Уйку бузган азанчылар, тегин билбеген дааватчылар...
Анарбек УсупбаеВ:
"Дааватчыларыңар келет үйлөргө, түрлөрү суук, сасык"

Равшан ажы Эратов:
"Хизбутчулардын чырагына май тамып, шайлоо жолу менен халифат курабыз деп чыгышат"
(Башы 19-бетте)

А.У.: -Ат, эшек болбойт. Төө же жөө барыш керектиги гана айтылган.
Р. Э.: - Бирок замандын өнүгүүсүнө жараша самолет, автобус сыяктуу транспорттор менен барууга шариат тыюу салбайт. Уруксат берген жол. Ал жакка баргандар зыярат кылышып, ички жандүйнөлөрүн тазартышып, арууланышат. Ажылыкка аттанып жаткандын Алла тааланын парзын аткарайын деген жакшы, таза ниети болушу керек.
А. У.: -Куранда жазылганды силер так аткаргыла. Силер суннит багытындасыңар. Исламдын суннит багыты демократиялык дин катары каралат. Шайлоо жолу менен диний башчы шайланат. Суннитизмде Куранды өзгөртүү жөнүндө эч кандай сөз жок. Кандай болсо ошондой так аткаруу кажет. Шейиттер пайгамбардын кандаш туугандары аркылуу берилет. Алар Куранды, шариатты талкуулап, кошумча, алымчаларды киргизүүгө акылуу. Чындыгында шейиттердин жолу туура. Анткени Мухаммед пайгамбардын урпактары. Суниттер Алини колдобойбуз деп өзүнчө шайланып алышкандар.
Р. Э.: -Мен сиздин айткандарыңызды такыр колдой албайм. Сиз азыр тыюу салынган Хизб-ут-Тахрир уюмун колдоп кеттиңиз. Шейиттер Мухаммед пайгамбардын кандаш урпактары эмес. Ушуну билип алыңыз. Алар азрети Алини сүйүп, аздектейбиз деп олтуруп, пайгамбардын 77 урпагын кырган. Бүгүнкү күндө да аларга Иранда 10 күндүк траур жарыяланып келет. Сиз Мухамеддин кандаштары деп эч качан айтпаңыз, алар, тескерисинче, пайгамбарыбыздын кандаштарынын канын төккөндөр. Минтип айтсаңыз, хизбутчулардын чырагына май тамып, алар шайлоо жолу менен халифатты курабыз деп чыгышат.
А.У.: -Курандан бир суроо берейин. Курандын бир сүрөөсүндө "Ылжыган, мас, эс учуңду билбеген абалыңда намаз окуба. Эс учуң бар, кызымтал убагыңда окуй бер" дейт. Демек, арак ичсе, кумар ойносо болот экен да...
Р. Э.: -Сиз биринчи эле окуган маанисин алып, жыйынтык чыгарып коюпсуз. Окуган түшүнүктө калгансыз. Ички маанисин түшүнбөгөнсүз. Сырткы маанилерин эле түшүнө алат экенсиз. Бир күнү жолугалы, мен сизге кеңири түшүндүрүп берейин.
А. У.: -Сиздин кыргызча так, түшүнүктүү сүйлөп жатканыңыз кубантып жатат. Чубак ажы Жалилов тантырап, кыргызча жакшы сүйлөй албайт. Бир жолу жолукканыбызда уруусун айта албай койду. Бул эми уят иш. Жети атасын сурасам такыр эле билбейт экен.
Билсең керек, Кара кыргыз деген 5 томдук китеп бар. Ошонун 5-томун карасаң, 80 пайызы макал-лакаптар. Анын 60 пайызы молдолор тууралуу макалдар. Молдолор тууралуу жакшы айтылган бир да макал жок. Жегич, көз боемогуч дегендей айтылат. Ушуга кандай жооп бересиз?
Р. Э.: -Мен тескерисинче айтам. Макалдардын көпчүлүгү ислам дининен алынган. Кайсыл макалды казбагын, түбү бир хадиске, аятка барып такалат.
А. У.: -Силер айтып жатпайсыңарбы, ыйык китептер асмандан түшкөн деп. Бул эми жөн эле жомок. Мен айтам, ыйык китептер кыргыздын макал-лакаптарынан алынган. Асмандан көкө теңир идеясы түшкөн. Кыргыздар жазып олтурбаган. Оозеки эле айтып жүрүп олтурган. Куранга 1,5 миң жыл болду, Тооратка 3-4 миң жыл болду. Ал эми кыргыздардын тарыхы 6 миң жыл илгери башталат.
Р. Э.: -Мамлекеттүүлүктүн 2200 жылдыгын белгилебедикпи?!
