Банкир

Максат Ишенбаев, "Залкар" банкынын башкармалыгынын жетекчиси:
"Максимдин доорунда
Кыргызстан оффшордук зонага айланган"
"Залкар" аукционго коюлуп, ачык сатылат. Эгер кытмыр ниетти көздөсөк, анда аудит жүргүзүп, активдерди сактап убара тартпай эле банкрот кылып, чиновниккеби же башкагабы өткөрүп бермекпиз. Бизди азыр МВФ, Улуттук банк карап атат. Соцфонддун, Өнүктүрүү фондунун акчасын өкмөткө кайтарып беришибиз керек. Кимдин эсебинен? Албетте, инвестордун"

Максат Ишенбаев Кыргызстандагы профессионал финансисттердин бири. Бул жигит кандай учур болбосун өз оюн ачык айтып, мамлекеттик бийликти сындаганга да эрки жеткендиги менен айырмаланат. 2007-жылы Улуттук банктын төрага орун басары болуп турганда Максим Бакиевдин банк системасында жасап аткан кыңыр операцияларына протест катары кызматтан кеткен. Учурда банк системасы тууралуу ар кандай сөздөр айтылууда. Анын канчасы чын, канчасы калп экенин тактоого мурдагы АУБдун ордуна кайра түзүлгөн "Залкар" банктын жетекчиси Максат Ишенбаевди сөзгө тарттык.


- Максат мырза, сөздү жалпы банк системасындагы абалдан баштасак. Максим Бакиев банк системасында бир топ чалмакей чалганынан кабарыбыз бар. Ошол схеманы ачып бересизби?
- Чынын айтыш керек, абал өтө оор. Өлкөдөгү ири банк АУБ банкротко учурады. "Ысык-Көл инвест", "Акыл инвест", "Манас", "Кыргыз кредитти" Улуттук банк өз көзөмөлүнө алды. Бул иш-чараны мен туура деп эсептейм. Анткени банк системасын тазалоого муктаж. Эч кимге деле сыр эмес. Жогорудагы банктарга бир кезде Максим Бакиев кир, арам акчаларды сактачу. Кыргызстан анын доорунда оффшордук зонага айланып калбады беле. Анын мына ушуга окшогон чалмакейлери мамлекеттин имиджине доо кетирип отурат. 2007-жылы мен Улуттук банктын төрагасынын орун басары элем. Ошол кезде Максимге түздөн-түз баш ийип калганбыз. Мыйзам боюнча акысы жок болсо да ишибизге кийлигише бергенине чыдабай, акыры өз эрким менен жумуштан кеткем. Бул боюнча мен силердин гезитиңерге "Бакиев Акаевге караганда банк системасын түшүнбөйт" деп интервью берген болчумун.
- АУБдун мурда эле шектүү операцияларды жасап келгенин айтып атасыз. Азыр ал миссияны "Залкар" аткарып жаткан жокпу?
- Жок. Биз келгенден кийин АУБдун мурдагы камсыздоочу программаларын жаптык. Тендер жарыялап, жаңысын койдурдук. Дүйнөдө аудит жүргүзүүчү төрт ири компаниянын бири "KPMGге" кайрылып атабыз. Отчетторду аудит кылыш үчүн. Эгер биз АУБдун ишин улантсак, аны чакырбайт элек да.
- Анда эмнеге сатканы жатасыңар?
- "Залкар" 25-декабрдан тарта иштеп атат. Бизде мыйзам боюнча, банкрот болгон банктын эсебинен жаңы түзүлгөн банкка У луттук банк тарабынан бир жылга жеңилдик берилет. Бир жылдан кийин кээ бир нормативдер күчүнө кирет. Аны аткарбай коюу үчүн капитал жетиштүү болушу керек. Өкмөткө өткөрүп берели десек, бюджетте да каражат тартыш. Ошол себептүү сатууга туура келет.
- Өткөндө Орусиянын "Сбербанкы" "Залкарды" алуудан баш тарткан тура. Эмне үчүн? Ири карыздары болгону үчүнбү?
