Экстерди эрмектейли

Ыр жазган Муралиев, ит баккан Ташбоо жана бекерчи Жээнбеков

Бизде учурунда жогорку тепкичтеги бийлик серелеринде отуруп, азыр ар кандай шарттар менен экстерге айланышкан аткаминерлер көп. Бирлери бизнестери менен алек болсо, башкалары өз кесиптери менен оокаттарын кылып жүрүшөт. Ал эми үчүнчүлөрү кайрадан чоң саясаттын сересине келүүнүн аракеттеринде. Азыр алардын эмне менен алектенип жаткандыктары элге кызык болсо керек.

Жангороз Каниметов
"сасык" деп чанууда

Бакиевдин кезиндеги парламенттик шайлоодо "Акжол" партиясынын шайлоо штабынын координатору катары чоң кызмат өтөгөн. Депутат да болду. Илимдин адамы үчүнбү, айрым "акжолчулардан" саясый оюндардан алыстыгы менен айырмаланган. Учурда Кыргыз-Түрк Манас университетинде профессор болуп иштеп жаткан кези. Педагогика жана парламентаризм боюнча студенттерге лекция окуйт. Педагогика боюнча илимий эмгек жазып, китеп чыгаруу планында бар. Саясатка жакынкы жылдары кайтып келер ою жок. "Азыркы кыргыз саясаты болуп көрбөгөндөй "сасып" кетти" дейт Жангороз мырза.

Жээнбеков бекерчи болуп үйдө отурат

Жалал-Абад, Таластын мурдагы губернатору, экс-депутат, Бакиевдин жанында жүрүп, кийинчерээк оппозицияга өткөн Жусупжан Жээнбеков өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырып бергенден бери үйүндө. Өзү айтмакчы, бекерчи. Үй-бүлөлүк бизнесине баш көз кылат. Бош убактысы көп болгондуктан убактысын эс алуу, китеп окуу менен өткөрөт.
Саясатка күзүндө, президенттик шайлоонун капшабы менен кайрылып келет. Ага шымалана киришип, даярдыкты катуу көрүүдө.

"Мен кийинки Президент ким болорун билем"

Акаев, Бакиевдин мезгилиндеги Мамлекеттик тил комиссиянын төрагасы болгон Ташбоо Жумагулов өткөн жылдын 8-апрелинен бери үйүндө бош. Өзү юмор менен айтып жүргөндөй, үй кайтаргычтын, итке тамак бергичтин, бакчынын, короо тазалагычтын ролун аткарып келүүдө. Жакында персоналдык пенсионер болом деп кудуңдап турган чагы. "Анан мага саясатыңдын да, кызматыңдын да кереги жок, пенсиямды алып үйдө жата берем" дейт.
Үйүндө бош жатпай, "Кыргыз мүнөзү" деген философиялык, публицистикалык эсседен турган китепти жакында басмадан чыгармакчы. "Көп жыл тил маселеси менен иштеп, кыргыздардын мүнөзүн аябай изилдедим, үйрөндүм. Ошондуктан мен кимге сүрөөнчү, кеңешчи болсом да, ошол талапкер шайлоодо жеңип, Президент болот" дейт.

Амангелди Муралиев алтын менен ырга ооп кеткен

Кезинде Оштун губернатору, КРнын премьер-министри болуп үлкөн кызматтарда иштеген Амангелди Муралиев азыр алтын жагына ооп кеткен. "Кыргызалтын" ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы. Мындан сырткары Амангелди Мурсадыковичтин акындык таланты да бар. Буга чейин бир ырлар жыйнагын чыгарган. Экинчисин да даяр кылып койгон. Анысы да жакынкы айларда китеп болуп, окурмандарга сунуш кылынуу алдында турат. Экономикалык, саясый маселелерде ой толгоолорун, көз караштарын кагазга түшүрүп келет. "Кийинчерээк топтоштуруп китеп кылам" дейт.
Пайгамбар жашына жакындап калса да, Амангелди мырза саясаттан көңүлү кала элек. Чоң саясатка кайрылып келүү оюнда бар. Азыр кантип саясатка аралашсам деп жүргөн чагы.

Кытайлар менен кызматташкан Жанузаков

Акаевдин эң жакын соратниктеринин бири, кичине бойлуу генерал, 2005-жылкы революцияда токмоктолгон айтылуу Болот Жанузаков дымы чыкпай калды. 24-мартта жеген токмогу Болот Чыныбаевичтин саясаттан көңүлүн катуу калтырган бейм, өлкөдөгү саясый окуялар боюнча да лам деп ооз ачпай келет. Учурда кытайлыктар менен тыгыз иштешип, ишкерликке өтүп кеткен. Аскар Акаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, өткөн-кеткенди эскерип турат. Мындан ары балдары, неберелери менен бактылуу карылыкты өткөрүүнү чечкендей. Саясатка кайрылып келбестигин айтканы бар. Анын үстүнө жашы деле бир топко барып калбадыбы.

