Аким менен редактордун тиреши

Кара-Бууранын акими сыйлык-грамоталар менен гана алек!
Бүгүнкү күндө Кара-Буура районунда адам укугун басмырлап, сөз эркиндигине бут тосуулардын уюштурулуусун кыргыз журналистикасынын жүзүнө көө сыйпоо аракети катары караганыбыз абзел. Буга райондук газетанын айланасындагы болуп жаткан чуулгандуу окуялар айкын далил боло алат.
Кара-Буура айыл округундагы жайлоонун аренда акысынын төлөнбөй жатышы, соцфонддогу, акимчиликтин өзүндөгү кадр маселесинде акимдин утулуп калуусу, дегеле райондогу жетекчи кадрларды тандоо, даярдоо, алардын резервин түзүү жана жайгаштыруу иштериндеги сабатсыздык жана бир жактуулук райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө чоң залакасын тийгизип жатат. Ушундан улам элдин нааразылыгы, жогорку бийлик бутактарына оозеки жана кат жүзүндө арыздануулар күч алууда.
Азыр чарбалык-өндүрүштүк иштер унутта калды. Жайыт акыларын төлөөлөр бүтпөй, чаткалдык туугандар малды жайлоого өткөрбөйбүз деп жатышат. Жолдордун чалдыбары чыгып бүттү. Райондун борбору "Цыган базарына" айланып баратат. Мектеп рэкетчилиги күч алууда.
Чыңгыз Айтматовдун айкели үчүн топтогон каражаттардын чыгымдалышы тууралуу так маалыматтар жок. Азыркы кезде аким айланасына арызкөй, чагымчыл адамдарды топтоп, райондук структурадагы жетекчилердин үстүнөн алардын жогорку органдарына сунуштарды жазуу, сыйлык-грамоталарды бөлүштүрүү менен чектелип калды.
Мына ушул айтылган жана айтылбай калган далилдүү көрүнүштөр тууралуу райондук газетага бир катар сын макалалар жарык көргөн. Аким Т.Наралиев аларды талкууга алып, оң тыянак чыгаруунун ордуна, сынга чычалоо менен мамиле жасап, эмгектик эс алууда жүргөн мени бошотуп койду.
Мен кызматтан бошотуудан коркпойм. Анткени чындык, адилеттик бар экендигине ишенем. Ошондуктан өз укугумду коргоо үчүн райондук сотко арыз менен кайрылгам.
Акыркы бир жылда акимчилик тарабынан райондук газетаны, анын редакторун кысымга алуу күчөп баратат. Эки кабинетибизди тартып алышты. Газетага жазылуунун абалы 500-700 даанадан 250-300го чейин төмөндөп кетти. Акырында редакторду кызматынан мыйзамсыз бошотуп, май айында газетанын 2 саны жарыкка чыкпай калды. Буга саясый маани берүү керек.

Өскөнбек Чаргынов,
"Кара-Буура кабарлары"
газетасынын азырынча
экс-редактору




Ырдан бүткөн, ыйдан бүткөн дүнүйө
Жетим көздөр
Мен таштанды наристемин
"Мен балдар үйүнө ташталган наристемин. Азыр мага эч ким ишенбесе да, апам мени таштаган кышкы таңды мен билем. Мен билем апам келе жаткандагы кыйчылдаган кар обонун. Мен билем калтыраган менин денемдин акыркы аянычтуу коштошуусун. Апам мени таштап жатканда анын кайгылуу көздөрү менен кар төккөн бозомтук асманды көрдүм. Ал мени жерге коюп, "Катуу-катуу ыйла", - деди. Мени жерге таштаганда ушунчалык муздак сезим денемди дирилдетти. Апам мени колуна алабы дедим. А апам алган жок. Кышкы таңда издери гана калды. Мен катуу ыңаалап жаттым. Эшик ачылып, апам эмес башка кимдир бирөө мени колуна алды. Апам менин таштаган ошол коркунучтуу таң менин турмуштагы коркунучтуу жолдорго барышыма түрткү болду", - дейт Чыңгыз Айтматовдун Кассандра тамгасындагы монах Филофей.

