Оппа, оппозиция

Муратбек МУКАШЕВ,
БЭК партиясынын cаясый кеңешинин мүчөсү:
"Мен базардан кетип бараткан адаммын"
Жакында эле дүйнөгө чуу салган Викиликс сайты Кыргызстанга тиешелүү дагы бир документти шардана кылды. Анда ал кездеги президенттин уулу Максим Бакиев Кыргызстандагы банктарды кандайча басып алгандыгы ачыкталган. Алардын катарында Муратбек Мукашев жетектеген "Кыргызпромстройбанктын" рейдерлик баскынчылыкка туш болгону тууралуу да айтылган. Ушул банктын тагдыры, саясый кырдаал тууралуу Муратбек мырзанын маегинде.

- Гезитиңердин кайра жарык көрүшү - силердин жамаатыңардын чоң ийгилиги. Сени, бөтөнчө башкы редакторуңар Чолпон Орозобекованы жоопкерчиликти сезе билген журналисттер деп эсептейм. "Ак ийилет, бирок сынбайт" деген мезгил келди. Биздин банкыбыз рейдерлик баскынчылыкка кабылганда силердин гезитиңер чындыкты жазып чыкты эле. Эми минтип силердин да, биздин дагы чындыгыбыз чыгып атат. Силердин гезитиңер бүгүн накта көз карандысыз болуп атканы кубандырат. Биз дагы соттошуп жатабыз…
- Викиликс сайты сиздердин банкыңыздардын рейдерлик баскынчылыкка кабылганы тууралуу маалыматтарды чыгарды. Ал маалыматтардын канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Викиликс чуусу - бул дүйнөдөгү революциялардын бир түрү. Алар жарыялаган маалыматтардын 70%ы чындык. Болгон документтердин негизинде маалымат берип жатышат да. Биздин банкка байланыштуу маалыматтарында "активдеринин акысына санаторий алган" деп жазыптыр, бирок ал андай эмес.Пансионатты сатып алганбыз. Калганы бүт чындык. Зомбулук менен тартып алышкан. Биздин банк Наделдин "Азия Универсал Банкына", Максимге керек болчу. Анткени биздин 32 филиалыбыз бар эле, жылына соцфондду, казынаны тейлөөнү тендерден утуп алчубуз. Ошондо булар аларды тартып алды. Силердин гезитиңер "айланайындар, ушул акчаларды булар уурдап кетпесин" деп айтып чыкты эле. Айткандай эле, "АУБ" аркылуу 1,5 млрд. сом соцфонддун акчасын, 840 млн. сом Өнүктүрүү фондунун акчасын, 542 млн. сом Маммүлк министрлигинин акчасын уурдап кетишти. Ошолорго түздөн-түз жардам берген Улуттук банктын башкаруу мүчөлөрү бүгүнкү күндө дагы деле иштеп атат. Ошол эле максимчилер. Буларга эч кандай чара көрүлбөй жатпайбы?
- Бул банк боюнча азыр сот иштери жүрүп атканынан маалыматыбыз бар. Кандай чечилчүдөй?
- Биз 7-апрелде "революция болду, эми бир адилет заман келет го" деп ойлодук эле да. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариевдер "Рейдерлик баскынчылык болгон объектилерди кайра кайтарып беребиз" деп айтышкан болчу. Мен ошондо "жөн эле кайтарып бербей, соттун чечими менен гана кайтаруу керек" дегем. Менде Роза Отунбаеванын КСДПдан депутат болуп турган кездеги сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасы бар. "Кыргызпромстройбанкты" Надель басып алганын баары билет. Бүгүнкү күндө "Азия УниверсалБанк" арам акчаларды жуугуч жайга айланды" деп айткан. Эми мына соттошуп, шаардын сотун эки жолу утуп чыксак, ушул эле жаңы бийликтин адамдары сотко кийлигишип, Жогорку Соттон бул чечимди буздуруп коюшту. Кайра арызданып, ушул жылдын 14-апрелинде райондор аралык сотту дагы уттук. Наделдин өкүлү, "Кыргызкредитбанк", Улуттук банк, Маммүлк министрлиги биригип алып эми апелляциялык арыз менен кайрылышты. Эми дагы бийлик тарабынан сотко кысым болуп жатат.
