Дубан башы сүйлөсүн

Бектур АСАНОВ, Жалал-Абад облусунун губернатору:
"Ичкенди таштап,
дин жолуна түштүм"
- Өткөндө Оштун мэри Мелис Мырзакматов Ошто абал кооптуу деп айтты. Жалал-Абадда кандай?
- Бизде кооптонууга эч кандай негиз жок. Былтыр дагы Ошто ошондой кагылышуу болбосо Жалал-Абадда болмок эмес. Элдин маанайы да жакшы. Ушундай окуялар кайталанбашы үчүн мамлекет туура саясат жүргүзүш керек.
- Ошол кезде, мисалы, Убактылуу Өкмөт башкарып турган болчу, алар туура эмес саясат жүргүзгөн үчүн ушундай окуя орун алды дейсизби?
- Жок, бул окуянын чыгышына 20 жылдан бери жүргүзүлүп келген туура эмес саясат себепкер. Эгерде ошол эле 90-жылдардан баштап Акаев демократиялык жолго салып, шайлоолорду адилеттүү өткөрүп, өз учурунда кетсе, 2010-жылдагы окуялар болмок эмес. Убактылуу Өкмөт болсо бышып калган проблемалар жарыла турган болуп калганда келди. Тескерисинче, Убактылуу Өкмөт көп нерсени алдын алды. Эгер Убактылуу өкмөт болбосо, балким, Ливия, Сирияга окшоп токтобой турган балээге кабылышыбыз мүмкүн болчу. Биз моралдык күнөөбүз бар экенин мойнубузга алабыз.
- Сиз мурунку бийликтер туура эмес саясат жүргүзгөн деп айтып өттүңүз. Ошол эле Бакиевдин бийлигинде иштеп турбадыңыз беле. Эмне үчүн ошол убакта "сиздин кылганыңыз туура эмес болуп атат" деп айткан жоксуз?
- Бакиевди бийликке алып келген негизги кишилердин бири мен экенимди жакшы билесиңер. Бул кишини бийликке алып келгенде биз антташып, шерттешип алып келгенбиз. Ал киши үй-бүлөлүк башкаруу болбойт, биз чыныгы элдик бийликти алып келебиз деп убада берген болчу. Айткан сөзүндө турган жок, уулун, бир туугандарын бийликке аралаштырып, кошоматчыларды топтоп алды. Бул тууралуу сын-пикирлерди мен Бакиевге көп жолу айткам. Ошондуктан, эсиңиздерде болсо, менин кызматтык статусумду улам төмөндөтүп отуруп, акыры мени кызматтан алып салган. Буга менин "Акжол" партиясына мүчө болбой койгонум себеп болгон. Бир жылча убакыт бош жүргөндөн кийин Пакистанга элчи болуп кеттим. Себеби мен алар менен Кыргызстандын ичинде иштеше алмак эмесмин. Анткени ал кезде абал кооптуу болчу. Айрымдар атылып, кээ бирөөлөр өрттөлүп кетип жатты. Ошондуктан мен чет өлкөдө жүрө турууну туура көрдүм… 7-апрель күнү дагы мен Кыргызстанга учуп келип, Жалал-Абадда Бакиев менен жолугуп "сиз канчалык тез кетип калсаңыз, ошончолук тынч болот" деп айткам. Бир туугандары укпай койду.
- Тейитте Бакиев менен жолукканда эмне тууралуу сүйлөштүңүздөр эле?
- 9-апрель күнү Бакиевдин адамдары келип "сиз менен сүйлөшөйүн" деп атат деди. Тейитте эмес, Жалал-Абадда жолукканбыз. Мен аны кетүүгө үгүттөө максатында жолуккам. Жаныш, Акматтар "түштүктүн элинин 80%ы бизди колдойт" деген аргументтерди айтышкан экен, ошого ишенип алып "алар түндүктү эле башкарып турат, алар Кыргызстанды толугу менен колуна алган жок, ошондуктан сен бизге кошул" деп айтты. Булар менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес экенин билип, чыгып кеткем.
- Жогорку Кеңештин трибунасынан спикер Акматбек Келдибеков сизге "Кадыржан Батыровду колдоп жүргөнүңүздү эл далилдеп берет, бул жерге келип алып апакай болбоңуз" деп айтты. Чын эле Батыровду колдогонсузбу?
- Мени күнөөлөгөнү ошол кезде Кадыржан менен мен бир чогулушта болуп калганым. Ал жерде миңге чукул киши бар эле. Жаңы бийликти колдоо боюнча чогулуш болчу. Ал жерде эч кандай автономия тууралуу сөз болгон эмес. 15-20 мүнөттөй болдум, сүйлөдүм. "Кол чаптыңыз" деп мени күнөөлөйт. Ооба, кол чаптым. Ноокаттык бир өзбек аксакал "Кыргызстанда жашагандан кийин биз кыргызбыз" деп сүйлөгөнүнө кол чаптым.
- Кадыржан Батыров менен жеке мамилеңиз бар беле?
- Депутат болуп жүргөндө бир-эки жолу сүйлөшүп койгон жайым бар. Бул кишинин ошол кезде эле ушундай көз караштары бар болчу. Мен "бул ойлоруңуз менен сиз өзбек элин "подставить" этип коесуз" деп айткам. Кадыржан өзү саясый деңгээли төмөн болчу, ошондуктан мен аны менен эч кандай союзга барышым мүмкүн эмес.
- Азыр сизди кызматтан алуу аракеттери болуп жатабы?
- Бийликте дагы ар кандай күчтөр бар. Алууга кызыкдар күчтөр дагы жок эмес.
- Президенттик шайлоого катышам деген да дымагыңыз бар окшойт?..
- Андай да болушу мүмкүн.
- "Кыргызнефтегазда" сизди "доляда" отурат деген маалыматтар бар…
- Акаевдин тушунда да, Бакиевдин тушунда да иштегендер "Бектур Асанов жеңилгис" деп айтышат. Менин жеңишим - бул менин тууралыгым. Эгерде мен "Кыргызнефтегазда" "доляда" отурсам, анчалык чоң тирешүүгө чыга алмак эмесмин. Менин жашоо-тиричилигим элге ачык.
- Не байлыгыңыз бар?
- Бекем тыл - үй-бүлөм бар. Мурун эле бизнес кылып жүрчүмүн, ошол бизнесим бар. Андан түшкөн акча баскан-турганыма толук жетет. Бир-эки имаратым бар, аларды арендага берем. Жүк ташуучу компания ачкам. Пакистанда иштеп жүргөндө өсүмдүк майын чыгаруучу завод ачуу боюнча инвесторлор менен сүйлөшкөн болчумун. 500 миң долларлык инвестиция тартып, сырьену гана күтүп алар ишке кирүүгө даяр турушат. Мындай завод Кыргызстанда жок болчу.
- Үй-бүлөңүз тууралуу айтып бербейсизби?
- Жубайым, эки уулум, эки кызым бар. Жубайым ошол бизнестеримди жүргүзөт. Үй-бүлөм тууралуу кенен айтканды жактырбайм.
- Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
- Чынын айтканда, 7-апрелден бери эс алууга убакыт болбой атат. Бир бош убактым болсо уйкум канганча уктайын деп ойлоп жүрөм. Мурункудай достор менен арак ичип, чер жазуу деген дагы жок. Ичкенди таптакыр таштадым. Жашым да өтүп калды, акыркы жылдары динди окуп атам.

