Депутат түшүндө мүшкүл иш көрдү…
Мушкер түндө жаман түш көрөт: кум салынган мүшөк аны сабап атыптыр дейт…
Саанчы түндө жаман түш көрөт: уйлар чака көтөрүп алып, аны кууп жүрүшүптүр дейт…
Балыкчы жаман түш көрөт: сөөлжандар анын мурдунан кирип, кулагынан чыгып ойноп атышыптыр дейт…
Гаишник жаман түш көрөт: мас шоопурлар ышкырыгын анын арт жагына салып ышкыртып, машинелерди токтотуп атышыптыр дейт…
Салыкчы жаман түш көрөт: жасалма акчалар менен жашынмак ойноп, таппай калганы үчүн кайдагы бир эшектер анын мойнуна мүшөк-мүшөк акча жүктөп, белгисиз жакка ташып атышыптыр дейт…
Депутат жаман түш көрөт: караса эле Жогорку Кеңештин жыйын залында чакчыгайдай болуп мыйзам жазып отурат дейт…
Коррупционер жаман түш көрөт: кечээки эле санаалаштары ага жетинчи кабаттан самопал арак берип, артынан жыттанып бараткан эски салат берип, андан кийин чатырга алып чыгышып, эми жегениңди бүт кустурабыз деп атышыптыр дейт…
Кимбайкенин саясый азил-тамашалары




Атамбаев Суваналиевди министр кылат, Сариевге "жок" деди
"Ар-намыстын" коалицияга киришине "Республиканын" айрым депутаттары менен "Ата журт" фракциясы макулдугун бербей жаткан чагы. Алар өздөрүнө бөлүнгөн министрликтерди, кызмат орундарын "арнамысчылар" менен бөлүшкүсү келбей турат. Бирок, ошентсе дагы, сүйлөшүүлөр аягына чыгып калганы маалымдалды. Ага ылайык, 4 министрлик кыскарып, көп мамлекеттик агенттиктер министрликтердин курамына башкармалык болуп кириши сүйлөшүлдү. Феликс Кулов биринчи вице-премьер-министрликке Темир Сариевди сунуш кылып, бирок Атамбаевден "жок" деген жоопту алганын ишенимдүү булактар кабарлады. Муну менен катар "Ар-намыс" ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин ордуна генерал Өмүрбек Суваналиевди алып баруу боюнча макулдашты. Эгерде Муктар Өмүракунов каза болбогондо, Эмгек, миграция жана жумуш менен камсыз кылуу министрлигине бармак. Бул сунушка Өкмөт башчы дагы каршы болгон эмес.

Көлбаевдин апасы Обамага нааразы
Кримавторитет Камчы Көлбаевдин апасы уулун АКШ бийлиги ири наркобарондордун катарына кошконуна нааразы. "Эртең АКШ диверсанттары кирип келип, аскердик рейд кылса эмне болот? Алар айрым гана лидерлерди жок кылуу менен чектелбейт" дейт ал "24 kg" агенттигине жазган кайрылуусунда. Майя Көлбаева буга аткаминерлерди күнөөлөп, ошол эле маалда алардан уулун "кара тизмеден" чыгарууну суранган. АКШ тарабынан мындай кине коюлганына Камчы Көлбаевдин адвокаты Икраминдин Айткулов да каршы. Анын айтымында, Камчы Көлбаевге буга чейин баңгизат сатуу боюнча кылмыш иши козголгон эмес. Белгилүү болгондой, АКШ өзү тааныган наркобарондун банктагы акчасын тоңдурат жана жарандарына аны менен алака түзүүгө тыюу салат.

Камчыбек Жолдошбаев боюнда бар аялды тээп
13-июнь күнү Ош базарында "Беш-Сарынын" ээси Камчыбек Жолдошбаев менен сатуучулар мушташа кетти. Алгач Камчыбек Жолдошбаев Бейшеналиев көчөсүн бойлоп туруп алган соодагерлерди кууп баштаган. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, ал боюнда бар аялды тепкенде, жанында турган сатуучулар чыдабай кетип, аны сабап салышкан. Окуя болгон жерге Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери келгенде, бир нече атуул Камчыбек Жолдошбаевден "таяк жедик" деп арыз менен кайрылган. Мушташтан кийин бул экс-депутатты наркодиспансерге алып келишкенде кан басымы жогорулап кетип, ооруканага жаткырылган. Бул ишти милиция кызматкерлери прокуратурага өткөрүп берген.

"Ата журт" менен КСДП ажырашсын
"Прогресс фонду" деп аталган коомдук уюм "Ата журт" партиясынын бир топ мүчөлөрүн парламенттен кууп чыгууну талап кылууда. Уюмдун мүчөлөрү учурда өкмөт башчы жана КСДП партиясынын жетекчиси Алмазбек Атамбаевге кат жолдошконун билдиришти. Алардын пикиринде КСДПнын "Ата журт" менен биригүүсү 2010-жылдын 7-апрелиндеги "элдик революциянын" принциптерине жана идеясына каршы келет. "Ошону менен катар эле мандатынын арты менен бизнесин коргоо үчүн ЖКга келген айрым депутаттардан КСДПнын катары тазалануусу керек. Революциянын максаттарын жүзөгө ашыруу үчүн конституциялык реформа жасоо зарыл" дейт жетекчи Адил Турдукулов. Азырынча уюмдун катына өкмөт башчыдан жана КСДП өкүлдөрүнөн жооп келе элек.

Даярдагандар
Дилбар Алимова,
Санжи Туйтунова