Алааматка аз калдыбы?

Күйүүчү майды чөптөн жасашмай болду
Эки-үч жыл аралыгында арзан жана экологияга зыянсыз күйүүчү май пайда болушу мүмкүн. Эл аралык университетинин президенти Асылбек Айдаралиевдин сөзүнө таянсак, бизде "Биоэтанол"долбоорун иштеп чыгуу үчүн өкмөттүк комиссия түзүлгөн.
"Биоэтанолду" кант камышынан, тапинамбур жана суу балырларынан алса болот. Башка отундарга караганда арзан, экологиялык жактан таза. Бензиндин бир литри 35-40 сом турса, "биоэтанолдун баасы 15-20 гана сом болот", - дейт ал.
Учурда адистерди нефтетрейдерлер ассоциациясы колдоп, алгачкы майды сатып алмай болушуптур.
"RDC-элет" коомдук өнүктүрүү фондунун жетекчиси Бактыбек Шамкеевдин пикиринде, биздикилер өсүмдүктөрдүн ичинен тапинамбурду тандап алышты. "Жер-шартка ылайыктуу. Ашыкча камкордукту талап кылбайт, иштетүүгө жарабаганы малга тоют катары кетет" дейт.
Адистердин эсептөөсүндө, республиканы май менен толук камсыздоо үчүн өсүмдүк 12 миң гектар жерге айдалууга тийиш. Айтымы, бул долбоордун идеясы Дүйнөлүк банкка таандык. Ал жер шарында климаттын ысый баштаганына байланыштуу стратегиялык фонд түзүп, ага өнүккөн өлкөлөр 4,6 млрд. доллар которгон. Азыркы тапта банк долбоорду ишке ашыруу үчүн Казакстан менен Тажикстанга 60-200 млн. долларга чейин каражат бөлдү. Бизге качан берери али белгисиз.




  Таарынсаң Таласка кет

Роза Отунбаева: "Парламент убара болбой эле койсун"
Депутаттар президенттин резиденциясы Түштүк жакка көчсүн деп чечим чыгарышкан. Муну Роза Отунбаева "тексиз саясат" деп баалады "Биринчи радиого" курган маегинде. "Президенттин резиденциясын президент өзү чечет. Мен болсо кетип жаткан кишимин. Бирок бул чечим президенттин өзүнүн укугунда. Президенттин резиденциясы бар Ошто. Толук мүмкүнчүлүгү бар ошол жерде иштегенге дагы, жашаганга дагы, ЖК ага убара болбой эле койсун. Жагдайга иш тартибинде Борбордо, Ысык-Көлдө же Ошто иштей турган чечим мурда эле чыккан. Эгер: "Жок, борбордон качырабыз"- дешсе, мен мындай саясатты, Кыргызстандын пайдубалын жоготуу, бөлүү, жаруу деген саясат деп эсептейт элем", - деди Роза Отунбаева.
Андан тышкары президент айрым мамлекеттик органдарды, министрликтерди көчүрүү боюнча депутаттардын чечимине токтолду. Кымбатка турган көчүрүүнү бай өлкөлөрдүн гана колунан келээрин белгиледи.
- Мисалы, Россия деген кандай өлкө. Алар бир топ министрликтерин Санкт-Петербургга көчүрөбүз деп чоң аракеттерди жасашты. 20 жыл ичинде колунан келгени бир гана Конституциялык сотту көчүрүштү. Эми бул критикалык орган эмес. Ошондо да бул 8 миллиард АКШ долларына турду, - деди Роза Отунбаева.




