Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Тагдырдын тайгүлүк ташы

Таласка качып келген еврей кыз Елизавета-Ырыскүл
жана анын китепканасы

Украинадагы бомбалоодон качып келген 14 жаштагы еврей кыз Елизаветанын Таластагы кыргызга айланган турмушу, оомал-төкмөл тагдыры, Сталин менен кат алышканы, Бакай-Атада ачкан китепканасы тууралуу кызык баянды назарыңыздарга сунабыз. Бакай-Ата районундагы Маданият айлында Елизавета-Ырыскүлдүн кызы Күлүйпа Нуралиева жашайт. Ал апасы түзүп кеткен китепкананын тагдырына кейип, жергиликтүү бийликтин наадан мамилесин айтып кейийт.

14 жаштагы
малдоктур
1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Украинада жашаган еврей улутундагы Вейнерлердин үй-бүлөсүн кырсык тооруйт. Фашисттердин алгачкы бомбасы жарылган аймактын таш-талканы чыгып, атасы каза болуп, үйдүн кичүүсү 5 жаштагы Женя жоголуп, улуу кызы Елизаветаны жетелеген энеси бет келди качат. Кара жанды калкалап, улам бир поездге түшкөн качкындар Казакстандын Жамбул калаасына келип, Таласка жол тартышат. Туз насип буйруганбы, еврей аял кызы Елизаветаны жетелеп Үрмарал колхозунун Маданият айылына келет. Башкарма Казак Тыналиевдин үйүндө туруп калышат.
7-классты бүтүп, Украинада мал доктурдун окуусун окуп жаткан Елизаветанын келгени кат-сабаты жоюлбаган башкарманын ишин жеңилдетти. 14 жаштагы билимдүү, сергек кыз мал доктурдун, катчынын, айыл өкмөтүнүн төрайымы болуп, бир топ жүктү мойнуна алат. Кыргыз тилин тез үйрөнүп, эл менен бат эле камыр-жумур болуп кеткен Елизаветага ичи ысыган айылдыктар "Ырыскүл" деген ат коюп алышат. Ырыскүл 16 жашка чыкканда айылдагы кадыр-барктуу Жумабай аксакалдын уулу Сүйүнтбекке турмушка чыгат. Экөөнүн үйлөнгөнүнө бир айга жетпей күйөөсү согушка чакырылып, көп узабай кара кагаз келген.

Сталинге жазган
каттары
Беш жашаар сиңдиси эсинен кетпеген Елизавета-Ырыскүл 1950-жылы Сталинге кат жолдоп, согуш учурунда жоголгон сиңдисин тапканга жардам сурайт. Көп өтпөй Кремлден куш тилиндей кат келип, Москвадагы балдар үйүндө еврей улутундагы Женя аттуу кыз бар экенин кабарлашат. Елизаветанын энеси дароо жолго чыгып, кызын издеп табат. Учурда ошол синдиси Женя Вейнер Израилде жашайт.
Ырыскүлдүн Сталинге кат жазганын угуп, жалгыз уулун согушта жоготкон эне келет. Согуштан кийин немецтердин колуна түшкөнү үчүн турмөгө камалган Турдалиев Алишердин энеси Ырыскүлдөн жардам сурайт. Кемпирдин көңүлүн кыялбаган Ырыскүл Сталинге экинчи ирет кат жолдоп, ал катта Турдалиев Алишер карапайым кыргыз жигит, мектепти чала бүтүп, 17 жашында согушка кеткенин, жалгыз энесинен башка эч кимиси жок экенин баяндайт. Ырыскүлдүн каты Сталинге жетип, жооп кат келет. Ал катта Алишер Турдалиев боюнча иш кайра каралаары айтылган. Ошентип, Елизавета-Ырыскүлдүн жардамы менен 1957-жылдары Алишер Турдалиев түрмөдөн бошонуп, туулган жерине кайтып келет.

Айылдыктар үчүн китепкана ачкан
Китеп, гезитти сүйгөн Ырыскүл айылдыктар үчүн 1941-жылдын сентябрында китепкана уюштурат. Колхоздон алган 5 рубль маянасынын 1 рублуна тамак-аш алып, калганына гезит-журнал, китеп сатып алат да жыйнай берет. Боо-боо гезит-журналдарды тиркеп, чоң архив түзүп, 13 000 даана китеп чогултат.
Бакай-Атада мына ушул китепканага башбакпаган адам калган эмес. Китеп, гезит-журнал окугусу келгендерге китепкананын эшиги дайыма ачык болгон. Елизавета-Ырыскүл тестиер балдарга үйрүлүп түшүп өзгөчө мамиле жасай турган. Окуучулар алган китептерин кайра алып келгенде, эмнени окуп түшүнгөнүн эрикпей угуп, түшүнбөгөн жерлерин кайра түшүндүрүп, тапшырма берип, мактап турчу деп эскеришет замандаштары. Елизавета-Ырыскүл ал гана эмес китепкананын чарбагына 70 түп алма тигип, не бир тал-теректери, кара жыгачтарды олтургузуп, гүлзарга айланткан.

