Айланайын, айылдыктарым

Аскарбек атанын "Сашкасы"
Аскарбек Абылов 70 жашта. Нарын районунун Куланак айылынын тургуну. Өзүнүн айтымында, 1962-жылы биринчи жолу руль кармаган экен. Ошондон бери темир тулпардан түшө электигин айтты. Жаш кезде колхоздун автолавкасын айдап, кийин автобуска өтүптүр. Далай жүргүнчүнү ташып жүрүп, адамдын кулк-мүнөзүн жакшы өздөштүрүптүр. "Айрым учурда көпкөлөң жаш балдар келет. Аларды кымбат төлөйбүз десе да салбайм. Тигиндей чыкканда кол салабы деп чочулайм. Кардарларым жакшы тааныштар, анан өзүмдөй улгайган адамдар" дейт. Аскарбек ата минип жүргөн унаасын кыздын баласындай бапестерин жашырган жок. Ага Сашка деп ат коюп алыптыр. "Орус баладан сатып алган элем. Ошон үчүн ушинтип атап койдум. Муну кемпиримден да артык көрөм. Күн сайын жууп-тазалап турам. Өзүмдөн башка кишиге бербейм" деди тамашалай. Атанын 8 баласы турмуштан ордун таап, эбак очор-бачар болуптур. 5 миң сомго жакын пенсия алат экен. "Максатым акча табыш деле эмес. Көнүп калган кишиге айла жок тура, үйдө отургандан зеригип кетем" деди алигүнчө унаадан түшпөй жүргөнүнүн сырын ачып.
Кошой НАРКЕЕВ




  Издер кайра жаңырат

Неге жейсиң тамакты лапылдатып,
Турмушуңдан бир мөрөй утпаган соң
Акын, сынчы, котормочу Аман Токтогуловду эскерүү

Кыргыздын чыгаан инсаны акын, сынчы, котормочу Аман Токтогулов арабызда болгондо 26-июнда болгону 66 жашка толмок экен. "Жакшы адамдын өмүрү аз болот" демекчи, элинин арманы болуп эрте кеткен Аман агабыздын ташка тамга баскандай өмүр жолу, ырлары, котормолору, чыгармалары унутулбайт.

"Неге адамга берилет кайран
жаштык
Көккө шаңшып бир ирет учпаган соң
Намыс күтүп, ар күтүп не кыласың
Катарыңдан суурулуп чыкпаган соң.
Неге жейсиң тамакты лапылдатып
Турмушуңдан бир мөрөй утпаган соң
Кыйынсынып бирөөгө не сүйлөйсүң
Өз катының сөзүңдү укпаган соң",
- деп Аман агабыз таамай саптарды жаратып кетиптир.

Жубарымбек бачым

"Атка жеңил тайга чак, ай тамгалуу эр Сыргак" десе, сага жарашчу эле кайран Аман. Төө көтөргүс дөө Кошой кулуну десек, сага жарашчу эле кайран Аман. Түптүү жерге чуу салаар, эр жеңе алгыс эр Чубак десе, сага жарашчу эле кайран Аман. Кыргыз асманындагы жаркын жылдыз, кайкып учкан жагалмайы, таптап келген барчыны кайран Аман. Сени көз жумуп кетет деген шумдук кимдин түшүнө кирмек? Жубарымбек неге эрте кеттиң. Аман Токтогулов алаканга түшкөн кут болчу. Элинин намысын көтөрөөр уул болчу. Эми минтип жер муштап жоктоп калдык. Жубарымбек эмнеге эрте кеттиң?!
Кыргыздын адабият, маданият чөйрөсүндө Аман Токтогуловдун аты өчпөйт. Ааламды аңтара түшүнгөн, алтымыш түрдүү тил билген, улуусуна жүгүнгөн, кичүүсүнө көрүнгөн, чыгыш, батыш элдерге, Шыбыр, Орол Индостан, Мисир бойлуу жерлерге барып жүргөн Ажыбай абаңан кем эмес элең кайран Аман, эгер кыргыз эли Аманды билбесе мен минтип Манастын чоролоруна теңебес элем. Кыргыздын улуулугу улуу болсо Амандай уул туулмагы ырас. Эли-журтуң аман болсун, элиңди теңир колдосун. Кайыр кош, кайран Аман. Кыргыектей жашыңда кыркылдың, Жубарымбек Аман.
(Замандашы жазуучу Ашым Жакыпбековдун эскерүүсү)

Эскерүү
Жайлоодо
Айыл чакан.
Июнь айы жай саратан
Күндөрдүн бир күнүндө,
Кырда ойноп келе жатсам.
Чуулдап чыкты өкүрүк
Көз жумду атам.

Мал деген ырасында,
Токойдун чымчыгы экен.
Дүнүйө чынында да,
Токойдун чырпыгы экен.

Атабыз өлдү калды,
Чурулдап малы калды,
Каңгырап тамы калды.
Бозоргон боз үйдө биз,
Термелеп багып кирдик
Өлгөндөн калган жанды.

Жылкынын арасында
Бар эле бир сары бээ,
Атабыз "Төлбашым" деп
Айрыкча көз салчу эле.
Кутундай төрт түлүктүн
Жүрчү эле мал ичинде.

Күндөрдүн бир күнүндө
Дал ошол чоң сары бээ
Боз үйдүн түрүп койгон
Баш салды эшигине
"Көп күндөн бери карай
Көрүнбөйт ээм неге?"
Дегендей ал тиктеди
Үйдөгү кишилерге.

