Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Күлбөй калат сезимдер

Издебей калдым көздү

Куду Чыгыштын акылындай: ал турмушту кумурадай көрөт. Канчалык бөксөртүп турсаң, ошончо толуп турат дейт. Ал ошон үчүн эчтемесин аяган жок, чөнтөгүндө акчасын, билгенин, көргөнүн, окуганын, жазганын, ойлорун, идеясын... айтор, баарын кызганбайт. Мегиле дейт. Алгыла дейт. А эртеси кайрадан ашып-ташып келет. Бирок, аячу да нерселери бар эле... Ал - Ыры, ал ырын сүйгөн Жакыны, Ден соолугу, ал - Боору... Кумура... Сен билесиң. Мен да ишенем. Ал кайра баарын толтурат, жашартат. Сени эстеп бул, мен эле Жеңиш.


Гитара
Үнү чыкпайт, созолонбойт негедир,
Тыңшагансыйт ойлуу олтурган
ээсин.
1987

Чылбыр жана ат туягы
Астында ат туяктын
жатты чылбыр,
Жатты ал өлүп калган
жылан сымал.
1987
Кум жана суу
Кум жатат унчукпастан
макул болуп,
Суу тартат өзүн көздөй
улам-улам.
1987

Кемпир жана кумган
Карган кемпир олтурат
даарат алып,
Бырыш колго суу куят эски кумган.
1987

Абышка
Күн табында олтурду бир
картаң чал,
Аптап күнү соолуп
жаткан көлчүктөй...
1987

Кагаз
Жүрөк эле алакандай бир кагаз,
Окулду да, ошол замат тытылды.
1987

Кыз жана жылдыздар
Жаңы бүтүп жигит менен өбүшүп,
Асмандагы жылдыздардан уялды.
1987

Апакеме
Сырдалып бүтпөй калды
дарбазабыз,
Ырдалып бүтпөй калды
"санжырабыз".
Сынбадың, соолубадың, апакебай!
Мен мына он сегизге толуп турам...
Кыйчылдайт жаман эшик,
калтырайт терезелер...
Терезе, эшикке да карабайбыз.
Бизге алар кереги жок, ээ, апкебай?
1988

Кагаз кайык
Кагаздан кайык жасап, бөбөктай кир көлчүккө кое берди. Агарып сүзүп барат. А бала колу менен сууну жиреп, нары айдайт, бери айдайт, жанын койбой. Сыдырым жел да согот. Кир көлчүктүн кичине толкундары ичине толду дагы, чөгүп кетти... А бала чаң жол менен чуркап кетти, чаң жолдо жылаңайлак изи калып...
Тамагым ачышкансып, атакем сыяктанды кагаз кайык...
1988

Айнектин сыныгы
Айбаттуу, коркунучтуу
Адамдар жүрөгүндөй...
1988

Кичине
Чылым тиштейм,
кайра ыргытам жин менен,
Батпай чыгам жан-дүйнөмдүн
ичине,
Бирде олтуруп, бирде
басып бөлмөдө…
Айтчы неге аалам мынча кичине?..
1989
Алыска
Бүгүн сен тигилип алыска,
Көздөрүң муз болуп калгандай.
Билемин, билемин, билемин,
Күткөнүң алыстан жангандай.

Досуң жок жүрөгүн тең бөлгөн,
Жолдош жок жоругун баштаган.
Түшүнөм, түшүнөм, түшүнөм,
Жүрөгүң сүйүүдөн ач калган.

Шамалга термелбей кош терек,
Шаң дүйнө келгенби калыска?
Жалгыздык, жалгыздык, жалгыздык
Бүгүн сен тигилип алыска…
1989
Күрөк
Балдардын оюнчук күрөгүндөй
Унутулган кумдагы жатам үнсүз.

Чаң
Кыз. Шыпыргы. Көлдөлөң.
Сапырылат ойлордой…

Сүрөт
Ким ал? Билбейм. Жер катуу.
Күлбөй калат сезимдер.

