Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Кылаар ишти кылып алып

Кыргыз кызды сабап качып жүргөн
Йылмаз кармалды
"Бета-Сторес" соода түйүнүндө сатуучу болуп иштеген Чолпон Орзубаеваны тепкиге алып, Кыргызстанда издөөдө жүргөн түрк жараны Гүнеш Йылмаз 6-июнь күнү Казакстандын "Сыпатай баатыр" чек ара бекетинен өтүп бараткан жеринен колго түштү. Аны казактардын атайын кызматкерлери кармаган. 15-июнда ага каршы "чек арадан мыйзамсыз өттү" деген берене боюнча кылмыш иши козголду.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны Казакстандан экстрадициялоо боюнча тиешелүү документтерди даярдоодо. Аны Кыргызстанга кайтарып береби-жокпу, бул маселени эми казак соттору чечет.
Эскерте кетсек, "Бета-Сторес" түйүнүндө иштеп жаткан Чолпон Орзубаева мөөнөтү өтүп кеткен азыкты сатуудан баш тартканда, технолог Йылмаз аны ур-тепкиге алып, денесине катуу жаракат келтиргени боюнча айыпталып, камакка алынган болчу. Кийинчерек шаардык сот аны бошотуп жиберген. Бул боюнча жаштар бир топ нааразычылык акцияларын өткөрүп, Йылмаздын жоопко тартылышын талап кылганда, Жогорку Сот аны камакка алуу боюнча чечимин калыбына келтирип, издөө жарыяланган болчу. Көрсө ал эргул Бишкекте эле жашынып жатып, чет өлкөгө зыйт коерунда кармалды.

Кошой Наркеев




Кримкабарлар
Ок атуучу курал кимдики, сыйлыгы бар
Жалал-Абад шаарынан курортту көздөй бара жатканда, жолдун оң бетиндеги жардын түбүнө коюлган лотоктун түбүндө белгисиз адамдар тарабынан көк түстөгү пакетке "Тоз-8" маркасындагы ок атуучу куралын бекитип койгон жерден 2011-жылдын 22-июнь күнү саат 18-20лар чамасында милиция кызматкерлери таап алышып, ок атуучу куралдын ээсине сыйлык беришейин десе, ээсин таппай калышыптыр.

Өзүңө сак бол, кошунаңды ууру тутпа
2011-жылдын 25-июнь күнү саат 15-30дар чамасында Базар-Коргон районунун "Токтор бий" кафесинин алдына Сузак районунун тургуну 61 жаштагы Азамжан ака Сузак айылынын талаасындагы үлүш жерге берген жерине баргандай өзүн сезип, барган автоунаасын ачык калтырып кеткендин кесепетинен, белгисиз адамдар автоунаасын талаадан таап алгандай алып кетишкен.

Этият "гашишчилер" кармалды
Токтогул районунун Кызыл-Туу айылынын Талканбай көчөсүнүн тургуну, 22 жаштагы Жаркынбай Токтогул өрөөнүндө өсүп жаткан 11 килограммдай "марихуана" баңги затын өз огородуна өстүрүп, кыйналып суу коюп, астын чаап жумшартып, отоо чөбүн жулуп кургатып, этияттык менен ысырап кылбай терип алып, 1500 сомго сатып жаткан жеринен милиция кызматкерлерине колго түштү.
Ал эми 27-июнь күнү саат 19-30дар чамасында Аксы районунун Кербен шаарынын тургуну 32 жаштагы Алмазбекти Аксы райондук ички иштер бөлүмүнө алып келип өздүгүн текшерүү учурунда, кийип жүргөн спорттук шымынын сол жак этегинен салафан пакетке оролуп, үстүнөн тигилген болжол менен 8 гр "гашиш" банги заты табылган.