А.У.: -Ал кытайлардын тарыхында жазылганы боюнча белгиледик.
М.Д.: -Исламда өлгөн адамды акыркы сапарга узатууга байланыштуу ар кандай көзкараштар таңууланат. Бирлери өкүрүп, кошок кошууну колдосо, башкалары андайды жокко чыгарышат. Сиздер кандай жооп бересиздер?
Р. Э.: -Ислам маркумдун жакындарынын жоктоосун, кайгыруусун колдойт. Бул табигый нерсе. Бирок акылдан адашкандай чачтарын жулууга, беттерин тытууга, кийимдерин айрууга тыюу салат. Көзүнөн жаш чыкпай эле өкүрүп, бакыруу да туура эмес.
А.У.: -Кыргызда үч күнгө чейин мал союлбайт. Үч күндөн кийин 7 мал союлат. Анан кошок, өкүрүк болот. Себеби кыргыздар ат минген, баатыр, көчмөн эл болгон.
Суроом бар. Жубайы башка динде, күйөөсү мусулман болсо, алар көз жумганда каерге, кантип коюлат?
Р. Э.: -Мусулман мусулман көрүстөнүнө, мусулман эмес мусулман эмес көрүстөнүнө коюлат.
А.У.: -Сиздин айтканыңыз туура эмес. Шариатта минтип жазылып турат. Бир эле көрүстөнгө мусулмандын бети кыбылага каратылып, мусулман эмеси күнгө каратылып коюлат. Муну мен асмандан алган жокмун. Шариатта так ушинтип айтылган. Өткөндө бирөө мага айтат: "сен мусулман динине каршы чыгып жатасың, өлгөнүңдө сага жаназа окубаш керек, мусулман көрүстөнүнө койбош керек" дейт. "Сенин жаназаңдын кереги да жок" дедим. Ал көрүстөндөрдө менин жүздөгөн жылдардан бери чоң аталарым коюлуп келатат. Алар мусулман болгон эмес. Алар ошондой эле мусулман экен, анда Аравияга барып көмүлсүн. Мен бул жерде туулуп өскөм, кантип жашап, кантип жүрөм, өзүмдүн ишим. Кайсыл көрүстөнгө, кандайча жерге берилем, ал да өзүмдүн ишим.
Шариат боюнча силер өлүктү көргө киргизгенде анын ийнинен кармап, үч жолу силкип туруп анан жаназаны окуш керек. Туурабы? Аны силер аткарбайсыңар.
Мындан сырткары сөөктү көрүстөнгө алып бара жатканда жерге үч жолу коюп, көрүстөнгө баш жагы менен киргизилиши керек. Силер болсо буту менен киргизесиңер. Анан көргө жылаңайлак кирүү милдет. А силер бутуңарда эмне болсо ошол бойдон киресиңер. Сөөктү кепинге мүшөк кептентип салып туруп эки жагын жип менен бууп коесуңар. Ушуларды ордуна келтирбейсиңерби?
Р. Э.: -Бул эми сиздин оюңуз. Сиз теолог эмессиз.
А.У.: -Силерге таң калам. Мен асмандан алгам жокмун го. Шариатта жазылгандар боюнча айтып жатам. Урууңарды, тегиңерди билбейсиңер. Куран, шариат боюнча акыл үйрөтөсүңөр.
Куранда айтылгандардын ажылык сапарга байланыштуу жердерине келгенде өзүңөргө ылайыктап өзгөртүп аласыңар. Башка учурларда Куран бир сөзү да кошумча, өзгөртүүгө жатпаган догма болуп калат. Өзүңөрдүн кызыкчылыгыңарга жараша трактовкалай берсеңер болот экен да.
Р. Э.: -Шариаттын, муфтияттын талабы менен мусулмандар көрүстөнүнө мусулмандар гана коюлат. Башка диндегилердин өздөрүнүн мүрзөлөрү бар. Азыр башка динге өтүп кетишкендер арасында өлгөндөн кийин кайсыл көрүстөнгө коюлары белгисиз болуп, туугандар арасында түшүнбөстүктөр болуп жаткан фактылар жок эмес. Баптист болуп кеткендерди тирүүсүндө материалдык жактан кызыктырышып, өлгөндөн кийин албай коюшат. Мында да көйгөй келип чыгат.
Маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча шариатта эрежелери, талаптары бар. Ошолордун негизинде муфтият эрежелерин иштеп чыккан, аны өлкөнүн бардык аймагындагы имам, казылар аткарып келатышат. Кандайдыр бир кемчилик, туура эместик жок.

