Бизнес-сабак

Банкротсуз нан бизнеси

Ийгиликтүү ишкер болом десеңиз, ишти эл күнүмдүк турмушунда колдоно турган азык-түлүктү өндүрүү менен баштаңыз. Андайлардын бири - нан бизнеси. Эгер наабайкана ачам десеңиз, алгач чаканынан баштаңыз. Анткени Советтер Союзу кулагандан кийин мамлекет чоң нан заводдорду иштете албай калган. Анын ордун дароо чакан нанканалар
басып, азыр иши жүрүшүп
турган мезгил.

Рита АНДЕРСОН,
инженер-технолог, чакан наабайкананын кожойкеси:

- Нан бизнесин баштай турган ишкерлерге бир нече кеңешим бар. Биринчиден, бул бизнес алгач өтө көп чыгым талап кылат. Мисалы, мен чакан нанкана ачуу үчүн 5 миң доллар сарптадым. Болгондо да насыя алгам. Аны өзүм жаппай эле, жолдошум төлөп атат. А киреше жарым жылдан ашып, бир жылга жакындап калганда гана түшө баштайт. Андыктан чыдам керек. Экинчиден, ун болобу, май болобу, айтор, жалаң сапаттуу азык-түлүктөрдү алуу керек. Анткени кардар бир жолу жактырса, дайыма бир жерден алууга аракет кылат.



1-кадам
Алгач иштей турган имарат таап, ээси менен келишим түзөсүз. Нанкана боло турган жайда нымдуулук болбошу керек. Ным унду тез бузат. Негизги азык болгон нанды өндүрүп аткан соң, жоопкерчилик эки эсе күчтүү болушу керек. Имаратты чычкан, таракан сыяктуу келемиштерден таптакыр арылтуу зарыл. Эгер шаардын ичинен имарат алсаңыз 1 м2 2-4 доллар, чет-жакадан болсо 2 долларга табылат. Чакан нанканага аянты жок дегенде 60м2 имарат керек.

2-кадам
Имараттын ээси менен түзгөн келишимди, шаарга каттоого турган паспортуңузду алып, Улуттук статистика комитетине барасыз. Сизге жеке ишкер деген күбөлүк беришет.


3-кадам
Андан соң "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен келишим түзөсүз. Бул ишкана нанкананын таштандыларын алып кетип турат. Ага жылына киши башына акча төлөйсүз.


4-кадам
Чогулган документтерди алып барып Социалдык фонддон каттоодон өтөсүз.


5-кадам
Нанканаңыз жайгашкан райондун салык органдарына кайрылып, бирдиктүү салык төлөөчү катары каттоодон өтөсүз. Аларга ар бир айда социалдык фондго тиешелүү жана киреше боюнча салыкты төлөп турушуңуз керек. Ал салыкты жалпы кирешенин 10%ы жана ар бир жумушчунун айлыгынын 6%ы түзөт.


6-кадам
Эми нанканага керектүү жабдууларды сатып алышыңыз керек. Анын баарын "Таатан" соода борборунан табылат.


7-кадам
Жабдууларды жайгаштырган соң, сизге санэпидемстанция кызматынан келип, имараттын, жабдуулардын, азык-түлүктүн тазалыгын карап чыгышат. Ал эми өрт өчүргүчтөр электр тогуна жана башка өрткө себеп болчу бардык жабдууларды текшерип, тиешелүү документтерди беришет.


8-кадам
Кагаз жана башка майда-чүйдө иштер бүткөндө, нан бышырып, сатууга укук берген сертификат аласыз.