Акүйдөн сүйлөйбүз

А.Атамбаев шайлоого барбай, өкмөт башчы бойдон калабы?
Алмаз Атамбаев бул чечимди августта кабыл алат. "Албетте, премьер-министрдин укугу көбүрөөк. Бирок биздин азыркы негизги максат - саясатчылар болобу, элибиздин максаты болобу - Кыргызстандын биримдигин сактап калыш. Ушул шайлоонун натыйжасында Кыргызстан ыдырап кетпей, ого бетер биригип калыш керек. Татынакай эл башчысын, мамлекет башчысын шайлап алышыбыз керек. Ошондуктан өтө бир жоопкерчиликтүү чечим керек. Эгерде чечим туура эмес болуп калса, эки жолку болгон революциянын натыйжасы мүмкүн текке кетет", - деди премьер-министр. Атамбаевдин пикиринде, учурда элибизди тытып, бөлүп кетем дегендер көп болуп атат. "Кыргыз-өзбек, кыргыз-орус, түндүк-түштүк кылып, курамабызды тытайын деп атпайбы ыдыратып. Ошондуктан бул шайлоо - абдан маанилүү шайлоо" деди.


"Кыргызстанды каптаган кара булут тарап жатат"
Вице-премьер-министр Шамил Атаханов Азаттыкка маек берип, ички жана тышкы коопсуздукка токтолду. Анын айтымында, ички коопсуздукка коркунуч туудуруп аткан бул уюшкан кылмыштуулук болчу. "Мамлекеттик башкаруу менен кылмыштуу топтор чырмалышып алышкан, азыр биз аларды түп тамырынан кыркып жок кылганга жетиштик. Эки айдын ичинде кылмыштуу топтордун 150дөн ашуун активдүү мүчөлөрү кармалды. Образдуу айтканда, Кыргызстанды каптаган кара булуттар тарап жатат" деди. Кыргызстанга согушкерлер жапырык жасашы ыктымал деген элди чочуткан маалыматтарга да токтолду. Жакында АКИ-прессте немис эксперттеринин материалы жарык көрдү. Алар Кыргызстанга террористтер кирип келиши мүмкүн деп болжолдошот. Биринчи кезекте Өзбекстан Ислам кыймылынын активдүүлүгүн белгилешет. Ооганстандагы коалициялык күчтөр ал жердеги өзгөчө агрессивдүү оппозициялык топторду түштүккө, Тажикстан менен чек арага карай сүрөп жаткан кезде Өзбекстан Ислам кыймылы да активдеше баштады. Мындан тышкары Пакистан менен Ооганстандын чек ара аймактарында илгертеден эле Өзбекстан Ислам кыймылынын, Талибандын, Ал-Каиданын террорчуларды даярдаган машыктыруу лагерлери бир топ. Ушул өңдүү маалыматтарга каршы чара катары, түштүк чек аралар бекемделип атыптыр. "Кошумча 20 чакты чек ара заставалары түзүлдү, 500 киши Коргоо министрлигинин карамагынан чек ара кызматына өткөрүлдү. Мындайча айтканда, түштүк облустардагы чек араларды кайтарган аскерлердин саны көбөйтүлдү" дейт Шамил Атаханов.


