Уйку бузган азанчылар, тегин билбеген дааватчылар...

Анарбек УсупбаеВ:
"Дааватчыларыңар келет үйлөргө, түрлөрү суук, сасык"

Равшан ажы Эратов:
"Хизбутчулардын чырагына май тамып, шайлоо жолу менен халифат курабыз деп чыгышат"

"Манас Ордо" коомдук фондунун төрагасы Анарбек Усупбаев теолог эмес. Бирок көп жылдардан бери ислам динин, ыйык Куранды иликтеп, жиликтеп келет. Курандын айрым сүрөөлөрү туура эмес экендигин айтып, ага алымча, кошумчаларды киргизүү зарылдыгын ылайыгы келген жерде айтат. Динчилдердин жек көрүндүсүнө да айланган. Ислам дини, Куран, шариат маселелеринин тегерегинде талашып, андан тактык жараталы деген максатта Анарбек Усупбаев менен Кыргызстан мусулмандар муфтиятынын даават бөлүмүнүн жетекчиси Равшан ажы Эратовду эрөөлгө чакырдык.
Эскерте кетчү жагдай, мында айтылгандар гезиттин көз карашын билдирбейт.

-Равшан мырза, мына Анарбек Усупбаев маңдайыңызда отурат, бул киши Куранга реформа керек деп белгилеп жүрөт. Кандай жооп кыласыз?
Равшан ажы: -Ыйык Куранга өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө сөз да болушу керек эмес. Бул жараткандан адамзаттын акыркы пайгамбары Мухаммедге түшүрүлгөн ыйык китеп. Ал кандай болсо, бизге ошондой жетиши керек. Куран бул догма. Биз момун мусулмандар андагы жазылып калтырылгандарды парзыбыз катары аткарышыбыз керек.
Анарбек Усупбаев: -Макул, ошондой болсун. Бирок силер Куранда айтылгандарды туура аткарып, элге туура жеткирип, түшүндүргүлө да. Бир суроомо жооп бериңизчи. Мухаммед пайгамбардын улуту ким?
Р. Э.: -Араб
А. У.: -Ал кимдин баласы?
Р. Э.: -Исмайыл алехи саламдын.
А.У.: -Исмайыл кимдин баласы?
Р. Э.: - Ыбрайым (Авраам) пайгамбардын.
А.У.: -Ыбрайым ким өзү?
Р. Э.: -Ал жараткандын кулу.
А.У.: -Ыбрайым пайгамбардын улуту еврей да. Эмнеге ошону ачык айтпайсыңар?
Равшан ажы: -Ибрахимдин Саара энеден тараган балдары еврей болуп эсептелет. Ибрахимдин башка аялынан Исмайыл төрөлүп, ал арабдардын башталышы болот.
А.У.: -Исмайылдын атасы еврей болуп жатпайбы. Мына сиздин атаңыз ким?
Р. Э.: -Ташполот...
А.У.: -Ташполот кыргыз ээ? Анын жыйырманчы урпагы ким болот?
Р. Э.: -Кыргыз.
А.У.: - Демек, Мухаммед пайгамбар да еврей, ошентип ачык эле айтпайсызбы?
Р. Э.: - Эми ал кантип еврей болсун... Тарыхта еврей деген коом жашап өткөн. Алар бүгүн да бар. Еврейлерге Жараткан жакшы даража, нематты берген. Бул нематты көрө албагандар дүйнөдө каргышта калды. Мухаммед пайгамбардын чоң атасы Ыбрайым экендиги тана турган нерсе эмес. Муну Куран да танбайт. Мухаммеддин Ибрахим еврейдин урпагы экендиги бүгүнкү күндө уятты пайда кылчу нерсе эмес.
А.У.: -Эми ушуну ачык эле айтып, элге туура маалымат бербейсиңерби?
Р. Э.: -Эгемендикке келгенибизге 20 эле жыл болду. Кыргыздын өткөнүн изилдеп, тарыхын үйрөнүү эми гана башталды. Маалыматтар али тайыз, аз. Окумуштуулар, тарыхчылар иликтеп, жаңы маалыматтарды алып чыгат деп ойлойм.
