Экстер эркин учушат

Орус жарандыгын алган Ногоев, саясатка тойгон Болжурова жана студенттерди каарыган Баекова
Акылдуу, куу, анан бай
Буга чейин улам бир бийликтин тилин таап келген куу, бай аял Чолпон Баекова да чоң саясатта көрүнбөй кетти. Учурда Оштун Кара-Суу базарындагы контейнерлеринен түшкөн кирешелерди санап үйүндө. Пенсияга чыгып алган. Бирок эзели үйдө бош отурганга көнбөгөн Чолпон айым Кыргыз-Орус Славян университетине кирип алган. Ал жакта профессор. Юридика жаатында лекция окуп, студенттерди каарып аткан кези. Саясатка келүүнү унуткан, бирок күйөө баласынын (Оштун мурдагы губернатору Аалы Карашев) кайрадан кызматка келүүсүнө жардамымды тийгизсем дейт экен.


Искендербек мырза бош жүрөт
Мурдагы губернатор, министр, вице-премьер Искендербек Айдаралиев Бакиев бийлиги кулаганы бош. Бекер жүрбөйүн деп педагог болуп алган. Чүй университетинде студенттерге мамлекеттик башкаруу жаатында лекция окуп жүргөн кези. Ректордун кеңешчиси макамына да ээ. Айрым бакиевчилерге окшоп жаңы бийликке жагынган жок. Бийликке умтулуп, жулкунбайт. Бирок иштеп бериңиз деп кызмат сунушталса, андан баш тартпайт. Искендербек мырзанын мындан аркы саясаттагы жүрүшү өзүнөн эмес, аны эстеген башкалардан көз каранды.


Мурдагы депутат,
азыркы мугалим
Бакиевдик "Ак жолдун" активисттеринин көрүнүктүүсү Автандил Арабаев учурда Юридикалык академияда иштейт. Педагогдук жумушуна кайтып келген. Депутат болуп турган кезинде докторлугун жактап, кесиптештерине катуу майлап бергени бар. "Ак жол" партиясынын арты менен убагында бир топ ташы өйдөлөдү. Автандил мырзанын саясатка кайтып келүү оюнда жок. Тынч жашайын деп чечсе керек, Автандил мырза бакиевчи депутат гана эмес, Курманбек Бакиевдин жакын тууганы да болорун көбү биле бербесе керек.


Иш бөлмөсүнө кире албай
калган Курманов
Бакиевдин ишенимине кирип, анысы үчүн спикерликти колго алган тарыхчы, юрист Зайнидин Курманов спикер кезинде Россияга иш сапар менен кетип, бирок келгенде иш бөлмөсүнө кире албай калгандан бери бош. Кыргызча онтолоп сүйлөй алчу эмес эле, спикер кезинде кыргыз тилин дурус өздөштүрүп алганы бар. Учурда мурдагы окутуучу кесибине кайтып, азыр КРСУда профессор. Мыйзам, укук жаатында студенттерге акыл үйрөтүп, лекция окуйт. Атайын чакыруулар менен башка ЖОЖдорго барып сабак өтүп да турат. Өлкөдөгү саясый окуялардан дайыма кабардар болуп турат.


Арстанбек Ногоев
Пензанын аткаминери
Бакиевдин коррупцияга малынган, кошоматчы аткаминери, эл дүрбөсө кошо дүрбөйт болуп, Жаныш Бакиевге жагалданып "Де-факто" гезитин сотко берип, сот аркылуу мойнубузга 1 миллион сом салдырткан Арстанбек Ногоев деген бар эле. Бишкекке мэр болгон, айыл чарба министри да болгон бир кезде. Ошол азыр ата-журттан безе качып, Россиядан орночок алган. Россиянын Пенза областынын губернаторунун 1-орун басары болуп иштеп атат. Министр болуп турганда кыргыз дыйкандар үчүн инвестиция тарта албаган Арстанбек мырза учурда Пенза областына инвестиция тартуу жагын, тышкы экономика маселелерин тейлейт. Өзү, үй-бүлөсү баш болуп орус жарандыгын алып алган.


