Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Портретке штрихтер

Мыкый үкү
Чачын солго тарап, иши оңдо жүргөн Мыктыбек Абдылдаев
Ак сүртүм
Сары-Өзөн Чүйдө эл бийлигин тутунган мыкты чыкмалар арбын. Мыктыбек мырза түбү түптүү бүлөнүн тукумунан. Аламүдүндүн Каражыгач айылында туулган, уруусу солто. Саясат кайнап турган өрөөндүн кулуну быйыл августта элүү сегиз жаш курагын белгилейт. "Атажуртчулар" баштаган көп чыгаандар куттук айтышаар, бирок ал дүң түшүрө маараке өткөрүүнү жактырбасын көпчүлүк тааныгандар билет. Фамилиясы ар башка жазылып калганы да пайдалуу болгон чыгар, бир тууган улуу агасы - кезинде Токмокто, Ошто, Бишкек шаарында мэр, Өкмөттө биринчи премьер-министр кызматтарында иштеп, элге аты таанымал Медетбек Керимкулов, дагы бир тууганы - парламенттин эки чакырылышынын депутаты, бир нече министрликтерге жетекчилик кызматтарды аркалай келген Айдарбек Керимкулов. Жалпылай абай салсаң, бул бир туугандардын мүнөздөрүндө окшоштуктар бар, кыйнасаң да ички сырын сыртка чыгарбаган ичим тап, сөзгө мокок-чоргогураак, абалга карап аяр иш кылган, кыябын келтирип кынга кирген, кай бийлик болбосун эбин таап, кызматсыз олтуруп калбаган мырзалардан.
Мыктыбек мырзанын алгачкы кайнатасы - Кыргызстан КПБКнын эң ири жетекчилеринин бири болгон. Ошол биринчи зайыбынан эки баланын атасы. Комсомолдук иште жүргөндө үйлөнгөн жаш бүлөнүн оту тутанбай калган. Кийинки келинчеги орустан.

Көк сүртүм
Мектепти алтын медаль менен аяктап, ошол кезден абройлуу эсептелген политехника институтуна же тарых факультетине бой урбай, өзү көксөгөн КМУнун филология факультетине келип кирген. Тилчи экенин көпчүлүк биле бербесе керек, аны 1976-жылы артыкчылык диплому менен аяктап, Мыктыбек мырзанын мансап жолу комсомолдук кызматтарга тирелди. КМУну аяктары менен ал борбордогу Соода техникумунда комсомол комитет секретарынан алты жыл аралыгында Ысык-Көл обком комсомолунун катчысы кызматына өсүп жеткен. "Комсомолдук закалка" деген түшүнүк азыр деле эл эсинде. Жаштайынан комсомолдо иштегендер парткызматкер болууга умтулушту. Комсомолдон сыналгандардын көбү саясатчы, ишмер, бизнесмендер катары таанымал.

Күрөң сүртүм
Мыктыбек мырза чыгармачылыкты баалаган жан. Далай роман жазып салаар акыл-талант көрөңгөсүн 180 пайыз оодуруп - орган кызматында 1983-жылдан Саясый бөлүм ачендигин, Ысык-Көл ОИБ ачендигинин орунбасары, 88-жылы СССР ИИМ академиясын сырттан бүтүрүп, юридика илим кандидаттыгын коргогон. 1991-94-жылдары Ысык-Көл ИИМ ачендиги. Анан ИИМ министр орунбасары, кийинки беш жыл ИИМ министринин 1-орунбасары, 2001-2002 - Коопсуздук кеңеш катчысынын орунбасары, 2002-2004 - Президент администрациясын коргоо жана коопсуздук бөлүм башчысы, 2004-2005 - Башкы прокурор, 2006 - Президенттин администрация башчысы кызматтарын өтөдү. Милициянын генерал-лейтенанты. Акүйдөгү чоң кызматтарда ал төрт ирет өз арызы менен отставка сураган кызыкеч кадр дешет. Бирок ошол отставкалардын артында ишти тарс чечпеген сакчылдыгы, чечкинсиздиги тегерегиндегилерин жүдөтүп жиберери да кошул-ташыл болгон.
"Легендарлуу" парламенттин депутаты болуп шайланып, мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комитетте Ч.Баекованын орун басары болгон. Чолпон Турсуновнанын көк чайын көп ичкен.

