Жыгачты жыландай ийген Жылкычы уста
Жылкычы устаны Талас өрөөнүнөн башка Казакстандын Чымкент, Жамбыл облусунун жашоочулары да жакшы таанышат. Атайы алыстан келип, боз үйдүн сөөгүн, бешик, эмерек жасатып кетишет экен. Андан тышкары уста ээр, комуз чабат. Электр буюмдарын оңдоп, темир ширетет. Кесиби мугалим, Көпүрө-Базар айылында кол эмгектен сабак берет.

Өнөрдү өзүм менен кошо ала кетмек белем. Кызгансам, мугалимдигим кайсы? Бирок азыркы балдар жеңилге качырат. Боз үйдүн сөөгүн жасайм дегендери жокко эсе. Болсо жан дилим менен үйрөтөт элем"


Жылкычы Чилекбаевге устачылыкты атасы үйрөтүптүр. "Атам тубаса зергер болчу. Күмүштөн асем буюмдарын жасачу" дейт. Ал кишинин көзүнүн тирүүсүндө жасаган шакек-билериктерди, таза кайыштан өрүп, күмүш менен кооздогон ат жабдыктарды көргөздү. Өзү учурда боз үйдүн сөөгүн жасап баштаган экен. Иш үстүндө жыгач устачылыктын оош-кыйышын айта отурду.
- Азыр материал кымбаттаганына байланыштуу бешикти 1500-1600 сомго жасап атам. Ырымдан улам го, кардарлар аны соодалашпай эле алып кетет. Мурда боз үйдүн сөөгүнө заказ бергендер көп болчу. Кийин темир боз үй чыкканга байланыштуу элдин баары арзанына качырып, ошого өтө баштады.
- Сиз да темирден жасайсызбы?
- Жок. Ачыгын айтсам мага ал үйлөр жакпайт. Албетте, көчүп-конгонго ыңгайлуу, жеңил, баасы арзан дечи. Жасалышы да оңой. Ширеткенди билсең болду. Бирок бул нерсе бара-бара нукура улуттук кол өнөрчүлүктүн жоголушуна алып келиши мүмкүн. Даяр нерсеге көнсөң, андан ары көп ойлонбой калат эмессиңби. Муну мен педагог катары айтып атам.
- Кереге-уукту кайсы жыгачтан жасайсыз?
- Карагай, арчага не жетсин? Бирок мен экологияга залал келтирбеш үчүн, бир чети ийилчээктигине карап самби талдан жасайм. Адегенде кабыгын аарчыйм, анан жоном. Саал кургагандан кийин атайын аспаптын жардамы менен ийем. Аны кыргыздар тес деген. Мен атамдыкын колдонуп жүрөм. Бул жерде эң башкысы жыгачтын табын билиш керек. Мисалы, суу кезинде ийсең, кургаганда жанып кетет. Өтө кургаган болсо сынып калат дегендей. Керегелерди болсо көк менен бекитесиң. Ал кайыштан болушу шарт. Айтор, айта берсе мунун түйшүгү көп. Кеминде 3-4 айлык жумуш.
- Ал эми комуздун жасалыш шарты кандай?
- Комузду негизи өрүктөн чабам. Эски, сынып калгандарын көтөрүп келишет. Аларды жаңыртып, оңдоп берем. Илгери атам койдун ичегисинен кыл жасачу. Адегенде чий менен аарчып, ичиндеги былжыр катмарын сыдырып алып салчу. Анан бир аз жайып койчу. Тобурсуп калганда ийик менен ийрип, кайра жайчу. Мен антпей эле даяр жипти тагып коем.
- Өнөрканаңызда темир-тезектен бут коерго жер жок экен…
- Мен техникумду бүткөм. Электроника оңдогонду, ширеткенди ошол жактан үйрөндүм. Сынып калган соко-мала болсо оңдойм. Темирден коргон-дарбаза заказ беришет. Мындан 15 жыл мурда муздаткычтын жарабай калган компрессорун алып, атайын датчик орнотком. Мунун артыкчылыгы машинанын дөңгөлөгүн эки атмосферада үйлөсө болот. Андан тышкары ээрип кеткен самоорлорду оңдойм. Кыскасы, пайдасы көп. Эми борборго барып, ушуга патент алсамбы деп жүрөм. Ага баягы эле көр-тирликтен кол бошобойт.
- Балдарыңыз да устабы?
- Бирөө чоң атасын тартып зергер болду. Өзү С. Чуйков атындагы сүрөтчүлөр окуу жайын бүтүргөн. Колумдагы балам кээде мага жардамдашып калат. Кызым борбордогу ЖОЖдордун биринде сабак берет. Мен балдарды кара жумушка салган эмесмин. Анын ордуна билим алып, көзү ачылсын дегем, - дейт.
Жылкычы байкенин колунан жаралган буюмдарды бирден санап отурсаң, кагаз түтчүдөй эмес. Сабиз сепкен, картошканын отоосун алып, түптөгөн шаймандар, темир ысыта турган көөрүк, кир жуугуч машиненин челегинен жасалган кол жуугуч, эшик ачканда кабар берчү сигнализация… Андан башка өнөрканасында бизге тааныш эмес канчалаган аспаптар турат. Жасаган эмеректерин көрсөң, Бишкектин дүкөндөрүндө тургандардан эч айырмасы жок. Устанын дагы бир артыкчылыгы-колу эптүү балдарга билгенин аянбай үйрөткөнүндө. "Өнөрдү өзүм менен кошо ала кетмек белем. Кызгансам, мугалимдигим кайсы? Бирок азыркы балдар жеңилге качырат. Боз үйдүн сөөгүн жасайм дегендери жокко эсе. Болсо жан дилим менен үйрөтөт элем", - деди коштошуп жатып.


Санжи Туйтунова