- Жок. Биринчиден, "Сбербанк" конкреттүү түрдө бул жакка келген эмес. Москвадан эле чечим чыгарып койду. Экинчиден, 2009-жылы казак өкмөтү оппозиционер Мухтар Аблязовдун БТА банкын тартып алганын билесиңер. Көп өтпөй алар БТАны "Сбербанкка" сунуштаган болчу. Ал процесс али да бүтө элек. Эгерде "Сбербанк" БТАны алып калса, автоматтык түрдө бул жактагы БТАнын да ээси болуп калат. Кыргызстанда ага эки банктын эмне кереги бар? Менимче, ошондон улам алгылары келген жок.
- Сиздин "Залкарды" жетектеп калышыңызга Бактыгүл Жээнбаеванын түздөн-түз тиешеси бар турбайбы?
- Ооба, тиешеси бар. Аны танбайм. Мен казактарга таандык "Центр кредит" деген банктын өкүлү болуп иштеп жатканда, Бактыгүл Жээнбаева "иштеп бер" деп чакырган. Себеби ал киши менин "Энерго банкты" көтөргөнүмдү билчү. "Залкарды" да көтөрүп кетериме ишенди. Мен болсо өзүмө тажрыйба топтоо үчүн тобокелге бардым. Жыйынтык жаман эмес. 5 айдын ичинде кирешелүү банктардын катарына кирдик. Эң башкысы - коллективди сактап калдык. АУБда мурда 1600гө жакын киши иштечү. Банкрот болгондон кийин штат кыскарды. Азыр 740 киши иштеп атат. АУБдун 36 филиалы бар болчу. Баары иштеп атат.
- "Залкарды" ошол казактардын "Центр кредит" деген банкына сатмак болгонуңузда, А. Атамбаев каршы болгону чынбы?
- Жок, бул туура эмес маалымат. Мен Улуттук банктын төрагасынын орун басарлыгынан кеткенден кийин "Центр кредит" банкы менен иштешип калгам. Ошол жылдары алар бул жакка филиал ачууга аракет кылган. Бирок баягы эле Максим Бакиев тоскоолдук кылды да. Адегенде лицензия үчүн 5 млн. доллар сурады, кайра 25 миң долларга "Ысык-Көл инвест банкты" алгыла деди. Аңгыча болбой 2008-жылы кризис башталды. Ошондо казактар акылдуулук кылып, жарым акциясын Түштүк Кореянын эң чоң "Кук мин" деген банкына сатып жиберди. Анын аркасы менен көп көйгөйлөрү чечилди. Ошол эле маалда банкка жалгыз кожоюн болуу укугунан ажырады. Корейлер менен кеңешмейин, эч нерсе кыла албай калды. Азыр корейлер бул жакка келүүгө куштар эмес. Бирок, стабилдүүлүк орносо, 2-3 жылдын ичинде кириши ыктымал. Биз болсо ага чейин эле сатылышыбыз керек.
- Сизди мурда кредит берүүдөн жана "Энерго банкты" сатуудан акча иштеген деп жүрүшөт? Казактар сизди "кир жуугуч машина" деп тергешерин уктук…
- Өзүмдүн мындай каймана атым барын өткөндө "Дизель форумдан" окудум. Мен "Энерго банкты" 2000-жылдан тарта жетектей баштагам. Ошол кезде өлкө боюнча 20 банк болсо, ал 19-орунда турчу. Төрт жыл ичинде аны бутуна тургузуп, казактардын "АТФ банкынын" инвестициясын тарткам. Ал дагы биздин акционер болуп калган. Бир жылдан кийин ал "АТФ банк" болуп өзгөргөн. Репутациясы жакшы болгону үчүн ал кийин европалык "Юни кредитке" сатылып кетти. Эгерде мен жегич, сиз айткандай "жуугуч" болсом, 2005-жылы Улуттук банктын төрагасынын орун басары кылып дайындашмак эмес да.