Тежик сүртүм
Кезинде Акаевдин да, Бакиевдин да 7-кабатында иштеди. Акаевдин жинине тийген, себеби Бакиевди кайрадан парламентке келишин болтурбоо планын угуп, Абдылдаев ал планга каршы пикирин айтып, агасы менен ынакташ Бакиевди жактап, Атамбаев менен катуу жаакташа кеткен болчу. Ошонун эртеси Акаев ага "менин президент экенимди унутпай, тапшырмаларымды так аткар!" деп катуу эскерткен. Саясаттагы турмушту кара, ошол эле сөздү ага 2007-жылдын мартында Бакиев да орой формасында айткан - "Мыктыбек, сен өтө эле принцип күткөн, булгангың келбей четтеген жетекчи болуп атасың, президенттин администрация башчылыгына чоң интригаларды жасай билген адам керек. Так что…" Акыры 2007-жылдын апрелинде президент "Сен эми Коопсуздук кеңешинин катчысы бол" дегенде, рахматын айтып чыгып кеткен. Анткен менен Мыктыбек мырзаны каралардын арасындагы "ак карга" деп айтууга деле болбойт, Ал артынан мурда алдын ойлогон, "шамалдын кайда кантип агаарын туюнган" сергек - мытайым жан. Мунусун ал комсоргдон башкы прокурор кызматтарында иштеген учурларында көрсөттү. Тулкусунда филолог-комсомол-менттик сапаттар сиңген адам чындап эле кексе, аяр-сак боло чыгары анык. Айталы, "чычканга кебек алдырбаган" үч бир туугандар эки бийликке адеп эмнеси менен ыңгайлуу эле? Медетбек мырзанын иштемчил, бирок өтүмсүздүгү, Айдарбектин болсо жумшактыгы, ийкемдүүлүгү, ал эми Мыктыбек мырзанын "арбынды жасап, бирок жарытылуу эчтеме чечпеген акыл азабы, бирөөнү тике артынан айтпаган сактыгы" ыңгайлуу болчу.

Жашыл сүртүм
Мыктыбек мырза көктөйүнөн эле көркөм адабиятка боор төшөп, адабий, тарыхый китептерди сатып алып чогулткан (кийин юридикалык китептери басымдуу) окумал адам. Агасы Медетбек да, иниси Мыктыбек да стол тенниси дегенде, атайы жасатып алган кымбат кийлерин артынып, көздөн далдаа барып, керээлдин кечке көк тукаба бетинде ак шарик аткандан артык ырахат жок деп эсептешет. Эсепчил Медетбек мырза атүгүл чоң сайыш коюп ойногондон кайра тартпайт. Мыктыбектин атаандаштары "мыңкылдагыдай" жөнү бар. Себеби ашкере эле жуунуп, сыланып-сыйпанган таза жан болгондуктан, ал ары-бери айланып, бир шар атып коюп, батинкесинин боосун шашпай чечип, ансыз деле кургак байпагын тердеп кеткен жокпу деп шекшип сылай берген адаты бар.

Сары сүртүм
Саясаттын саратын минген Сары өзөндүн мыктылары көптөн бериге ырк алыша албай келет. Кулов Атамбаевди, Атамбаев - Сариев, Куловду көргүсү жок. Ал эми Абдылдаев Бакиевдин бийлигин урдум деп баса берет да, аз өтпөй бакиевчил атанган "Ата-Журт" партиясынын лидерлеринин сабына тизиле калганын түшүнсө болобу? - болот. Жаңы бийлик тушунда ал чүйлүктөрдүн үч партиясынын бирине да кошула албады, себеби ырк келишпейт, чүйлүктөрдүн "салты" ошол. Экинчиден, Ташиев - Келдибеков тараптын "Биз түштүктү, сиз түндүктү көтөрүп бериңиз" деген такилип-тандеми ыктуу көрүндү. Үчүнчүдөн, "атажуртчулардын" түштүк лидерлеринин ысымдары эл оозунан, гезит бетинен түшпөй турган азыркы учурда Абдылдаев тарап сак, тынч. Мыктыбек мырза президенттик шайлоо жарышына чыгаарын билип алгандар бул "көмүскөгө көп иттин өлүгүн көмгөн" сак, кашы үкүнүкүндөй кайрылган саясатчыдан чоочугандай, шекшигендей мамиле жасап турушат. Журналисттер болсо бул кишини "тизмеден чийип" коюшат айласы кеткенде. Себеби сүйлөбөйт. Маек бериңиз десе, ойлоноюн дей берет. Качат. Бир чети, куру популизм жоктугуна ыраазы болосуң, бирок элге керек сөзүн айтпай жашынып жатып алганы упай алып келбейт.

Кара сүртүм
Аты таанымал ага-инилердин каршылаштары жетиштүү. Кезинде сотто терс көрсөтмө бергендиги үчүн Ф.Кулов ошондогу биринчи орун басары Медетбек мырзаны дегеле жактырбайт, анын инилерине көз төбөсү менен карайт. Абдылдаев менен Атамбаевдин жаакташа кеткени арбын болгон. Андан арылай, Керимкуловдордун эң кичүүсү - Токмок айнек заводунун башчысы болуп турганда Токмокко толуп чыккан уюшкан кылмышкерлер аны Токмоктун бир кафесинде олтурган жеринде атып өлтүрүшкөн болчу. Таасир, бийлик бөлүшүү чырынан чыккан деп болжогондор болгон. Ошондон соң эл ичинде "Керимкуловдордун өздөрүнүн жеке түрмө - ору бар, анда шектүүлөрдү алты айлап кармашат" деген сөз таркаган. Жалган-чынын билбейбиз.

Кызыл сүртүм

Мыктыбек мырза президенттик ат салышуу күнү расмий айтылаар күнгө чейин саксактап "пауза" кармап турат. Он беш чакты чыгаандар үгүт ишин баштап да алышты. Эл оңго тараса, акбуурул чачын кынаптап солго тараган Мыкты мырзанын иши оңго кетеби, ити чөп жейби?..

Жолдошбек
Зарлыкбеков








кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"




Яндекс.Метрика