Мирлан
Дүйшөнбаев




  Анкета боюнча сүйүү

"Өз Хадижаңды тап"
Мусулмандардын нике агенттиги ачылды
Жакында Бишкекте мусулмандардын алгачкы нике агентчилиги ачылды. Нике агентчилигин түзүү демилгеси Кыргызстан мусулмандар диний башкармалык тарабынан колдоого алынган. Мындан тышкары башкармалыктан колдоо тапкан таанышуу сайты да иштеп келет. Жаңы ачылган нике агенттикке үй-бүлө куруу ниети бар жаштар, карылар, дегеле жалгыз бой, бирок мусулманчылык жолундагылар байма-бай каттай баштады.
Кийинки убактарда Европада эле эмес, Азияда, мусулман өлкөлөрүндө да нике агентчиликтери ачыла баштаган. Азыр Москванын мусулмандар коомунда да мындай кызмат көрсөтүү иштеп жатканы белгилүү. Бишкекте жакында пайда болгон нике агентчилиги тууралуу биз да мындай маалыматтарды алдык.
Агентчиликтин аткаруучу директору Хадижа (ал фамилиясын атабайт) алгачкы маалыматты таратканда, агентчиликтин максаты мусулман адамдардын үй-бүлө куруп кетүүсүнө көмөк берүү болуп саналаарын баса белгилеген. Өзгөчө мусулман айымдар көчөдөн, коомдук жайлардан таанышууну ылайык көрүшпөгөндүктөн, алар үчүн үй-бүлө курууга көмөк берүү маселеси келип чыкты дешет. Аткаруучу директор Хадижанын "Муслим" аттуу бизнес сервистери бар. Алар жумуш табуу, документтерди которуу, бизнес уюштуруучуларга инвесторлорду таап берүү жумуштары менен алектенет.

Нике агентчилигинин кызматкери Нелли (фамилиясын атабайт) буларды айтып берди:
- Биз, мындагы кызматкерлер, ич ара бул кызмат көрсөтүүнү "Өз Хадижаңды тап" деп атап койдук. Анткени пайгамбарыбыздын экинчи аялынын аты ушундай болгон да.
Бизге келген кардарлардын эң негизги талабы - алар мусулман жолунда болушу керек же болбосо ниет койгон, ниети таза болушу керек.
Мен иштеп жаткан бир айдын аралыгында бир топ адамдар кайрылды. 50 чакты анкетаны толтурттурдум. Бизге келген кардарлар бир нече суроодон турган анкетаны толтурушат, сүрөтүн ала келет, анан 50 сом төлөшөт. Бул каражат уюлдук байланышка жумшалат. Кардарга күнүнө чалып, маалымат айтып, зарыл учурда жолугушууга чакырып турабыз.
Биз аларга бул жакта болочок жары менен, эгер эки тараптын каалоосу болсо, жолуктуруу уюштурабыз. Кыз-келиндер кайрылганда аларга анкета берип, Хадижа эже же мен кабыл алам, ал эми эркек кардарлар кайрылганда, Максат иштешет. Биз кардарларды, эгер алар кааласа, бул жактан жолуктуруп, сүйлөштүрүүнү уюштуруп беребиз. Бизде тартип катуу: бир кардарга бир эле дарек берилет, бир эле убакта бир кардар 2-3 кардар менен сүйлөшө албайт.

Абдулла, кардар:
- Менин улутум кыргыз, жашым 32ге келди, мусулманчылык жолундамын. Өзүмө ылайыктуу, момун мусулман кызга жолуксам деп тилейм. Бул агентчилик бизге ортомчулук мамиле көрсөтүп, кенен маалымат берип жатат. Мен кыздардын ыйманына, анан, албетте, кебетесине, мүнөзүнө да карайм.
Ушул жылы үй-бүлө куруу багытында бир кыйла иштер жасалып жатканы байкалат. Анкета боюнча сүйүүсүн табышабы же сайт аркылуубу, же башка жолдор мененби, айтор, бактыларын сынап көрүп жатышат. Чынында мусулманчылык жолундагы, айрыкча жаш кыз-келиндер түгөйүн табууда кыйналышат экен. Ыймандуу, бекем үй-бүлөлөр түптөлсө экен деген тилек менен коштошуп, иштерине ийгилик кааладык.

Айгүл Бакеева