Экстерди эрмектейли

Кошоматтын коюн сойгон Досбол, Кара-Балтага каттаган Апас Жумагулов жана Мичуринге
айланган Керим Турапов
Досбол аке үч кабат особнягында отурат

Кесиби боюнча тарыхчы, кандидаттыгын партиялар боюнча жактаган илим доктору, Бакиевдин учурунда Мамкатчы болуп туруп, сөз кылар жарытылуу иш кылганга жарабаган Досбол Нур уулу үйүндө эле бош. Билим берүү министри болуп иштей калган убакта салдырган 3 кабат особняк үйүндө неберелеринин кашында отурат. Саясатта не кеп деп, гезит, теле карагандан жадабайт. Эгерде жаш болсо хамелеон кейпин кийип чыкмак беле, ким билет, пенсия жашы тизгиндеп тургансыйт. Бирок шайлоо жакындаганы Камчыбек Ташиевди шынаарлап, айланасынан чыкпай калды дешет. Кокус шайлоодо утуп кетеби деп, алкап, жалкап, кошоматтын коюн союп жатканын билгендер кобурап жүрүшөт.


Апас Жумагулов кайда?

Мурдагы партноменклатуранын өкүлү, эгемен Кыргызстандын алгачкы премьери Апас Жумагулов мырза пенсияга эчак чыккан. Орусиянын абасы катуу жагып калганбы, Москванын четиндеги үйүндө туруктуу жашайт. Туңгуч ажобуз Аскар Акаевге жакын тургандыктан, аны менен шылтоо табылса эле жолугушуп, масилеттешип турат дешет. Персоналдык пенсионер да, аз эмес суммадагы пенсиясына, анан Москвадагы өндүрүш фирмасынан түшкөн кирешеге майкөл турмушта карылыкты өткөрүүдө.
Кара-Балтадагы тоо кен металлургиялык комбинаттын директорлор кеңешинин төрагасы. Ушул себептеп Кыргызстанга ишине байланыштуу кээде-кээде келип турат. Баса, Апас мырзанын Кыргызстанда жер жайнаган ача туяктуу малы бар экендиги аңыз кеп болуп айтылат.


Мичуринге айланган Керим Турапов

Бир күн акжолчу депутат болгон Эл артисти, коңур үндүү Керим Турапов Улуттук филармониянын жетекчилигинен кеткенден бери үйүндө эс алууда. Короосуна жашылча, жемиштерди өстүрүп, аларды сугаруу менен алек. Андан ал кадимкидей ырахат алат. Кээде убактысын чыгармачылыкка арнап коет. Кыя албастар чакырса, көңүл үчүн той, мааракелерге барып, ырларынан созолонтуп кайтат.
Филармония деректирлигинен кеткенден кийин театрлардын бирин жетектөө сунушу болгон. Керим мырза сылык баш тарткан. "Эми ойдогудай эс алсам, кайрадан чыгармачылыкка кайтып келем. Саясат мен үчүн жат нерсе, анын мага кызыгы да жок" дейт Эл артисти.


Мира айым долбоорлорду жазат

Жогорку Кеңештин 3-чакырылышынын депутаты, мурдагы вице-премьер Мира Жангарачеванын мамлекеттик кызматтан алыстап кеткендигине көп болду. Учурда БУУнун өнүктүрүү программасынын "Туруктуу өнүгүү үчүн айлана-чөйрөнү коргоо" программасынын менеджери болуп иштеп жатат. Өлкөнүн айлана-чөйрөсүн коргоо жаатында ар кандай долбоорлорду жазуу менен иш алып барат. Сыягы, ызы-чуудан сырт бул жумушу Мира айымдын өзүнө жагат окшойт. Депутаттыкка талапкерлердин арасынан да көрбөдүк, саясатка да аралашпайт. Болбосо, кыргыз журтчулугунда аты бар, өң десе өңү, сүйлөөр сөзү бар Мира Камиловнанын бир партиянын бир жагын чоюп кеткенге даремети бар эмеспи.


Топоевде сагынуу деген сезим жашабайт

Акаевдин коргоо министри, аты кыргыз, теги корей улутундагы Эсен Топоев кожоюндун аркасынан эле "Эй Россия, бир боор энем!" деп чуу койгон. Тагдыры кандай болорун алдын ала билгендей илгери эле Москванын четинен үй алып койгон экен. Ал эле эмес, ошондо эле түптөп койгон кирешелүү бизнеси да бар. Ал бир кездеги шефи Акаев менен жолугушуп, өткөндөн, учурдан кеп салышып, чайлашып турууну адатка айландырып алган. Бирок Акаевден бир айрымасы, Эсен Топоевде Кыргызстанды сагынуу деген, кайтып келүү деген ныпым ой жок.


