Күнжебе Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын лидери: "Атамбаев өзү өргүүгө кетсе да, күрмөсү кабинетте илинип турат" "Мен президенттикке өтүп кетсем, кош болгула. Өтпөй калсам, кайра келем" деген бүгүнкү кырдаалда туура эмес" - Вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановду кетирүүгө "Ата Мекен" фракциясы жакшы эле аракет кылгандай болду эле, бирок ал кайра эле ордуна кайтып келди. Бул эле жолу эмес, негизи эле "Ата Мекен" акыркы саясый оюндардан уттуруп аткандай… - "Ата Мекен" фракциясынын шайлоо алдындагы программасында уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөшүүгө көңүл бурулган. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча биз бир нече мыйзам долбоорлорун киргиздик. Бул программалык жобону бүгүнкү өкмөт да колдоп, уюшкан кылмыштуулукка каршы колунан келишинче күрөшүп жатат. Жакшы жыйынтыктар бар. Жогорку Кеңештин көзөмөл кыла турган укуктарын пайдаланып, тигил же бул чиновниктин же ишкананын туура эмес жасаган иштерин ачыкка чыгарып жатабыз. Бул - оппозициянын негизги милдети. Эки-үч күн мурун Бабановдун иши боюнча комиссиянын төрагасы, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдырахманов Бабановду Акүйдүн президенттер жолугушчу кабинетинен жолугуп, эки саат суракка алды. Биринчи вице-премьер-министрди катардагы депутат суракка алган окуя Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. - Ал сүйлөшүүдө Бабанов чыныгы мүлктөрүн жашырып келгени боюнча да сөз болуптур. Ал эми сиздин кандай байлыгыңыз бар? Кандай бизнес кыласыз? - Жыл сайын мен да мүлкүм боюнча декларация тапшырам. Депутат болуп жүргөндө өз декларациямды карап, парламенттеги эң бай адамдардын тизмесине киргенимди көрүп таң калгам. Келинчегим Айгүл Текебаеванын чакан бизнеси бар. Айына 7-8 миң доллар табат. Мыйзамга ылайык, кирешесинин 15% салыгы боюнча төлөйт. Менин байлыгым - аялымдын тапканы, декларацияларды салыштыра келсек, ал Бабановго караганда жылына эки эсе көп иштеп табат экен. - Премьер-министр Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого ат салыша турган болсо, шайлоо кампаниясы башталардан он күн мурда отставкага кетиши керек деген сунушуңузду депутаттар колдобой койду. Эми ал шайлоо учурунда өргүүгө гана кете турган болуп калды. Мамлекеттик машина бүт бойдон анын талапкерлигин өткөрүү үчүн иштейт деген ойдо ушул сунушту айттыңызбы? - Таза шайлоо - бул демократиялык бийликтин негизи. Революциянын, андан кийинки убактылуу өкмөттүн негизги максаттарынын бири таза шайлоолорду камсыз кылуу. Шайлоо адилеттүү болсун үчүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү шайлоо астында төрт ай мурда кызматтан кеткен. Бул эрежени ушул шайлоодо да киргизели деп сунуштадык. Анткени премьер-министрлик - эбегейсиз чоң кызмат. Мамлекеттин тагдыры ошону менен байланышкан. "Мен президенттикке өтүп кетсем, кош болгула. Өтпөй калсам, кайра келем" деген бүгүнкү кырдаалда туура эмес. Кыргыздар "ашууда ат алмаштырбайт" деп коет. Союз убагында "Начальник келбесе да, пиджагын креслосуна илип койсо, иш жүрө берет" деген тамаша сөз бар эле. Бул жерде да ошол тамаша орундуу болуп турат, анткени Атамбаев өзү өргүүгө кетсе да, күрмөсү кабинетте илинип турат, бүт система начальниктен сурабай эле анын пайдасына иштей берет. Ошентип, шайлоого болгон элдин ишенимин биз жоготуп алышыбыз ыктымал. - Сиз өзүңүздүн сөздөрүңүздө коалиция мүчөлөрүн бириктирген идеянын