Саясатка тойгон
Ишенгүл айым
Майрам Акаеваны апичелеп, кийинчерээк Татьяна Бакиеваны жандап жүрүп калган мурдагы ректор, билим берүү министри Ишенгүл Болжурова эксперт-консультант болуп кеткен. КМШ мамлекеттеринин ортосундагы гуманитардык фонддун Кыргызстан боюнча эксперти болуп иштеп жатат. Гуманитардык жардамдарды алуу жаатында долбоорлорду жазуу менен алек. Жакында эки долбоору өтүп, гумжардам алууга жетишти. Ишине байланыштуу бат-бат Москвага каттап турат. "Саясатка тойдум, андан чарчадым" дейт Ишенгүл айым. Өткөндөрүн, көргөн, билгендерин баяндаган мемуар жазып жаткан чагы. Бүтсө эле китеп кылып чыгарат. Жакында ЖОЖдордун бирине кирип, студенттерге лекция окуй башташы да мүмкүн.


Вирджинияда бир кыргыз бар…
Өзүнүн сырткы келбети менен "Вини Пух" атка конгон Бакиев маалындагы Көлдүн айтылуу губернатору Кыдыкбек Исаев апрель революциясынан кийин АКШга качып кеткен. Азыр ал өлкөнүн Вирджиния штатында жашайт. Жөн жатпай ал жакта да бизнес менен алек. Россиялык ишкерлер менен бирге курулуш материалдарын пулдайт. Интернет аркылуу байма-бай губернатор кезинде таза иштеп, коррупцияга аралашпагандыгын айткандан жадабай келет. "Кыргызстанды аябай сагындым, бирок барсам камап салышат" деп коркот. Эгерде өзү айткандай, таза болсо, анда эмнеден коркот десеңиз. Кызыгы, Нариман Түлеевдин коркпой-этпей, качпай келип депутат болуп алгандыгына таң калгандыгын жашырбайт экен. Бирок өзү анткенге кайраты жетпей келет.


Жолчу Касымов
каякта?
Кесиби боюнча мал доктур, кийин Жолчубек атка конгон Тойчубек Касымов Акаевдин бийлиги кулаганда качкан бойдон кайта элек. Майрам Акаеванын классташы катары бийликтин бийик серелерине жеткен эле. Акаевдин бийлигинин акыркы жылдарында асманга чыгып, акыл үйрөтүп, өзүнчө билерманга айланган эле. Классташын айланчыктап, эч кимди тоготчу эмес. Учурда Жолчубек, кокуй Тойчубек мырза Москвада жашайт. Кыргызстандагы бизнесин Москвага көчүрүп кеткен. Бизнесин өзү жүргүзөт. Классташы, аяшы менен жакын катышта. Сүйлөшүп, жолугушуп турат. Кыргызстанга келе турган түрү жок. Акаевдер келсе, балким, алардын артынан келиши мүмкүн.


Саясатсыз турмушка
ыктаган Костюк
Акаевдин убагындагы айыл чарба министри, кыргызча түш жооруган Александр Костюк учурда өзүнүн жеке иштери менен алек. Айыл чарбасына байланышкан бизнесин жүргүзүп, бул маселеде консультанттык да кылат. Бакыйган эки мекеменин директорлор кеңешинин төрагасы. Саясаттан алыстап кеткен. Учурда 60 жылдыгына мерчемдеп мемуар китебин баштаган. Торколуу тоюма даярдайм дейт. Кыргыздын кызы, УТРКнын белдүү журналисти Ширин Жумагулова экөөсү метис балдарын тарбиялашып, кыргызча-орусча бактылуу турмуш куруп келишет.


Даярдаган Мирлан Дүйшөнбаев