Түз байланыш

Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы:
"Мага саясый жаназа окуунун кереги жок"
Тилектеш Алымбеков,
Бишкек шаарынын тургуну:
-Өмүрбек мырза, Президенттикке аттанып жатасыз. Өткөн парламенттик шайлоодо партияңыз фиаского учурагандай болуп, аз добуш алып калам деп ойлобойсузбу?
- "Ата Мекен" партиясынын 9-съезди 7-августта өтүп, анда президенттикке өз талапкерлигин көрсөтөт. Партия быйыл жеңишке жетишерине толук ишенет. Ага объективдүү негиздер бар. Өткөн шайлоодо биздин партия фиаского учурап, утулду деп жатасыз. Буга макул болсо да, макул болбосо да болот. Жеңилишибиз, ошол эле мезгилде жеңишибиз деп айтсак да болот. Биринчиден, биз таза шайлоолор менен бийликти алмаштырса боло турган, элдин эрки менен мамлекеттик саясаты аныктала турган системаны түзсөк деп 20 жылдан бери күрөштүк. Кыргызстандын тарыхында 1-жолу былтыркы шайлоодо оппозициялык деп аталган реваншисттик күчтөр утуп чыгышты. Бул партиянын максатына жетип, ошондой системаны кура алгандыгынан кабар берет. Былтыркы шайлоону оппозициялык партиялар да салыштырмалуу түрдө чын, таза өткөнүн айтып жатышат.
"Ата Мекен" партиясы 170 миң добуш алды. Бизден ким талапкер болсо да шайлоонун 2-айлампасына чыкканга жетишерлик добуш аларына ишенебиз. Анткени, белгилүү болгон, эртең коюлушу ыктымал талапкерлердин канча добуш алгандыгы, өз үгүт ишинде эмнени пайдалангандыгы бизге белгилүү. Эл кимдин ким экендигин билип калышты. Ушакка ишенип, ачууга алдырып, түндүк-түштүк деп өчөшкөндөр болду. Кыргыз-өзбек факторуна байланыштырып, биз тууралуу ушак тараткандар болду. Ошол өчөшкөндөр, ачууга алдыргандар быйыл акылдарына келерине ишеним бар. Албетте, бир жыл буга жетишерлик эмес. Бирок бул акыл-эс жыйганга жетиштүү убакыт.
Калича Үмөтбекова,
Ош шаарынын тургуну:
- Исхак Пирматов менен жарашты деп айтып жатышат. Принцип деген кайда сизде? Алгач коррупциялык иш-аракеттерин айтып чыгып, анан кайра аны менен достошуп алганыңыз кандай? Муну менен анын коррупциялык иш-аракеттерин жокко чыгарып салдыңызбы?
-Мыйзам бузуу, коррупциялык фактылар менен аягына чейин күрөшөбүз. Бирөө менен колтукташып, анын кылгандарына көз жумуп койбойбуз.
Асанбек Каракозуев,
Ош шаарынын жашоочусу:
-Өмүрбек мырза, өзүңүз тиккен "көйнөк" өзүңүзгө "чак" келди деп ойлойсузбу?
-Биринчиден, биз Конституцияны Кыргызстандын тарыхый кырдаалын эске алып, анын көйгөйлөрүн, алдыга койгон максаттарын, ага жетүүнүн жолдорун тандап, Башмыйзамды кабыл алдык. Бул саясый концепцияны 1993-жылдан бери сунуштап келатам. 2008-жылы өлкөдөгү негизги оппозициялык күчтөр жактырышып, жалпы орток программа кабыл алынган. Алардын арасында Атамбаев, Темир Сариев, Жекшенкулов ж.б. саясый партия лидерлери болгон. Биз убадабызга туруп, бийликке келгенден кийин ушул Конституцияны өлкөгө сунуш кылдык.
