Ак халатчан азезилби?

2 жашар Айжаркындын табарсыгын врачтар байкабай алып салышкан

Азыр Айжаркын Бейшекеева 2 жашта. 1,5 айлык кезинде ичи чыдатпай ооруп, Бишкектеги №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Күзөттөгү хирург Алым Мырзаев баланын ичеги карынында тешик бар экенин, тезинен операция керектигин айткан. Ошол убакта берген макулдугу үчүн ата-энеси күнү бүгүнкүгө чейин өкүнөт. Анткени ошондо баланын ичиндеги шишик менен кошо табарсыгын да алып салышкан.

Каргашалуу күн
Ошол күнү ымыркай күн бою кыңылдап, кечинде ичи ооруп атканы билинген. Ата-энеси тез жардам чакыртып, №3 ооруканага барышат. Наристенин эмнеси ооруп атканын көпкө табалбай, хирург А.Мырзаев акыры операция кылууну чечип, кечки 23.30да операцияга кирет. Эки сааттан кийин баланы реанимацияга көтөрүп кетишет. Бирок, демейдегидей врач ата-энесине баланын акыбалын түшүндүрүп бербейт. Реаниматолог гана баласын көрүп чыгууга уруксат берет. Эки күндөн кийин врачтар баланы улам УЗИге алпарып, чуу түшө баштаганда ата-энеси сураса, "балаңардын акыбалы оорлоп баратат. Зарасы чыкпай атат, себебин билбей атабыз, ичин кайра ачып көрөлү. Болбосо баланы жоготуп алабыз" дейт башкы дарыгер Талант Өмүрбеков. Ошентип наристе кайрадан бычак алдына жатат.

Башкы дарыгер табарсык жок экенин көрөт
3 саатка созулган экинчи операцияда Талант Өмүрбеков кыздын табарсыгы жок, бөйрөктөн кеткен зара түтүктөрү түйүлүп турганын көрөт. Ымыркайдын жанын сактап калыш үчүн экөөнү тең түз ичегиге туташтырып тигип коет. Ата-энесинин айтымында, Мырзаев операциянын так ортосунда сыртка чыгып кеткен бойдон кайрылбаптыр. Муну операция бүткөндөн кийин башкы дарыгер Өмүрбеков Айжаркындын жакындарына "силерге бул тууралуу Ашым Мырзаев айтып бериши керек болчу. Бирок мен аны операциянын орто жеринен урушуп койгом, анүстүнө ысыкка да чыдабай сыртка чыгып кеткен. Ошол бойдон кыйналып реанимацияга түшүп калыптыр" дейт. Зара түтүктөрүн түз ичегиге кошконун, мурдагы операцияда калып калган шишиктин калдыгын дагы тазалап салганын дагы айтып берет. Ымыркайдын атасына "операцияда алынган киста, шишик боюнча гистологиядан жыйынтыгын алып көргүлө" дейт. Ал жакка барса "кайра №3 ооруканага жөнөткөнбүз, бизде жок" деген жооп угат. Ошентип, күнү бүгүнкүгө чейин кызынын ичинен эмнени алганын ата-энеси көрө элек.

Мырзаев сөзүнөн танып…
Айжаркындын энесинин айтымында, хирург А.Мырзаевге жолукканда "кистаны кесип салгандан кийин гана табарсыкты кошо алып салганымды байкадым. Зара түтүктөрүн экинчи операция кылабыз деген ойдо түйүп салгам" деп жарым-жартылай күнөөсүн мойнуна алган. Таңкалычтуусу, экинчи операция керектиги жөнүндө А.Мырзаев башкы дарыгерге да, кесиптештерине да айткан эмес. Баланын зарасы чыкпай, кыйналып атканда да оозунан сөз чыкпаптыр.

