Июнь окуясына бир жыл

Төрөбек Ааматов, "Ош шейиттери" коомдук уюмунун жетекчиси:
"Биздин балдарыбыз тамдын башынан кулап түшүп өлгөн жок …"
Былтыркы Ош окуясында шейит кеткендердин элесине арналган "Эненин көз жашы" монументалдык эстелиги Ош шаардык мэриянын оң тарабындагы бакта ачылды. Бул жөнүндө сурап "Ош шейиттери" коомдук уюмунун жетекчиси Төрөбек Ааматовду кепке тарттык.


- Төрөбек мырза, эмне үчүн "Энелердин көз жашы" монументалдык эстелигине нааразы болуп жатасыздар?
- Өзүңүздөр деле карап көрсөңүздөр, эстелик кимдерге арналып ачылып, энелердин көз жашы эмне үчүн агып жатканы айтылбай калган. Анда эч кимдин аты-жөнү жазылган эмес. Алар эмне үчүн курман болгондуктары айтылбаган. Бул жөнөкөй эстелик эмес да. Мамлекеттин бүтүндүгү үчүн курман болушту. Эл, жер үчүн өлүмгө тике карашпады беле биздин уулдарыбыз. Тамдын башынан кулап түшүп өлүшкөн жок. Аксы окуясынын, Апрель окуясынын курмандыктарынын ысымдары деле таштарга чегилип түшүрүлбөдү беле. Ал эми апрелдеги революцияны июнь окуясы менен салыштырууга дегеле болбойт. Кыргызыбы, өзбегиби, шейит кеткендердин бардыгынын аты-жөндөрү жазылуусу керек болчу. Эч бир жазуу жок. 400 эмес, 1000 адамдын аты-жөндөрүн батырса деле болот. Биз бардык курман болгондордун аты-жөндөрү жазылат деп ойлогонбуз. Бул, биринчиси.
Экинчиден, эстеликте көз жаштарын агызган кыргыз эне менен өзбек эненин сыздап турган турпаттары түшүрүлгөн. Таң калычтуусу, ак элечекчен кыргыз аялы маңдайын өзбек аялга тийгизип, таазим кылып, "кечир, биздин балдар сиздердин балдарыңардын өмүрүн алды" дегендей образ берилип калган. Бул эмне деген шумдук? Жөн гана сыздап, балдарын жоктоп, кайгыга батып турган энелердин образы ачылыш керек болчу. Бул тарых да. Кийинки муундар эстеликтеги ысымдарды көрүп, аталары, агалары эмне үчүн курман болушкандыктарын билип, эстеп жүрүшү зарыл. Эч ким, эч нерсе унутулбашы керек. Эстеликтин автору Алтынбек Төрөгелдиев акылга сыйбаган иш кылган. Биз муну жөн калтырбайбыз. Керек болсо кайрадан буздуруп, башынан эстеликти тургузуп, ага аты-жөндөрүн жаздыртуу маселесин жогорку бийликке кабыргасынан коебуз. Ансыз биздин көксөөбүз суубайт.
- Сиздер эстелик жасалганга чейин көргөн жок белеңиздер?
- Жок, бизге көрсөтүшпөгөн. Расмий түрдө ачкандан кийин гана көрүп жатпайбызбы. Болбосо ошондо эле бул эстеликке макул болбойт элек. Биздин уулдарыбыз, жакындарыбыз үчүн жасалып жаткандан кийин биз менен да эсептешип койсо туура болмок.
- Учурда окуядан курман болгондордун саны канча?
- Мендеги маалымат боюнча 480 адам. Бирок мындан дагы көбөйө берет окшойт…
- Эмнеге?
- Коогалаң кыргыздардын да, өзбектердин да үшүн катуу алып койгон экен. Ушул убакка чейин жашырып, мына 1 жыл болгондон кийин келишип, өлгөндөр боюнча маалымат берип жатышат. Ок жеп, жарадар болгондор келишүүдө. Эмнеге ушул убакка чейин келбедиңиздер десем, окуяга катышкансыңар деп күнөөлөп, суракка алабы деп корккондуктарын айтышат. Өзбектер да келип жатышат. Мен бөлбөйм, кыргызыбы, өзбегиби, немисиби. Кимиси келсе да алардын маалыматтарын алып, тизмелерин түзүп жатам. Эгерде окуядан кийин 900 адам ок жеген болсо, бүгүн алардын саны 2000ден ашып кетти. 100дөн ашык жабыркаган өзбектин документтери бар.
- Жабыркагандарга, жакындарын жоготкондорго бийлик кандай жардамдарды берди?
- Ыраазыбыз, колдорунан келген жардамдарын берип жатышат. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн. сомдон берилди. Дайынсыз жоголгондорго да 1 млн. сомдон бөлүндү. 23 дайынсыз жоголгондордун жакындарына курулган үйлөрдөн батир берилди.