Ушул жерден айтчу бир сөз. Кыргызстанда болуп өткөн саясый реформаны, трансформацияны дүйнөлүк белгилүү саясатчылар, окумуштуулар, эгерде түштүктөгү кандуу коогалаң болбогондо, бул идеалдуу өзгөрүш болмоктугун, бирок, ага карабай, аз жоготуулар менен өткөн, ачык максаты бар, ага жетүүнүн мөөнөттөрү так көрсөтүлгөн реформа деп айтып келатышат. Алар дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө болуп жаткан кырдаалды мисалга тартышууда. Түндүк Африкадагы араб өлкөлөрүндө 6 айдан бери эл толкуп жатат. Египет менен Тунисте Конституциялык реформалар ары же бери жылбай чала жан болуп турат. Эл нааразы болуп, тынымсыз пикет, митингдерди өткөрүп жатышат. Аны саясат таануучулар төмөндөгүлөр менен түшүндүрүшөт: Кыргызстанда эл тааныган, эл сыйлаган, өздөрүнүн концептуалдык көзкараштары бар, консолидация болуп бириге алган оппозиция болгон. Бийлик кетери менен алар берген убадаларын элге сунушташты. Ал эми Тунис, Египетте андай оппозиция болгон эмес. Бийлик кеткенден кийин оппозиция чаржайыт, бирдиктүү көзкараштары жок. Алар бири- бирин тааныбайт, аларды эл тааныбайт. Ошол үчүн ал жакта бийликке оппозиция эмес, аскер чиновниктери келишти. Алар саясый реформа жүргүзө албай жатышат. Ал эми калган Ливия, Йемен, Бахрейн, Сирияда кеңири масштабдагы жарандык согуш болуп жатат. Кыргызстанда ушул экөөсүнүн тең болуусу мүмкүн эле. Бакиев өз үйүнө барып, элди түндүк-түштүккө бөлүп, керек болсо кан төгөм, борборду түштүккө көчүрөм деп, парламентти, Өкмөттү Ошко чакырып, ошол жерде контрреволюциялык сокку урганга даярданып турганы бүткүл дүйнөгө, бизге да белгилүү. Алардын мындай аракеттеринин бири 13-апрелде ийгиликке жетишип, бир күнгө түштүктө бийликти басып алышты. Убактылуу Өкмөт Жалал-Абадда бийликти колго алуу аракетинде тирешүү жүрүп, 4 адам өлүп, 60тан ашыгы жарадар болду. Сырт жактан да маалыматтык, саясый, экономикалык кысымдар болуп турду.
Айбек Табышалиев,
Талас шаарынын тургуну:
-Өмүрбек Чиркешович, өткөн жылдагы революция өзүн актадыбы?
-Революциянын башталышы болот, аягы болбойт деген сөз бар. Бул революциянын башталышы. Биз ушул жылдан аягында жаңы президентти шайлап, өткөөл мезгилди аттап өтөбүз. Андан ары биздин принциптерди, идеяларды ишке ашыруу үчүн тынымсыз күрөш жүргүзөбүз. Күрөш ийгиликтүү, жемиштүү болсун деп жаңы системаны түздүк. Жаңы система окурмандардын, элдин түйшүгүн алар үчүн чечпейт. Жайыл дасторкон сыяктуу сыйкырдуу буюм эмес. Биз түзгөн система адамдар өз укугун коргогонго, саясый партиялар, жамааттарга, күчтөргө өз кызыкчылыгын коргогонго шарт түзүп берет. Атаандаштыкка бекем, саясый, социалдык система десек болот.
Асел Акбагышева,
Бишкектин тургуну:
-Үйүңүздө итиңиз барбы? Кайсыл үй жаныбарын багасыз?
-Мен шаарда 3 бөлмөлүү батирде жашайм. Айыл жеринде малга аралаш чоңойгонум менен азыркы шартымда үй жаныбарын кармаганга мүмкүн эмес.
Абдрахман Асылбеков,
Балыкчы шаарынын жашоочусу:
-Улутташтырылган объектилердин тагдырына кандай карайсыз? Бул маселеде сиздин позицияңыз кандай?
-Шектүү деп табылып, Максим Бакиев жана анын айланасындагылар рейдерлик жол менен тартып алды деген объектилерди Убактылуу Өкмөт өзүнүн декрети менен улутташтырды. Алар мамлекеттин менчигинде калышы керек. Эң чоң "Түндүкэлектро" баштаган энергетика тармагындагы ишканалар сатылышы мүмкүн эмес. Калган майда объектилер баасын чыгарып, аукциондо сатылып, түшкөн акча бюджетке келип түшүүгө тийиш деп эсептейм.
