<"De-факто", 14.07.11 - 3-бет: •


Спикер Келдибеков аялы, сүрөтчүлөрү,
доктуру баш болгон 40 кишини алып
Малайзияда "эс алып" жүрөт
Жогорку Кеңеш депутаттарынын чет элдик сапарлары үчүн 2011-жылдын бюджетинен 9,6 миллион сом каралган. Бирок парламент депутаттары биринчи жарым жылдыкта эле чет элдик саякаттарга 12 миллион сом коротуп салышты. Бюджеттин жыртыгы бүтөлбөй, башка социалдык долбоорлорго акча жетпей, экономика эңшерилип атканына карабай спикер Келдибековдун бюджеттен мындай саякатка быйылкы жыл үчүн деп дагы кошумча 8,3 миллион сом коштуруп алганы кызык. Ошондо депутаттар 2011-жылы 18 миллион сомго тайраңдап, дүйнө кыдырып саякаттаганга жол ачып алышкан.

ЖК төрагасы Акматбек Келдибековдун буга чейин анын Брунеянын султанынан бетер учакта жалгыз учуп, барган жерлеринде хандан бетер сый көрүп, кошоматчылар болсо "падыша болор адамдын дасторкону ушундай болот" деп, андай сөздөрдү болсо спикер муюп угуп жүргөнүн гезиттер жазып келатышат. Бул жолу спикер Келдибеков 40 адамды жанына алып (депутаттарды, жардамчыларын, ММК өкүлдөрүн, жансакчылары) Малайзия, Индонезияда тайраңдап жүрөт. Кандай максатта жасалган сапар экендиги белгисиз. Ушундан көрө коңшу Өзбекстанга барып чек араны ачуу, эки коңшу өлкө ортосундагы мамилени жакшыртууну талкуулашсачы. Малайзияга кайсы экономикалык маселени чечкени кетти? Муну Жогорку Кеңештин каникулга таркагандан кийинки чет өлкөгө барып эс алып келүүсү катары бааласак болчудай. Сапар учурунда "эс алуучулардын" Бали аралына 1 күн түнөп, ал жерде ой-даа эс алышкандыгын айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты. Суроо туулат, Келдибеков мырза бюджетти өз чөнтөгүндөй эле көрөбү? Малайзия тарап бүтүндөй чыгымды өздөрүнө алса да кечиримдүү болмок. Бирок барган-келген чыгымдар кыргыз тараптан болуп жаткандан кийин Акматбек Келдибеков менен бирге ондогон ашыкча адамдардын баруусу кайсыл акылга сыят?! ЖК төрагасынын жубайы Аида Токтомамбетова менен депутат Н.Сулаймановдун жубайы Айнур Абасовага эмне жок? Алар да кошо кетишкени тастыкталды. Акыры 19 депутаттан (неге мынча көп?) сырткары төраганын доктуру, тилмечи, эки сүрөтчүсү болуп отуруп 20 адам кошулуп алган. Арасында Келдибековдун жээни делген журналист Манас Осмон да бар.
Бийик трибунадан акыйкаттыкты, мыйзамдуулукту сүйлөшүп акыл үйрөткөн эл өкүлдөрү ушундай обу жок саякаттары менен бюджет капчыгын эңшерип, парламенттин кадырын кетирип атышат. Өзүңүз ойлоп көрүңүзчү, окурман, өлкө экономикалык жактан кыйын абалды баштан кечирип жатканда мамлекет эсебинен ушунча адамдын Малайзияга баруусу туурабы? Малайзияга спикерди коштоп кеткен адамдар булар:
1. ЖК төрагасы Акматбек Келдибеков;
2. Индонезия жана Малайзия өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча депутаттык топтун жетекчиси Замирбек Алымбеков;
3. Депутат Туратбек Мадылбаев;
4. Депутат Алтынбек Сулайманов;
5. Депутат Чолпон Султанбекова;
6. Депутат Нурлан Сулайманов;
7. Депутат Нурлан Төрөбеков;
8. Депутат Талант Мамытов;
9. Депутат Абдырахман Маматалиев;
10. Депутат Куштарбек Айтматов;
11. Депутат Бакытбек Жетигенов;
12. Депутат Турсунтай Салимов;
13. Депутат Акылбек Султанов;
14. Депутат Бакир уулу Турсунбай;
15. Депутат Анвар Артыков;
16. Депутат Алла Измалкова;
17. Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Айтмурзаев;
18. ЖК төрагасынын жубайы Аида Токтомамбетова;
19. Депутат Н.Сулаймановдун жубайы Айнур Абасова;
20. ЖКнын Иш башкармалыгынын башчысы Роман Касымов;
21. Эл аралык кызматташуу башкармалыгынын башчысы Жанат Джаманкулов;
22. Төраганын басма сөз катчысы Асел Алиева;
23. Паспорт-виза менен камсыз кылуу кызматынын башчысы Муса Жаманбаев;
24. Төраганын жардамчысы Данияр Тайчиев;
25. ЖК аппаратынын басма сөз кызматынын башчысы Шайырбек Маматокторов;
26. Малайзиядагы Кыргызстандын элчисинин кеңешчиси Арсланбек Уметалиев;
27. Малайзиядагы Кыргызстандын элчисинин үчүнчү катчысы Кайбалиев Азамат;
28. ЖКнын Эл аралык бөлүмүнүн эксперти Дастан Урманбетов;
29. ЖК Иш башкармалыгынын жогорку кеңешчиси Асан Токтобеков;
30. Төрага сүрөтчүсү Эргеш Жусубалиев;
31. Төрага сүрөтчүсү Эркинбек Болжуров;
32. Төрага котормочусу Жоодотбек Мураталиев;
33. УКМК кызматкери;
34. УКМК кызматкери;
35. УКМК кызматкери;
36. ЖК дарыгери Юлдузбек Кабылов;
37. "Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору Манас Осмонов;
38. "Вечерний Бишкек" гезитинин кабарчысы Эльвира Темир;
39. КТРКнын журналисти Нуржамал Бурханова;
40. КТРКнын оператору Руслан Сабатаров.

