Коңшуну ууру тутпа, өзүңө сак бол

Түштүк дубандарда ай сайын Өзбекстандын 100 миң даана гезити сатылат

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын түштүгүнө Өзбекстандан чыккан 9 түрлүү гезит кирет жана алар ири нускада сатылат. Өзбек гезиттери Кыргызстанда сатылууга расмий уруксаты жок. Гезиттер Кыргызстан аймагына ачык контрабанда жолу менен кирет. Албетте, Кыргызстан сөз эркиндигин баалаган өлкө. Болгону бул макала менен Кыргызстандын бажы, финполиция, салыкчыларына жана идеология коопсуздугун ойлогондорго кулак кагыш кылмакчыбыз.

Канча гезит Кыргызстандын чегине киргенин эч ким эсептебейт. Анткени Өзбекстан менен чектеш аймактардын баарынан ар башка адамдар тарабынан ташылат. Мисалы: ары жагы Кадамжай, Кызыл-Кыя, Ноокатка Кызыл-Кыя тараптан, ал эми Ош, Кара-Сууга Достук чек арасы тараптан, ары жагы Өзгөн, Жалал-Абад, Базар-Коргон, Сузак, Ноокен, Ала-Бука райондоруна жакын турган чек аралардан ташылат.

Агартуу+саясатпы
Ош шаарында кадимки эле кыргызстандык "Ош басма сөздүн" 40тан ашык гезит дүкөндөрүндө жүздөгөн өзбек гезиттери сатыкта турат. Ал гезиттер апта сайын үзгүлтүксүз жаңы сандары менен камсыз кылынат. Атайын мурдатан өзбек гезиттерин Ошко алып келип сатуу боюнча адистешкен Бабур аттуу жигит "бул гезиттер мурун кандай ташылса азыр деле ошондой ташылат. Баары контрабанда. Бул бизнести токтотом деп убара болуунун кажети жок. Анткени эл каалап турат. Тыйса деле ташып келип окуша берет. Элдин каалоосун тыйып болбойт. Гезиттер чындыгында абдан кызыктуу. Саясат жок. Негизинен кроссворд, сканворддор, андан тышкары маданий шоу-бизнес жөнүндө макалалар чыгарылат" -деген оюн айтты. Бирок гезит ташуучу Бабур ушул сөздөрдү айтып жатканда алдында турган "Даракчи" аттуу журналда Кыргызстандагы диний жана саясый абал тууралуу бир бет макаланы көрдүм. Макалада Кыргыз бийликтери Өзбекстанда радикалдык деп эсептелген "Таблиги жамаат" аттуу уюмга каршы эч кандай иш жасабай жатат кыязындагы ойлор айтылган. Ал гана эмес, Кыргызстандагы кайсыл имам ким менен качан, кайсыл радикалдык агымдын өкүлү менен кандай шартта жолукканы жана кандай мамиледе экени, Ош шаардык ИИБнын кызматкери качан, кандай шартта намаз окуганынан бери талдап жазылганын көрдүм.

Экономикалык жагы
Апта сайын үзгүлтүксүз ташылып келип жаткан өзбек гезиттеринин так санын ташыган адамдар гана билбесе, башкаларга белгисиз. Бирок он төрт түрлүү гезиттин ар биринен болжолдуу түрдө 3000 даанадан келет деп санаса болчудай. 3000 гезитти 14 түргө жана 4 аптага көбөйтүп, бир айлык сумманы 15 сомдон эсептегенде өзбек гезиттери үчүн Кыргызстан ай сайын 2 млн. 520 миң сом төлөйт экен. Ошто дүңү менен гезит сатуучу Клара эже "мен ай сайын өзбек гезиттери үчүн Өзбекстанга 50 миң сом акча котором. Мен өзүм чекенелеп сатпайм. Өзүмдүн кардарларыма дүңү менен өткөрүп берем. Мага келген өзбек гезиттерине Ош, Кара-Сууда талап жогору" - дейт.