  Согуштан тамган сүйүүлөр

Назиржон менен Айгүл
Кайгылуу июнь окуясынан кийин кыргыз-өзбек ортосунда турмуш курууга эки эл тең маани бере башташты. Бул нерсе эки улуттун ынтымагын бекемдөөгө, ажырымды бириктирүүгө таасирин тийгизет деген ишенимде. Айрыкча өзбек туугандар кыргыздарга кыз берип, кыз алууну көбүрөөк ойлой башташкандыктарын угуп, көрүп, байкоого болот.
Биздин каармандарыбыз да ошондойлордун бири. Өзбек улутундагы Назиржон Азимов менен кыргыз кызы Айгүл Шамшиева өткөн жылдын 28-июнунда турмуш курушкан. Кыргыз-өзбек урушу жаңы гана аяктап, эки элдин жүрөктөрү сыздап, ыйлары токтой элек маалда мындай кадамга баруу бардыгынын эле колунан келе бербейт эле.
Учурда бул жубайлар уулдуу да болушкан. Оштогу Сулайман-Тоонун алдындагы өзбек айылында жашашат.
Назиржон Азимов:
- 57 жаштамын. Буга чейин үч жолу турмуш куруп, бирок балалуу болбогон элем. Бойдокчулук жашоону токтотуп, дагы турмуш курайын деп жүргөм. Анан бир жакын тууганым "кыргыз келин бар, кыргыздын жакшы кызы, тагдырыңар да окшош, телефон номерин берейин сүйлөшүп көрбөйсүзбү" деп калды. Макул болдум. Номерин алгандан кийин Айгүлгө чалып, таанышып калдык. Эки ай бою сүйлөшүп жүрдүк. Телефондон эле тил табышып, бири-бирибизди жактырып, көңүлдөрүбүз төп келишип калды. Айгүлдүн турмушка терең көз карашта экендигин, жөнөкөйлүгүн байкадым.
Айгүл Шамшиева:
- Алайдын Дароот-Коргон айылынан болом, жашым 35те. Кесибим башталгыч класстын мугалими. Биринчи никемде 12 жыл жашап, бирок балалуу болбодум. Ата-энем менен бирге турчумун. Ошто иштеген жээним телефон номеримди бир өзбекке бергендигин, анын турмуш курсам деген жакшы ниети бардыгын айтып калды. Мен анчалык маани бербегем. Күндөрдүн биринде телефон чалып калды. Таанышып сүйлөшө баштадык. Өзүнүн өткөн турмушунан айтып берди. Жаш кыз-жигиттердей (күлүп) болуп жакшы сүйлөшүп жүрдүк. Бул жөнүндө үйүмдөгүлөргө да айттым. Апаман башкасы жакшы эле кабыл алышты. Апам бир топко чейин өзбек менен сүйлөшүп жүргөнүмдү туура көргөн жок.
- Сиздер сүйлөшүп жүргөндө июнь окуясы болуп кетиптир. Сиздердин мамилеңиздерге таасирин тийгиздиби?
Назиржон Азимов:
- Биз бири-бирибизге ушунчалык көнүп калыппыз. Жадагалса ал окуя да тоскоол болгон жок. Тескерисинче, окуя учурунда Айгүл мага сарсанаа болуп, тез-тез чалып кабар алып турду. Экөөбүз дайыма байланышта болуп турдук. Мен ага бул жакта эмне болуп жаткандыгын, өзүм жөнүндө айтып жаттым.
Айгүл Шамшиева:
- Ким билет, балким, биздин ордубузда башкалар болсо, окуядан кийин мамилелери үзүлүп, сүйлөшпөй калышмак беле. Мен сүйлөшпөй коюу жөнүндө такыр ойлогон жокмун. Ал убакта телефонго бирдик түшпөй жаткан болчу. Бишкектеги туугандарыма айтып, бирдик салдырып, аны менен сүйлөшүп турдум.
