Гримдүйнө

Чокморовдой бирөө бар…
же Чоро Думанаевдей чоң талант эмнеге бир бөлмө жатаканада жашайт?

Элдик актер Чоро Думанаев - даңазасы Сүймөнкул Чокморовдой болбосо да, таланты андан кем калбастан "Ак кеме", "Кызыл алма", "Айсулуунун талаасы", "Көчө", "Ак илбирстин тукуму", "Бүркүт бийи", "Шаркыратма", "Уркуя", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Каныбек" ж.б. жыйырмадай "кыргыз кереметтериндеги" бейнеси менен экрандын көркү болуп, канчалаган тасмаларда дагы эле көрүүчүлөрдү суктантып келаткан актерлордон.

-Сизде баары бар болчу: талант да, сырткы келишкен келбет да, жогорку билим да, эмгек да… эмне үчүн Сүймөнкул Чокморовдой "кыргыз жүзүн дүйнөгө тааныткан экинчи бир актер" аталбай келатасыз?
Чоро Думанаев: - Сүймөнкул бизден улуу муун, анан да, ал жалаң баатырлардын ролун аткарып калды. "Улан" фильминен башкасында. Партнерлору мыкты болду. Аларсыз актер чыкпайт. Негизи, кинонун эң башатында Болот Бейшеналиев турат. Ал киши Союздун бардык киностудияларында тартылган: өзбекфильм, казакфильм, түркмөнфильм, мосфильм, ленфильм ж.б. Андан кийин Сүймөнкул турат. Анын тушунда биздин кыргыз режиссерлору пайда болуп, ошолор тартып баштады, Т.Океев "Бакайдын жайытын" тартты, анда адамдын тагдыры, эл-жерди, жайлоону сактоо маселелерин поэтикалуу берген. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен "кыргыз керемети" жаралып кетти. Ошондо эле кыргыз актерлору Муратбек Рыскулов, Советбек Жумадылов, Алиман Жангорозова ж.б. бар эле. Алар мыкты актерлордон. Азыр көптөрү унутулуп калды.
-Көп эле тасмаларга тартылдыңыз, эмне үчүн киного тартылган актрисалардан өмүрлүк жар таап алган жоксуз? Мисалы, "Көчө" фильминдеги Аваздын "аппагындай"?
-Маликабы? Ал ошо кинонун башкы оператору Марат Жыргалбаевдин келинчеги болчу, экөө сьемкада жүрүп үйлөнүшкөн. Башка фильмдерде жалаң башка улуттагы айымдар менен тартылдым. Тамара Камбарова, Наталья Аринбасарова, Ингрид Андриня - латыш кызы, кыргыз кыздар жок эле. Жаш кезде талаалап-тоолоп эле тентип жүрчүмүн, жалаң кинолорго тартылам деп, анан ким тиет мага, үйдө турбасам. Кыздар менен таанышканга, алар менен көчөлөп басканга убакыт жок болсо. Дагы жакшы, Болот Бейшеналиев "үйлөнүп алгыла" деп азыркы аялым менен тааныштырып, ошол себептен мага кайната да болуп калды. Өлөр-өлгөнчө балабызды да ошо киши эле бакты. Аябай баласаак киши болчу. Төрөт үйүнөн алып чыкканда эле "меникине жүргүлө" деди. Эген, Салкын - Бекболиевдер болуп алып барып, чөпкө, тузга, улам бирдемеге киринтип өзү, укмуштай карады. Бизди жолотчу эмес. Өзү ээрчитип жүрдү чоңойгондо да, өлөр-өлгөнчө.
- Эмнеге ал кишинин үйүнө?
- Анткени биздин үйүбүз да жок эле. Батирлеп жүрдүк. Бокем (Болот Бейшеналиев) бизге, балабызга боору ооруп, шарты жок жүрсөк өзү карады. Ушундай боорукер, баласаак кишини көргөн эмесмин. Жанындай көрүп, өз баласындай бакты. Азыр ал балам 16га чыгып цирктин студиясында окуп, бош учурларында спектаклдерге катышып атат. Отпускада айылга барабыз. Келинчегим спецполиклиникада медик.
