Казармандагы кандуу окуя

Ооруканага келип өз келинчегин бычактады
Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын тургуну 34 жаштагы Маатаева Чолпон демейдегидей жумуш ордунда эле. Ал райондук ооруканада медсестра болуп эмгектенчү. Эмнегедир жүрөгү зыр этип опкоолжуп, бир жамандыкты сезгенсип турду. Убакыт түштөн ооп саат 15.00дөн өтүп калганда, аны сыртта күйөөсү чакырып жатканын айтып келишти. Күйөөсү Нурлан экөө Казарман айылынын Нур-Жайык кичи шаарчасынын №17 үйүнүн 18-квартирасында түтүн булатышчу. Нурлан жумушсуз жүргөнүнө бир топ жыл болуп калган. Арам күчүн арак менен аялын урушуудан чыгарчу. Чолпон Нурландын каардуу экенин көрүп, эл көзүнөн жалтанып оорукананын артына далдоо жерге жетеледи. Нурлан аракка тойгон абалы менен көк саптуу ашкана бычагын жанына салып, үй-бүлөлүк мамилелерин ушул жерден такташайын деп келген экен. Оорукананын артынан экөө жаңжалдашып, аракка тойгон эргул дайындап келген бычагы менен келинчегин моюнга бир нече жолу сайып, өзү тез аранын ичинде изин суутуп, көздөн далдоо жок болуп кеткен. Бул ачуу кабар Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө кабарланаар менен Жеңиш Жоробеков башында турган бөлүмдүн кызматкерлери оперативдүү иш жүргүзүп, автоунаалардын жүрүшүнө тыюу салышып, бир нече саатка Казармандагы башкы жолдор жабылган. Тогуз-Торо районунун ички иштер бөлүмүнүн мындай оперативдүү иш-чараларынын арты менен келинчегин бычактап салып качууга камынган 36 жаштагы эргул бир жарым сааттын ичинде колго түшкөн. Моюн тарабы 10чакты жолу бычактан жараат алып, райондук оорукананын реанимация бөлүмүнө түшкөн Маатаева Чолпон көпкө узабай каза болгон. Учурда кылмыш окуясы иликтенип, №25-11-40 саны менен кылмыш иши козголуп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-статьясынын 2-бөлүмү менен айыпталып, темир тор артында олтурат. Мына ошентип азаптуу арактын арты менен келген акылсыздыктан бир кезде бирге түтүн булаткан үй-бүлөнүн бири темир тор артында болсо, бири жер алдындагы жансыз бейитке айланды.






  Жолтикен

"Таң эрте кум ташыганы кеткен, 2 сааттан кийин "уулуңар моргдо" деген суук кабар келди"
Күн чыга электе көр оокаттын айынан "жумушка" кеткен Айбегинен арадан эки саат өтүп-өтпөй айрылып, кан жутуп калабыз деген ой түштөрүнө кирбеген Дүйшөн Чолпонбаев менен Айнагүл Алиеванын ботосунан айрылган боз ингендей боздогон үндөрү 11-майдан бери басыла элек. Айнагүл Алиеванын кан какшап айткандарына караганда, уулу Айбек 9-майда Улуу жеңиш күнүндө келинчеги, 2 уулу менен түшкөн акыркы сүрөтү, аны тооруп жүргөн ажалдан эч кабары жок жадырап-жайнаган элеси карегинде калды. "Айбегим кийинки күндөрү такыр башкача болуп кеткен. Ал ар нерсеге шыктуу эле. Спорт менен машыкчу, тойлордо тамада да болчу, ыр-күү жандуу эле, техниканы мыкты билчү. Өзүнүн таман акы, маңдай терине музыкалык аппаратура, компьютер сатып алган. Колу тийген буюмдарынын баары үйдө аны жоктогондой томсоруп турат. Кантип эле Айбегим кайрылгыс сапарга кетти, ишенбейм", - дейт көз жашына ээ боло албаган энеси Айнагүл.
"Көп ыйлабачы, ансыз да жүрөгүң күндө кармап, эсибизди чыгарып жатасың",-демиш болгон атасы Дүйшөндүн да жаагы ылдый жашы куюлуп, үнү бир башкача муңдуу чыкты. "Аялым экөөбүз тең экинчи топтогу майыптардын катарында илең-салаң жүрөбүз. Айнагүлдүн жүрөгү ооруйт, ага кант диабети да кошулуп алган. Менин болсо белимде шишик бар. Көп жыл айдоочулук кесипти аркаладым. Айнагүл Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайында мугалим болчу. Ден соолуктун айынан экөөбүз тең жумушка жараксыз болуп, арзыбаган пенсиянын көзүн карап үйдө олтуруп калдык. Бизди Айбек багып жаткан эле. "КАМАЗ" да өзүнүкү эмес болчу, ишкер досторунан ижара акысын төлөп айдап жүргөн. Караколдуктарга кум, таш ташып, анча-мынча акча тапчу. "Ата, мен арзыбаган акча үчүн жанымды карч уруп жүрөм. Силерди ачка калтырбайм", - деп жаркылдап, кабагым-кашым дебей күндө таң заарынан туруп кум, таш алып келүү үчүн талаалап кетчү эле. 11-май күнү да таңкы саат 6да туруп кетиптир. 2 сааттан кийин "уулуңар моргдо" деген суук кабарды уктук".