жоктугунан өкмөттүн күчсүз болуп атат деп айтып жүрөсүз. Эмнеге негиздеп айтып жатасыз? - Ар кандай фракция мүчөлөрүн бириктирүү үчүн гана эмес, бир партияны бириктирүүгө да демилге керек. Эл колдогон демилге менен гана коллективди, коалицияны бириктирүүгө, бүткүл Кыргызстанды ээрчитип, кандайдыр бир бурулушту жасоого болот. Бүгүнкү коалиция "ана кыйрайт, мына кыйрайт" деп үч-төрт айдан бери саясатчылардын дагы, жөнөкөй элдин дагы эрмеги болду. Бүгүнкү коалициялык өкмөттө демилге жок. Үч ай фракция лидерлери жыйналбагандан кийин мына ушундай чыр-чатак келип чыкты. Андан кийин "макул, жолугуп турабыз" деп айтышты, бирок муну менен элди да, саясатчыларды да ынандыра алышкан жок. Мен бир эле мисал келтирейин. Алмазбек Атамбаев "Кудай берсе, быйыл профицит менен чыгабыз. Чыгашабызга караганда кирешебиз көп болот" деп айтып отурат. "Буга ишенбегендерди Кудайга койдум" дегенге чейин барды. Өлкөдөгү президенттен кийинки экинчи адам ЖК төрагасы Акматбек Келдибеков Ысык-Көлгө аудиторлордун конференциясына барып, "быйылкы жылы бюджеттин дефицити 30 миллиард сомго жетет" деп жарыялады. Бул бюджетте 40%дан ашык дефицит болот деген сөз. Акматбек Келдибеков эмне деп айтаар сөзүн баамдап сүйлөгөндөрдүн бири, анткени ал көп жылдан бери финансы тармагында иштеп жүрөт. Мен бириники туура, экинчисиники туура эмес деп баа бербейм. Бирок бир гана нерсени айта алам - коалицияда туруп, өлкөнү кыйын кезде башкарып атканда позициясын тактап, бир сөздү сүйлөп, бир багытта иш алпаргандай болуш керек. - Өкмөт тууралуу мыйзамды киргизгени жатасыздар. Бул мыйзамдын кандай өзгөчөлүктөрү бар? - Бул мыйзам долбоору өтүп калса коалиция бекем болот, коалицияга кирген фракциялардын мүчөлөрү соодалашып, кызматтарды, ишканаларды бөлүп ала албайт. Бул мыйзам долбоору кирсе, күчтүү бийлик пайда болот. Буга жараша күчтүү жоопкерчилик да пайда болот. Парламенттик башкаруу системасын карапайым эл эле эмес, депутаттар да түшүнбөй жатат. "Биз, парламент башкарабыз" деп буйрук берип киришет. Андай эмес. Парламенттик системада өлкөнү өкмөт башкарат. Эң чоң кызмат - премьер-министрлик. Бул мыйзам өкмөт башчыга эбегейсиз укук берип жатат. Эмне үчүн? Анткени Конституцияда "өлкөдөгү кырдаалга премьер-министр жооп берет" деген норма кирген. Демек, жоопкерчилигине жараша укук беришибиз керек. Бүгүн премьер-министр коалициялык шериктерине жалтаңдап карап, алардын туткунуна түшүп калбашы керек. Депутаттардын жеке кызыкчылыктарын аткарам деп, алардын кулу болуп калбоосу зарыл. Тилекке каршы, бүгүн ошондой кырдаал болуп атат. - Кандай укуктар берилип жатат? - Коалицияны фракциялар түзөт. Фракция мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгүнүн макулдугу менен гана коалицияга же кирип, же чыга алат. Чала өлүк коалицияны түзбөш керек. Коалициялык келишимде үч гана нерсе көргөзүлөт дедик. Өкмөттүн программаларынын негиздери, өкмөттүн структуралары, өкмөт мүчөлөрү. Башка кызмат орундарды бөлүштүрүү коалициялык келишимдин предмети болбошу керек. Азыркы коалиция мүчөлөрү майда ишканалардан бери бөлүп албады беле. Мына ушуга бөгөт коюуда. Коалициялык келишим ачык документ болушу керек, ал кабыл алынгандан кийин 10 күндүн ичинде ММКларда жарыяланышы керек. Жарыяланбаган бөлүгү күчкө ээ эмес. Болбосо, эки түрдүү келишим жазып, аны чөнтөктөрүндө катып жүрүшпөйбү. Бул мыйзамга ылайык, өкмөткө көптөгөн мүмкүнчүлүктөр берилип жатат. Дилбар АЛИМОВА |