Хансарайыңды көрсөтчү, ким экениңди айтайын

Данияр Үсөнов менен Бакыт Сыдыков дипшаарчада жашайт
Орто-Сай айылы жакта "Ала-Арча-1" деп аталган дипшаарча жайгашкан. Анын туш тарабы шлагбаум менен тосулуп турат. Карапайым эл ал жакка жашамак турсун, баш багып көрө албайт. Кароолдору да жакшы иштейт, жумушка атайын тандоодон өтүп кабыл алынат. Шаарчанын ичинде бардык үйлөр кинодогудай. Биринен бири мыкты. Ар биринин короосунда бассейндери бар. Жолдору да жөнөкөй асфальт эмес, брусчатка менен жасалган. Гүлдөрү, бак-дарагын айтпай эле коелу. Бул жакта Данияр Үсөнов, Өмүрбек Бабанов, Аскарбек Шадиев, Акматбек Келдибеков, Бакыт Сыдыков жана башка саясатчылар, элге төбөсү көрүнгөндөр, бизнесмендер жашайт. Бул шаарча он жыл мурун салынып баштаган экен. Ошол кезде ал үйлөр 40-50 миң доллардын тегерегинде турчу. Азыр болсо 450-500 миң долларды чапчыйт. Бул жолу биз сиздерге экс-премьер министр Данияр Үсөнов менен Үсөн Сыдыковдун уулу Бакыт Сыдыковдун үйүн көрсөтөбүз.

Данияр Үсөнов ушул шаарчага бир топ үйлөрдү салып, акчалууларга кайра кымбатка саткан. Өзүнө аябай келиштирип эки кабаттуу чоң үй кылып салган. Шаарчадагы эң мыкты үйлөрдүн бири. Азыр анда жубайы Динара Исаева жашайт.


Архитектурасы
өзгөчө болгон бул үй Бакыт Сыдыковго таандык. Аэропорттун акчалары ушул жакка кеткен бейм? Джиби токтоп туруптур биз барганда, ушул күндөрү өзү жашаса керек. Башпрокуратура кылмыш ишин козгоп атты эле, анан эле дым болду. Үсөн акенин баласы суудан да кургак чыгат, атасы турганда баласын
"чокутпайт".

