Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Саясаттан тажаганда

Канча кайненеңиз, канча итиңиз бар, ыя?
Турсунбай Бакир уулу, ЖК депутаты:
"Итимди таштагым
келбей ич ачышкан"
Канча балаңыз бар? - 7 балам бар, 3 кыз, 4 уул.
Канча кайненеңиз бар? - Нормальный суроолорду бербейсиңерби, кычык суроолорду бербей. Кыргыздар, ушундайсыңар да? Бир эле кайнене болот да, канча болмок эле?
Канча үйүңүз бар? - 2 үйүм бар, бирөө көп кабаттуу үйдөгү квартира, бири айылдагы жер үй.
Канча машинеңиз бар? - Машинем жок, айдаганды билбейм.
Азыр чөнтөгүңүздө канча акча бар? - Азыр карайынчы чөнтөктү. (Акчасын санай баштады) 500, 800, 850, 950, 985 сом бар экен. Чынын айтып атам.
Канча малыңыз бар? - Малым жок
Канча итиңиз бар? - Малайзияга элчи болуп кетип баратканда бир тайганымды таштаганга ичим ачышып, Чүй лесхозго өткөрүп бергем. Табигатта жүрсүн деп.
Канча досуңуз бар? - Чыныгы досум экөө. Бири орус, аты Николай, бири өзбек, аты Алым.
Канча касыңыз бар? - Толтура. Мусулманды жаман көргөндөрдүн баары душмандарым. Анан да чындыкты жактырбагандар мага кас.

Айнуру Алтыбаева, ЖК депутаты:
"Жапайы адамдар менен достошмокмун"
- Киши жашабаган аралда калып калсаңыз, эмне кылат элеңиз?
- Алгач ошол аралды кыдырып, кандай өсүмдүктөр бар, кандай жерлер бар экенин изилдеп чыгам. Өзүмдүн кайда экенимди сырткы чөйрөгө билдирүүнүн амалдарын издей баштайм. Жыгач, жалбырактардан белги бере турган бир нерсе жасап дегендей. Курсактын камын көрүп, тамак-аш, суу издейм. Өзүмдүн коопсуздугумду биринчи орунга коюп, жапайы жаныбарлардан сактай турган, баш калкалоочу жай табам. Жапайы адамдар болсо ошолор менен достошконго аракет кылмакмын да, алардан мени жашаган жериме жеткирип коюсун суранат элем. Ошол жакта өткөргөн күндөрүмдү күндөлүк кылып жазып жүрмөкмүн. Себеби мен Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенден бери күндөлүк жазууну адатка айландырып алгам.

Нурбек Алимбеков, ЖК депутаты:
"Канча малым бар экенин
атам билет"

Канча балаңыз бар? - 4 балам бар, 3 кыз, 1 уул.
Канча аялыңыз бар? - Бир эле аялым бар.
Канча үйүңүз бар? - Бир жер үйүм бар
Канча машинеңиз бар? - Бир машинем бар, джип, Лендкрузер.
Чөнтөгүңүздө канча акча бар? - Сурооңор не серьезный болуп кетти го. 10-15 миңдей бар.
Канча малыңыз бар? - Канча экенин билбейм, айылда атам билет. Жалаң жылкылар меники.
Канча итиңиз бар? - Итим жок.
Канча досуңуз бар? - Көп, ондой чыныгы досум бар.
Канча душманыңыз бар? - Душманым жок.


Чолпон Султанбекова, ЖК депутаты:
"Алтындарым аябай көп"

- Алтын аялдын душманыбы?
- Эмнени айткыңар келип жатканын билбейм, бирок алтын, тескерисинче, аялдын досу болуш керек. Бирок мен өзүм алтынды көп жактырбайм, андан көрө күмүш тагынган жакшы.
- Бутуңузга дагы алтын чынжырча тагынып алганыңызды көрдүк го?..
- Аа, аны менин бир Индияда жашаган досум белекке берген. Ишиңди ийгилик коштойт деп талисман катары белек кылган.
- Канча алтын зер буюмуңуз бар?
- Алтындарым аябай көп. Баяман белек кылгандар бар, досторум, бир туугандарым алып бергендери бар. Бирок мен аларды көп тагына бербейм. Кээде эле кайсы бир кийимдериме жарашып калса тагынып коем.

Ыргал Кадыралиева, ЖК депутаты:
"Мени Ыргалбек сулуу деп эркелетет"

- Эркек болуп жаралганда кандайча жигит болмоксуз?
- Негизи эле апам мени Ыргалбек сулуу деп эркелетет. Алиге чейин Ыргал деп айтпайт. Турмушка чыгып, балалуу болуп калсам дагы Ыргалбек деп айтат. Мен кичинекей кезимден эле ат минип, кой кайтарып чоңойгом. Балдар менен жарышып... Кыздын кыздай болгону жакшы деп коет го. Азыр деле мен өзүмдү анча-мынча эркектерден кем санабайм. Эркек болуп жаралсам, эрки күчтүү, март жигит болсом керек. Мушташмак деле болушум керек, анткени адам сенден корккондо гана сыйлайт экен да.









кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"




Яндекс.Метрика