Али жашсың секелек, кетсең калат сенден скелет
2011-жылдын 23-июнь күнү саат 18дер чамасында Сузак районунун Түрк-Абад айылынын тургуну 27 жаштагы Гүлчатайдын он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе жаш секелек өзүнүн жашоосуна нааразы болуп, бул жарык дүйнө менен коштошуп, мал сарайында өзүн жип менен асып алууга аракет жасаганда, урук-туугандары билип калышып, жарык дүйнө менен коштоштурбай, скелетке айландырбай, жаш секелек бойдон эсен-аман алып калышты.
Ал эми Ала-Бука районунда 24-июнь күнү саат 22лер чамасында 28 жаштагы Гүлайым өзүнүн үйүнүн алдындагы верендага өзүн-өзү жип менен асып алганга үлгүргөн, ушул замат үйүндөгүлөр көрүп калышып асынган жеринен түшүрүшүп Ала-Бука райондук оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырышкан.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз катчысы, милициянын подполковниги
Таалайбек Сусунбаев





Нарынбаев Атамбаевге жакпай калдыбы?
Өкмөттүн парламенттеги атайын өкүлү Данияр Нарымбаев кызматтан кетти. Аны бошотуу тууралуу буйрукка премьер-министр Алмазбек Атамбаев кол койду. КСДПнын фракция жыйынында Данияр Нарынбаев 1-июлдан баштап ишин токтото турганын айтып, депутаттарга ийгилик каалады. Кызматтан кетүү себебин ачык айткан жок.


Текебаевди соем деп коркуткан ким?
Мурдагы күнү "24.kg" маалымат агенттиги Кадамжай райкеңешинин депутаты Муса Момуналиев аттуу жаран "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди "соем" деп коркутканын жазып чыкты. Бул боюнча аталган партиянын маалымат кызматы билдирүү таратып, мындай нерселерден коркпой турганын билдирди.


Отунбаева тактыны өз саатында таштайт
Президент Отунбаева бийликке жармашкан жок. "Мен Башмыйзамга ылайык жыл аягында татыктууңа татынакай өткөзүп беремин" деп да бир ирет айтты. Жалаң хандардын, диктатор президенттердин уюгу болгон Орто Азияда, эски СССРдин тегерегинде үлгү болот бул кадамы. Башка бирөө болгондо эптеп калыш үчүн көшөгө артында далай оюнду салмак. Аял деп айрымдар жерип тургандыр, бирок так ошол "аял президент" тарыхта жүзүм ак болсун, мен башкалардай бузук шайлоого жол бербеймин деп турат. Топураган топ эркек болсо кайрадан жаңы күрөштө. Топураган ошол саясатчынын баарынын түшүнө президенттик такты киргени менен улут уңгусун, мамлекет бүтүндүгүн, таза шайлоону ойлогондору аз. Баарынан да, үчүнчү революция жасап коем деп "коркуткандары" күйгүзчү болду.


Көлбаевди соттор актап жибергенге да даяр окшойт
Мыйзамдагы ууру аталып жүргөн Камчы Көлбаевдин пайдасына чечилген сот ишин атайын прокурор Кубанычбек Мамакеев Жогорку Сотто териштирет. Чүй облустук соту издөөдө жүргөн Камчы Көлбаевге байланыштуу Аламүдүн райондук сотунун чечимин жокко чыгарган. Бул качып жүргөн Көлбаевди кармап-камоо боюнча чечим болчу. Атайын прокурор Чүй облустук сотунун чечимине каршы чыгып, Жогорку Сотко кайрылды. Жогорку Сот тараткан билдирүүдө, чындыгында эле 24-июнь күнү Чүй облустук соту Көлбаевдин адвокатынын арызын караганын жана Аламүдүн райондук сотунун 13-майдагы чечимин жокко чыгарганы тууралуу айтылган.


Ташиев Сулейманов менен элдешип алды
Депутат Камчыбек Ташиевдин Сулеймановду сабады деген иш боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия эки депутаттын элдешип алганына байланыштуу кылмыш ишин токтотууну Башпрокуратурадан суранды. Комиссиянын төрагасы Курманбек Осмоновдун айтымында, Камчы Ташиев Бахадыр Сулеймановдон кечирим сураганда, ал "бул жашоодо ар кандай кырдаалдар боло берет да" деп кечиргенин билдирген. Буга чейин Ташиев саясый заказ болуп атканын, ак жерден караланып атканын билдирген болчу. Анда неге кечирим сурады?