- Конкреттүү мисалдар менен айтып бере аласызбы?
- Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөт башчысынын биринчи орун басарынын милдетин аткарып турганда Жогорку Соттун милдетин аткаруучуга, сот аткаруу департаментинин башчысына, генералдык прокурордун милдетин аткаруучуга "Эмне үчүн силер "Кыргызпромстройбанкка" жардам бересиңер?" деп такалаган. Кийин Муралиев техникалык өкмөттү жетектеп турганда сотторго чалып, Жогорку Соттун милдетин аткаруучуну Отунбаевага чакырып алып көрсөтмө беришкени факт. Атамбаевдин баягы ноябрь митингдеринде "Бийликке жеткенде баары эле ажыдаар болуп калат экен" деген сөзүн эстейт экенсиң. Азыркы күндө Кыргызстанда ажыдаар, анан көп ажыдаарчалар болуп кетти.
- Азыркы бийликтегилер дагы өзгөрүп кетти дейсизби?
- Мына силердин гезитиңер ошол кездеги оппозициянын таянган күчү болчу, аларды канча колдодуңар. Анан силердин башыңарга кыйынчылык түшүп калганда алар тырышып жардам бериштиби? Берген жок. Кийин бийликке келгенден кийин "Кантип атасыңар?" деп бир акыбалыңарды сурап койдубу? Жок. Бийликке келгенден кийин баарын унутуп коюп жатышат да.
- Бүгүнкү өкмөттүн ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
- Кечээ жакында Алмазбек Атамбаев Москвага барып алып "Мурун шапке алчу эле, азыр биз албайбыз" деп интервью берип атат. Эми премьер-министрдин деңгээли ушулбу? "Тиякка барып келдим, баланча акча алып келдим, муну кечти" деп айтканы да премьер-министрдин деңгээлине туура келбейт. Чындыгында ал чоң иш жасаган жок. Бюджеттин дефицити быйыл 30 миллиардга барат. Анан бир нерсе болсо эле "Кудай буюрса, Кудайга койдум" дей берет экен. Ажыдаар болуп алып, оппозицияда жанаша жүргөн досторун "кидать" этип кетти. Бүгүн мунун душмандары ким? Сариев, Байболов, Текебаев, Бекназаровдор болуп атат, достору баягы эле Бакиевдин, Акаевдин тегерегинде жүргөндөр болуп жатпайбы. Бир суроо берсе, "Мен аны билбейм, ал Бабановдун блогу" деп жооп берет. Айланайын, сен премьерсиң да, баарын билишиң керек!
- Азыр эми мурунку "Промстройбанк" "Залкар" банк болуп калды да ээ?
- Улуттук банк сот аркылуу "АУБду" банкрот кылды. Анан кайра эле соттун чечими менен "Залкар" банкты түзүп жатышпайбы. Негизи сот чечими менен банк түзүлбөйт да. Анан "АУБдагы" жакшы активдерди чыгарып, уставдык капиталы 40 млн. сом менен эле банк ачып салышты. Азыркы мыйзамдарга ылайык, банктын уставдык капиталы 300 млн. сомдон кем болбош керек. Өткөндө Улуттук банктын жетекчисинин милдетин аткаруучу Бактыгүл Жээнбаева "Залкар" банк өз алдынча, анын "АУБга" тиешеси жок" деп айтып атат. Активдер "АУБдан" чыгарылып атса, кантип тиешеси жок болсун? Дагы эле сатмай болуп атат да. Шапке бар болчу, азыр да бар, кийин да боло берет. Шапкени алып аткандар өкмөттөгү кишилер.
- Сизди президенттик шайлоого катуу даярданып жатат деген маалымат чыкты. Ат салышайын деп чечтиңизби?
- Бир гезитке бир жаран "эркек да президент болду, аял да болуп көрдү, баары эле эки буттуулар болду. Эми бир бутунан айрылып, бутуна туруп кеткен Мукашев президент болсо, балким, Кыргызстан кыйналып турган кезде өзүндөй кылып, бутуна тургузат беле" деп жазыптыр... Мен базардан кетип бараткан адаммын. Бизде муун өзгөрмөйүн мамлекетибиз оңолбойт.

Маектешкен
Дилбар АЛИМОВА