Энеге куса көздөр
Шаарыбыздагы Октябрь районуна караштуу Белоруссь көчөсүнүн №121 балдар үйүнүн жанынан өтөм. Жалооруган жетим көздөр. Жетим күлкүлөр. Бойтоңдогон бейкүнөө бөбөктөр жалооруй тиктегенде, жүрөгүң зырп этип ыйлагың келет. Акыры бул балдар үйүнүн босогосун аттадым. Бул жердин башкы дарыгери Майтиков Турман менен улуу тарбиячы Сираждинова Жумагүл эжелер тосуп алышты. Баары таптаза, айлана тегереги гүлгө оронуп, бак-даракка оронуп, бөлмөлөр түркүн оюнчуктарга кооздолгон. Бирок баары бир муздактык ээлеп турду. Мен улуу тарбиячы Сираждинова Жумагүл эже менен маек курганымда: "Балдар 4 жашка чыкканча бизде тарбияланат. Карамагыбызда жаш курагына карата бөлүнгөн 7 топ бар. 7 топтун ар биринде 15тен бала бар. Жалпы 92 адам эмгектенебиз. Алардын арасында педиатр, невропотолог, логопеддер жана тарбиячы айымдар эмгектенет. Бул балдар үйү мамлекетке тиешелүү. Андан тышкары, майрамдарга карата ар кандай өкмөттүк эмес уюмдардан, жеке ишкерлерден, жөн гана боорукер адамдардан жардамдар болуп турат", - дейт.

Сойку, наркоман,
аракечтер...
Улуу тарбиячы Жумагүл эженин айтымында, балдардын 90%ы ар кандай оору менен оорушат. Көбүнчө венерикалык оорулар менен ооруган сойкулар, наркомандар, аракка берилип кеткендер да балдарын ташташат. Алгач балдар төрөтканага 1-2 ай тыңыганча багылып, андан соң бул жерге жөнөтүлөт. "Кээде киндиги жаңы эле кесилген наристелерди босогобузга таштап кетишет. Бага албай убактылуу бизге таштаган жалгыз бой энелердин да балдары бар. Биздеги ар бир баланын өз тагдыры бар. Боюна бүткөндө эле баланы жээрий баштагандыктан, ден соолуктарына карабай төрөгөндүктөн, балкылдатып эне сүтүн эмбегендиктен, балдардын психикалык өнүгүүсү артта калган. Кеч басышат. Кеч сүйлөшөт. Айрымдары жүрөгү оорукчан, нышан, итий, тубаса сифилис ж.б оорулар менен оорушат. Мурун бизде орус улутундагы балдар көп болсо, азыр кыргыз балдар көбөйдү", - дейт Жумагүл.

Төрөтканадан келген
Эрбол
Төрөтканадан которулган Эрбол азыр эки жарым жашта. Али буту баса элек. Эрболду бастырууга аракеттенип жатабыз. Басууга такыр жарабаса, майып балдардын үйүнө жөнөтүүгө аргасыз болобуз.

Апасы таштаган
Руслан
Апасы таштап кеткен Руслан төрт жашта. Жакыны жок, таштанды бала. Психикалык өнүгүүсү жай. Төрт жашка келгенде араңдан зорго колуна кашык кармаганды үйрөнүүдө. Жаңыдан активдүү болуп балдарга аралаша баштады.

Түбүң түшкүр
сойку дүйнө
Балдар үйүнөн сыртка чыгып баратып, буту баса элек бөбөктөрдүн бөлмөсүнө баш бактым. Чоң секичеде чачтары кырылган он чакты бөбөк эмгектеп жатыптыр. Бир-эки жашка чыгышса да, беш-алты айлык балдардай баары арык, баары оорукчан, жандарына барсам үн салып, эркелегилери келди. Наристелердин көздөрүнөн качтым. Ушул көздөрдүн алдында ким күнөөлүү? Мамлекетпи? Коомбу же сойкуларбы, наркомандарбы, аракечтерби? Эмнеге мындай жетим көздөрдү жаратышат. Түбүң түшкүр сойку дүйнө. Жоопсуз суроолор...

Даярдаган
Жамиля ТАШТАНБЕКОВА