Иманбаев - тойлордо ардактуу конок

Кесиби дарыгер, саламаттыкты сактоонун заманбап системасынын түптөлүшүнө үлкөн салымын кошкон Сулайман Иманбаев учурда ардактуу пенсияда. Кызматтык карьерасын БорШайкомдун төрагалыгы менен жыйынтыктады. Небере, чөбөрөлөрүнүн маңдайында. Той, мааракелерге ардактуу конок катары чакырылса ак дилден барып катышып, жакшы сөзүн айтып, тилегин билдирип жүргөн чагы. Убактысынын көбүн китеп окуу менен өткөрүп, жаш дарыгерлерге, медицина жаатында эмгек жазып жаткандарга кеп-кеңешин айтып, ой бөлүшкөндү хоббисине айландырган дешет. Өлкөдө болуп жаткан саясый окуяларга кайдигер карабай, ыңгайы келген жерде пикирин билдирип, көз карашын айта калмайы бар.

Москвада ким дарыланып жатат?

Өткөн апрель окуясында Таласка барып, элден катуу токмок жеген мурдагы ИИМ башчысы Молдомуса Конгантиев учурда Москвадагы ооруканалардын биринде ден соолугун чыңдап жаткан чагы. Эл көзүнөн сырт деп, Москвада дарыланууну туура көрөт. Коомчулукка чыгып, өзүнүн бүгүнкү ал-абалы жөнүндө айтууну жактырбайт. 7-апрелдеги токмоктон кийин баарына тоюп, аман калганына тобо деп, ушу менен пенсияга чыгып, ардактуу эс алууга кетсемби деген гана тилеги бар дешет жакындан билгендер.

Дастан мырза комуз чертпей калды

"Кыргызалтындын" мурдагы башчысы, экс-мамкатчы Дастан Сарыгулов үйүндө керели кечке кыргыздардын өткөнүн, каада салт, үрп адатын изилдеп, иликтөө менен алек. Чарчап-чаалыкканча калемин колунан түшүрбөй жазса, чарчаганда уктап эс алат. Мурдараакта комузун колго алып, кыргыздын мурдагы, кийинки, өзү жараткан күүлөрүн ырахаттана ойноп, эс алып, чер жазып алса, акыркы бир жылдан бери ден соолугуна байланыштуу комуз черте албай калган. Муун оорулары Дастан мырзаны комуздан алыстатып койду.


Курманбекти жүдөткөн Темирбек

Өзү экономист, финансист болсо да, милициялардын чоңу болгон акаевдик Темирбек Акматалиев ишенгени Москвага дыр койгондон баштап дайны чыкпай кетти. Бирок анын дайынын УИАга баргандар биле алат. Азыр ал жактагы Экономика институтунун директору. Кесипкөй иши менен алек. Өлкөнүн экономикасы боюнча байкоолорун кагазга түшүрүп, экономика маселелери боюнча чоң эмгек жазып жаткандыгын эшиттик. Темирбек мырзанын окумал экендигин көбү биле бербесе керек. Бишкектеги китеп дүкөндөрдү түрө кыдырып, жакшы китептерди баасына карабай сатып алганды өнөкөткө айландырган. Материалдык жагына келсек, байлыгы кудайга шүгүр. Акаевдин тушунда бийликтин барманы менен жакшы эле түптөп алган бизнестери бар. Баса Акаевдин убагында Бакиев премьер болуп турганда Темирбек мырза аны теңине албай, катуу жүдөтчү экен. Анан кийин Бакиев бийликке келгенде эмне болгону түшүнүктүү да. Акыры Бакиевдин аргасыз качуусу Темирбек мырзага майдай жакты.

Мурдагы премьер, бүгүнкү деректир

Акаевдин лаборанты атка конгон Кубанычбек Жумалиев агайы кеткенден бери чоң саясатта такыр эле көрүнбөй калды. Учурда УИАнын физика институтунун директору, жаш физиктерге акыл насаатын айтып, эмгектерине жетекчилик кылып жүргөн кербези. Ошондой эле өзүнүн бизнеси менен алек. Корейлер менен бирдикте элди арзан отун менен камсыз кылчу завод ачкан. Дагы башка инвесторлор менен иштешип, өндүрүш объектилерин ачуу үстүндө баш оорутуп жүрөт. Саясаттан такыр көңүлү калган түрү бар, саясат тууралуу ачык сүйлөгөндөн, журналисттер менен жолуккандан жаа бою качат. Болбосо, акчасы деги жетиштүү, көңүлү келсе Кубанычбек мырза бүгүн деле саясатта жүрмөк.


Мирлан Дүйшөнбаев