А.У.: -Ар бир адам кайсыл дин аркылуу Жаратканга ишенип, сыйынарын өзү тандайт. Бирок силер кыргыздарга туура маалымат бергиле да. Өзүңөр кыргызча кийинип жатасыңар, кыргызча сүйлөйсүңөр. Куранды арабча окубай, кыргызча окусаңар болбойбу. Эл түшүнсүн да маанисин. Анан таң атпай азан айтасыңар. Ал мыйзамды бузуу экендигин билесизби? Буга байланыштуу эл арасында нааразылыктар көп. Кыжырданууларды пайда кылууда. Жерге жарык кире электе уйкуну бузуп кыйкырышат. Азыр мечиттерде азан айткандарды сөгүп жатышат. Ошону силер оңдосоңор болбойбу? Элдин кыжырына тие берсеңер, өзүңөрдөн алыстатып аласыңар. Мен Таласта көп жүрөм. Ал жакта азыр молдолорду көргүлөрү жок. Айрыкча жапжаш турушуп, бетин жапкан сакал койгондорду көргөндө кадимкидей жийиркенишет. Кыргыздын менталитетине, колоритине ылайыкташыңар керек да. Башмыйзамда кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий деп жазылган. Болду, башка тилдин кереги жок. Шаардык кеңештин саат ондон кийин кошуна кошунасынын тынчын алганга акысы жок деген токтому бар.
Анан дааватчыларыңар келет үйлөргө. Түрлөрү суук, сасык. Мага акыл айтып киришет. Бир жолу ошондойлордун биринен "урууң ким" деп сурасам, уруу деген эмне дейт. Мен карап туруп, балам, урууңду билип келчи, анан экөөбүз сүйлөшөлү дедим. Өзүнүн ким экендигин билбегенден мен акыл угушум керекпи? Алар тегин билбеген, зомбилерден айырмасы жок эки буттуулар, маңкурттар да.
Р. Э.: - Азан эмне үчүн айтылат? Биринчи кезекте адамдардын ички дүйнөлөрүн тазартып, жаман нерселерден арылтуу максатында. Экинчиден, момун мусулмандарга намаз убактысы болгондугун эскертүү, кабар берүү болуп эсептелет. Арбактардын арбагы ыраазы болсун, алардын жаткан жерлери жайлуу болсун деген шартта курандар окулат.
Курандын кыргызча мааниси чыккан. Куран, жаназа окулганда кыргызча мааниси окуп берилет. Курандын мазмуну жума күндөрү мечиттерде ар кимдин билим деңгээлдерине жараша чечмелеген баяндар окулат.
Албетте, сиз айткандай, кээ бир жерлерде азандын дабышы катуу болуп, элдин уйкусун бузуп жаткан болсо, андай көрүнүштөрдү жөнгө салып, эл менен гармонияда болгонду колдойбуз.
Дааватчылардын эл аралоосу мусулманчылыктагы 40 парздын бири. Жакшы жолго үндөп, бири-бирибизди тазалап, агартып туруунун жолу.
А.У.: -Азыркы технологияны колдонуп азан айтып жатабыз, Куранды өзгөртүүгө болбойт деп жатасыз. Суроо берейин. Куранда минтип жазылган: "Адамдарды ажылыкка чакыр. Алар сага жөө, төө минишип, абдан алыс жолдордон келишет". Мында самолет минип же автобус менен кел деген жок. Анан силер эмне үчүн учактар менен барып келип, биз ажы болдук деп жатасыңар? Ажылык боюнча үч чакырык бар. Ибрахимдин чакырыгы. Жөө барып, жолдо азап-тозокторду көрүп, акылга толуп келгенден кийин акыл айтат. Жабриилдин чакырыгы менен баргандар жолдо кайтыш болушуп, ажылыгы кабыл болгондор. Шайтандын чакырыгы боюнча учактар, автобустар менен баргандар. Ачык айтайын, бүгүн ажыга барып келип жаткандар - туристтер. Жөн эле эс алып келип жатышкандар. Өткөндө мурдагы бир чоң ууру ажыга барып келип, көзү айланып калыптыр. Эмне болду десем, мен ажы болуп калдым дейт. Сенин далайларды куураткан колуң ыйык болуп калган экен да дедим.
Р. Э.: - Бул жеке сиздин оюңуз. Куранга таянып, ажылык боюнча айткандарыңыз туура. Алар Куранда айтылган. Ат, төө менен баруу тууралуу.
(Уландысы 20-бетте)