Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Карынын сөзүн капка сал

Ачуу душман, аны чогуу жеңгиле,
Акыл жыйнап, эсиңерге келгиле
Түштүктө кандуу, кайгылуу күндөр мындан 20 жыл мурда болуп өткөн болчу. Ошол кездерде кандуу окуянын болуш себебин, чыгыш себебин аныктап, айыпташ керек эле. Азыр кайра кайталанып отурат. Ошо кандуу окуялардын болуш себептерин өз убагында айттырбай коюп, мына кайра 20 жылдан кийин кайталанып аткандыгын ЖКнын төрагасы Келдибеков кечээ жакында айтты. Өткөн жылы болуп өткөн окуянын жыйынтыгын адилеттүүлүк менен чыгарып, элди бузгандарды, бузукуларды таап айыптап, жазалаш керек, ансыз болбойт. Мен муну мурда да айткам. 20 жыл мурун жазган ырым ошол эле бойдон бүгүн да актуалдуу болуп атат. Ошол ырды кайра элдин назарына коеюн.

Ачуу душман, аны чогуу жеңгиле,
Акыл жыйнап, эсиңерге келгиле.
Бир жашоого биримдикти пир кылып,
Бири-бириңе колуңарды бергиле.
Жакшы кабар тараткыла,
туугандар,
Жаркылдашып жанашкыла,
туугандар,
Кек сактабай ынтымакты бек
сактап,
Жарашкыла, жанашкыла, туугандар.
Элге жакшы тилек каалайм бир гана,
Эрдин баркы жакшы менен жер гана.
Жаңжал болбой бейпил доордо
жайкалып,
Жайнап турсун асыл өрөөн Фергана.
Бузуктарга келсин элдин кайгысы,
Бузуктарга тийсин элдин каргышы
Баштагыдай ынак жашап
жай-кышы.
Менин тилегим, аксакалдык сөзүм, эки элдин ынтымагы биротоло жакшырсын. Баштагыдай туугандашып жашайлы, өзбек калкы, кыргыз калкы дебей. Фергана өрөөнү эч кайда качып кетпейт. Баарынын турган туруктуу жери, мекени ушул. Андыктан биримдикте, ынтымакта, ырашкерликте жашайлы. Энелер кайгыга чөмүлбөсүн, ылайым эле. Эки элдин ынтымагы мындан ары чыңалышын абдан каалайм.

Сооронбай Жусуев,
Кыргыз Эл акыны




Ким күнөөлүү деп отурбай, ынтымакты бекемдейли
Былтыр Кыргызстанда трагедия болду. Трагедия дегеним илгертен бери чогуу келе жаткан бир диндеги, бир тилдин түркүмүндөгү элдин ортосунда от чыгып кетти. Азыр эми бул окуяны иликтеп жүргөн айрым адамдар, саясый топтор муну саясатташтырып, упай топтоого аракет кылып жатышат. Менин оюмча, бул туура эмес. Кылмыш кылган адамдар жазасын алышы керек. Мына жылдык келип калды. Биз бул жерде ким күнөөлүү деп териштирип отурбай, эки элдин ортосундагы ынтымакты кайрадан бекемдешибиз зарыл. Өз убагында унчукпай жүргөн адамдар, интеллигенция, саясатчылар, мамлекеттик кызматта жүргөндөр аздыр-көптүр ушу окуяга байланыштуу өздөрү ойлонуп, "менден эмне каталык кетти, эмнени убагында айтпадым" деп калчап көрүшсө. Орустар айткандай, ар бирибиз ички тазалануудан өтүшүбүз керек. Балким, дагы да кудай сактап, мындан дагы чоң алааматтан сакталып калгандырбыз. Ошон үчүн мусулманчылык менен айтканда, кудайга тобо деп, мындан ары ушундай кырсык болбосун дейли.
Мындай окуядан ким пайдаланды? Ортого от жагып жүргөн арам ойлуу адамдар пайдасын алат дагы зыянын жөнөкөй эл тартат. Орто жолдон күнөөсүз адамдар запкы жеп, канчалаган адамдар көз жумуп, канчалагандары мал-мүлкүнөн ажырады? Мунун баардыгы ойлоно турган маселе. Ошондой чагымчылдардын, арам ой саясатчылардын үгүтүнө берилбей, биз кылымдар бою жашап келген эл мындан ары да ынтымактуу жашасак деген тилегим бар. Мунун баарын оңдоо кыйын, бирок кандай катачылыктар кеткенин, жаңжалдын себептерин аныктап коюу зарыл.
Кимдин канчалык күнөөсү бар экенин аныктоо укук органдарынын милдети. Биз, жалпы коомчулук, кантип оң жолго түшөбүз деген өңүттө көбүрөөк ойлонуп, элди дагы ошого үндөшүбүз керек. Үй-бүлөдөн, бала бакчадан, мектептен болобу, баардык жерде жаш муунду адилеттүүлүк, адал иш, адамгерчилик мамиле деген сапаттар менен тарбияласак.

