Үй-бүлөлүк очокто

Римма Шыгаева, жубайы:
"Үйлөнүү тоюбузда жамгыр жаап, суу болгонбуз"

Юристанбек Шыгаев, сүрөтчү:
"Римма каттарымды курбусуна котортуп окучу экен"


Белгилүү авангардист, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин жетекчиси Юристанбек Шыгаев жубайы Римма Шыгаева экөө баш кошконуна быйыл 31 жыл толду. Ошондон бери эки уул, бир кызды тарбиялап эриш-аркак жашап келе жатышат. Бири-сүрөтчү, экинчиси- арт-менеджер. "Римма менен таанышкан кезде Ленинграддагы сүрөтчүлөр академиясынын студенти болчумун. Каныбек аттуу классташым тааныштырган" - дейт Юристанбек. Политехте окуган шаардык кызды адеп көргөндө эле белинен ашкан олоң чачын, анан ээгиндеги меңин жактырганын айта отурду. Адамкерчиликтүү мүнөзүнө да байланып, төрт жыл бою кат жазып жүрүп, бешинчи жылга караганда үйлөнүшкөн экен.

Юристанбек Шыгаев: - Азыркы жаштардын арасында кат жазышып жүрүп үйлөнгөндөр жок болсо керек. Римма Фрунзеде жашайт. Ата-энем Көлдө, Тоңдо турушат. Каникулга келгенде, жолугуп коюп эле үйгө жөнөйм. Кайра кетип атканда бир-эки күн бак аралап сейилдейбиз. Эми ойлосом биздин сүйүүбүздү ошол алыстык, каттар бекемдептир. Жакын жүрсөк, балким, бири-бирибизден тажап, кол үзүшөт белек? Римма деле ошол кезде үйлөнөрүмө ишенбесе керек, "өзү Ленинградда окуса анан мени алабы?" деп (күлүп).
Римма Шыгаева: - Ой, тимеле десең. Бул өзү күндө гүл көтөрүп келип, күтүп, кафе-ресторанга алып барып убара тарткан жок да. Кат жазып койчу. Бүттү, санаасы тынч жүрө берчү. Колумду да кат аркылуу сураган. Бир жолу келип калды. Достор баары чогулуп, курбумдукуна алып барып, куурдак жасап сыйлап атабыз. Камарабай отурган, бир маалда "кечиктим" деп шаша баштады. Карбаластап, 5-троллейбуска түшүп алып, узатканы аэропортко бардык. Самолет эчак ордунан козголгон экен. Бул болсо учак жүрө турган полосага түшүп алып, артынан кууп жүрөт. Учкучтун колун жаңсап "кач" дегенине карабай, билетин көргөзүп коет. Бери жакта күлүп атып, биздин боорубуз эзилип калды. Аңгыча милициялар келип, сыртка чыгарып койсо, "акчам жок эми кантип кетем?" деп атпайбы. Айла жок, баарыбыз 1 сомдон чогултуп, 13 рублга билет алып бердик. Анан көңүлү жайлана түштү окшойт "жанагы куурдактан жакшы жебей калгам, жүргүлө эми кайра баралы" деп атпайбы күлдүрүп. Ошондон кийин коркуп калганбы, аэропортко 1-2 саат эрте бармай адат тапкан.
- Сиздер жаш кезде кыздар келечеги кең инженер, экономисттерге турмушка чыкчу дешет. Анан сиз кандайча сүрөтчүнү жактырып калдыңыз?
Р.Ш.: - Кайдагы сүрөтчү? Ал кезде эч нерсеси жок студент болчу да. Мен өзүм окууну кызыл диплом менен бүткөм. Аспирантурага кал дешкен. Жакшы жумуштарга чакырышкан. Ошонун баарына кол шилтеп, байкеңдин артынан барбадымбы. Бул мени сылыктыгы менен эле арбап алган. Биринчи таанышканда колуман өөп коштошсо эле жактырып калыпмын.
Ю.Ш.: - Римма политехти бүттү да. Дипломдук ишине керектүү диаграммаларды бүт мен чийип бергем. Кайнатамдын үйүндө отурсак, чоң кайненем "чай бербейсиңби?" деп муну урушуп калчу. Жакшы киши эле ыраматылык. Анан бу борбордогу бакыт үйүнө барып күбөлүк алганбыз. Тоюбуз болсо айылда өткөн.
Р.Ш.: - Чарбакта дебейсиңби? (күлүп). Эшикке стол жазып коюшуптур, теңтуштарыбыз менен отуруп, бака-шака түшүп атканбыз. Бир маалда эле жаан жаап кирсе болобу. Суу болуп, тарелкаларды үйгө ташып атабыз. Азыркыларга окшоп, тойго 5-6 миң доллар коротпой эле ошентип үйлөнүп алганбыз.
- Айыл менен шаардын маданияты эки башка да, бирге түтүн булаткан кезде кыйынчылыктар болсо керек?