  Калабадан кийин

Ош окуясында тартылып алынган куралдар кайта элек
Июнь коогалаңында таланып кеткен курал-жарак, ок-дарылардын жарымынан көбү мамлекетке кайтарылган жок. "Кылым шамы" уюмунун "Азаттыкка" берген билдирүүсүнө таянсак, Ош жана Жалал-Абад облусунда 10-15-июндарда бардыгы болуп 278 ок атылуучу курал, 4 аскер техникасы жана 43 045 даана ок-дарылар элдин колуна өтүп кеткен. Уюм жетекчиси Азиза Абдрасулованын отчетунда, курал-жарактарды тартып алуу фактысынын 18и күч менен ишке ашырылган. 7 фактысында аскер кызматындагылар куралдарын өздөрү талоончуларга өткөрүп беришкен.
- Чоң масштабдагы курал Майлы-Суу аскер бөлүкчөсүнөн кеткен. Ал жерде жергиликтүү бийликтин, жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчылары, ошол эле убакта Тогуз-Торо районунун мурунку прокурору Талант Мамытов деген жигит кошо келип, тизме менен 26 автоматты, 2160 ок-дарысы менен алып кетишкен. Ок дарылар кайтарылган эмес, автоматтардын 24ү кайтарылган, - дейт ал.
Куралдарды сактай албаган коргоо министринин 1-орун басары, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Таалайбек Өмүралиев:
- 1 БТРде он кишиден 3 БТРде 30 киши болот. Отуз кишиде 120дан эле ок бар. Алар тегерегиндегилердин баарын атса да огу жетпейт болчу. Мушташса да күчү жетпейт болчу, - деп түшүндүргөн экен. Анан 7-апрель, 10-июнь боюнча баарын анализдеп көрүп, көп системаларга өзгөртүүлөр киргенин кошумчалаптыр.
Баш прокуратура кызматкери Сыймык Жапыкеев куралдарды кайтарып берүү иши солгун жүрүп атканын, сыйлыктын аздыгынан көрөт. "Мамлекет тапанча кайтарып бергендер үчүн 1000-2000, автомат үчүн 3 миң сом сыйлык койгон. Бул өтө аз сумма. "Черный рынокто" автоматтын бир даанасы миң доллардан 3 миң долларга чейин турат", - дейт ал.
Ушул күндө эл тарабынан ок атылуучу курал, аскер техникаларынын 136сы кайтарылып берилген. Колдо калганы 146. Ал эми ок-дарылардан 16 701 даанасы кайтарылган, элдин колунда калганы 26 344.





  Орто Азия картасы кайра сызылабы?

