Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев 60 жашта!

ШАЙЛООБЕКтин АЙ-ААЛАМЫ
Кыргыз Эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, алтымышынчы ашууну аркалап ары өтүп, ар тараптуу жана кызыктуу чыгармачылыгы менен акын, жазуучу, публицист, журналист атанган, эми жазма манасчылык өнөрү менен да көрүнө баштаган Шайлообек Дүйшеевдин кандай инсандыгын дагы бир жолу кеңири ачып берүүгө аракет кылдык.

Генийлиги - жөнөкөйлүгүндө!
Жоомарт Кадыралиев, Кыргыз эл сүрөтчүсү:
- Шайлообек өзү өтө карапайым, көз карашы, тулку бою, мүнөзү, кыялы накта кыргыз. Турмушта акындыгы адамдыгына төп келген инсандар чанда да. Ал эми Шайлообек адам катары да, акын катары да шайкештиги менен мыкты. Өзү айылдык жигит, негизи суусунан деп коет, айылдын таштан-ташка тийип бышкан суусун ичип, шартылдаган шар мүнөзгө ээ болгон. Жакшынын шарапаты дегендей, башкаларга шарапаты гана тийгени биз суктанчу касиеттерден. 60 жаш - базар дейт. Эли-журтунун алдында ким экендиги билинчү курак. Шайлообектин жашына келгендер шаани-шөкөт жагын карманып, бак-дөөлөткө манчыркаганга умтулуп, көйрөңдөнө баштаса, Шайлообек жупуну болуп, башына шапкесин баса кийген бойдон эли-жерине ак кызматын кылып жүрөт. Сулуулугу жан-дүйнөсүнө, рухий бийиктигине, эмгегине төнүп, ошол касиеттери менен эл көзүнө бийиктен көрүнүп, адамдык да, акындык да жактан бирдей жетилген кези. Демек, элине али да бере турган көрөңгөсү көп. Аман бол, көп жаша, дагы бийиктей бер, Шайлообек!

Чындыктын ачуу чыңырыгы
Эгемберди Эрматов, акын, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, ЖКнын депутаты:
- Шайлообекти ыр жазып баштаган кезинен жакшы билем. Алгачкы чыгып аткан китебине бир кезде рецензия да жазган элем. Шайлообек элдин көйгөйүн, өз жүрөгүндөгү нерсени поэтикалык жол менен ачык, таамай, коркпой-үркпөй алып чыкты. Ал - азыркы замандагы, эң алдыңкы катарда турган акын. Учурдун маселесин кароолуна таамай илип, таамай айтып, өз учурунда көркөм сөз менен көтөрүп чыкты. Элдин көйгөйүн ырдап келатат. Акындын жүрөгү дал ушундай болуш керек да?! Мурунку заманда заказ менен жазып көнгөн көп акындарыбыз кийин кыйналып калбадыбы. Биздин социалдык заказыбыз жок болгондуктан, оор учурду баштан өткөрдук. Бийлик менен элдин ажырымы да күчөп кетпедиби. Ошо маалда бийлик элди укпай калды. Керең болду. Эмне каалаганын кыла баштады. Ошол кезде ушундай ачуу чыңырык айтылып турушу керек эле. Анан Шайлообек турмуштун өзүн ырдап чыкты. Заман менен кошо, мезгил менен кошо аралашып элге жетти. Ошондой акын болуп калыптанды. Негизинен-публицистикалык маанайдагы акын. Ал кезде, бир топ акындар өкмөт менен партияны ырдап келип, жаңы турмушка ылайыкташа да, аралаша да албай чайналып аткан. Дагы бир тобу саясатка аралашпайбыз деген ойдо четте турган. Бирок, антип, саясатка аралашпайбыз деген да туура эмес эле. Акындар байыркы замандан бери эле саясатка аралашып келатат. Дүйнөлүк тарыхты карасаң деле, антикалык доордон азыркыга чейин куугунтук жеп, дуэлдерде өлүп, концлагерлерге айдалып, дайым кандуу бийликке оппозиция болуп келаткан акындарды көрөсүң, азыркы заманга чейин. Бул жагынан акындар дайым алдыда, дайым элдин тагдырында жаңырып турушу керек. Шайлообек да дал ошондой акын болду.