Сагыныч
Тизе жыртык.
Алчы турбайт чүкөлөр…
Каакым-куукум
моюн созот үшкүрүп…

Каныша жана Падыша
Ыйла турмуш! Ыйла жаштык !
Ыйла көз!
Ыйлагыла! Ый - дүйнөдө каныша!
Кыйбагының кырчын
жашта Өмүрдү,
Жылмайып кой,
а жылмаюу - падыша!
1990

Сай+Сат
Бир жерде чыкса Улуу Күн,
Бир жерде батып жаткандыр.
А бизде болсо түн оокум,
Горбачев уктап жаткандыр…
1991

Алыс тарап
Кайнаган эл, машийнелер…
Автобекет.
Узаттым. Кеттиң. Кеттиң.
Калды карек.
Жылмайып койдуң дагы…
Билем. Билем.
Көрүшөөр күнүбүз да кайра келет.

Күтүүнүн жүгүн сүйрөп кетем үйгө.
Айтканың кайра-кайра эске келет:
"Билбеймин, чынын айтсам,
жалгыз сенде
Кийинким, келечегим болсо керек".

Калаабыз кайнап турат.
Аптап. Аптап.
Келемин жөө жалаңдап, бак аралап.
Кайрадан жалгыздыкка
шерик болуп,
Кайрадан кол булгалап алыс тарап…
1991

Үч бурчтук
Мен жөнүндө билдиң баарын,
түшүндүң,
Сен билбеген көп нерселер дагы бар.
Айтпайм, айтпайм…
Сыздап турат жүрөгүм.
Жүрөгүмдө үч бурчтуктун
тагы бар…
1992
Калганда
Издебей калдым көздү
Искебей калдым гүлдү
Көз менен гүлдү тапшырдым
асманга, күнгө, айга…
1992

Элим
Кыргыздар жер-жерлерге бөлүнүшүп,
Кызыктай "кызыл тилде"
сөгүнүшүп,
Билинбей баратышат
"өнүгүшүп"…
1992

Жинкылым
Буйдалтып, бурап жанды ушул
турмуш
Буроодой матып турат
сырларымда.
Жиниккен тулпарларды
атып салып,
Жиниккен кылым бийлээр
ырларымда.
1994
Бычак малуу
"Тот, кто долго остается наедине с самим собой, подлеет". (Антонио Поркья)
Ыры жок бирөөлөргө окуп берчү,
Сыры жок бирөө менен бөлүшкөндөй.
Баардыгы өздөрүнө бычак малып,
Баардыгы көөдөнүндө өлүшкөндөй.
1994

Чүмбөт
"Ты столько знаешь обо мне и не понимаешь меня. Знать - не значит понимать. Мы могли бы знать все и не понимать ничего".
(Антонио Поркья)
Тагынып чүмбөтүңдү, шашасың өлгөн кылым үлпөтүнө. Атылып шампан-шарап, куюлуп шумдук арак, шайтандар калаасында шаанилүү шапар тебүү болуп турат. Шайтандын сулуулары маанисиз сөз айтышып, тизеңде конуп турат. Качасың бул калаадан, качасың шум талаага. Унутуп үлпөтүңдү, жуласың чүмбөтүңдү. А бирок ал жулунбайт. Териңди сыйрыйт кошо. Жонуңду тилет бычак. Шылдыңдап турат Шайтан. Сыр катат
Улуу Жашоо…
Жаныңды жейсиң анан. "Билемин" дейсиң анан. "Түшүнөм" дейсиң анан…
2000
Ойнумда
Кечээ күнү бир аракты "сойдум" да,
Бүгүн болсо ойгондум кыз койнунда.
Туура тартып тагдырымдын
желесин,
Туйлап барам турмуш деген
ойнумда…
2008
Айла жоктон
Бул жашоодо аргасыздан
туйлаймын,
Жүрөгүмдү карап алып ыйлаймын…
2008
Солай…
Өмүр менен Өлүмдүн каалгасы!
Билбедим а туткасы кайда экенин.
Аялга кереги жок күйөөмүн да,
Кыргызга кереги жок жазмакермин!
2009










кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"




Яндекс.Метрика