"Уулубуздун туруктуу жумушу болгондо, балким…"
Ойдо жок жерден мерт болгон Айбек Чолпонбаевдин артында оорукчал ата-энеси, бир туугандары, 23 жашында жесир атка конгон Зарина, Нурислам, Умар деген эки уулу калды. "Умар төрөлгөндө аябай сүйүндү эле. Анын бал тилин укпай калды. Нурислам болсо Айбегимдин түбөлүк жаткан жерине барып, "папалап" ыйлап калат. Атасынын келбес сапарга кеткени менен иши канча. Мени туурап куран окуйт, былдырап бирдемелерди кобурайт, анан алаканын жайып бата тилейт. Айбегим мына ушундай азаптуу күнгө таштап кайрылгыс болуп кете берди. Эгерде уулубуздун өз кесиби боюнча туруктуу жумушу болсо, балким, өлбөйт беле. Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин бүтүргөн. Жогорку билимдүү эколог деген кесиби бар болчу.
Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айыл округуна тиешелүү шагылдуу чаптан кум ташып келип жатканын билчүбүз. Ал карьер кимдин жеке менчигине айланганын да сурабаптырбыз. Кийин гана билдик. Көрсө ал карьер караколдук жеке ишкер Владимир Лобосенко деген адамга таандык болуп чыкты. Сураштырсак В.Лобосенконун кызы карьердин башында туруп, Айбекке окшогондордон акча чогултуп алчу экен. Ал жердеги техникалык коопсуздук эрежелери деген түшүнүктүн жоктугу да күмөн ой жаратат. Кум ташыган айдоочулар өздөрү менен кошо машиналарга кум салып берүүчү балдарды жалдап барышып, күрөк менен карьерди казып, күрөк менен кумду машиналарга салышчу тура. Мына ушундай жалаң кол күчү менен аткарылчу жумуш үчүн В.Лобосенко кызылдай акчаларды алып турчу экен. Айбекти оңбогондой оор кум басып калып, чымындай жанын чыркыратып, күлгүн курагын соолутуп таштабадыбы. Ал 31ге гана чыккан болчу. Жан сактоонун, куураган куу кекиртегибизди тойгузуунун айынан балабыздан ажырадык. Оозу, мурдуна, кулагына кум шиленип калыптыр. Өзү өп-чап тыйын тапса да колунда жок бей-бечералардан, жетим-жесирлерден кыя өтпөй жардам берчү эле. Ыйман жолунда жүрчү", - деген А.Алиеванын көз жашына ээ боло албай ыйлап айткандарына караганда, эки уулун жетелеп, эми келини төркүндөрүнө кетүүгө камынып жатыптыр. "Айбек жок, бул үйдө жашай албайм, балдарды алып келип турам", - деп келинибиз уулубузду бир өлтүрбөй эки өлтүрдү. Айла жок, бул кордукка да чыдоого туура келүүдө. Жок дегенде каргашалуу карьердин кожоюндары келип ал-акыбалыбызды сурап коюшса болмок, балким, көксөөбүз сууйт беле", - эненин оор үшкүрүгүнөн өткөн азап жок болсо керек.

"Каргашалуу кырсыкты кеч уктук"
Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айыл округунун башчысы Эркин Байсеитовдун айткандарына караганда, ал Айбек Чолпонбаевдин кум басып мерт болгонун кеч уккан. Ошон үчүн маркумду акыркы сапарга узатуу таажыясына катыша алган эмес. Караколдук ишкер В.Лобосенко ал жетектеген айыл округуна тиешелүү 10 гектар кумдуу чапты ижарага алган. Ижара акысына ал Кереге-Таш айылынын ички жолдорун толук кайра калыбына келтирип бермек, эки тараптуу келишим да бар. А.Чолпонбаевдин өлүмүнө өзүнүн да, В.Лобосенконун да тиешеси жок. Анткени Айбек өз эрки менен эч кимдин улуксааты жок эле таң эртелеп кум ташып кетүү ниети менен кумдуу чапка келген.
10 гүлүнүн бир гүлү ачыла электе, толуп-болуп турган чагында түбөлүк уйкуга кеткен Айбек Чолпонбаевдин артынан далай аңыз кептер калат көрүнөт. Анын аз, саз жашаган өмүрү тууралуу жалаң гана жакшы сөздөрдү уктук. "Өтө боорукер, кичи пейил жигит болчу. Камкор ата, ата-энесине, бир туугандарына күйүмдүү, достукка бекем эле. Шайыр-шайдоот болчу. Артына мына ушундай жылуу сөздөрдү гана калтырган кыргыздын дагы бир кырчын жигити жан сактоонун айынан 10 тонна кумдун алдында шейит кетти.



Шейшекан ЖАНАЛИЕВА, Каракол