Акүйдүн айылында

"Акүй март ыңкылабында да мынчалык талкаланып өрттөлгөн эмес"
(Башталышы өткөн санда)
-Мурда жетинчи кабат деген айбаттуу жай бар эмес беле. Азыр жетинчи кабатты кимдер ээлеп отурат. Мурдагы президенттер отуруп келген кабинетте азыр ким бар?
-Жетинчи кабат калыбына келтирилген. Өлкө башчысы өз ордунда, премьер-министрдин кабинетинде азыр төрага отурат. Андан ары жетинчи кабат боюнча саясый партиялардын лидерлери Ф.Кулов, Ч.Акунов, Ө.Текебаев, К.Ташиев, Коалициянын жетекчиси К.Исаев жайгашкан. Ал эми чыгыш тарабында Президенттен бөлөк аппарат жетекчиси жана анын биринчи орун басары бар.
-Аргасыздан жаралган суроо: Өкмөт үйү башыбыздан өткөн эки ыңкылаптын кайсынысында көп чыгымга дуушар болгон? Ал эми жашыруун документтердин зыянга учурашы боюнча?
-2005-жылдын март айында болгон окуя менен 2010-жылдын апрелин салыштырганга болбойт. Себеби айырмасы асман менен жердей. 2005-жылкы окуядан кийин Акүйдүн каалгалары деле, стол-стулдары деле сакталып калган. Болгону анча-мынча компьютердик жабдыктар тонолуп, терезе-айнектер сынып, кээ бир кабаттарда бирин-серин каалгалар керектен чыккан. 2010-жылы тескерисинче болгон. Бирин-серин эле стол-стулдар аман калбаса, баары тонолуп, талкаланып, анан калганын өрттөп жиберишкен. Өрттүн ысыгына чыдабай бетон потолоктор, ригелдер жарылып кетип, аларды алмаштырганга туура келген. 7-апрелден кийин Акүйдүн ичине кирип өз көзү менен көрбөгөн адам анын азыркы абалы менен салыштыра албайт. Угуп деле жүрөбүз го "Акүй эчтеке деле болгон эмес турбайбы" деген сөздөрдү. Чынын айтсам, Акүйдү берилген мөөнөттө бүтүрөбүз деген үмүт деле аз болчу. Жашыруун документтердин зыянга учурашы боюнча маалымат бере албайм. Себеби ага менин тиешем жок.
-Президент Роза Отунбаева көп жагынан өз чыгымын азайтып келгени кубантат. Бирок расмий сапарларга самолетто жүргүнчүлөр менен кошо учушу, алдын ала даярдоочу группалардан баш тартышы булар кандайдыр бир деңгээлде башка мамлекеттер алдында бечаралыгыбызды ого бетер арттырбайбы? Коопсуздук деген да маселе бар да?
-Бүгүн бул абдан актуалдуу маселе. Каражаттын тартыштыгынан, тилекке каршы, Роза Исаковна эмнебизге уялабыз деп кээ бир расмий иш сапарларына да кадимки жүргүнчүлөр менен чогуу учуп жүрөт. Авангард группасынан да баш тарткан. Албетте, Президент уча турган самолетторго өзгөчө талап коюлат, бирок коопсуздугуна карабай Президент акыркы мезгилде АКШга, Бельгияга, Францияга, Венгрияга жана Австрияга да кадимки каттамдагы самолеттор менен учуп барып келди. Кичине мамлекеттинби же чоң мамлекеттин Президенти болобу - ал Президент биздин жүзүбүз. Ошондуктан биз өзүбүздүн Президентти баалап, сыйлай албасак, бизди бирөө сыйлайбы? Ошондуктан өз алдынча мамлекет болгон соң жок дегенде мамлекеттик жана расмий сапарларга Өлкө башчысы атайын самолет менен учууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Президенти иш сапарларына баруу үчүн бир ТУ-154М чоң жана "Бич Крафт" аттуу кичи самолеттору каралган. Самолеттордун абалы жакшы. Бирок акча каражаттарын үнөмдөө максатында Роза Исаковна 2011-жылы ТУ-154М самолету менен эч жакка учкан жок. Болгону үч жолу жанагы кичи самолет менен Астанага, Ошко жана Баткенге учуп барып келди. Калган иш сапарларына катардагы жүргүнчүлөргө аралашып эле кадимки самолеттор менен учуп барып келип жатат. Премьер-министр менен ЖК Төрагасы да иш сапарларына ушул самолетторду колдонуп жүрүшөт. Өткөндө чоңдор самолет талашыптыр деген бир ушак сөз чыккан. Мага ишенип койгула, андай болгон эмес.
