Миллионер десек чычалап калышат экен

Атамбаев менен Мадумаровдун кансарайларын көргүлө!
Урматтуу окурман, гезитибиздин ар бир санында улам бир чиновниктин, саясатчынын, бизнесмендин жашаган үйүн четинен берип туралы деп чечтик. Биринчиден, элге кызык, ким кандай үйдө жашаганы. Экинчиден, айрым адалсынган аткаминерлердин үйүнөн эле анын кекиртеги кернейдей экенин, казынадан канчалык сугунганын байкасак болот да, туурабы. Мамлекеттик кызматкердин айлыгы кансарай салганга жетпейт да. Бул жолу өлкөбүздөгү эки чоң саясый фигуранын үйүн тартып келдик, көргүлө.

Ал эми бул аз эмес аянтты ээлеп, архитектуралык чиймеси өзгөчөлөнгөн үй кимдики, кайсыл байдыкы деп жатасызбы? Миллионер десек чычалайт го, кадимки саясаттагы эскилердин бири, сөзгө чечендердин атаманы, экс-акжолчу депутат Адахан Мадумаровдун курулушу аяктайын деп калган үйү. "Элибиз азыр өп-чап тирилик өткөрүп жатканда, мен бүгүнкү турмушума каниет кылып жашап келем" деген Адахан мырза, андай деле каниет кылчулардан эмес. Акаевге оппозиция болуп жүргөндө "элим семиргенде анан мен семирем" деп тилинен чаң чыкканда көзүбүзгө жаш айланчу тим эле. Бул үйдү Бакиевдин убагында тургузуп үлгүргөн, демек, бекеринен кошоматка кой союп жүрбөптүр да. Ал бизнесте жүрбөсө да, саясатта көп жүрдү. Ал саясаттан эмес, саясат андан жадагандай эле болду. Саясатта узакка жашоо деле материалдык жыргалчылык берет окшобойбу. Эгер ал чын болсо, анда анын бир далили ушул сүрөт.

Бул сүрөттөгү көздү суктантып, кыялдарга чөмүлткөн үй Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин үйү. Шаардын борбордук көчөлөрүнүн биринде жайгашкан. Алмаз мырза кызматына байланыштуу учурда Өкмөттүн резиденциясында жашайт. Анда-санда өз үйүнөн кабар алып турат. Үйүнө жакындарынын бирин отургузуп койгон. Бул Алмаз Шаршеновичтин шаар ортосундагы үйү. Шаар четинде да үйлөрү бар. Үй кайтарууга алынган. Декларация тапшырууда айрым байкуш, кедейге айланышкан айрым аткаминерлерибизден айырмаланып, Алмаз мырза байлыктарын, кыймылсыз мүлктөрүн жашырбай ачык көрсөткөн.

Мирлан ДҮЙШӨНБАЕВ




  Өз кабарчы билдирет

Ысык-Көлдүктөр Казакстандын жайлоосун ижарага сурап атат
Союз кезинде Казакстандын Челек жайлоосун жайыт катары пайдаланган Ысык-Көл районунун 5 чарбасы, аны эми ижарага алууну сурап атат. Ал жер Казакстан тарапка өткөн менен, алар жайыт катары пайдалана албай келатат, себеби жол жок эле аска-зоолор курчап турат. Кыргызстанга жакын жана ыңгайлуу.
Чоң-Өрүктү айылындагы жыйында айыл аксакалдарынын атынан Турганбаев Кийизбай көл жээктеги жерлер сатылып отуруп, жайыт жери тарып калганына нааразыланып, облустун губернатору Нурдин Абдылдаевден Челек жайлоосун ижарага алып берүүнү өтүндү. Союз ыдырап, Казакстан менен чектеш аймактарга тосмо коюлган менен, буга чейин деле кыргызстандыктардын малы Челек жайлоосуна жашыруун жайылып атат. Ананьево айылыныкы болсо кыштап атат. Анткени Чөң-Өрүктү айылынын дөңүнөн өткөндө эле көп өтпөй Казакстандын жайлоосу. Ал аймактагы жан-жаныбарларды коргоп, аңчылыкка жол бербөө үчүн гана Казакстан тарап чек тосуп койгон. Ошондуктан кыргызстандыктардын малын Казак тарап бербей койгон фактылар көбөйүп атат, бул 2 мамлекеттин ынтымагына доо кетириши мүмкүн.
Губернатор Н. Абдылдаев элдин мындай кайрылуусу мамлекет аралык деңгээлде каралчу маселе экенин белгилеп, жакында Казакстан жетекчилерине бара турганын кошумчалады.
Ал эми айыл округ башчысы Муканбет Сагынов 2 өлкөнүн тиешелүү жетекчилери мурдагыдай коломто акысын төлөп берүүнү расмий бекитүү зарыл деп эсептейт. Коомчулук болсо Казакстандын көл жээктеги эс алуу жайларына Кыргызстан тарап каршы болбой келатканын да казак бийлигинин эстерине салууну талап кылды.