Дилбар АЛИМОВА




Айдар МОКЕНОВ, финансист:
"Жакшы менеджмент болсо жарым жылда кутулууга болот"
- Кыргызстандын тышкы карызы былтыркыга салыштырмалуу 300 миллион долларга өсүптүр, карыздан кантип кутулууга болот?
- Бюджеттин кирешесин көбөйтүү керек же кайрадан жаңы карыздарды алуу керек. Башка жол жок.
- Бюджеттин дефицити 30 миллиардга жетиши мүмкүн деген прогноздор айтылып атат. Демек, бул жол менен карыздан кутулуу мүмкүн эмес экен да?
- Ошондой сезилип атат да. Салыкты ири компаниялар гана төлөйт. Болжол менен 200 ишкана Кыргызстандын салыгынын 90% төлөйт. Калгандарынын баары көмүскөдө иштеп, салыктан качышат. Баары патентте отурушат. Ошолорду дагы салык төктүрө турган кылса бул да кыйла жардамын тийгизмек. Дагы бир жолу ири ишканаларды куруу керек. Мисалы, кендерди иштетип, ГЭСтерди, кайра иштетүүчү заводдорду куруу керек. Карыздын суммасы көп эмес. 10 млн. калкы бар Грециянын тышкы карызы 30 миллиард доллардан ашып кеткен. Мамлекеттин карыз болушу проблема эмес. Жакшы менеджмент болсо эле жарым жылда кутулса болот.

Мирлан Бакиров,
ЖК депутаты, фискалдык жана акча-насыялык саясат боюнча комитеттин мүчөсү:
"Башка насыя албасак 2050-жылы карыздан кутулабыз"

- Эмне үчүн былтыркыга салыштырмалуу дагы тышкы карызыбыз көбөйүп барат?
- Бюджеттин тартыштыгы чоң экенин жакшы билесиздер. Мына ошол жыртыкты жабуу үчүн эл аралык уюмдардан 0,75-1% менен көп жылдык мөөнөткө алып атабыз. Бул өтө жеңилдетилген шарт. Тышкы карыздын болушу мыйзам ченемдүү эле көрүнүш.
- Карыздарды жоюуга өкмөт кандай аракеттерди көрүп атат?
- Карызды төлөө үчүн ай сайын бюджеттен акча бөлүнүп турат. Бажы, салык кызматтары былтыркыга салыштырмалуу 16-22%га көп салык чогултуп атышат. Өкмөт тарабынан аракеттер болуп атат.
- Кыргызстан карыз албай жашап кете албайбы?
- Бүгүнкү күндө жашай албайт. Бирок 5-6 жылдан кийин карыз албай деле жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондо чет өлкөдөн такыр насыя албай жашап баштасак, 2050-жылы тышкы карызыбыздан кутулушубуз мүмкүн.

Даярдаган Дилбар Алимова