Даярдаган
Дилбар Алимова




  Эргул

Феликс Кулов, ЖК депутаты, "Ар-намыс" фракциясынын лидери
"Короо намысын талашып далай мушташканбыз"
- Феликс Шаршенбаевич, сизди "темир генерал" дешет. Турмушта да темирдейсизби же жумшак адамсызбы?
- Бала кезден калыптанган мүнөз, эч жакка кылчактабай өз ишинде көжөрө иштөө адамдын сапат-мүнөзүн аныктап, айырмалап турат. Турмуш мени темирдей бекем болууга үйрөттү. Демейки жашоодо да, иште да бекем тартиптин болушун каалайм, тактыкты жана берилген тапшырманы толук аткарууну жактырам. Булар менин турмуштук бекем позициям болуп калды. Ал эми элдин мени "темир генерал" деп атаганы, 1990-жылкы Ош окуяларында борборубуз Бишкекте да абал оор болгондо, шаар комендантынын милдетин так аткара алганыма, кийин ГКЧП делген мамлекеттик козголоң учурунда көрсөткөн эрктүүлүгүмө берилген баа деп ойлойм.
- Жашыңызда чоң муштум болгон дешет...
- Биздин жаштык кез өзгөчө учур болгонун көп эскерем. Бизде "короо достугу" деген түшүнүк болоор эле. Көп кабаттуу үйдө жашаган өспүрүмдөр бир үй-бүлөнүн балдарындай ынтымактуу элек. Ошол короо намысын талашып, коңшу көчөдөгү балдар менен мушташтан күч сынашкан учурлар болчу. Өзүңдү коргой билүү, катылгандын катыгын берүү жигиттик мыкты сапат катары бааланчу. Бирок, баары ак ниеттүү, белгиленген чектин өлчөмүндө гана өтчү. Топтун лидерлери жекеме-жеке күч сынашууга чыгышчу. Кээде эки жаат болуп кармашаар элек. Утулгандар кек санабай, кечире да билчү. Хулигандыкка, жаманчылыкка эч барган жокпуз. Спорттун ар түрлөрү менен, өзгөчө бокс менен көп машыктым. Милициянын жогорку мектебинде күжүрмөн самбо боюнча өзгөчө ийгиликтерге жеткен элем, мунун пайдасы кийин органда иштегенимде абдан эле тийди.
- Жубайыңызга кол көтөрөсүзбү?
- Мындайга мен эч качан барбайм. Аял, эне деген өтө улук деп эсептейм. Алардын эмгек-мээнетине эч нерсе тең келе албайт. Алар - ар дайым терең урматтоого татыктуу.
- Сиз сөзүндө турган адамсызбы?
- Бирөөнү сатуу, эки сүйлөө - менин принциптериме жат нерселер. Кесиптик ишимде да, чоң саясатта да мындайга барган жокмун. Мунун өзү менин салмагымды бийик көтөрүп, айрымдар үчүн баасы бийик атаандашка айландым. Ошондон улам ак жеримден күнөөлөөгө алынып, абакка да отурдум. Бирок мени сындыра алышкан жок. Баягыдай эле туурачылыкты, чындыкты туу тутуп келем. Эч өзгөргөн жокмун.
- Жакында уулдуу болуптур деп уктук. Атын ким койдуңуз?
- Ооба, өткөн жазда уулдуу болдум. Атын Даниел коюп, ак дасторкон жайып туугандарга, жоро-жолдошторго жана кесиптештерге жентек той бердик. Алардын ак батасын алдык.
- Сиз ак колсузбу?
- Биздин курактагы муунга бул жат нерсе. Эмгектен эч качкан эмеспиз. Мен жаш кезде атам өзүбүздүн Байтик айылынан жер алып там тургузганда, теңме-тең иштеп жардам бергем. Ата-энеме кайсыл жумуш болбосун жардамдашканды өзүмдүн милдетим катары сезчүмүн.
- Спирт ичимдиктерине кандайсыз?
- Ага азгырылмайым такыр жок. Жакшылыктарда актилек каалап, бир аз ууртап койгон учурлар болот.
- Тамеки тартасызбы?
- Мурда тартчумун. Акыркы убактарда биротоло таштадым.
-Учурда машина айдайсызбы?
- Машина айдаганды билем, күбөлүгүм да бар. Бирок кээде гана рулга отурам. Негизинен айдоочум айдап жүрөт.
- Алгачкы сүйүү сизге качан келди?
- Бул жагы ичтеги сыр боюнча кала берсинчи… Бардык учурлардай эле сүйүүгө кездешпеген жан болбосо керек. Жубайым ар кандай күдүк ойлорго батышы мүмкүн. Ошондуктан сүйүү тууралуу сөз кылганым туура эмес, ашыкча болуп калат го.
- Сизди жакшы ырдайт дешет...
- Созолонто, көпчүлүктүн көңүлүн бурдуруп ырдай албайм. Жакшы ырларды укканды жактырам.
- Бакка жашылча айдап, аларды карап, өстүрө аласызбы?
- Кийинки жылдары ата-энем байырлаган айылдагы үйдөгү огородго каралашуу мурда деле, кийин үй-бүлөлүү кезде да сүйгөн ишиме айланган. Ал жерге барганда дароо жумушчу кийимдерди кийинип, ишке киришчүмүн.
- Кандай багыттагы китептерди окуйсуз?
- Тарыхый адамдар жөнүндөгү китептерди көп окудум. Саясий адабияттарга кызыгам. Өзүмдүн иштериме байланыштуу таануучулук булактардан дайыма пайдаланып келем.
- Кыздарыңызга кандай атасыз?
- Биздин элде "Кыздын кырк чачы улуу" деп, кыздарды, аялзатын өтө урматташат эмеспи. Бул эң сонун салтты мен да катуу карманам, кыздарыма камкор атамын. Алардын бактылуу болушун тилейм.
- Спорт менен машыгасызбы?
- Күн сайын жеңил-желпи машыгууларды жасайм. Таамай атуу боюнча машыгып турам. Ат спортун сүйөм. Мектепте окуган кезимде шахмат боюнча 1-разрядчы болгом. Бокс менен да машыккам. Баскетбол, волейбол, футбол, тенниске да кызыкчумун.
- Хоббиңиз барбы?
- Бар. Жакшы китептерди көп сатып алам. Курал, тапанчаларга кызыгам. Мыкты күлүктөрдү өстүргөндү, ат мингенди өтө жактырам.
- Феликс Шаршенбаевич, убактыңызды бөлүп, маек куруп бергениңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик.
- Сиздерге да ыраазычылык билдирем. "Dе-факто" гезити мурда да кызыктуу эле, азыр кайтадан чыга баштаганы да окурмандардын көңүлүн өзүнө бурууда. Көп кырдуу турмуш сыяктуу эле гезитте ар кыл маселелер кеңири чагылдырылып жатат. Коллективге профессионалдар чогулганы көрүнүп турат. Гезиттин окумдуулугу артып, коомубуздагы миң түркүн көрүнүштөрдү, адам тагдырларын так, даана жазуу менен, чынчылдыктын курч куралына айлана беришиңерге тилектешмин!