Кебин элге айтпаса, кеменгерден не пайда?!
Дастан Сарыгулов,
коомдук ишмер:
"Кыргыз сөөк, көр, анан кудай талашып калды..."
- Дастан Исламович, кандай ойлойсуз, экинчи революция өзүн актадыбы?
- Албетте, актаган жок. Бакиевдин саясатын колдоп, анын оң колу, сол колу болуп, элди куруткан министрлери, "ак жолчу" депутаттары, Максимдин оң колу ж.б. аткаминерлер кайра бийликти ээлеп калышты. Убактылуу Өкмөт, Президент, Текебаевдин "партиялык шайлоосу" - буга кеңири жол ачып, Атамбаев сөзсүз премьер болом деп, "Ата-Журт" фракциясын парламенттик көпчүлүккө кошуп (премьерден президенттик такка жарым кадам калаарын жакшы билип), 7-апрель элдик ыңкылабын жокко чыгарып салышпадыбы. Ата-Бейитте берген антын заматта унутушуп... Бакиев менен бирге элдин канын ичип, терисин сыйрыган (Үсөнов, Надель, Балкыбеков, Темирбаев ж.б.) баарын "ийгиликтүү" качырып жиберишти. 7-апрель күнү элге ок жаадырган наадандардын бири да сот жообуна тартылып, жазасын ала элек...
Атүгүл июнь окуясын уюштурган Батыров, Салахутдинов ж.б. июль айында тынч эле, болгондо да дипломаттык паспорттору менен чет өлкөлөргө чыгып, качып кетишти.
Тунис мамлекетинин президенти быйыл жазында качып кетти эле, үч ай өтпөй 37 адам (туугандары, министрлери, депутаттары) сот жообуна тартылып, мүлктөрү конфискацияланды! Египеттин президенти тагынан алынып, бүгүн балдары менен соттолуп жатат. Убактылуу Өкмөт болсо элдин колунан бийликти алып, бирок элдик ыңкылаптын жеңишин саясый чайкоочулук менен жокко чыгарып салды...
- Айрымдар Кыргызстан такыр башкарууга мүмкүн болбой калган өлкөгө айланды деп жатышат. Кандай чечимдер кабыл алынып, реформалар жүргүзүлбөсүн, тескери натыйжасын берип жатат. Сиз кандай дейсиз?
- Бул пикирди турмуш күн сайын ырастап жатпайбы. Президент Баткенге барганда эл далай мүдөөсүн айтып, суранса "менин укугум чектелген, мен сураганыңарды өкмөткө айтып барам" деди. Атамбаев болсо "бир дагы министрди кызматтан ала албайм, алар парламенттеги көпчүлүк келишимге ылайык партиялардан көрсөтүлгөн" деп жооп берип жатпайбы.

(Уландысы 11-бетте)