Ю.Ш.: - Сүйлөшүп жүргөн кезде Римма кыргызча билчү эмес. Мен да принципке туруп катты кыргызча жазчумун. Бул кайранга курбусу которуп окуп берчү экен, кайра жоопту ага айтып берип, жаздырып жүрүптүр. Зээндүү да, кыргыздын салт-санаасын бат эле үйрөнүп алды. Көлдө билесиңер, кайната-кайненеге келин күндө жүгүнөт. Бул да атама күндө жүгүнүп жүрдү да. Мен аликүнчө эт бузганды билбейм, бул болсо катырат. Ошондой ийкемдүүлүгү үчүн азыр туугандардын баары Римманы жакшы көрөт.
Р.Ш.: - Жаңы үйлөнгөндө мен кыргызча билбейм, бул болсо орусчаны акцент менен сүйлөйт. Бири-бирибизди оңдоп коюп отура берчүбүз. Бир жолу Юристанбектин тайэнесинин үйүнө бардык. Ал киши Жумгалда турчу. Ал киши бир маалда бозо сүзмөй болду. Бир сөзүнө түшүнсөм, бирине түшүнбөйм. Тазикти-дагара, токтот дегенди "же" дейт экен. "Же" десе, эмнени жейм деп атпаймынбы? Аягында тайэнебиздин ачуусу келип, Юристанбекке "ай, каяктагы орусту алдың эле, сөзгө түшүнбөгөн, төрт көз дагы экен, кетир" деп кыйкырып кирди (күлүп калышты).
Ю.Ш.: - Дагы бир окуя. Окууну бүткөндөн кийин Караколго жашап калдык. Бир жолу сүрөтчүлөр съезди болуп борборго кеттим. Үч күндөн кийин келсем, үй муздак, түтүн. Балам экөө тең оронуп-чулганып кийинип алыптыр. Көрсө көмүргө жарым чака сууну бир куюп салыптыр да. Ал болсо күйбөй, быкшып атыптыр. Кийин Тургунбай Садыков борборго чакырып калды, сүйүнүп эле көчүп келгенбиз.
- Жубайлардын бири кечирим­дүү болуш керек дешет, кимиңерде бул сапат көбүрөөк?
Ю.Ш.: - Римма ак көңүл. Ачуусу бир саатта эле жазылат. Мен болсо көкбетмин. Таарынсам эле өнөрканама барып жатып алам, анан курсагым ачканда үйгө билмексен болуп келип калам. Негизи сүрөтчүнүн аялы болуш оңой эмес. Биздин жумуш медиктердики сыяктуу эле да. Жылаңач кыздарды отургузуп алып сүрөткө тартып, адамдын анатомиясын изилдейбиз. Көп жолдош балдардын келинчеги ошого түшүнбөй ажырашып кетишти. Римма мени колдогону үчүн ушул даражага жеттим го. Өз кесибин таштап, мен үчүн англис тилин үйрөндү. Азыр арт-менеджерим. Уюштуруу иштерин бүт өзү бүтүрөт. Сүрөтчүгө бул опол тоодой эле жардам. Баарына өзүң чуркасаң, чачырап кетесиң.
Р.Ш.: - Сүрөтчүнүн ишине түшүнүү менен караш керек. Кээде жылаңач кыздардын денесине сүрөт тартат. Андайда кыздарды чогуу издейбиз, моделдик агенттиктерге барабыз. Акысын төлөйбүз дегендей. Бирок Юристанбек кайсы аялзатынын сүрөтүн тартпасын, көп учурда менин образымды алат. Сүрөтүндөгү кыздардын дээрлик баарынын ээгинде мең бар. Муну ийгилик алып келчү тумар катары көрөт.
- Менин билишимче мурда байке чет өлкөгө көп чыкчу экен, ошондой учурда балдар менен кыйналчу белеңиз?
Р.Ш.: - Азыр эми интернет бар да. Мурда кыйналчубуз. Илгери Америкага кеткенде, бир кыйналгам. Анда балдар жаш болчу. Көпкө жүрүп калды да. Анан бир күнү эле телефон шыңгырайт, алсам казакча бирөө сүйлөп, анан мунун үнү чыкты. Көрсө Азамат Алтайдын үйүнөн чалган экен.
Ю.Ш.: - Ал киши менин АКШда жүргөнүмдү Бексултан Жакиевден угуптур. Үйүнө чакырып, коноктогон. Анан үй менен кабарлаша элекмин десем, урушуп өзү чалган эле. Кийин Европага барганда Чыңгыз Айтматовдун үйүндө жашап, ал-акыбалын ошол жерден сурап турдум. Чыңгыз Төрөкулович мен үчүн кумир эле да. Улуу баламдын атын "Жамилага" таасирленип Данияр койгом. Кийин жолуксам өтө жөнөкөй эле киши экен. Адамдын баарында эле мындай сапат болбойт. Ал кишинин үй-бүлөгө жасаган жылуу мамилеси да мага үлгү болгон. Экөөбүз сүрөт тууралуу көп талашып-тартышчубуз.

Санжи Туйтунова