Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Берметтер дүйнөсүндө

Кошокчунун сүйүүсү

Режиссердун баяны

Кыргыздар фильмди аз, бирок саз тартышат. "Кошокчу" фильми кыргыз элинин кылымдардан бери келаткан кошокчулук салтын, элеттик жөнөкөй аялдын - өткөн бир доорду камтыган оор тагдыры аркылуу баяндайт. Мындай улуттук нукура боектор менен тартылган окуяларды башка элдер кызыгуу менен көрөөрү режиссерлорду да өзүнө көбүрөөк азгырат. Бул фильмди тарткан режиссер Артык Сүйүндүков, алгач "Жолдор бириккенде", андан кийин "Эл арасында" деген тасмаларды тарткан. "Кошокчуну" 92-жылы ошол кездин мыйзамы боюнча абдан экономдуу тартышып, "мына ошонубуз үчүн эми өкмөттөн жакшы эле сыйланабыз" деп турганда, СССР кулап, кинотоптогулар "этиң турсун табагыңды таап ал" болуп, сыйлык түгүл маянадан да "куржалак" калышкан.
Сценаристтин баяны

"Эсил кайран СССР" бар кезде бардык сценаристтер, кинодраматургдар семинарларга жыл сайын барып турчу. Кыялы чатагыраак Талип Ибраимовду эстегенден баары качышчу. Антсе да, бир жолу киши жок калып, "К.Өмүркулов Испанияда… дагы бири Көлдө… дагы бири бир жактарда болуп…" москвалыктар "бир орун күйүп атат, жок дегенде бир келесоо болсо да жибергилечи, окуп үйрөнүп кетсин" дегенде, Талипти эстешет. Москвага келген соң, бардыгына бирден бөлмө, а Талип Ибраимовго Набиев деген тажик драматургу менен чогуу болуп калат. "Мен эмне…" деп айтчу сөзүн айтып, "керек болсо эртең кайра кетип калам" деп коркутат. Өзүнчө бөлмө алып, үйүндөгү сандыктын түбүнөн таап ала келген, жол бою ойлонуп, планын түзүп барган, эски "Кошокчу" аңгемесин сценарий кылып жазып кирет. Тажик жигит да котормочусун чакырып экөө өзүнчө ээн-эркин жыргап иштеп калат.
Семинардын баяны

Он алты республикадан барган драматургдар күнүнө бир нече сценарийге кызуу талкуу жүргүзүшүп, кызылчеке болуп атышты. Унчукпай, олуттуу маанай күтүп, өзүн абдан маанилүү, акылман, ойчул сездиргиси келе кырданган Талип мырзага, баарынын көңүлдөрү бурула, бат эле урмат-сыйга татый, талкуусу да абдан кызыктуу жана өзгөчө болду. Баары анын "таасирдүү" мүнөзү менен курч сценарийине таң калышып, талашып окушуп, суктанып атышты. Сыйлагандар көбөйүп, алгач кызуу эле болуп кайтса, бара-бара семинардан бутуна туралбай кетчү болду. Аларга жооп кылып өзү да сыйлап атып, акчасы калбай, өздөрүнөн сурап алып өздөрүн сыйлай баштады. Бири калбай баарына карыз болду. Семинарда биринчиликти алып, анын акчасын да түгөнгөнчө ичишти. Бул убакта анын жанында Ленинграддын алкаштары менен "бомждары" гана калган экен. Алар чогулуп келип бир бочка пиво алышып "великому кыргызскому драматургу-ураа!" дешип эптеп поюзга салышты. "Үйүмө араң жеткем" деп күлүп койду борсулдап Талип мырза жаш кезин эскерип.
Кошокчу аял баяны

Кошокчу аялды эки актриса аткарды - эл артисти Мира Далбаева менен али жаш Шайыр Касымалиева. Кулак-чунак учурунда, кыргын-сүргүндөн аман калган, бир үйдөн жалгыз калган кызды, ошондой бир апаатка учураган жесир аял жалгыз уулу экөө үйүнө кийирип багат, бат эле анын уулу да репрессияга кетет. Аял күйүттөн өлүп, Кыз анын уулун күтүп, ал жарым жан болуп келген соң, элге анын аялы эсептелип, кыз бойдон аны менен өмүр кечирет. Кыз - күйүтүн, талкаланган тагдырлардын баянын, болгон өксүгүн да кошокчулук талантына чыгарып, бардык жерде сыйлуу, туш тарапка чакырылып кадырлуу. Анын бул "өнөрүн" "күйөөсү" жактырбайт "жалаң элдин жаманчылыктарынан дүнүйө жыйып, көзүңдү май басканы калды" деп. Ал кызды сүйгөн экинчи бир каарман анын атасын атууга кетиргени аз келгенсип, жигитти да түрмөгө айдап, кийин өзүнө көз артканда "Сизди жек көрөм" деп, кетменин тартып ийсе башына тийип, чындап таяк жеген актриса - Шайыр Касымалиева "Тийбеңиз мага!" деп ачуу бакырып, тасмага таасирдүү эле түшпөстөн, баарын чоочуткан.
Үйдөн репетиция жасаса апасы "кошпочу, жаман угулат экен" дегенинен, тартуу башталганча Арашандын жээгине отуруп алып, шаркыраган тоо суусунун шары менен кошо жарышып заңкылдап кошуп жаттаган. Бул өзүнчө бир чоң сыноо болгон. Чоң тажрыйба болгон ал үчүн.
Жыйынтык баян

Мүнөзүнүн "өзгөчөлүгү үчүн" киностудияга беш километр жерден жолотулбай жүргөн сценарист Талип Ибраимов бул фильмден соң кинематографисттер союзуна мүчөлүккө кабыл алынат, болгондо да Москвадан. Сырттан бааланмайын өзүбүздүкүлөр баалачу эмес ошо кезде эле. Башка жактагылар айтып баштаганда гана "Оо!" дечү мүнөзүбүз бар эмеспи. Кинонун сценарийи үчүн сыйлык алат. "Эмгек сиңирген" наамын алат. Фильм Ташкентте өтчү "Азия, Африка жана Латынамерикасы өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалында", Ашхабат кинофестивалында "Аялдын мыкты ролу" үчүн сыйлыгын катарынан эки жолу алат. Режиссерлук сыйлыкка ээ болот.








кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"




Яндекс.Метрика