Шамырбек Жумаев,
Алай районунун тургуну:
-Сиз эмнеге эле оппозицияда калып каласыз? 2-революцияны чогуу жасадыңар. Атамбаев менен кол кармашып, иштешсеңер болот эле го. Ортодо эмне таарынычыңар бар? Ортоңорду кайсыл мышык аралады?
-Оппозиция - бул Конституцияда аныкталган милдет жана жумуш. Бул ардактуу жумуш. Ал жумуш үчүн мамлекет, биринчи кезекте сиздер, урматтуу Шамырбек мырза, эл, бизге жакшы айлык төлөйсүңөр, машина мингизип, Акүйдөн орун бересиздер. Оппозициянын милдети элдин атынан Өкмөттү көзөмөлгө алып, сын пикир айтып, эгерде Өкмөт жаза тайып кете турган болсо, анын колунан эстафетаны алып, бир да буйдалабай андан ары мамлекеттин ишин алып кетүү үчүн даяр турган саясый күч.
Таарынычыңар бар беле дегидей, бул жеке иш эмес. Мен Бакиевдин убагында "алың-алың, өтүң-өтүң" деген принципке каршы экенимди жарыялагам. Бакиев, мен экөөбүздү отургузуп, Үсөн Сыдыков "жалалабаддыктардын башына кут конду. Бийлик келди. Эми колдон чыгарбай 40 жыл ынтымакта бололу. Кыргызстан чоң, силерге эмне жетишпейт, кеңешип, бөлүп алып иштей берели" дегенде да макул болгон эмесмин. Жеке мамиледей кылып, чай үстүндө олтуруп, облус, райондорду бөлүп алууга болбойт.
Салтанат Ааматова,
Бишкектин тургуну:
- Өмүрбек Чиркешович, 10 жыл мурдагы Өмүрбек Текебаев жок. Шайлоодо жеңишке жетпей тургандыгыңызды билесиз. Эл сизди колдобойт азыр. Анан "жыгылган күрөшкө тойбойт" болгондун кереги барбы?
-Ар адамдын өзүнүн көз карашы бар. Биз көп шайлоочуларды билебиз. Өткөн шайлоодо акчага, куру убадага алданган экенбиз, ушакка ишенген экенбиз, туура эмес кылдык деген он миңдеген адамдарды билебиз. Алар менен күнүгө жолугуп, сүйлөшүп жүрөбүз. Өткөн шайлоодо бизди таптакыр эле утулуп калды дегендик болбойт. Парламентке өткөн 5 партиянын арты 6 % добуш алса, алды 8 % алган. Ортодогу айырма каш менен кабактын ортосундай. Бүгүн мындай болсо, эртең тигиндей болот. Ошондуктан шашылып, мага саясый жаназа окуунун кереги жок. Минтип жыйынтык кылгандар, Салтанат айым, сиз эле эмессиз. 20 жылдын ичинде Текебаевдин иши бүттү деп далай жаназа окушкан мага. Алар азыр Кыргызстанда жок. Марк Твендин сөзү менен жооп бергим келет: "Менин өлүмүм жөнүндөгү маалымат бир аз апыртылып калыптыр".
Мурат Ташбаев,
Баткен шаарынын тургуну:
- Былтыр Тейитке иниңиз Кадыржан Батыров менен барып, кыргыз үйлөрүн, кыргыз байрагын өрттөгөнүн көргөнбүз. ЖКдан да, бардык жерден неге муну төгүндөп келесиз?
- Урматтуу Мурат мырза, сиздин айтканыңыз жалган. Миңдеген күбөлөр муну тастыктайт. Сиз айткан жалааны саясый максаты бар ушакчылар таратып жүрүшөт. Өзүңүз Баткенден болсоңуз, ал жерден туруп ошол күнкү окуяларды кантип көргөнсүз?..

(Уландысы 14-бетте)