- Жыл аягына чейин кардар чыкпаса "Залкар" өзүн банкрот жарыялайт деген кеп бар, эгер андай болсо АУБдан калган мүлктөр бийликте турган чиновниктин банкына арзан баада сатылат тура?
- Андай оюндар жок. "Залкар" аукционго коюлуп, ачык сатылат. Эгер кытмыр ниетти көздөсөк, анда аудит жүргүзүп, активдерди сактап убара тартпай эле банкрот кылып, чиновниккеби же башкагабы өткөрүп бермекпиз. Бизди азыр МВФ, Улуттук банк карап атат. Соцфонддун, Өнүктүрүү фондунун акчасын өкмөткө кайтарып беришибиз керек. Кимдин эсебинен? Албетте, инвестордун.
- Финансист катары айтсаңыз, өлкөнүн финансылык жагдайы кандай? Инфляция күндөн-күнгө өсүп атат, бюджеттин таңкыстыгы жакында 30 миллиард сомго чыгат деп атышат.
- Бюджет азыр оор күндү баштан кечирип атат. Биринчиден, донорлор убада кылган акча келбей жатат. Экинчиден, өкмөт бюджетти түзүп атканда улутташтырган объекттерди сатып, андан түшкөн каражат менен кемтикти толуктайбыз деп ойлогон. Ал да ишке ашкан жок. Бирөө да сатылбай турат. Анткен менен бизнес жааты өнүгүп атканын моюнга алуубуз абзел. МВФ, Дүйнөлүк банк берген маалыматка таянсак, ИДПнын көлөмү 3%га өсүптүр. Бул жакшы көрсөткүч. Ал эми инфляциянын өсүшү боюнча айтсам, улуттук банк буга каршы көп эле операцияларды жасап атат. Жакында эле сомдун пайыздык наркын көтөрдү.
- Азыр доллардын курсу түшүп атат. Бул дүйнөлүк тенденциябы же биздин бийликтин туура эмес саясатынан улам болгон ишпи?
- Учурда АКШнын бюджетинин дефицити өтө тездик менен өсүүдө. Бул доллардын курсунун төмөндөшүнө алып келди. Демек, дүйнөлүк тенденция дешке негиз бар. Ошону менен катар биздеги сезондук фактор да роль ойноп жатат. Өзүңөр билесиңер, жайында Орусиядан, Казакстандан эс алуучулар келе баштайт. Алардын жанында доллар сөзсүз болот. Үчүнчүдөн, президенттик шайлоого аз калды. Талапкерлер жууркандын арасына, оффшордук зонага каткан акчаларын ачыкка чыгара баштаган кези. Бул да таасир тийгизүүдө. Бирок бул убактылуу эле көрүнүш. Кеч күздө доллардын наркы кайра өсө баштайт.
- Тышкы карыз тууралуу эмне айта аласыз, азыр ХИПИКке кирсек абалыбыз жакшы болмок деп өкүнгөндөр арбын?
- Мен ошондо эле айткам, "ХИПИКке кирбей чоң жаңылдык" деп. К.Бакиевдин өкмөтү бул программага эмнеге кирбей койгон? Анткени көмүскө иштерди жасабай калмак. Донорлор энергетика, тоо кен тармагы ачык болсун, реформа жасагыла деген да. Мына эми мугалимдин айлыгын төлөй албай атабыз. Каражаттын теңи тышкы карызды төлөөгө кетип атат. Эгер кирсек, көптөгөн карыздар жоюлат эле да, айлык да жогору болмок.
- 7-апрелден бери Кыргызстандын донорлордон акчалары тууралуу айта аласызбы? Кимдер берди, кайда жумшалып атат? Биз аларды ырааттуу жумшап атабызбы?
- Июндан кийин донорлордун конференциясы өтпөдү беле. Ошондо көбү каражат берүүгө убада кылган. Бирок алардын көбү убадасын аткарган жок. Анча-мынча бөлүнгөн жардамдар Ош менен Жалал-Абадды курууга кетип атат.

Маектешкен
Санжи Туйтунова