Билдиби, билген жокпу
Бир карап биз тарапты
Аңгыча көздөрүнөн
Мөлтүлдөп жаштар акты
Салбырап башын салып
Кишидей ыйлап жатты.

Бук кылды бул көрүнүш
Айласыз буулуктурду.
Апабыз бээни карап,
Бурулдап ыйлап жатты.
Бурулдап ыйлап турду.
Атабыз өлгөндөн да
Ушул күн болду муңдуу..

Сары бээ дайым келип
Эшиктен башын салат
Не ыйлайт бул жаныбар
Үрпөйгөн бизди карап
Тили жок же сүйлөөгө
Көзүнөн жаштар агат.

Эски өргөө босогодо
Мончоктоп жашы тамат
Мончоктоп жашы тамат
Сары бээм айланайын.
Куттуу мал Камбар ата
Ыйлатпа күндө бизди
Сен минтип салба азапка
Сары бээ, киши болбой
Мал болуп калдың неге
Ыйлаба
Кой ыйлаба
Энекемдей.

Жайлоодо…
Айыл чакан
Өткөн кез жай саратан
Күндөрдүн бир күнүндө
Жылкынын баш терисин
Колуна кармап апам
Бир жактан келди үйгө,-

Өлүптүр кайран бээ
Июнь ай жай саратан
Кайткан күн эсил атам
Сары бээ босогодо
Салбырап башын салып
Кишидей кошо ыйлашкан
Биз менен кошо ыйлашкан.

Даярдаган
Жамиля Таштанбекова




  Кудай деген кур калбайт

Нурдөөлөттү ажалдан арачалап калган Ирина

Талас шаарындагы Горький-Лесная көчөсүнүн кесилишинде эшиги ачык турган трансформаторго ойноп кирип кеткен беш жарым жашаар Нурдөөлөт Үсөновду Ирина Голобородько өлүмдөн сактап калды.

"Бети-башы көгөргөн, денеси жансыз бала көзүмө урунду"

Ирина Голобородько түнкү күзөттөн чарчап келип, үйдө олтурган. Трансформатор үйдүн жанында, алды көк майсаң жер болгондуктан коңшу балдар топурап көп ойношот. Ошол күнү да демейдегидей эле балдар ойноп жатышкан. "Бир маалда трансформатор тараптан тарс эткен катуу үн чыкты, Таласта катуу шамал болгондо дайыма ушундай болот. Негедир жүрөгүм алып учуп, эшикке чуркап чыктым. Балдар чуулдап, мага трансформаторду көрсөтүштү. Карасам кичинекей бала трансформатордун ичине кирип, электр түтүктөрүнө жармашып калыптыр. Ойлонуп олтурууга убакыт жок эле. Дароо жетип барып, баланы тартып алайын десем, ток тептиби, айтор, артка сүрүлүп барып кайра ордуман турдум. Эсим эңги-деңги болуп, экинчи жолу катуу тырышып баланы өзүмдү көздөй болгон күчүм менен жулкуп тартып алдым. Көзүмө урунганы бети-башы көгөргөн, денеси жансыз бала болду. "Бала каза болуп калган турбайбы" деп, жүрөгүм сыздап кетти. Калганын билбейм, эсимди жоготуп коюптурмун", - дейт Ирина Голобородько.

Трансформатордун эшиги ачык экенин эч ким байкаган эмес
Нурдөөлөттүн апасы Айнура Рыспекованын Горький-Москвиченко көчөсүнүн кесилишинде жашаганына 10 жылдан ашты. Горький-Лесная, Горький-Москвиченко көчөсүнүн ортосу болгону 20 метр жер. Трансформатордун эшиги ачык экенин тегерек-четте жашагандардын эч кимиси байкабаган. Анын үстүнө трансформаторго байланышкан кырсыктуу окуя мурда болгон эмес.
- Саат кечки 9 болуп калган, балдарымды үйгө киргизейин деп дарбазадан сыртка чыксам, көчөдө ойноп жаткан балдар мени көздөй чуркап келе жатышат. "Нурдөөлөт кана?" десем, трансформатор жакты көрсөтүштү. Барсак, балам көгөрүп-татарып жерде жатат, денеси кыймылдабай, дем тартпай калыптыр. Коңшу-колоңдор чогулуп, дароо жерди казып көөмп жиберишти. Денеси кыймылдап, жаны бар экени байкалганда жасалма дем алдырдык. Бир маалда "Ысып жатам, суу, суу" деп кыйкырды. Кийимин чечип кайра топуракка көмдүк. 5 мүнөткө жетпей, "Тез жардам" келип калды", - дейт башынан өткөн коркунучтуу окуяны калтаарып эскерген Айнура Рыспекова.
Мына ушул окуядан кийин "Түндүкэлектро" ачык акционердик коомунун Таластагы филиалынын аткаруучу директору Алик Дүйшекеев Талас облусунун элине кайрылып, электр подстанцияларынын эшиктери ачык болсо шашылыш түрдө РЭСтерге кабарлоо керектигин билдирди. Акыркы мезгилде электр подстанцияларынын эшик-каалгаларын сындырып, илинип турган кулпусун талкалап, электр зымдарын кесип кетүү көбөйүүдө.

Мира Сейдикеримова, Талас