Ишенбай Абдуразаков,
коомдук ишмер




Бир ууч бузукулардын азабын карапайым калк тартты
Акыркы кезде эки элдин чатагы эмес, заман деген өзү бычактын мизинде кылтылдап турган кезде бүтүндөй жер шарын сактап калуу деген маселе турат. Япониянын мисалында көрдүк. Адамзатка эч кандай уруштун кереги жок экен. Азыркы учурда гүлдөп турган нерсенин баары тынчтык жолу менен келген, тынчтык болгон үчүн Кытайда элдин саны миллиардга жеткен. Батыштын өлкөлөрү да тынчтык болгон үчүн өнүктү.
Акыркы учурда адамзатты "митинг" деген жаман оору каптады. Эмне маселеси болсо эле митингге чыга калышат. Бир ууч бузукулардын азабын карапайым калк тартып келет. Уюштуруучулары кутулуп кетти, эл какшап, боздоп кала берди. Ошондуктан былтыркы болуп өткөн окуядан бир тууган өзбек эли да, кыргыз эли да сабак алышы керек. Бирок башка улуттун эли эсине түйүп коюшу зарыл. "Кимдин жеринде жашасаң, ошонун ырын ырда" деген кыргыздын жакшы макалы бар. Кыргыз эли эч качан бирөөнүн токочун тартып алган эл эмес. Кыргыз эли бир кезде ачкадан кырылып аткан казак элине жардам берип сактап калган. Анжиян көтөрүлүшүнүн учурунда өзбек элине канчалаган жардамдарды берген. Тажик элинен да эч качан жардамын аяган эмес. Кытайдан качып келген дунган элине жеген нанынан, малынан бөлүшүп өз жерине батырып алган. Кыргыз эли Борбор Азиядагы эң байыркы эл. Аксакалын сыйлабаган элдерде эмне касиет? Мен мындан ары элдин көз жашын каалабайм. Тынчтык тилейм.

Шайлообек Дүйшеев,
Кыргыз Эл акыны




Баарын мага бир туугандай сездирген, Кулдугум бар,
Улуу Теңир күчүнө
Өзбек менен кыргыз эли өмүр бою бири-бирине кыз берип, кыз алып ынтымакта эле жашап жүргөн. Эки элде эч күнөө жок. Экстремисти дейбизби, кара ниет күчтөр эки элди пайдаланып кетти. Ушундай айыгыштарды чыгарганга кызыкдар арам ойлуу адамдар бар экен. Ошолордун чагымчылыгына туш болдук. Эки элдин ынтымагын булар буза албайт. Кудай буюрса, эл чагымга туш болгонун сезип, эми акырындан баары калыбына келип жатат. Эми ошондой бузукулардан эки эл дагы сак болушу керек. Анткени эл ичинде кадыры жок адамдар бири-бирине тукуруп, бузукулук жасашат. Мындай адамдар эки элди эмес, эки бир тууганды да бөлүп жиберет. Ошондуктан эл арасында бир ууч топтун курмандыгы болуп калганыбызды айтып түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.
Кыргызстанда кыргыз-өзбек эли гана эмес, бардык улуттар ынтымакта бир атанын балдарындай болуп жашашы керек. Ынтымак деген бул - эң оболу ырыс дегенге жатат. Биздин акылман элибиз "Ырыс алды - ынтымак" деп бекеринен айткан эмес. Ушул үч гана сөздөн турган макалдын ичине илгерки аталарыбыз турмуштук кең, терең философияны сыйгызышкан. Ынтымак - бул чынында эле коом турмушунун негизин түзө турган, аны жагымдуу, көрктүү жана маанилүү кыла турган, өзгөртүп алдыга жылдыра турган өтө зарыл нерсе. Бул - адамдын ички жана тышкы абалын жай-жайында, кандайдыр бир бейпилдикте кармап, кала берсе ар кандай кырсык, жаман иштерден сактап, анын жашоосун жеңилдете турган бир керемет күч. Бул жарыктыкта эмне жакшылык болсо ошонун баары ынтымак болгондо гана болот. Бир кезде согушту да баштан кечирдик. Ошондо чоң өлкөдө ынтымак, биримдик, темирдей тартип бар болгон үчүн согушту жеңбедикпи. Бирин-бири өмүрү билбеген-көрбөгөн жоокерлер, бүтүндөй армия ынтымак жана биримдик менен душманды кууп чыкканбыз. "Эл үчүн, Мекен үчүн!" деп бирибиз үчүн бирибиз өлүмгө барганбыз.
Ал эми бүгүн демократия жолуна түшкөн эгемен жаш өлкөбүздө эң оболу ушул ынтымактын, демек, биримдиктин болушун мен өзүм өтө каалайм. Биримдик менен ынтымак бизге абадай, суудай керек болуп турат. Өлкөбүздүн кең келечеги үчүн жалпы журтту жөн коюп, эң оболу ынтымакка, биримдикке чакыргым келет. Акын катары, элдик аксакалдарынын бири катары жалпы элибизге кайрылып айткым келет, мейли саясый, мейли экономикалык же социалдык жактан өтө кыйын жана татаал учурда өлкөбүз үчүн эл эңсегендей ак эмгек өтөсөк деген максат коюп, өлкөнү акыл-эстүүлүк, токтоолук менен башкарып, жашоону акырындап өз нугуна салууга жетишип жаткан өлкө жана өкмөт башчыларын колдоп, алардын ишине ийгилик каалап, ар кимибиз бир максатка бириксек эң эле жакшы болмок.

Кулдугум бар
Бар ар кимдин жактырганы, сүйгөнү
Жамандыктан коргоп жаны күйгөнү.
Өзүм болсо, ушул бүгүн бүт бойдон
Кучагыма кыскым келет дүйнөнү.

Бардык көздөр мага сүйкүм карашат,
Бардык сөздөр уксам мага жарашат.
Дарактар да бүгүн бири-бирине,
Ысык сүйгөн жарлар окшоп жанашат.

Касым деле досум болуп сезилет,
Мен алардын колун алам тезирээк,
Мейли деле кай тарапка бассам да,
Мага жалаң жакшы адамдар кезигет.

Бүт адамдар сыят менин ичиме,
Мен үчүн жок бул чоң, тигил кичине.
Баарын мага бир туугандай сездирген,
Кулдугум бар, Улуу Теңир күчүнө.
Сүйүнбай Эралиев,
Кыргыз Республикасынын баатыры, Кыргыз Эл акыны







кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??