Идеологиялык жагы
Тилекке каршы, Кыргызстандын ММКсы сапаты жагынан түштүк тарапта Өзбекстан ММКсынан кийинки орундарда турат. Кыргызстанда туруп кыргыз ММКлары өз аудиториясына ээ боло албай келет. Ал эми Өзбекстан сыртта туруп, кыргыстандык өзбектерди эле эмес кыргыздарды да өзүнө тартып алууда. Мурда бул сөздөр телеге гана тиешелүү болчу. Эми өзбектерибизди айтпай эле коелу, кыргыздар да четинен өзбек гезиттеринин туруктуу окурмандарына айлана башташты. Мисалы, Аксынын Өзбекстанга чек аралаш айылдарында жашаган Бабанова Гүлзат көп жылдан бери "Даракчи" аттуу өзбек гезитин үзбөй окуганын айтат. Ушундай эле көрүнүш түштүктүн башка аймактарында да табылууда. Ноокаттын Салиева айылынын тургуну Султан аке да акыркы эки жылдан бери кыргыз гезиттери менен кошо өзбек гезиттерин сатып алууну көндүм кылып алганын жашырбайт. "Өзбек гезиттери кызыктуу, көп нерсени билсең болот. Адамды дем алдырат. Окуп ойго батасың, айылда гезит окуп алаксыганга не жетсин" деп өзбек гезиттерин ачык мактайт.

Эл билгилер эмен дейт?
Жергиликтүү бийликтерден, Өзбекстандан Кыргызстанга ири өлчөмдөгү гезиттер мыйзам жолунда киреби, жокпу, көзөмөлүңөр барбы? - өңдүү суроолорго жооп алуу ниетинде жергиликтүү каржы полициясынын имаратына бардым. Эмнеден корккону белгисиз, келген жайымды айтсам тим эле эшиктерин брондоп, кароолдоп "шеф жок" деп жолуктурбай коюшту. Бишкектен чыккан гезиттер болсо алыскы дубандарга гезитин жеткире албай убара. Кыргыз почтасы деген ишкана бар, алар болсо гезиттер менен келишим түзбөй, манчыркап, ар кайсы шылтоону айтып убарага салышат. Айрыкча бийликти сындап койгон гезиттерден жаа бою качышат тура.
Андан ары облустук коопсуздук кызматына барып коңшу өлкөдөн кирген гезиттер жайын сурасам, "Гезит тургай бадыраң деле кирип атат го" деген жообун беришти. Гезит менен бадыраңдын айырмасы жок экенин мурун байкабай жүргөнүмө уялып, келе бердим...