Кыңыр иш 40 жылда билинет
Ошондон бери Айжаркынды маал-маалы менен ооруканага жаткырып, бөйрөгүн текшерип турушат. Эми быйылкы дарылануу маалы келип, ооруканадан УЗИге түшүргөндө кыздын табарсыгы жок экени даана билинип, коомчулукка белгилүү болуп отурат. Буга чейин жаш ата-энеси бир чети жаштык, билбестик кылып, экинчиден, кайра эле ошол дарыгерлердин колуна түшөрүн билип, коркуп, эч кимге айтпай жүрүшүптүр. Эми коомчулук уу-дуу боло баштаганда, дарыгерлер кыздын табарсыгы тубаса болбогондугун айтышууда. "Ал эми мурунку сөзүнөн танып аткан А.Мырзаев өз жазасыз алсын, кыздын табарсыгын чет мамлекеттен койдуруп келүүгө материалдык жардам кылсын" деп ата-энеси Башкы прокуратурага азыр ташташты. Ошентип, эки жылдан бери Айжаркын арткы тешигинен же заарасы, же заңы чыкканы билинбей жашап жүрөт. Азыр го билинбейт, кичине эмеспи. Чоңойгондо мындай нерсе кыз киши үчүн кандай болот? Зааранын башка жол менен кетиши башка органдарга зыянын тийгизбейби? Айжаркын келечекте турмушка чыгып, эне боло алабы? Айтор, суроолор толтура.


Талантбек Өмүрбеков,
№3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери,
медицина илимдеринин доктору, профессор:
"Табарсык тубаса
жок болчу"
-Айжаркынды операция кылган хирургдар күмөн санап, мага кайрылышкан. Чын эле бөйрөктөрүндө өзгөрүү болгонун көрүп, кайра операция жасоого туура келди. Биринчи жолкусунда кан токтобой, Алым Мырзаев операцияны токтотууга аргасыз болгон. Мага ал шишик өтө чоң болуп, органдарды басып калганын айткан. Ошонун ичинде табарсык да болушу мүмкүн болчу. Ал кезде биринчи максат баланын жанын сактап калуу эле.
-Ошондо табарсык алынып салынганбы?
-Табарсык тубаса жок экен. Нормалдуу иштеп турган табарсык алынып салынса, гистологиянын жыйынтыгында жазылмак да. Алардын бүтүмүндө "шишик жана киста алынган" деп жазылган.
-Табарсык жок экени 1,5 ай бою билинген эмеспи?
- Кайсы бир убакка чейин билинбей деле жүрө берет.
-Айжаркындын ата-энеси хирург Алым Мырзаев башында "ооба, мен соо табарсыкты билбей алып салыптырмын" деп күнөөсүн жарым жартылай мойнуна алган деп атышат…
-Мырзаев ошентип айтыптырбы? Балким. Мен дагы аны тактап атам. Кийин өзүм экинчи операцияны жасап атканда Мырзаев мага ассистент болду. Катуу капаланып, операция маалында эси ооп жыгылып, тез жардам алып кеткен. Эч бир хирург таза органды атайлап алып салбайт да. Бир айлык бала шишик, кан токтобой атса, хирургга деле оңой болгон жок да. Бирок бул ага ката кетирүүгө укук бербейт дечи. Мырзаевге мен көп сын айттым. Бирок ал баланын ичин ачып, сопсоо органын алып ыргытып ийген деп да айтууга болбойт.
-Алым Мырзаев азыр иштеп атабы?
-Анан иштен кууп чыгамбы? Улам бир журналист келип, такып суроо берген сайын, эси ооп жыгылып атат. Таптакыр иштей албай жүрөт. Ошол мезгилде ал дагы өз милдетин аткарган да. Бул иш дагы аягына чыга элек. Мындай тубаса оорулуулар 3-4 этап менен операция болот. Ата-энесинин кайгысын түшүнүп атам, бирок коомго бизди мокочо кылып жарыялап атканы туура эмес. Азыр балдары тубаса оорулар менен операция болгон ата-энелер "менин да баламдын ошентип бир жерин туура эмес кылып салган жок белеңер" деп телефон чалып атышат.
-Эми Айжаркынга кантип жардам бере аласыңар?
- Заара жолун оңдоонун 2-3 ыкмасы бар. Баардыгында көптөгөн операциялар жасалат. Бирок бала азыр кичинекей, эси кире элек, ден соолугуна катыша албайт. Бирок кийинки операция жеңил эле болот. Кызды текшерип көрдүк, бөйрөктөрү сопсонун иштеп атат.

Бегимай БАКАШЕВА