Таң
Кылаңгыр нурга жык толуп,
Булуттар булайт үлбүрөп,
Атка окшойт бул таң нык тоюп,
Акырда турган үргүлөп.
Жылгалар аздан агарып,
Жылт этет тоого төнүп жол.
Арчалар белди таянып,
Адырлар чубайт өгүз жон.
Жашыл төр, жалбыз аңкыган,
Бел бейит көзгө жай жылат.
Жылкылар түшөт кайкыдан,
Туяктар көктө шаңгырап.
Жээгине мелт-калт шыкалып,
Жең болуп жерде агат сай.
Чала уйку көздөй кызарып,
Чарчаган чычырканактар…
Жалгыз там. Бешик сырдалган,
Ээр токум. Жалгыз сарай тур.
Ашкана. Керме, кир жайган,
Аш үстөл. Жаайт таранчы…

Кел сүйлөшөлү?

Жакшылыкка жан тартпастан,
Жаа тартканга,
Неге көндүк тымызын?
Колдон түшүп кымызың,
Канча доордон бери карай акыры,
Аткан жебе өзүбүздүн
Көзүбүздү оюп келе жатыры…
Бирөөбүз бирөөбүздү
Таясак устун болуп.
Бирөөбүз бирөөбүзгө
"Тарс!! эттик муштум болуп.
"Карс" эттик карагайдай,
"Карк" эттик кузгун болуп.
Чаламандын чак түшүндө
Жакшыбызды жамандап,
Бөрк ал десе,
Баш кестик.
Аш менен сыйлаганды,
Айкырдык: "Ыргыт көккө!"
Акырын ырдаганды
Таш менен урдук көзгө.
Дал төбөңдө
Турмуш турса салаңдап.
-Алтын! Алтын! Алтын! - деп,
Таш чогултуп алаңдап,
Жинди болуп байлык издеп,
Кайда кеттик алаңдап?!..

Шайлообек ДҮйшеев


Жасалмасы жок чылк уюган Шайлообек
Сагын Акматбекова, КРнын Эл акыны, Даңк орденинин ээси:
- Шайлообек бүт турган турпаты менен элге сиңип кеткен акын. Андай болуп элге сиңип кетиш, ар бир эле акындын колунан келе берчү оңой иш эмес. Андай акындардан бизде - Мидин болгон, Байдылда болгон, анан Алыкул болгон. Эми, Шайлообек ошолордун жолун жолдоп, элге сиңип кете алды. Ушунун өзү эле анын кандай акын экендигин айтып турат. Ал - чыныгы акын. Нукура элдик акын. Чылк уюган жасалмасы жок акын. Андыктан, биз аны коркпой эле - ЗАЛКАР АКЫН деп атай берсек болот эми. Россияда, минтип элдин тамырына сиңип кеткен акындардан Сергей Есенин болгон, Николай Рубцов болгон. Дал ошондой акындардын катарына кошсок болот Шайлообекти дагы. Тамыры менен элдин кыртышынан өсүп чыккан акын биздин Шайлообек дагы!..


Улуттук символго айланды
Каныбек ИМАНАЛИЕВ, ЖК депутаты, акын:
- Шайлообек Дүйшеев улут жандуу, айылдын топурагындай жөнөкөй, Байдылдадай ар бир кыргыз айылдарына сиңип кеткен, Алыкулдай элдин жүрөгүнө жакын, Калыгул, Арстанбектей даанышмандыкка жуурулган, уйкаштыгы Жеңижоктун ырларындай ширелишкен, сүйүүнү Мидинче жазган, табиятты дүйнөлүк классик акындарындай сүрөттөгөн, тирүү кезинде Рыспай Абдыкадыров, Сүймөнкул Чокморов сыяктуу улуттун символуна айланып кеткен акын.