- Анан кантип баш кошуп калдыңыздар?
Назиржон Азимов:
- Айгүлдүн жакын сиңдисин Оштун Черемушкасына алып качышып, ал артынан кууп келген экен. Мага чалып айтты. Мен барып, Айгүлдү үйгө алып келдим. Турмуш куруу ниетимди өзүнө айттым. Ал макул болду. Туугандарына кабар бердик, алар келишти. Кыргыздын салттары болот экен. Ал салттарды аткарганга аракет кылдым. Эненин сүт акысы дегенин бердик. Калың деген болот экен. 30 миң сом калың бердим. Бизде өзбектерде кыргыздардай көп мал союлбайт да. Бир кой союп, үлпөт шаанисин өткөрдүк. Кайната, кайын энемдер келишти. Анан мен туугандарым менен Дароот-Коргонго барып, алардын алдынан өттүм.
Айгүл Шамшиева:
- Черемушкадан үйүнө алып келгенден кийин жакындан билдим да. Жакшы ниети, максаты бар экендигин түшүндүм. Анын сунушуна макул болдум. Кыргыздын, өзбектин салттарын аралаштырып, баш коштук. Алгач калың жөнүндө укканда чочуп кетти. Буларда калың болбойт турбайбы. Бирок калыңын да, эненин сүт акысын да берди. Апам мага сеп берейин десе, өзүбүз даярдап алабыз деп албай койду.
- Кошуналар кандай кабыл алышты?
Назиржон Азимов:
- Бардыгы жакшы кабыл алышты. Азыр кошуналарым кыргыздан кыз алып, кыз бериш керек экен деп жүрүшөт. Ошентип аралашып жашасак, былтыркыдай окуялар болбойт эле деп жатышат. Айгүлдү бардыгы жакшы көрүшөт. Айгүл кошуналыкка да мыкты экен. Бардыгы менен катташып, чакырган жерге барып, өзү да чакырып турат.
Айгүл пловду аябай жакшы демдейт. Өткөндө плов демдеп, кошуналарды чакырдык эле. Пловду мыкты жасаган бир кафе бар. Ошол жерден сатып алып келген окшойсуң деп ишенбей жатышпайбы. Айгүл жасагандыгын айтсам, таң калып калышты.
Айгүл Шамшиева:
- Кошуналардын бардыгы менен жакшы тил табыштым. Өзбек кызындай эле кабыл алышты. Кыргыз кызы деп бөлүү же жек көрүү жок. "Сиңдилериң болсо айтчы, балабызга алып берели" деп келишиптир өткөндө, кошунабыз. Мен сиңдилеримдин жок экендигин айттым.
- Уулдуу болупсуздар, атын ким койдуңуздар?
Назиржон Азимов:
- Канчадан бери балалуу болгум келип жүрчү. Уулубуз туулганда Айгүл экөөбүз тең чексиз кубандык. Ал да бала көрө элек экен да. Атын кыргыздын да, өзбектин да сөзүн катыштырып Элхан деп койдук. Буюрса, көп эле балалуу бололу деген ойдобуз.
- Жашооңуздар кандай болуп жатат?
Айгүл Шамшиева:
- Буюрса, жакшы. Казан-аяк кагышпай жашап жатабыз. Туугандарыбыз (күлүп) кыргыз-өзбек деп урушпай жатасыңарбы деп тийишип калышат. Балабыз төрөлүп, экөөбүздү андан бетер жакындатты. Биздин жашообузду туугандарым да көрүп, ыраазы болуп жатышат.

Мирлан
Дүйшөнбаев