Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Көз айнекти сүртөлү

Миллиондорду соргон өлүмтүк мекемелер жана ныксыраган чиновниктер

Соңку он жылды алсак, Кыргызстанда аткаминерлердин саны 5 эсе өсүптүр, учурда мамлекеттик казына 60 миңге чукул чиновникти багууда. 20дан ашык министрлик, мамлекеттик агенттиктер бар. Бирок аларды бакканга канча каражат кетерин карапайым калк элестете деле албайт. Жөнөкөй элди коелу, журналисттердин деле мындай маалыматка колу жетпей келген. "Финансы министрлигиндеги "Инфосистема" мамлекеттик башкармалыгы жана министрлик алдындагы Коомдук башкаруу кеңеши биргелешип интернет-портал ачты. Андан мамлекеттик казынадан кайсы миллионду кайсы мекеме сугунуп атканын көрүүгө болот. Бул жерден ар бирибиз, үй-бүлөбүз, бала-чакабыз, биз иштеген ишкана төгүп аткан салыктарды мамлекеттик машина кантип соруп атканын, элге пайдасы жок өлүмтүк мекемелердин көптүгүнө ынандык" дейт Бакай Жунушов, Финансы министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү.
Эмесе, көз чаптырыңыз. Көрсө, биз толгон-токой мекемелерди багат экенбиз, ал эми алардын кээ биринин атын да уккан эмеспиз, уксак дагы ишинин жыйынтыгы билинбейт.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция
Ушул жарым жылда бюджеттен 1 миллиард 73 млн. 630 миң сом бөлүндү. Эң кызыгы, дирекцияда иштегендер 1 тыйын айлык албай иштешиптир. Айлык 0 деп турат.
Ишканаларга, ишкерлерге, калкка субсидияга - 40 миллион 40 миң сом;
Турак жай жана башка имараттардын капиталдык ремонтуна - 1 миллиард 31 млн. 405 миң сом;
Калкка ссуда төлөө - 1 миллион 625 миң сом.

Былтыр 7-апрелден кийин жаңы түзүлгөн Жаштар министрлигин караңыз. Буга чейинкини койдук, жакынкы 6 айда эле бюджеттен 9 миллион 899 миң сом коротуптур. Министрликке канча киши толуп алган ким билсин, жарым жылдык айлыгына эле 3 млн. 500 сом короптур. Эң кызыгы, "прочие расходы" деп туруп 3 миллион 800 миң сом коротушуптур. Бул каякка кеткен акча болду экен. Чынында бул министрлик бара-бара жоюлат. Азырынча эмне иш кылып атканын түшүнбөйбүз. Иштеп аткандар отуруп алып эликсир ичип эле жашарып атпаса, башкаларга жарыгы тийе элек азырынча.


Алкогол жана спирт ичимдиктерин көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттик 6 айда 2 миллион сом сарптаптыр. Дале алко-королдор байып, монополисттер жыргап атат, парламент болсо арак суудай аксын деп аларды кирешеге болгон салыктан бошотуп койгон.


Стратегиялык иликтөөлөр боюнча улуттук институт жыл башынан бери 6 ай ичинде 4 жарым миллион сомду казынадан соруптур. Анда иштегендердин айлыгына эле 2 миллион сом кетиптир, мынча айлык кайсы акылдуу баштарга төлөндү экен? Бул институт эмнени иликтеп жыргатып атканы, кайсыл стратегиялык багытты аныктап берип, кимге жарыгы тийип атканы белгисиз. Ушуга чейин бир да салмактуу иликтөөсүн же рекомендацияларын көрө элегибиз чын.


Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия ушул 6 айда 3,2 миллион сом сарптаптыр. Көчө менен шаарлардын атын которолу дегенден башка кыргыз тилди өнүктүрүү үчүн жасаган олуттуу ишинин жыйынтыгын көрө элекпиз. Интернетте кыргыз тили өлүү деңгээлинде. Мамлекеттик тил комиссияга караганда жалгыз отуруп алып Жаныбек Жанызак көп иш жасап атат. Жада калса орус-кыргыз, англис-кыргыз электрондук сөздүктөрү жок.


Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 6 айда казынадан 1 жарым миллион сом коротуптур. Бул акчаны эмнеге берип атабыз? Фундаменталисттер сайрандап, хизбуттар айылдарды басып, а коррупционерлер болсо ажылыктан акча жасап жыргасын деппи?


Сот департаменти жарым жылда эле бюджеттен 137 миллион сомду сугунуп коюптур. Ушунча акча менен сатылма сотторду багып атабыз. Алар болсо пара алганды, кылмышкерлерди бошотуп ийгенди токтото элек. Кыргыз кызды сабаган түрк ишкерди бошотуп ийген соттор беттери кызарбай эле басып жүрүшөт го.


Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд. Ушундай мекеме бар экенин көпчүлүк биле бербейт, ишинин жыйынтыгын көрө элекпиз. Жарым жылда атайын эсептеги 27 миллион сомду коротушуптур. Экономика болсо оңолбой эле кургуйга түшүп баратат. Элдир-селдир экономиканы оңдойбу деп бул тармакка байланышкан 4-5 мекемени болбой эле багып атабыз. Анда отурган чиновниктер семирип, экономика болсо эңшерилип, эл болсо арыктагандан арыктап эле баратат.


Суу чарбасы жана мелиорация мамлекеттик комитети. Дымы чыкпаган бул мекеме жарым жылда 326 миллион сомду сугунуптур. Анын ичинен айлыкка эле 76 миллион сом короптур. Телефон менен факска эле 2 миллион сом сарпталган. Телефонду минип алып иштешкен окшойт, такыр түшпөй.


Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу улуттук агенттиги жарым жылда 20 миллион 531 миң сомду казынадан коротту. Айлыкка 2 миллион 189 миң сом кетсе, 16 миллион сом мамлекеттик инвестиция программасы деп турат. Кызык, мамлекет кайсы тармактарга инвестициялады болду экен мынча акчаны?!


Жерди прикладдык изилдөө боюнча Борбор Азия институту деген бар экен. Өмүрү укпаптырбыз чынында. Бул институт мамлекеттик казынадан жарым жылда эле 4 миллион 573 миң сом алыптыр. Анын 1 млн. 898 миңи айлыкка кетиптир. Калганы светке, сууга, телефонго транспортко, мейманканага, салыкка кетиптир. Деги бул институттун элге пайдасы барбы? Бир жылда 10-12 миллион сомду жеп коет экен да.


Акыйкатчынын аппаратына келсек, жарым жылда мамказынадан 8 миллион 800 миң сом алыптыр, атайын каражаттар деп 155 миң сом коротуптур. Транспортко деп 116 миң, чөнтөк телефонго 73 миң сом, кадимки телефон жана факска 246 миң сом, кошумча төлөмдөр жана компенсациялар дегенин түшүнгөн жокпуз, 1 миллион 600 миң коротушуптур. Ал эми аппаратта иштегендердин маянасына 6 айда 4 миллион 846 миң сом кетиптир.


Улуттук статистика комитети. Бул уюм чогулткан сандар жана маалымат көбүнчө чындыктан алыс болуп, карандай калп менен тойгузган учурлар көп. Бирок ошол жел сандарды чогултуш үчүн жарым жылда бюджеттен 64 миллион 332 миң сомду мойсоп, атайын каражаттардан 6 жарым миллион сомду коротушуптур. Мунун ичинен 46 миллионго чукул акча айлыкка гана кетиптир. Элестетиңиз, биз жарым жылда эле 46 миллион сомду статистика деп эле жел сандарды асмандан алып, элди курук сөз менен тойгузуп аткандарга маяна деп кармата берет экенбиз. Ушул бизге керекпи? Ушунча чиновник сөрөйдүн 6 айдагы телефон менен сүйлөшүп, факс алганына эле 3 миллионго чукул сом кетиптир.


Финансылык чалгындоо боюнча мамлекеттик кызматты багыш үчүн жарым жылда казынадан 4 млн. 352 миң сом короду. Ошол эле учурда Финансы полициясы деген бар. Жарым жылда эле бюджеттен 44 миллион сомду жептир. Ишканаларды баса калып, коркутуп-үркүтүп, далайлардын сазайын окутканы үчүн аларга 6 айда 25 миллион 600 миң сомдук айлык бериптирбиз. Тамак-ашка компенсациялык төлөмдөр деп 2 миллион 944 миң сом коротушуптур, эмне болгон компенсация экени түшүнүксүз. Карап туруңуз, финансы тармагында дагы бир мекеме бар экен. Кыргыз Өкмөтү алдындагы финансылык рынокту жөндөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы дейт. Жарым жылда бюджеттен бул мекемени бакканга 6 миллион 895 миң сом короптур. Отурган имаратына эле 6 айга 1 жарым миллион сом төлөшүптүр. Быйыл эле бул мекеме көптөгөн мыйзам бузуулардын алдын алган жок. Мисалы, "Кыргызтелеком" жана "Кыргызнефтегаз" аттуу чоң ишканаларда март айында Директорлордун кеңештеринин мүчөлөрү дайындалды. Такыр эле мыйзамсыз өткөн аталган кеңештердин шайлоолорун Мамфиннадзор четке каккан жок. Бул жөнүндө Бишкек ишкерлик клубу жана башка бизнес коомчулук өкүлдөрү өзүнүн нааразычылыгын билдирген. Мисалы, ошондо "Кыргызтелеком" компаниясынын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп Кубанычбек Конгантиев дайындалды - ал Бакиевдин командасында башкы прокурор болуп иштеген Камбаралы Конгантиевдин уулу.


(Негизги министрликтердин, президенттик администрация жана өкмөттүк аппараттын чыгымдарын кийинки санда беребиз)


Даярдаган
Чолпон Орозобекова








кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"




Яндекс.Метрика