Германияга барып кымыз уулаганда

Компьютерлешкен желеде саалган немис бээлер
Бир саамга мен кайрадан кичинекей чыт курсак балага айландым да калдым. Өзүм өскөн Он-Арча айылынан жана Солтон-Сары жайлоосунан мезгил машинеси тээ алыскы Батыш Европа аймагындагы чоочун бир дыйкан чарбага ыргытты. Бул - айылымдан "Манастагы" Кырым жергеси канчалык узакта болсо, Күн батышка дагы ошончо жер баса тургандай алыстагы Германиянын Валдбрунн аймагынын Мүлбен (M?ben) шаарчасында Ганс Цоллманн (Hans Zollmann) деген кишинин дыйкан чарбасы экен.
Уч-кыйырсыз жайлоодой сезилген Солтон-Сарыдан айырмасы - жылкылар дыйкан чарбанын талаасынан чыкпайт экен. Биз жылкыларды короодо камалып турган жеринен көрдүк.
Анан эле чоң кишилер менен чогуу дабырап барып, бээ сааган желени кыдырдык. Эң кызыгы, немис достор бээлерди дыйкан чарбанын компьютерлешкен саан машинасынын "желесине" байлап коюшуптур.
Бээлер окурунбастан, кишилерден чочулабастан улам биринин артынан экинчиси алиги "желеге" кирип жатышты. Аппак футболка кийген "саанчы кыз" шыпылдап ар биринин желинин нымдуу кагаз салфетка менен тазалап жатты.
"Мына эми "саанчы эжеке" (Ала-Тоодогу саанчы жеңелердей) тизелеп отура калып, колдору менен "шырп-шырп" эттирип бээ саап кирет го деп турсак эле, аркы жактагы автоматташкан жабдуунун таптаза соргучтарын алды да, бээнин үрптөрүнө көз ачып-жумгуча тагып койду.
Анан эле эч үн да чыгарбаган компьютерлешкен машине желедеги бээнин сүтүн, техника тили менен айтканда, соро баштады (Бул карындашты "саанчы жеңе" дейин десем компьютерлешкен жабдуу саап жатат), же, бизче айтканда, саай баштады. Бээнин ыңгыранган жоош түрүнөн эле анын ийип жатканын, машине анын эмчегин оорутпаганын туйса болот.
Желеге бир учурда төрт бээ киргизилип, удаа саалып жатты. Сыртта алай-дүлөй бороон болуп жатабы, мөндүр же нөшөр жаап жатабы, ак сарайдын желе бөлмөсүндөгү бээлердин да, "саанчы кыздын" да иши болгон жок.
Анан эле чөп короого чыксак, "силер да саай аласыңар" деген ураан астында оюн уюштурулуп коюптур. Желим желинди чоңдор деле, балдар деле жарыша саап киргенин айт!
Баарынан кызыгы - кымыз даамын сызууда болду! Ганс Цоллманн мырза кыргыз-казак конокторго кымыздын даанасын бекер сунду.
Анын даамын мен айтпайын, сиздер укпаңыздар! Чехиядан атайын кымыз уулап келгендер ыраазы болуп тим эле көздөрүнө жаш алып ийишти. Жетине албай Ганс Цоллманнга кыргыз калпагын да кийгизип: "Кымыздын нактасы - Кыргызстанда!" деп айтып ийишти.
Берки жалпы немис элине делген бээ сүтү - эгерим шампандай атылбай турган жана нагыз ваххабийлердин такыба молдолору да коркпой иче турган суусундук экен. Биз ичкен мыкты кымызды тигинден айырмалап "био-кымыз" (Bio-Kumys) деп атап коюптур, бирок бал кымыздын баасы да мыкты экен: бир кере жутуму - 280 сомдой болот го, кыязы (муну угуп алып ала-тоолук кымыз сатуучулар кымыз баасын көтөрүп ийбесин - буга алиги акылдуу компьютерлердин, ак сарайдын, эч токтобогон электр агымынын, саанчы кыздын кызматынан, чарба ээсинин он мүнөттүк жалыйнасынын, ишкердик салыктын, инвестициялык карыз акчанын, мал дарыгеринин келип эле калп жөтөлүп кеткенинин, рекламага төлөнчү тыйындын жана башкалардын наркы кирген).
Калыстык үчүн айта кетсек, немис туугандар биз жасачу ишти оортопондоп коюшуптур - азыр да Ала-Тоодо кымыз даамдуу балмуздак, кымыз күчү бар витамин, кымыз жыттуу упа, самын, шампун, бетмай өндүрүлө элек. Немис сатуучу кыздар болсо жаныбызда бээ сүтүнөн жасалган балмуздакты сатып атышты. Бээ сүтүн ичип дарыланам дегендерге бизде беш жылдыз мейманкана курула элек. Бу немис туугандар ошондон баштаптыр.
Биз эмдигиче кымыз бизнесин баштоону мындай коелу, жарма жасоону өнөр жайга айландырган Табылды Эгембердиев аганы "жок нерсени чыгарды" деп ушактап бүтө албай келебиз.
"Көп капаланбайлы, 1-2 жылда биз деле Цоллманнга жетебиз" деп өзүбүздү сооротуп, ичкен кымыздын артынан кымыз даамдуу балмуздак жедик. Бу даамдуу балмуздактын күчүбү, же анын наркыныкыбы, айтор, мээ сергиткен кубат пайда болду да, кайрадан тестиер курактан эр ортонуна келген куракка өсүп чыга келдим.

Тынчтыкбек Чоротегин, Мүлбен (Германия)
- Прага (Чехия)
Атайын "Де-факто" үчүн