Каримов карыды, Өзбекстан болсо чоң толкундоо алдында турат
"Өзбекстанда И. Каримовдун бийлигин кулатуу максатын көздөгөн толкундоолор даярдалып атыптыр деген имиштер Оштогу өзбек тектүү элдердин арасында кеңири айтыла баштады. Имиш экен деп ишенбей коюуга болбочудай. Акыркы мезгилдерде араб өлкөлөрүндө болуп жаткан толкундоолор көпчүлүктүн түшүнө да кирген эмес. Бирок төңкөрүш болуп кетти. Ошол эле көрүнүш Өзбекстанда болуп кетпейт деп кесе айтууга эч кимдин оозу барбай турат. Анткени Кыргызстандын башынан өткөн окуялар курал колдонуу менен бийликти сактап кала албастыгын көрсөттү. Ошол эле көрүнүш араб өлкөлөрүндө болду. Анда да курал жардам бербеди. Өзбекстанда куралдуу көтөрүлүш болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошто эл арасында И.Каримовдун бийлигине каршы толкундоолор башталат деген имиштер кайра жандана баштады.
Эгер окуя арабдарчасынан өнүгүп кете турган болсо Кыргызстанга тие турган таасирлерин талдап коюу ашыктык кылбас. Анткени айтылуу Андижан окуясы көрсөткөндөй, өзбек качкындары адегенде эле Кыргызстан тарапка ооп өтөөрү бышык. Мына ушул жана башка жактар жөнүндө Оштогу саясый серепчи Жыргалбек Жээнбековго кайрылганыбызда Орто Азиянын жакынкы келечеги жөнүндө буларды айтып берди.
- Сиз Өзбекстанда жакынкы күндөрдө бийлик төңкөрүш болот деген имиштерди уктуңузбу?
- Албетте, андай имиштерди угуп жүрөм. Бул сөздөр жөнөкөй имиш сөздөр эмес экенин да билем. Угушума караганда, тополоңдун алдын алуу максатында өзбек бийликтери бир канча лидерлерди репрессиялап жибергенге да жетишти. Анча-мынча качууга үлгүргөндөр чек арадан чыгып кетишти. Өзбек атайын кызматтары али да алардын артынан катуу иштеп жатат деп ойлойм.
- Ушуну менен Өзбекстанда төңкөрүш болбойт деп тынчтанууга болобу?
- Жок. Анткени бул убактылуу гана чаралар. Анткен себебим, И.Каримов карыды, экономикалык абалы да кризиске такалды. Өзбекстандын экономикасы жетээр чегине жетти. Мамлекетти куралдантуу менен гана алектенип, дайыма жанынан душман издөө саясаты жашап жатат. Саясый экономикалык абалы союздун акыркы жылдарына жакындап калды. Ошол эле учурда ИДУ сыяктуу өзбек оппозициясын сырттан каржылоо аябай күчөп турат. Эми элдин көтөрүлүүсү гана калды.
- Эл көтөрүлө алат деп ойлойсузбу?
- Элди уюштурууга мыкты ойлонулган провокация жардам берет. Кыргызстанда мындай тополоңдорду уюштуруу абдан эле оңой. Анткени көзөмөл алсыз. Идеология жок. Элди башкаруу, кайсы бир багытта тарбиялоо жокко эсе. Элдин аң-сезими бузулган. Экономикалык өсүшү, идеологиялык ырааттуу багыты жоктугу жагынан Кыргызстан Тажикстанга караганда да артта турабыз. Тажикстан узакка созулган жарандык согушту башынан өткөрсө да акыркы он жыл ичиндеги экономикалык өсүшү бизди артта калтырды. Орто Азияны жаруу үчүн Афганистан жарабай турганы көрүндү, согуштан тажап калган Тажикстан эли оңой менен тополоңго жол бербеши турган иш. Ал эми Казакстанда элдин аң-сезими башкача, этникалык же саясый жарылууга барышы кыйын. Кыргызстанда бардык нерсени жасоого болот. Ошол эле учурда Орто Азияга таасир тийгизе турган чоң тополоң уюштурууга Кыргызстан өтө эле кичинелик кылаарын Ош окуясы көрсөттү. Ортодо Орто Азиянын ядросуна айланган Өзбекстан гана турат. Эми алигече кыпындай жылчыксыз турган Өзбекстанды бузуу бүтүндөй Орто Азияны чайпалтууга жарай турганы белгилүү болду. Мына ушул нерсе Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан, Түркмөнстан төбөлдөрүн ойлондурган чоң табышмакка айланды.
- Эгерде коогалаң араб өлкөлөрүнүн сценарийи менен өнүгүп отурса Кыргызстандын абалы кандай болот?
- Бир эле бизге эмес Өзбекстан менен чектеш мамлекеттердин баарына кыйын болот. Анын ичинде бизге өзгөчө оор абал туулат. Биздин чек ара күчтөрүбүз көп сандаган качкындарды кабыл алууга алы келбейт. Аргасыз ШОСко мүчө болгон өлкөлөрдөн жардам суроо муктаждыгы пайда болот. Антпесе Кыргызстандын ичине эркин кирип кеткен качкындар ачкалыктан уурулук, каракчылык ж.б. менен алектенип шаштыбызды алат. Мындай учурда Кыргызстан кандайдыр бир провокацияга жол берип коюшу толук мүмкүн болот. Андыктан азыртан чек араларды чыңдоо иштери болуп жатканы жакшы. Бирок бул жетишерлик күч менен камсыздай албайт.
- Мындай тополоңдун максаты эмне болушу мүмкүн, эмнеге жетишүүнү көздөйт?
- Максат Орто Азияны жаруу. Экономикалык бечелдикке жетелөө, элдин аң-сезимин бузуу. ИДУ бийликке келет деп атышат, бирок аларды деле оңдурбайт. Балким, бул нерсе Орто Азия картасын кайра сызууга чейин алпарышы мүмкүн.
- Маегиңизге рахмат.