Куураткан кургак учук, ай

" Оо, Шарапат эженин
колу рентген..."

Талас өрөөнүндө кургак учук илдети жыл өткөн сайын жаштар арасында жайылып баратат. Турмуштун начардыгы, дары-дармектин жетишсиздиги оорунун күч алышына себепкер болууда. Кара-Буура районунун борбору Кызыл-Адыр айлынан 12 чакырым алыс жайгашкан кургак учукка каршы райондор аралык ооруканадан бир жылда 600 адам, балдар бөлүмүнөн 200гө чукул балдар дарыланып чыгат.

Мектептерде мурдагыдай "манты" жок
Карабуура жана Манас районуна тиешелүү бул ооруканага Таластын баш-аягынан, ал тургай Бишкектен келип дарыланышат. Себеби аталган ооруканада Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, 51 жылдык өмүрүн кургак учук илдетин дарылоого арнаган Шарапат Корчиева иштеп турганда оорудан какыс айыккандардын саны арбып, дарыгердин дареги алыска угулган. Шарапат эженин ооруканада иштебей калганына эки жыл болду. Азыр ооруканада анын кызы Жамиля Калыйбекова башкы врач, уулу Эрмек Маденов бөлүм башчы болуп иштейт. Апасынын жолун улаган уулу менен кызы дагы кургак учукту айыктыруунун устаттары. Ошондуктан илдеттен кутулсам деп эки көзү төрт болгондор Карабуурага келишет.
"Оорунун жаштар, өспүрүмдөр арасында көбөйүп баратканынын себеби, мурда мектептеги ар бир окуучуга "манты" жасалып, илдеттин бар-жогун алдын ала текшерип турчубуз. 1995-жылдан тартып акча каражаттын тартыштыгынан ал иш токтоду. Азыр оорулуу жашаган үй-бүлөдөгү балдарга гана "манты" жасалат. Экинчиден, азыркы кургак учук оорусуна эски дарылар таасир бербей калды. Үчүнчүдөн, мурда бир ооруну какыс айыктырыш үчүн кеминде 6 ай ооруканадан чыгарбай дарылачубуз. Айрымдары 8-10 айга чейин ооруканада жатышчу. Азыр болгону 2 ай гана дарылайбыз да чыгарып жиберебиз, биз дарыгерлер каалайбызбы, каалабайбызбы, учурдун шарты ошондой. Анан оорулар үйүнөн жарытылуу дарылануу курстарын алышпайт, ошентип оору уланып, жалгана берет", - деп кейиди Жамиля Калыйбекова.
"Жоктун жону күчтүү" деген ушул...
Оорукананын 1975-жылы ишке берилген имаратынын эскилиги жетип, ремонтко муктаж. Бирок мамлекет тарабынан ремонт үчүн эч кандай каражат бөлүнбөйт. Сыягы, өз кесибине жан дили менен берилген дарыгерлердин дыкат колдонгонунанбы, рентген кабинетиндеги аппараттын эскилиги жетсе да, ушул күнгө чейин өпкөнү даана көрсөтүп так диагноз чыгарат. "Жоктун жону күчтүү" дегендей, СССР учурундагы медициналык жабдуулар дале колдонулууда. Кир жуучу автоматтар дагы эски. Жаңы медициналык жабдууларды алсак деген илгери үмүт менен Жамиля Калыйбекова Жапон өкмөтүнүн "Чөптүн тамыры жана адамдардын коопсуздугу" гранттык программасына кайрылганын, азырынча алардан жооп ала электигин айтат.

"Шарапат
Корчиева келатат"
дегенде бир кезде ак халатчандар да, оорулуулар да тикесинен тик турчу дешет. Себеби дарыгер кол алдында иштеген дарыгерлерден өз ишине берилип иштөөнү, ооруканада тазалыктын сакталышын, а пациенттеринен дарылануу режимин так колдонууну катуу талап кылган. Башкы дарыгердин талабы эрежеге айланып, азыркы күндө дагы ооруканада тазалык маселеси биринчи орунда турат.
"Оо, Шарапат эженин колу рентген! Колу менен кармалап туруп эле кургак учукпу, өпкө кагынбы айтып коет" деп тамшана кеп кылышат замандаштары. Эртең мененки оорулууларды текшерүү маалында Шарапат Корчиева ар бир пациентке 15-20 мүнөт убактысын бөлүп, сүйлөшүп олтурчу экен. Кыязы, ушундай жол менен оорунун кантип пайда болгонун билип, кандай багытта дарылаарын аныктап алчу көрүнөт.

Үч маал тамак үчүн
77 сом...
Кургак учук илдети менен жабыркагандар күчтүү тамактанышы керек. Мамлекет тарабынан оорулуу үчүн бир күнгө 77 сом каралат. 77 сомду 3 маал тамакка бөлсөк 23 сомдон тиет. Негизи тамакта 200 грамм эт болууга тийиш. "Эттин киллограммы бүгүнкү күндө 260 сом. Акчанын жетишсиздигинен улам, эт ордуна жумуртка, сүт азыктарын арбын алууга туура келет", - дейт башкы дарыгер. Кээде мамлекет тарабынан жардам түгүл маянасын 2-3 айлап алалабай калган эмгек жамааты чарба күтүп, уй сатып алышкан. Бүгүнкү күндө оорулуулар көбөйгөндүктөн, суткасына 12 литр сүт берген уйдун сүтү дагы жетишсиз болуп, күн сайын 1 литри 25 сомдон 15 литр сүт сатып алууга туура келет.

Айлык көбөйгөнү мээрмандар келе башташты
"Кургак учук жугат" деген шылтоо менен айлык аздыгынан жаштар качып, ооруканада жалаң ардагер ак халатчандар иштеп калган. Азыр мээрмандар 9500-10 000 сом айлык алышат. Айлык көбөйгөндөн бери төрт мээрман ишке орношту. Ооруканада жогорку билимдүү 3 врач иштейт. Ишемби, жекшемби күндөрү да жумуштан кетпей, ишине жипсиз байланган Эрмек Маденов өпкө оорусуна чалдыккандарды чогултуп, семинар өткөрүп, кеп-кеңешин берип туруудан тажабайт.
Мира Сейдикеримова,
Талас