Ыдырыс Исаков, Ош




 "Мегакомдун" ыры менен чыры

Максим, Гуревич, Елисеевдер тынчый элекпи?
Далайлардын капчыгын кытыгылаган "Мегаком" чырына али чекит коюла элек. Талаш уланууда. Эгерде буга чейин "Мегаком" уюлдук операторуна ээлик кылгысы келгендер бир канча компаниялар болсо, чыр соттон сотко өтүп олтуруп, учурда Penwell Business Limited, Serpeus оффшордук компанияларынын колдоолорунда "БиМоКом" талашты улантып келет. Акчага сатылган кыргыз сотторунун чечимдери аркасында өздөрүнүн каалагандарына жетишип да келүүдө. Бирок "БиМоКом" тарап буга да ыраазы эмес, "Мегакомду" толугу менен өздөрүнө алсак деген аракетте. Анүчүн ар кандай чараларды көрүшүүдө. Чындыгында, "БиМоКом", Penwell Business, Limited компанияларынын артында бир эле күчтөр турат. Образдуу айтканда, бул компаниялар бир тууган ага, инилердей эле. "БиМоКомдун" уставдык капиталындагы 51 % акция үлүшү Penwell Business Limitedге тиешелүү экендигин ЖКнын атайын түзүлгөн комиссиясы да аныктап чыккан. Үлүш толугу менен Максим Бакиевге тиешелүү болуп, Гонконгдогу Forntek Enterpises Limited оффшордук компаниясына катталган. "БиМоКомдон" акцияларын бүтүндөй колго алуу максатында 2009-жылдын июнунда Максимдин жакындары Елисеев менен Гуревич оффшордук компаниянын атынан накталай акча менен 80 млн. доллар кредит алышып, "БиМоКомду" жасалма жол менен банкроттукка учуратышып, натыйжада компанияны толугу менен өзүнө каратууга жетишкен. Елисеев бир эле муну менен чектелген эмес. Компанияны өздүктөп, акча кымыруу максатында ондогон махинацияларды ишке ашырган. Анын көбү бизге белгисиз. Өзүнүн махинациялык схемаларына мыйзамдык түс берүү үчүн Serpeus компаниясын алып чыккан. Сот процесстеринде аныкталгандай, аталган компаниянын үлүшүнө "БиМоКомдун" 51 % акциясын алууга жетишкен.
Serpeus компаниясынын өткөнүнө токтолсок. Оффшордук аймакта катталган. Түздөн түз М. Бакиевге тиешелүү. Компания Кыргызстанда каттоодо турбастыгын ЖК депутаты Ө. Абдрахманов айтып чыккан. Максимдики экендигин да кошумчалаган. "БиМоКомдон" акцияны 195 млн. долларга сатып алганбыз деп айткандары далилденген эмес. "Мегакомду" Serpeus уюштургандыгынын да негизи жок болуп чыкты. "Мегакомду" уюштурууга 1 тыйын да акча жумшаган эмес.
М. Бакиев баштагандардын "Азия Универсал Банк" аркылуу акча которуу афераларынын башында Grexton Capital Ltd фирмасы турган. Кийин бул фирма менен Serpeusтун юридикалык даректери бир болуп чыкты. "Мегакомго" көз арткан компания, фирмалар эл аралык аферисттер, алардын максаты бир, артында бир адамдар турарын төмөнкү факт дагы бир жолу далилдейт. "БиМоКом" ЖЧКсын сатып алганбыз деген Serpeus менен "Альфа Телекомдун" акционерибиз деп жатышкан башка оффшордук компания Southfield экөөсүнүн юридикалык даректери да бир. Эл аралык иликтөөнүн натыйжасында эки компания Белиз оффшордук аймагында Suite 102, Blake Building, Belize City, Belize дарегинде каттоодо турары аныкталган. Жогорку Кеңешке жолдогон каттарында такыр башка даректи көрсөтүп жүрүшкөн. Ал эми бул көрсөткөн даректе Максим Бакиевдин афералык компаниялар тобуна кирген Grexton Capital Ltd фирмасы каттоодо турган. Бул компания "БиМоКомдун" 100 % акциясын афералык жол менен сатып алуу схемаларынын башында турган.
Көрүнүп тургандай, Максим Бакиев жана анын жакындары оффшордук компаниялар аркылуу "Мегакомду" ээликтөөгө аракеттерди кылып келишсе, бүгүн да андан кайтыша элек. Бир мезгилде Serpeus, Penwell Business Limited компаниялар аркылуу чыгуусу, бири болбой баратса, экинчиси аркылуу максатка жетүүнү көздөшкөндүгү "Мегакомду" тартып алууга мүмкүнчүлүк көбөйөт дегендик. Орусия, Украина инвесторлору капыстан чыга калышып, ""Мегакомду" биз алабыз, алсак, кыйратабыз, жыргатабыз" деп чыккандарын Максим Курманбековичтин тактикаларынын бири катары бааласак болот. Өздөрүн инвесторлорбуз дегендердин артында М. Бакиев турат. Болбосо, кечээ эле 250 млн. долларга "Мегакомду" алып жатабыз дегендердин дайны кана? Реалдуу инвесторлор мындай талаштуу объектке эч качан ач кенедей жабышпайт. Башкасына басып кете беришет.
"Мегаком" талашына эртеби, кечпи биротоло чекит коюлат. Чыр түбөлүккө уланбайт деңизчи. Болгону талаш мамлекеттин пайдасына чечилсе дейбиз. Оффшордук компаниялардын колуна өтсө, кандай болорун билип калбадыкпы. Өткөн жылдын февраль-март айларында ар бир чалууларга 60 тыйындан кошушуп, ансыз да кыйналып турган элдин айласын алты кылышкан. Ушундай нерсе кайталанбаса деген тилек. Өлкө бюджетине киреше берүү жагынан 2-орунда турган "Мегаком" ишканасынын тагдыры мамлекеттин пайдасына чечилип, өкмөттүн көзөмөлүндө калуусуна жетишүү зарыл. Мындан башкача чечилүүгө тийиш эмес. Маселе, буга кыргыз бийлигинин каалоосу барбы, эрки жетеби?

Мирлан Дүйшөнбаев