Жайкы эс алуу сезону алдында Чолпон-Атада нааразылык күч
"Чолпон-Ата шаарынын негизделгенине 35 жыл болсо да, эмне үчүн коомдук эс алуу паркыбыз жок?!"
Мындай суроону коомдук уюмдар менен жергиликтүү тургундар Чолпон-Ата шаар бийлигинин алдына койду. Башчы Мирлан Маратов - шаар курорттук райондун борбору болгондуктан, ырыстуу парктары менен көл жээктеги жерлерге көз арткан борбордук мекемелер көбөйгөнүн айтты.
Элдин талабы Чолпон-Ата шаарынын чок ортосундагы кургак учук санаториясынын 19 гектардай жерин парк катары шаардын менчигине алуу. Анткени аты алган парктан убагында жергиликтүүлөр түлөө өткөрүп, жер-суу тайытып жүрчү экен. Бирок ага Саламаттыкты сактоо министрлиги жол бербей атканын шаар башчысы Мирлан Маратов түшүндүрүп, министрликке имараттар жетишпей атканын айтыптыр. Муну уккан жергиликтүү депутаттар менен демилгелүү топ нааразыланды. Себеби Чолпон-Ата шаарына мектепке делген 2 кабаттуу жаңы имаратты кургак учук санаториясына берип, анын ордуна паркты шаарга берүү мурунку министр Ш.Ниязов менен макулдашылган экен. Бирок ал убадалар аткарылбай, учурда санаториянын тосмолору тонолуп, бактары кыйылып, көл жээкке чейин мал жайылып, парктын кунары кеткени боюнча президентке кайрылуу кабыл алышты.
Чогулгандар Саламаттыкты сактоо министрлигинин көл жээктеги дагы бир ири имараты "Алтын балалык" деген комплексти айтышты. Анын медициналык техникалары да ар кайсы жакка жең ичинен ташылып кетип, толук иштебей туруптур. Жайкысын болсо эс алуучулардын мейманканасына айланып, балдарга жана мамлекетке иштей турган имарат чарбасыз мекемеге айланууда. Акчасы кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө кетип, жергиликтүүлөргө да пайдасы жок экен.
Ошондуктан тиешелүү министрликтер, көл жээктеги имараттарга көз арткандын ордуна, мамлекеттин мүлкүн максаттуу жана үнөмдүү пайдаланууну бөркүндөй сезиши керек.

Рита Борбукеева,
Ысык-Көл дубаны




  Куттук тилиграма

Бүгүн "Замана" студиясынын туулган күнү!
1995-жылы 2-июнда "Замана" таңкы программасы алгач жолу улуттук каналда эфирге чыгып, журналисттер Олжобай Токтосунов, Динара Кодуранова, Алмаз Абдраев жана Кадыр Кошалиев алгачкылардан болуп иштешкен.
КТРКнын "Замана" студиясын 11 жылдан ашуун убакыт кыргыздын таанымал диктору Тамара Жаманбаева жетектеген. Учурда студиянын продюсери Жыпара Арыкова, танкы берүүнү отузга жакын чыгармачыл жана техникалык топ элге жеткирүүдө.
"Замана" студиясы жумасына 6 күн, күнүнө үч сааттан жумасына 18 саат продукция даярдайт. Программалардын 50 пайызы тааным (познавательный) багытында болсо, 10 пайызы маалыматтык, 20 пайызы маданий-көңүл ачуучу, 15 пайызы улуттук баалуулуктар багытына арналат.
"Замана" студиясындагы өтүп жаткан түз эфирдеги маектерге жети дубандын ар бир айылынан телефон менен байланышка чыгып, өз көйгөйүн чечип, ошол жерде отурган мамчиновникке түз суроо берип, чечилбей аткан маселеге чекит коюп алгандардын саны арбын. Канча жылдан бери Замана эл менен мамлекеттик бийлик ортосунда көпүрө болуп келатат. 2011-жылдагы Биринчи коомдук каналдын телеберүүлөрдүн рейтингинин жалпы жыйынтыгы боюнча көрүүчүлөрдүн 50 пайызы "Замана" студиясын көрөт экен. Бул деген чоң жетишкендик!
Биз "Замана" студиясын туулган күнү менен куттуктайбыз. Талбаган эмгек, профессионалдуулук жана журналисттик чеберчилик менен далай ашууларды ашып, элдин ишенимине татып келатасыңар. Замананын мындан аркы жолу шыдыр болуп, өмүрү узун болсун деп тилейбиз!

"Dе-факто" гезитинин эмгек жамааты