алды. Эгер андай боло турган болсо, тескерисинче, биздин продукциялардын көлөмү көбөйүп, биргелешкен көп ишканалар ачылмак.