- Кезегинде, кыргыздрамтеатрында сиздер ойногон он-он беш эң мыкты спектаклдер эле мамлекетке бир нече миллиондогон кирешелерди түшүрүп турган, пландуу түрдө гастролдордон, шаардагы премьералардан. Ал кезде көрүүчүлөр да аншлаг менен келчү. Кинолоруңузду айтпай эле коелу, алардын баары өзүнө кеткен чыгымды прокаттан эле он-он беш эсе актап көп пайда апкелген өкмөткө. Канча миллиондорду түшүрдү. Ошонун баары эстелбей да, айтылбай да келатат. Сиздей сейрек таланттуу артисттерибиз болсо дагы эле үй-жайсыз жүрүшөт?
- Ооба. Минтип үйүбүз жок, дагы эле. Набережныйдагы, илгерки камвольно-суконный комбинаттын жатаканасында турабыз. Ичи бир бөлмө. Калганы жалпы. "Эл артистин" жакында эле араң беришти. Чуркабасаң ушу экен да. Чуркайын десең уяласың, өздөрү билишээр деп. Минтип оорукчан да болуп калдым. Буту-колдун баары шалдырап, эмки жылы алтымышка чыгам, буюрса.
-Сиз туулган Нарын өрөөнүнүн ажайып Миң-Булак айылы - нечендеген таланттуу, мыкты адамдар булактай агып чыккан, касиеттүү айылдардын бири. Көкөтөй, Тыныбек, Актан деген не бир актаңдай акын да, залкар манасчы, дастанчы адамдарын айт да, бүгүнкү күндөгү төрт элдик артист: Асанкул Осмонов, Табылды Актан, Чоро Думанаев, Замир Сооронбаев, эмгек сиңиргендер - куурчак театрында Нурбүбү Мусаева, Жаныш Кулманбетов - театр сынчысы, Кемел Ашыралиев - коомдук ишмер ж.б. чыкканын айт. Ата-энеңиз кимдер эле, барбы алар?
- Жөнөкөй айылдыктар, карыялар азыр, аларды башынан Нурдин байке, Сүйкө жеңе деп калдым. Себеби мени беш жашымда Думанаев Осмон аксакал багып алат, атамдын агасы, балдары чоңоюп кеткен үчүн. Мен онго чыкканда а кишинин баласы Асанкул Осмонов, азыр Эл артисти, байкем шаарга апкелип окутту. Алгачкы түшкөн фильмим "Космонавттар көчөсүнө" да ошондо тартылгам, ошондо да артисттер эски театрдын короосунда жашашчу эле. Каникул сайын Асанкул байкемдин иниси Асангазыныкына барам тоого, кой кайтарышам алар менен, алардын он баласы бар, жеңебиз баатыр эне. Ошентип тоодо-жайлоодо чоңойдум. Укмуш сонун жерлерде. Өз агам Эркин башкы бухгалтер болуп иштеди өмүр бою айылда. Эки карындашым - Айгүл, Дайрагүлдөр үйлүү-жайлуу өздөрүнчө.
-Азыр деле мурунку кездердей эле көп эле фильмдерге тартылып атасыз, бирок масштаб, деңгээл бөлөк дегендей, ошентсе да кандай айырмачылыктарды байкап атасыз?
- Мурунку муундардагыдай мыкты режиссерду көралбай атам. Жаңы эч нерсе жок. Кайталоо, тууроо болуп атат баары.
Маектешкен
Алтынай ТЕМИРОВА

Редакциядан: Кыргыз бийлиги чыныгы таланттарды баалоо жагына келгенде дайым жөндөмсүз болуп келет. Себеби кошоматка кой сое албаган, чуркабаган таланттар кор болуп, басмырланып кала берет. Эбин тапкан "халтурщиктердин" заманы өкүм сүрүп, андай шуулдактар наамды да, үйдү да, башканы да алууда. Эл артисти Чоро Думанаевдин үстүндө үйү жок, бир бөлмө жатаканада жашап атканы кыргыз улутунун намысына тие турган жорук. Кыргыз маданият министрлиги жана башка мамчиновниктер ойлонуп, көңүл бурат деп үмүттөнөбүз.