Чабыт

Сабыр Абдымомунов, "Биринчи радионун" жетекчиси:
"Келмени кайталагандай журналистиканын эрежелерин унутпасак"
- "Биринчи радиодо" реформалар жүрүп атканынан кабарыбыз бар. Сиз бул радиону кандай өңүттө өзгөртө алдыңыз?
- Мени 2010-жылдын башында ушул жумушка чакырышкан. Ошондон баштап реформа жүргүзүп баштаганбыз. "Кабарлар" радиосу Улуттук телерадио корпорациянын карамагындагы биринчи радио программа болуп саналат. Мен келгенде негизинен чыгармачылык жамаат дапдаяр экен. Анан жаңылыктар, тематикалык берүүлөр бөлүмү кылып экиге бөлдүк. Коллектив да муну туура кабыл алды. Айрым берүүлөр бирде чыкса, бирде чыкпай калчу экен. Алардын баарын иретке келтирдик. Радиону укканда эле мен динамика жоктугун сездим. Бир берүү менен экинчи берүүнүн ортосунда оркойгон тигиштер байкалып турат экен. Мисалы, кыргызча улуттук берүү болуп атып эле дароо орус тилиндеги башкача жанрдагы берүүгө өтүп кетчү же ортосунда чоң тыным болуп калчу. Бул угармандын кыжырын кайната турган нерсе. Биз ошол тигишти жок кыла алдык. Динамиканы пайда кылдык. Бул өзгөрүүлөр киргенден кийин атын "Биринчи радио" деп атап, сыймыктануу менен бетачарын жасадык.
- Берүүлөр негизинен кайсы тилде жүрөт?
- Мурда мамлекеттик тилге караганда дагы расмий тилде берүүлөр көп болуп кетчү экен. Биз азыр басымды мамлекеттик тилге жасап атабыз. Азыр эң көп дегенде 30%ы орус тилде болот. Мен бир нерсени байкадым, радио эки тилдүү болбош керек экен. Бул маселенин бир топ эле зыяны тийип калат экен. Бирок мамлекеттик радио болгондон кийин биз берүүлөрдү эки тилде дагы беришибиз керек. Ошону бир тилден экинчи тилге өтүп аткан учурду жымсалдап, угармандын кыжырын кайнатпагандай кылып өтүп кетүүгө аракет кылып жатабыз. Балким, кийинчерээк санариптик берүүлөргө өткөндөн кийин эки радио кылсак деле болот. Анан дагы жакында өзүбүздүн сайтыбыз пайда болот, ошол жерден бизди онлайн угууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
- Бийлик тарабынан цензура болобу?
- Мурда деле биринчи телеканалдын фонунда радио анча көрүнбөй калчу. Бул бизге бардык окуяларды чагылдырууга мүмкүнчүлүк берчү. Мисалы, ошол эле Исаковго байланыштуу нааразычылык акцияларын, Форум имаратынын жанындагы митингдерди биз чагылдырып турчубуз. Бирок журналисттердин өзүн-өзү ооздуктоосу бар эле. Бийлик алмашкандан кийин биздин радио мурдагыдан дагы эркиндик алды. Азыр эч кандай цензура жок. Бирок саясый күчтөр тарабынан нааразычылыктар болуп калат. Бир тарап экинчи тарапты көргүсү келбеген учурда нааразычылыктарын билдирип калышат. Саясый күчтөрдүн ичинен алардын позициясын, анан кайсы сөздөрү жөн эле популизм экенин ажыратып билсең эле кыйынчылык болбойт. Анан дагы дайыма журналистиканын этикаларын, эрежелерин келмени кайталагандай эстеп туруу зарыл.

Дилбар Алимова




  Өз кабарчы билдирет

Желе менен таңылган "токой ээлери" каптап келатат
Ысык-Көл районунун "Кырчын" деген жайлоосу - лыжа базасы катары коомчулукка кеңири таанымал. Бирок ал функциясын аткарбай калганына бир топ жыл болду. Ал жер Григорьевка, Семеновка, Ананьево айылдарынын эли бээ байлап, жайлай турган аймакка айланган. Шаркырап аккан суу, өзөн бойлогон капчыгай - түрлүү бак-дарак, карагайларга жыш.
Өкүнүчтүүсү - бактардын "грибок" оорусу күчөп, айрымдары кудум эле жомоктогудай колу-буту желе менен таңылган "токой ээсинин" коркунучтуу түспөлүн сүрөттөйт.
Ары-бери өткөн туристтер болобу, айылдыктар болобу, алар үчүн бул көрүнүш өтө жагымсыз экенин айтууда. Элдин көпчүлүгү токой-чарба тармагынын адистери ооруган бактарды көрүп-билип туруп кайдигер караганына нааразы. Мындай ооруган бактардын саны бири-бирине жугуп, жыл сайын көбөйүп, эми суу жана жол боюна чейин жеткен.
Бул боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жана экология тармагындагы тиешелүү адистерди издештирсек, "биз каалаган адамды жетекчи кылып бергиле" деген талап менен ачкачылык акциясын уюштуруу менен алектенип жүргөнүн айтышты. Райондун токойчулары иш таштаптыр.
Андыктан токойчулар өз милдетин так аткарып, жогорудагыдай экологиялык катастрофаны алдын алып туруп, анан талап коюшса болмок.
Эми экологияга кайдигер караган бул бир гана факт. Болбосо, "карышкырга кой кайтарткан" болуп, кийикти - мергенчилер, токойду - токойчулар, балыкты - балыкчылар курутуп атканы жашыруун эмес.

Рита Борбукеева, Ысык-Көл дубаны




Сакалды өстүргүчө, булчуңду өстүр
Акыркы жылдарда таластыктар спорт жагына айрыкча көңүл бура башташты. Бир учурда арабдардын акчасы менен киши кирбей, жума күндөрү жума намазы окулбаса дагы айыл сайын заңгыраган мечиттер салынса, эми ар бир айылда спорт аянтчалары, спорт залдары, комплекстери чүргөлүп, жоктон көрө жогору дегендей, аздыр-көптүр спорт ышкыбоздорун тейлеп жатат.
Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылынан эркин күрөш боюнча Кыргызстандан чыккан биринчи спорт чебери Эшим Кутманалиев, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын атагын алыска тааныткан балбандар Жеңиш Дөңбаев, Керим Ниязбеков, Токсонбай Асанов, Жеңиш Байызов, Токтобек Элеманов, Ызак Тыналиев, Бейшенбек Тыналиев, Баатырбаш Алымкулов ж.б. чыккан.
"Аккан арыктан суу агат"деген илгери үмүт менен Кең-Арал айылдык Жаштар кеңешинин мүчөлөрү айылдагы өрттөнүп кеткен эски мончону Тыналиев Ызак атындагы спорт залга айландырышты. "Спорт залдын ачылганына үч ай болду. "Айылдык жаштар фонд түзүп, ушул ишти колго алганбыз. Мурда бул эки кабаттуу имараттын биринчи кабаты мончо, экинчи кабатында медпункт жайгашкан. Азыр үстүңкү кабаты бош турат. Имараттын эки кабатын тең спорт комплексине айландырсак деген ой менен учурда долбоор жазып жатабыз", - дейт айылдык жаштар кеңешинин төрагасы Айдарбек Шабданбеков.
Учурда Кең-Арал айлындагы спорт залда күрөш залы, машыгуу бөлмөсү, жуунучу бөлмөлөр бар. Айылдагы 7-8 жашаар балдардан тартып 30 жашка чейинки жигиттер спорт залга келип машыгып жатышат.©