Жылаандын башын кылтыйткан чоңдор
Канча жылдар бою ак мээнети менен чогулткан китептерди, өз үйүндөй бапестеген китепкананы кирдүү колго карматкысы келбеген Ырыскүл апа карылык башына түшкөндө жалгыз кызы Күлүйпага тапшырат.
- Апам 1982-жылы 30-майда пенсияга чыкты. Техникумду бүтүп келип, 1-июндан тарта мен ордуна иштеп калдым. Пенсияга чыкса да таягын таянып жумушка келип, бир да күн жумушту калтырган жок. 2001-жылы күзүндө Урмат Тынысов айыл өкмөтү болуп шайланды. 2003-жылы ооруп, ишке түш оой келип же эртең менен түшкө чейин иштеп, кайра кетип калып жүрдүм. Акимчиликте иштеген Байбеков Райымкул менен айыл өкмөт Тынысов Урмат экөөнүн сөзү бир болуп, "Иштей албайсың" деген шылтоо менен мени апрелде иштен чыгарып салышты. Өзүм билемдикке салып лом менен китепкананын эшигин сындырып ачып, түрмөдөн чыккан кишинин колун кармап биздин айылга келген Надя деген орус аялды китепканачы кылып дайындашты.
Окуу жылы аяктап калгандыктан окуучулар алган китептерди жыйнап мектепте жүрсөм балдар чуркап келишти, "Күлүйпа эже, апаңызды орус аял уруп жатат" деп чуулдашып. Чуркап жетип барсам, китепканага келген апамды "Сен эмнеге келесиң, келгенге акың жок" деп Надя уруп, карыган кемпирди эшикке сүйрөп чыгып түртүп жиберген экен, цементке чалкасынан кулап, оозу-мурдунан кан агып, айылдашыбыз Айдарова Бүбай апа башын жөлөп, китепкананын багында олтурушуптур. Апам үйгө келгенден кийин ооруп жатып калды. Ооруканада 10 күн жатып дарыланып чыкты. Ошол бойдон ээн жердин бөрүсү болгон чоңдорго алыбыз жетпей калды. Надя апам чогулткан китептерди сатып, кийин качып кетти. Көрсө, китепкананы менчиктештириш үчүн атайлап жасашкан экен.
Апам 2005-жылдын 13-январында 86 жашында көз жумду. Китепкананын тагдырына кейип арманда кетти, - дейт кызы Күлүйпа Нуралиева.

Тамыры жайылган туугандардын зордук-зомбулугу
Учурда китепкананын имаратын үй кылып жашап алышкан. Болгондо да айыл өкмөттүн туугандары. Көрсө, жергиликтүү бийлик китепкананы жок кылып, имаратты менчиктештирип, аны туугандарына үй кылып берүүнү көздөгөн тура. Эки жарым жыл соттошуп Күлүйпа Нуралиева оболу соттон утуп алат. Бирок кубанычы көпкө созулган жок. Албанов Жумабек иштен кетип баратып жөн кетпей, 2009-жылдын 18-декабрында Тынысов Алкандын аталаш тууганы Жуманалиев Камелдин аялы Калмамбетова Жийдегүлгө китепкананы 20 жылга ижарага берип кетет.
Чатак кайра ырбап, 2010-жылы октябрда соттон чечим чыкса да, китепкананы үй кылып алгандар ушул күнгө чейин бошотуп беришпей, 2011-жылы 13-июлда бошотуп берүү тууралуу дагы чечим чыккан. 8 бөлмөлүү китепкананын 3 бөлмөсүн калтырып, бирөөсүн сарайга айлантып, калганына жашап алышкан. "Мага өткөрүлгөндөн кийин биринчи эле күнү айнекти сындырып, ичиндеги документтерди уурдап кетишти. Мени өлтүрөбүз, ким билди кылабыз. Сага болушаар ага-тууганың жок деп кордошуп, айтпаган сөздөрү калган жок. Тууганы Тынысов Самаган мойнумду кайрып, муунтуп, аз жерден өлтүрүп кое жаздаган. Камел менен аялы Жийдегүл айтпаган сөзү калбай, "Китепкананы сатабызбы, коебузбу өзүбүз билебиз" деп мени кордоп, тилдеп турушту" дейт Күлүйпа Нуралиева.
Күн-түн дебей ушул китепканадан кетпей, эки бөлмө китепкананын бир бөлмөсүн кызыл үй кылып, бир бөлмөсүнө мусулманчылыкты кабыл алып, беш маал намаз окуган Елизавета Вейнер-Ырыскүл китепкананы кеңейтип 8 бөлмөгө жеткирген. Ар бир китепти көзүнүн карегиндей сактаган еврей кызы, кыргыз келини Елизавета-Ырыскүлдүн ак эмгегин сыйлаган жергиликтүү элдин кары-жашы дебей азыр да "Ырыс апа" деп эскерип турушат. Менчиктештирилген китепкананын тал-тереги, алма-өрүгү каралбай, бакча сугарылбай ичи кургап-куурап, арак ичкендер отурган жайга айланган. Ичиндеги толгон китептен саналуу гана китептер калып, бир кезде Ырыскүл жасаткан темир текчелер жок. Жада калса бөлмөлөрдүн электр түйүндөрүн кесип, дубал газеталарга чейин сыйрып кетишкен.
Ак эмгекти тебелеген адамдардын наадандыгына таң каласың. "Баса калганга бакыр жакшы" дегендей, шапкедей алмашкан Бакай-Атанын акимдери тигил тараптын сөзүн сүйлөп, колдогон тууганы жок, балдары жаш Күлүйпа Нуралиева жылаандын уюгундай туугандардын зордук-зомбулугуна чыдап келатат. 1991-жылы Украинадан Иерусалимге көчкөн апасынын синдиси Женянын кабарын билсем дегенде эки көзү төрт. Тайэжеси Женянын күйөөсү Иза, кыздары Жанна, Ленадан 2004-жылы акыркы ирет кат келген. "Туугандарымды издеп Орусия каналындагы "Жди меня" көрсөтүүсүнө кайрылсамбы деп ойлойм, аларга апамдын каза болгонун угуза элекмин" дейт Күлүйпа.

Мира Сейдикеримова,
Талас








<кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??