-Ажо айым Президенттик кортеж санын кыскарткан эмес беле, бирок коопсуздук сапаты өз деңгээлинде болушу үчүн кортеж канчалык камсыздалышы керек?
-Кортеждин саны өткөн жылы эле кыскартылганына карабастан коопсуздугу жетиштүү деңгээлде камсыздалып жатат деп ойлойм. Президентти кайтаруу Мамлекеттик кайтаруу кызматына (бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-башкы башкармалыгы) жүктөлгөн.
-Президенттин айлыгы тууралуу да ар кандай сөздөр айтылып келет…
-Убактылуу Өкмөт мурдагы Президенттин, Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин аппараттарынын ордуна бир эле Аппарат түзүп өз ишин баштаган. Президенттин айлык оклады ошол эле 2008-жылкы 50 миң сом деңгээлинде калган. Бирок 2011-жылдын бюджетинин тартыштыгына байланыштуу сиз айткан передовой группаларга кетүүчү жана башка айрым чыгымдарды, ошол эле мезгилде өзүнүн окладын 50 миң сомдон 30 миң сомго чейин кыскартууну тапшырган. Бүгүн Өлкө башчысы баардык кошумчалары менен колуна 55 миң сомдун тегерегинде айлык алат.
-Аларчадай кооз өзөнүбүздүн эс алуу жай катары табигый сулуулугунан бөлөк дагы кандай өзгөчө шарттары менен мактана алабыз? Бүгүнкү ахвалы кандай? Мурдагы эки бийлик тушунда тең өздөрүнө менчиктеген кооз үйлөр курулганы айтылган эле?
-Эгер сөз "Аврора" санаторийинин тегерегинде эмес болсо, анда биздин башкармалыкка таандык объектилерде алардын салган менчик үйлөрү жок. Ал эми Аларчанын ифраструктурасы азырынча ошондой эле. Бирок жакын арада инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Буюрса, эски-уску имараттардын ордуна баардык коммуникациясы каралган заманбап туристтик борбор салууну көздөп турабыз. Ошол эле кезде экосистемага доо келбегендей балансты сакташыбыз керектигин унуткан жокпуз.
-Аларча эс алуу коругунда эчки-улак атууга тыюу салынганбы же айрым чоңдорго уруксатпы?
-Былтыр эчки-текелерди атууга тыюу салганбыз. Быйыл да андай уруксат эч кимге берилген жок. Ар бир мергендин өзүнүн мезгили, эрежеси жана талабы бар. Бирок мерген мезгили келгенде карышкыр, чөө, кыргоол жана башка майда жандык атканга тыюу салынган эмес.
-Сырттан келген конокторго сый көргөзүү ташпишинин чыгымдарына кызыксак болоор бекен?
-Болгон нерсени болот деп айтканыбыз туура. Бирок бүгүн ысырапчылык жокко эсе. Баардык протоколдук иш-чаралар сметанын чегинде жүрүп жатат. Мен түшүнүп турам сурооңузду… Ушул күнгө чейин бир дагы жылкы союлуп, тоо-теке атуу болгон жок. Мурда жылкы союп, кызмат кылып жүргөн адамдар деле ушул маекти окушса калыс сөздөрүн айтышат деп ойлойм. Президенттин талабы боюнча расмий иш-сапарларга же бөлөк жолугушуулар үчүн келген чет мамлекеттик делегацияларды негизинен европалык жеңил тамактарды кээде улуттук тамактар менен толуктап тартуулап жүрөбүз. Эч кандай устакан, баш тартуу деген жок, бирок бешбармак негизги улуттук тамак катары берилип турат. Аны жасоо үчүн сөзсүз эле мал союлушу керек эмес да.
Суроо салган
Жеңишбек Кадырбек уулу