Калкына ак кызмат өтөп жатат
Сооронбай Жусуев, акын, КРнын Батыры:
- Шайлообек Дүйшеев республикадагы мыкты акындардын бири. Жакшы ырларды жазып, кыргыз поэзиясында талыкпай иштеп келатат. Беш жыл мурда ага арнап ыр жазып китебиме да чыгарганмын. Кыргыз поэзиясынын алдыңкы катарындагы акын. Азыр кыргыз элине кеңири таанылып, окурмандар анын ырларын күтүп, канааттануу менен окуган, эл сүйгөн, азыркынын мыкты акындарынын бири. Анын ырларындагы ойлор так, маанилүү, көркөм, жагымдуу. Акын жакшы чыгармалар менен кыргыз адабиятына, демек, кыргыз калкына ак кызмат өтөп жатат.


Даулдаган кең пейил
Гүлсайра Момунова, КРнын Эл акыны:
- Шайлообек сөздү чукугандай таап айтып, элге жаратын ачып көрсөтүп айтып атканы менен чыныгы акындык парзын аткарып атат. Эмне чыгармасы чыкса да баса калып окуйм. Анын айткандары элдин ою. Элдин кызыкчылыгы. Элдин мүдөөсү. Жазгандарын кыбаам канып окуйм, окуганда да. Ырынын түзүлүш ыкмасы да элдик - салттуу ыр менен төгөт да. Элди мүдүрүлтпөй, такалдырбай шыр кеткен, куюлушкан ыр менен төгөт. Жаңы манастын жаңы вариантын жазыптыр. Ошондой манастын стили менен эле "Кайдигерлик" ж.б. элге жаккан ырларын. Сүйүү ырларын деле салттуу ырдын нугу менен элге кызмат кылдырып келаткандыгын сыйлаймын. Маанилүүлүгү менен коомго, адамдардын жан-дүйнөсүнүн тазарышына кызмат кылууда. Агарууга, пейилинин кеңейишине, айкөлдүгүнө кызмат кылат ырлары. Сынчыл адам катары ак ниет. Барпаңдаган, даулдаган, кыргыздын бир жакшы жигиттеринен го деп ойлойм. Ошондой даулдаган кең пейил, жан дүйнөсү таза адамдардан гана ушундай чын ниеттен, чын жүрөктөн, чын пейилден чыккан ырлар жаралат. Ушундай адамдарыбыз көп боло берсин.


Бузулган заман ырчысы
Темиркан Дүйшөкеев, искусство кызматкери:
- Шакем, башынан эле Байдикемдей салттуу ырдын учугун улаган, эң бир, таасын, бирден-бир көрүнүктүү акын. Төкмөлүгү да бар, Кыялбек деген акын ини-досу экөө аябай жакшы айтышат, төгүп. Байдикемин түбүн ичип калган бу жагынан. Ырлары да өзүндөй жөнөкөй, жүрөккө жетерлик, жалындай курч. Бир-эки эле сап менен көп нерсени айтып коет. "Бузулган бала оңолор бир күн, бузулуп турган замандан сакта!"- дегени эле эмне деген сөз! Өзү көчөдөгү балага деле, президент Отунбаевага деле бирдей карап, экөөнө тең бирдей мамиле жасаган элдик акын.


Сүймөнчүктүү акын
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Баатыры:
- Шайлообек Дүйшеевди алгач акын катары калайык калк алдына мен алып чыккам. Анын чыгармачылыгы тууралуу чакан макала жазгам. Шайлообек менин үмүтүмдү толук актап, азыр аттуу-баштуу кыргыз Эл акыны. Акын катары, айрыкча публицистикалык маанайдагы ырлары менен калайык калк алдында кадыр-баркы чоң. Азыр элибиздин атагы дүңгүрөп жалпыга угулган, ырларын адамдар суктанып, издеп окуган азыркы мезгилдеги сүймөнчүктүү акындардан. Мындан аркы да ийгиликтерди каалайм. Эл ичинде аман болуп, таланты өркүндөп-өсө, ташкындай берсин.


Даярдаган
Алтынай Темирова