Чын эле колдообу же шылдыңбы?
Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Ирак Елкеев кесиптештерин Кыргызстанга жардам кылып, Ысык-Көлгө барып акча коротуп келүүгө чакырды. "Кыргызстанда ушундай кыйын кырдаал болуп турганда көңүл коштук кыла албайбыз. Экономикалык жактан оор жагдай түзүлдү. Биз кандай жардам бере алабыз? Жеке өзүмдү айта турган болсом эмгек өргүүмдүн жарымын Ысык-Көлдө өткөрөм. Калганыңарды да ошого чакырам" дейт депутат.





Өз кабарчы билдирет

Өзүн-өзү аткан
жоокер
Катардагы аскер Эсен Ибрагимов өзүн-өзү өлтүрүү аракетинде автомат менен үч ирет өзүнүн бетине атты. Ээкке такап туруп аткан автоматтын огу тиштерин бүт талкалап, бет терисин айрып кеткен. Дарыгерлердин айтымында, Эсендин абалы оор. 22 жаштагы Эсен Ибрагимов ушул жылдын 21-апрелинде аскерге чакырылган. 6-майда ант берип, Ош шаардык №50967 аскер бөлүккө кабыл алынган болчу. Эсендин атасы Асадилла Ибрагимов аскер башчыларын жоопко тарттыруу аракетин көрүүдө.

Конкурс уюштурганга маш аким
Ноокат акими конкурс уюштурганга маш. Бая күнү Р. Абдыкадыровдун ырларын мыкты аткаргандарга айылдар арасында сынак уюштурган болчу. Эми "Ким данды көп орот?" деп, комбайнчылар арасында жарыш жарыялады. Жеңген орокчуларга 3000 сомдон 7000 сомго чейин байге сайды.
Качанга чейин эски экспонаттарды карайбыз?
"Качанга чейин эски экспонаттарды карайбыз" деген М. Мырзакматов "Сулайман-Тоо" музейине "300 миң сом жазып бер, көргөзмө куралдарын жаңылап алышсын. 20 жылдан бери ушу көрүнүш менен жүрүшөт" деп бурк этти. Музей мүдүрү "акыры чечилди ээ?" деп ичинен жымыңдап калды.

Митингчилердин сураганы акча эмес
Мурдагы кыргыз-өзбек, Азыркы Социалдык университети митингге чыкканы даярданып жатат. Митингчилердин бийликтен сурагандары акча эмес, эрк жана намыс экен. Былтыркы июнь окуясынан кийин билим берүү министри менен Оштун вице-мэри эл алдында "мындан ары Кыргыз-өзбек окуу жайы Социалдык университет болот" деп элге сөз берген. "Ошол убаданын ишке ашышы үчүн жүрүш жасайбыз" дешет окуу жай ректораты.

Шоопурлар менен жүргүнчүлөрдүн акыйнеги
Ошто маршруттун айдоочулар менен жүргүнчүлөр урушуп атышат. Урушта көбүнчө айдоочулар жеңип кетип атат. Анткени алардын колунда Ош шаардык кеңешинин 30 депутатынын "Ошто жол кире бир сомго көтөрүлсүн" деген токтому бар экен. Урушуп-урушуп алып айла жоктон шоопурлардын айткан жол киресин төлөп алып жүрүшөт, байкуш жүргүнчүлөр.

"Кара-Суу" базарынын кычкылтеги "буулду"
Өзбекстан Кара-Суу базарынын кычкылтегин "бууп" койду. Анткени алар Кара-Суу базарынын копиясын өздөрүндө ачып алып, Кытайдан Кыргызстан аркылуу товар ташып, иштетип жатышат. Кошуналарга баракелде! Мунун натыйжасында эки жыл мурда 40 миң доллар турган бир соода орунду азыр 4 миң долларга да сурабай калышты.
Ыдырыс Исаков,
Ош шаары




кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"




Яндекс.Метрика