  Күнчубак

Момпосуй
"Жүрүп бараткандай түр көрсөтөбүз?.."
А. Токтомушев
Кыргыз тарыхында так талашмай кармаш бүгүнкүдөй болгон эмес чыгар. "Тайлуудан таяк калбай" дегендей, "түтүнү сайын президент" болуп, президенттик шайлоо кармашына жабыла аттанышты. Бүгүн БШКда "президенттикке чыгам" деп расмий арыз жазгандардын саны 10дон ашты - К.Ташиев, А.Мадумаров, Э.Булекбаев, А.Абдылдаев. Бешөө "өзүмдү өзүм көрсөтөм" деп арыз узатты - Б.Аземкулов, С.Трофимов, Т.Нарикеев, Ж.Стамбеков, К.Осмонов, Н. Мотуев. 16-августта талапкерлерди каттоо бүтөт. Кыргыз азыр он манжасын ачып-жумуп эсептеп турса - алдыда дагы он бештей талапкер талпынып, акча издеп турат… БШК президенттик шайлоого 450 млн. сом каражат коройт деп чотуна салып эсептеп, бюджетти карап турат…
Эгер Бакай атабыз болгондо, же өзүнө өзү "кызыл тебетей" кийгизип хан болуп алган Ормон болгондо, бүгүнкүдөй бардак болбойт эле. Баарын акылга салып, кынына киргизмек. "Этегине жаңы куурулган бадырак салса, эмнеси көөп этегинен төгүлүп калыптыр" деп биздин акылман бабаларыбыз айта келгендей, чөнтөгүндө бир аз тыйыны бар аты-жытсыз мырзалар да элге ошол акчасын төгөйүн деп камданып турушат. Төгүшсүн, эл деген тооктой жан болот, чачканыңды тыпылдатып терип жеп коет да, өзү каалаган уяга барып жумуртка тууп коет. Улуттук статистика комитети айтат - Кыргызстанга бир адамга айына 4 миң 609 сом керектелет. Демек, шайлоо шаңы менен бул муктаждыкты талапкерлер кими ууру чөнтөгүнөн, кими маңдай тери менен тапкан миллиондорун чачып, элди күздө "тойгузат" десек, жок, экспертмин дегендер, президенттик шайлоодо гезиттер да, эл да анча тоюнбайт, талапкерлердин көбүнүн чөнтөгү жука, Ф.Кулов баштап бир топ саясатчылар, партбосстор азыртан эле Н.Түлеев, А.Салымбеков жана түрк, орус, казак төбөлдөрү-байларына барышып, эч ким көрбөйт деп, алардын этектерине жыгыла башташты. Кечээ эле Ф.Кулов эмнегедир Н.Түлеевдин кабыл алуусунда болду…
Энди мындай учурда, экономикабыз эмне болуп атыр? Бир түрккө, бир оруска, бир казакка "салпактаган" кыргыз премьер-министри А.Атамбаевден башкасы экономиканы оңдойлу, инвестиция жыялы деген пикирден алыстап баратышат. Статкомдун чоту менен какканда быйылкы алты айда ВВП (ички дүң продукция) 5,5 пайызга өстү. Коңшуларда мындай өсүш жок. Айталы, Россияныкы 4,4 пайыз. А.Атамбаевдин утурумдук өкмөтү жыл этегине чейин ВВПны 6,2 пайызга өстүрөбүз деген үмүтү бар. Өкмөттүн аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүгүү бөлүм башчысы Т.Абдыгулов өнөр жайыбыз 14 пайызга өстү деп батперек учурду. Чиновниктерден амал качып кутулбайт, былтыр экономикабыздын көрсөткүчтөрү өтө төмөндөп кетпеди беле, ошол эсепке теңеп, "быйыл былтыркы ушул маалдагыга салыштырмалуу өсүш момунча өстү" деп жайгарып жатышпайбы. Ушул ишембиде премьер-министр А.Атамбаев УКТРда эмес, ЭлТРде берген маегинде быйылкы жарым жылдык экономика, кудайга шүгүр, өсүп аткансыганын айтты.
Реалдуу сектордо: жыл башынан бериге инфляция 7,2 пайызды түздү. Бирок токчулук жай айларында нан, жемиш баасы 1 пайызга төмөндөдү. Өкмөт башчысынын пикирине күмөндүүлөр - айталы, КР ишкерлер союзунун төрага орунбасары М.Халитова "Өкмөт, айланайындар, розовый очкиңерди көзүңөрдөн алып, айланага көз жүгүртсөңөр" деп кечээ "АиФге" жазып чыкты. "Статистика көзү менен алсак, биздин бүгүнкү турмушубуз- момпосуй. А чынында, доллардын сомго карата курсу төмөндөгөндөн, статисттер көтөрүңкү сандарды айтып жатышат. Өнөр жайы 14 пайызга өстү дейт? - ишенсе болобу? Инфляция минимум дегенде 30 пайызды түзүп турат. Ушундай абалда жигиттерибиз бийлик талашып, экономикага чейинки өз түйшүктөрү менен алек" дейт.
Тармактар боюнча абал кандай? Спирт, алкоголь өндүрүшүн тескөөчү мамагенттик башчысы А.Сагындыков "Бүгүн арактын легалдуу эмес обороту 70 пайызды түзөт. Бул тармакты тейлеген "смотрящийлер" жок, вице-премьер-министр Ө.Бабанов бул тармакты түп тамырынан оңдойм деди" дейт. Эгер акыбал оңолсо бюджетке арактан эле 1,3 млрд. сом түшөт эле…
Бизде өкмөт бюджетте олтургандардын айлык акыларын көтөрүүнүн акыры инфляциялык өсүшкө алып келерин финансы адистери айтышууда. Биз сырткы экономикага көбүрөөк көз каранды болгондуктан, тышкы инвестицияга муктажбыз. Акыркы эки жылда тышкы инвестиция кескин азайды. Саясый такты талаш курч жагдайы, уруш кааты инвестиция келүүсүнө терс таасирин тийгизди. "Forbes" сыяктуу абройлуу журналдын иликтөөсүндө Кыргызстан салык эсебинен, тышкы грант, кредит эсебинен жансактап жаткан өлкө катары мүнөздөшүүдө. Инвестиция тартууда Кыргызстан 212 өлкө арасынан 131-орунда. Коңшу Казакстан - 90-орунда.
Азыр Кыргызстанда бензинге (А-95, А-92) чектөө кирип турат. Тартыштык күч. Өткөн 5 айда ГСМ ташып кирүү 26 пайызга кыскарды. Ал эми күйүүчү майларга баалар 4-5 сомго тездик менен кымбаттоодо. Бюджеттин 21 млрд. сом тартыштыгы, тышкы инвестициялык эсепти кошкондо 38 млрд. сом тартыштык менен тойдон той, аштан аш өткөрүп, куунап жашап жатканыбыз таңдантат?..

Жолдошбек Зарлыкбеков