Бул бир эле мисал. Ушул сапарга бюджеттен канча миллион кеткени иликтенип коомчулукка да бир күнү ачыкка чыгат. Бюджетте сапарларга деп каралган 9,6 миллион сомду үнөмдөп жумшагандын ордуна дагы кошумча 8,3 миллион сомду саякаттар үчүн "жайпап", калганын спикер мырзанын "өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" деген саясаты катары бааласак болот. Акыры парламенттик республика болдук деп эле депутаттар элдин кыжырын келтире турган жоруктарды жасачу болушту.
Мирлан Дүйшөнбаев




Өз кабарчы билдирет
Ак-Буурадан өлүктөр чыгууда
Өткөн жума ичинде Ак-Буура дарыясынан 4 кишинин сөөгү табылган. Булардын эмне себептен көз жумганы азырынча тактала элек. Ош ШИИБиси азырынча суицид болушу мүмкүн деген версияны айтып жатат. Ушу тапта аптаптан качып, кыйла кооптуу экенине карабай Ак-Буура дарыясынын жээгинде жүргөндөр көбөйүүдө. Алардын арасында өтө мас абалында сууга секиргендер да бар.
Ошто курулуш
жанданып жатат
Ушул убактарда Ош шаарынын борбордук көчөлөрдү жана көп кабаттуу үйлөрүнүн арасындагы жолдорду оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Аны шаардык жол куруу башкармалыгы аткарып жатат. Шаар башчысынын айтымында, "жолдорду оңдоого Бүткүл дүйнөлүк банк 4,5 млн. доллар бөлүп берген. Тендерди Транспорт министрлиги өткөрүп, "Империя-групп" жоопкерчилиги утуп алган. Ага кошумча шаар казынасынан жол оңдоого 67 млн. 300 миң сом кошумча бөлүндү. Учурда пландаштырылган жолдордун 10%ы аяктап калды.
Булардан тышкары, Ош шаарындагы эски аялдамаларды бузуп, кайра баарын бирдей үлгүдө баш планга ылайыктап куруу иштери жүрүүдө. Шаар ичине бардыгы болуп 60 коомдук унаа аялдамалары орнотулмакчы. Бул үчүн шаардык казынадан 7,5 миллион сом бөлүндү.
Жаштар таш терип,
сатканга өтүштү
Ушул эле маалда жеке сектордун абалы мактанаарлык эмес. Алсак, шаар тегерегинде жеке үй салып жаткандар уста таппай жүрүшөт. Айрыкча кыш коюучу, шыбак кылуучу жана чатыр жабуучулардын күнү тууп жатат. Бир устага бир нече адам кезекке туруп, иш акылары да күндөн-күнгө асмандап, бир бышык кышты коюу үч сом, ал эми кам кышты коюу бир жарым сомдон, шыбактын 1 метр квадраты 170 сом, жерпайдын бир кубун куюу баасы 2000 сомго чыкты. Чатырын жабуу шифер менен болсо татаалдыгына жана көлөмүнө жараша 40 миң сомдон жогору бааланат. Эгерде тунике менен жабылса 70 миңден жогору. Курулуш материалдарынын баасы да көтөрүлдү. Алсак, жөнөкөй эле таштын баасы 2,5-3 миң сомго чыкты. Ушундан улам Ош шаарынын тегерек-четиндеги айылдарда жашаган жаштар таш терип, сатуу бизнесине өтүштү.
Мелис Мырзакматов МАИчилерди каарыды
Ош коогалаңы учурунда толугу менен күйүп кеткен Ош шаардык жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы имараты пайдаланууга берилди. Жаңы имараттын ачылышына келген шаар мэри Мелис Мырзакматов сөз арасында ала таякчандарды иш жайыңарды таштап качпаганыңарда ушундай болмок эмес деп каарып алганга үлгүрдү. Андан кийин сөзгө чыккан ички иштер министринин Түштүк аймагы боюнча орун басары Курсан Асанов МАИчилерди кесиптик майрамдары менен куттуктап, бир канча кызматкерлерди грамоталар менен сыйлап койду.
Губернатордун буйругун
ким аткарат?
Ош облусунун кезектеги жыйынында облус губернатору С.Жээнбеков кол алдындагы жетекчилерди мамлекеттик тилге кош көңүлсүңөр деп тилдеп, бир канчасына сөгүш берди. Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков чогулуш сайын тил маселени көтөрүп келет. "Бул буйрук ишке ашып телчикпей жатып, тилди өнүктүрүү маселесин көтөрүү популизм деп кине койгондор да болду. Чындыгында элдин ынтымагы жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн мамлекеттик тилдин таасири чоң", -дейт Сооронбай Жээнбеков.
Ыдырыс Исаков, Ош