Мамбетжунус Абылов, КРнын Түркия, Малайзиядагы мурдагы элчиси
Президенттикке дагы бир талапкерби?

Акыркы Парламенттик шайлоодо БЭКтин белине бек жармашып, депутаттыкка аттанган КРнын Бакиев мезгилиндеги Түркия, Малайзиядагы элчиси Мамбетжунус Абылов азыр да БЭКтин ишин илгерилетүү менен алек. БЭКтин бектери менен бирге Президенттик шайлоого талапкерди таптоонун үстүндө. Ыңгайы келип калса эле саясатка аттанып, бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колго алуудан баш тартпайт. Акаевдин убагында үлкөн кызматтарда иштеди. Байлыгын эч кимге билгизбейт, жупуну жашоо образын жүргүзүп келет. Эки-үч кабаттуу особнякта эмес, Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги квартирасында жашайт.

Султан Палван "Акыркы пайгамбарды" жазып бүттү

Маданиятты башкарбай калган кадимки Султан палван Раев учурда үйүндө. Чыгармачылыкка баш-оту менен кирип кеткен. Аз күн мурда кыргыз кыздарынын азыркы абалын көрсөткөн пьесасын элге тартуулаган. Ушул тапта "Акыркы пайгамбар" романын аяктайын деп калган кези. Президент тарабынан Курманжан Датканын 200 жылдыгын, эгемендик күндүн 20 жылдыгын өткөрүү иш-чараларынын сценарийлерин түзүү тапшырмасы берилген. Ошонун үстүндө да баш оорутуп жүрөт. "Ата Мекенден" депутатыкка аттанды эле, тизменин арт жагында болгондуктан Султан Акимовичке депутаттык мандат буюрбай калды. "Мен табиятымдан саясаттан алысмын. Саясатка аралашкым деле келбейт. Бийликке умтулбайм деле, колуман келчү кызмат берсе, аракет кылып иштеп берем. Саясатка аралашуу оюмда жок, саясат убактылуу нерсе да, андан көрө элибиздин уңгусун, көрөңгөсүн көтөрөр түбөлүктүү чыгарма жаратканым артык" дейт Султан палван.


Осмонакун Ибраимов эки томдук жазып атат

Аскар Акаевдин тушундагы Мамкатчы Осмонакун Ибраимов учурда кесипкөй агартуучулук милдетин аткарууда. Кыргыз-Түрк Манас, Ата Түрк-Ала-Тоо, Кыргыз-Орус Славян университеттеринде студенттерге кыргыз адабияты, анын тарыхы боюнча дарс окуйт. Кытайдагы Шанхай Эл аралык университетинин ардактуу профессору катары жылына 2 ирет барып, лекция окуп турат. "Кыргызская Одиссея: до и после империи" деген кыргыз адабиятынын тарыхы, өнүгүүсү боюнча китебин чыгарды. Мындан сырткары 20-кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы боюнча 2 томдук эмгек жазып жаткан учуру.

Бизнеси жок, бирок малы бар

Парламенттин мурдагы "акжолчу" депутаты Бейшенбек Абдразаков Бакиев кеткенден бери коомдук иштер менен алек. Үркүндө курман болгондорду эскерүү иш-чарасына даярдык көрүп, өз айылына спорттук зал курдуруп дегендей. Чоң бизнеси жок, бирок мал кармайт. Бул деле бизнестин бир түрү десек болот. Айылда күтүрөгөн малы бар, ошонун туягын көбөйтүү менен алек. Акчага муктаждык туулса, алардан бирди пулдап ийет.

Бекер отургандан көрө бекер иште

"Үйдө отурганга деле көнөт экенсиң" деп айткан академик, Парламенттин мурдагы бир нече жолку спикери Абдыганы Эркебаев үйдө кызматсыз отурганга көнүп деле калды окшойт. Бакиев бийликке келгенден эле бекерчи болгон, азыркы ажо деле кызмат бербеди. "Ак-Шумкар" партиясы аркылуу депутаттыкка аттанды эле, тилекке каршы, партия утулуп калды. Айрымдардай бизнеси болбогон менен Абдыганы Эркебаевичтин сүйүп кылар иши бар. Ошо менен алек. Адабиятчы, окумуштуу эмеспи, илим менен алпурушуп, саясый мемуарларды жазып жаткан чагы. Андан убактысы боло калганда күчүн китеп окуудан чыгарат.

Даярдаган
Мирлан Дүйшөнбаев