Биздин көчөдө

Шырдак шырып, атагы чыккан мал доктур
Мырзабек Алдеевдин үйүнөн күн алыс киши үзүлбөйт. Талды-Булак айылынын бул тургуну Таластын баш-аягына шырдакчы катары таанымал. Өз колу менен жасаган кийизине, оюмдун түрүн түшүрүп,
өнөрү менен жан багып келе жатканына
15 жылдан ашты.

Мырзабек байкенин апасы бир кезде колунан көөрү төгүлгөн иштүү болуптур. Баласына оюм чийдирип жүрүп, кийин шырдак шырыганды үйрөткөн экен. Ал кезде эркектин ийне кармаганы көзгө өөн учурагандыктан, Мырзабек байке эрезеге жеткенде башка эле кесипти тандоону чечет. Совхоздо бир топ жыл мал доктур болуп иштеп жүрүп, союз ыдыраган тушта үйдө бош отуруп калат.
- Бир күнү аялым экөөбүз чай үстүндө сүйлөшүп отурганбыз. Анан кой кыркын жөнүндө сөз болуп кетип, мен ойдо жок жерден апам экөөбүздүн илгери шырдак жасаганыбызды айта калдым. Жеңең аны угаары менен "кайра ошол ишти колго албайсыңбы?" деди. "Апкел кийизиңди, ошол элеби?" деп тамашалап койгом. Арадан беш-алты күн өткөндөн кийин чын эле көтөрүп келиптир, ошондон тарта ушул ишке өттүк. Башта оюм эле салып берчүмүн. Кийин жөрмөп, ыскытын баса баштадым. Андан бери эсептесек, баш-аягы 500гө жакын шырдак жасаптырбыз, - деди бул ишти кантип аркалап калганын сураганыбызда.
Мырзабек байкенин жубайы Замира жеңе бир кезде бухгалтер болуп иштептир. Кийин соодага өтүп, иши жүрбөй кайра-кайра банкрот болгондон жалкыганда ушу идеяны илип кеткенин жашырбады. Азыр а кишинин милдети жүндү сабап, чийге салуу экен. "Жүндү айылдан эле килосун 25 сомго сатып алабыз. Менин багыма жүн тыткан жайлар иштеп атат. Болбосо кол менен арбыбай турган жумуш эмеспи. Кийиз даяр болгондо боекко салабыз. Чек арадан өткөн эле азап болбосо, Жамбылдын боектору жакшы. Өткөндө бул жакка бирөөлөр сатып келгенинен алсак, начар экен, көө кошуп койгонбу, айтор, кийиздин иреңи бузулуп калды", - деди.
Бул үй-бүлөгө таандык шырдактардын баасы ар кандай. Орточо эсеп менен 4000-8000ге чейин. Кийизин боекко салып, даяр көтөрүп келгендердики андан арзан түшөт. Жөн эле оюм салып бергени үчүн 500-1000 сомго чейин алышат. Кээ бир тааныштары кадыр-көңүлгө салып бекер эле жасатып кетет экен. Айрымдарга өзү тартуу кыларын айтты. Бул салттын эрежесине ылайык, мындай учурда үйүнө кой-эчки, торпок, кээде тай жетелеп келген учурлары болуптур. Бир жолу атайын кызына арнап жасаган шырдагына Германиядан келген волонтер кызыгып, акидей асылса байке аны болгону 300 сомго кармата бергенин жубайы Замира жеңеден уктук.
- Аябай көңүлчөөк. Жок дегенди билбейт. Кокус мен жокто үйгө бирөө келип, "баланчага жасап бер" десе баш ийкеп кала берет. Айла жок, кээде ушул үчүн урушам. Кеп эми акчада деле эмес. Болгону шырдактын жумушу оор. Жүндү кайнаган сууга салып, анан муздак сууга чайкап, тытып, сабаганың эле канча азап? Тепкениң, басканың, бышырганың ал өзүнчө жумуш. Анан ыскыт-шоонаны да өзүм ийрийм. Айтор, кээде ушинтип кыйналып бүтүргөн ишибиз өзүн актабай калат. Далай жолу кол шилтеп, "кой, токтотолу" деген күндөр болду. Ошентип биртике тыным алабыз. 1-2 айдан кийин кайра эле баягы көнгөн ишке өтөбүз, - деди тамаша-чыны аралаш.
Мырзабек байке башта бир эле шырдак эмес, алакийиз да жасачу экен. "Мурда үйдө бала-бакыра бар кезде билинчү эмес. Эми баары туш-тушка тарап, турмуштан өз ордун таап кеткенден кийин алакийизге чамабыз келбей калды. Кара күчтү талап кылат эмеспи. Башкаларды бир же эки жолу чакырасың, анан келбейт. Ар кимдин өз жумушу бар экен. Ошондуктан күчүбүзгө ылайыктап эле шырдак жасап калдык", - дейт.
Табияттан берилген шыкка айла жок тура, бул байке бала чагында эжелеринен талашып, сайма сайганын айта отурду. Тилекке каршы, апасы көз жумгандан кийин экөөнүн колунан жаралган буюмдардын көбү жоголуп кетиптир. "Жаштык кылып, маани бербепмин. Азыр болсо, көзүмдүн карегиндей сактайт элем да", - деп терең улутунду.

Санжи Туйтунова