Кумир менен чайлашуу

Асылбек ӨЗҮБЕКОВ, КР Эл артисти:
"Ала жипти эле эмес, кыл аркандарды да аттагам"
Тамашасы, ыры, шайырлыгы менен көптөгөн айымдардын сүйүүсүнө арзыган Асылбек Өзүбеков биздин редакцияга келип, студенттер менен чайлашты. Жаштар Асылбек мырзага студенттик күндөрүнөн тарта азыркылардын сүйүүгө болгон көз карашына чейин собол ташташты. Ал эми Асылбек байке аларга бир топ кеп-кеңештерин берип, сүйүү сырларынан бөлүштү.

Асылбек Өзүбеков: - Сөздү баштардан мурда "Dе-факто" гезитин кайра жаралышы менен баарыбыздын атыбыздан куттуктап коеюн. Бул гезит ошол маалда өз сөзү, үнү, сүрү бар басылма катары далайлардын жүрөгүнүн үшүн алган. Ошол себептен булардын колун толгоп, муунтуп, кыкынтып, гезитин жаап, өздөрүн чилдей таратып ийишкен. Эми кайрадан элдин көкүрөгүнөн орун алат деп ишенебиз. Эми маегибизди баштайлы. Баарыңар студент экенсиңер. Студенттик күндөр кандай өтүп атат?
Айпери: - Жакшы эле. Азыр көпчүлүк студенттер окуп да, иштеп да жетишип жүрүшөт.
А.Ө.: - Жашоо ошондой болуп калды. Чыдабагандар базарга, башка жактарга кире качып атышпайбы. Чыдагыла, кийин үзүрүн көрөсүңөр.
Айпери: - Асылбек байке, сиз кайсы гезиттерди окуйсуз?
А.Ө.: - Кыргызча да, орусча да көп гезиттерди окуйм. Анткени бир эле маалыматты ар кайсы гезит ар кандай өңүттө берет.
Кошой: - Шоу гезиттерди окуйсузбу?
А.Ө.: - Кээде окуп калам. Өзүмө керектүү маалыматтарды издейм. Көбүнчөсүн барактап гана коем. Азыр көбүнчө ушак, бирөөнүн жеке жашоосуна асылмай болуп атат. Мага эки күндүн биринде чалып турушат. Кээде өтө пас деңгээлдеги суроолорду беришет.
Айжан: - Бир жолу гезиттен сизге "ич кийимиңизди аукционго коет белеңиз?" деген суроо беришкенин окугам.
А.Ө.: - Ал суроону бергенде, чалкаман кеткем. Менин ич кийимимдин кимге кереги бар? Ал эмес, өзүмдү койсом да азыр эч ким албайт. Ошол сыяктуу суроолорду көп беришет. Атургай бир жолу "кантип чочуйсуз?" деп сурашты. Мен "Айтсам гезитке жазасыңбы?" десем, "ооба" дейт. А мен "көтөк" деп чочуйм дедим.
Айпери: - "Ала жипти аттадыңыз беле?" деп да көп сурашат ээ?
А.Ө.: - Антип да сурашкан. Силерге деле айта берейин. Ала эле жипти эмес, ар кандай жиптерди аттагам. Кара, кызыл, көк, кыл аркандарды, жоон жиптерди аттагам. Эгер андай жиптерди аттай албасам, эмнем эркек?
Айпери: - Интригалуу суроолорду көп беришет турбайбы? Соттошкон учурлар болгон жок беле?
А.Ө.: - Жок. Мен жөнүндө ушак кылбай эле журналист уккусу келген нерселерди өзүм айтып берем. Өткөндө "ар жак, бери жактарда балдарыңыз жокпу?" дейт бирөө. Мен "жакында автобус алам. Ошого Кыргызстандын бардык жерлеринен балдарымды чогултам. Жеңил машинага батпайт экен" дедим.
Гүлжамал: - Биздин курактагы Асылбек байке кандай эле?
А.Ө.: - Мен дагы студент болгом. Жаштыгым менен билбей көп нерселерди өткөрүп ийиптирмин. Кийин чыныгы турмушка аралашканда, сахнага чыга баштаганда көп нерсени билбей, ошол студент кездеги окуй албай койгон китептерди кайра окуп чыгуу керек болду. Силер азыр окугула, баарынан кабардар болгула. Антпесе, өзгөчө кыздар, турмушка чыгасыңар, балалуу болосуңар, үй-бүлөлүк турмуш, көр оокат болуп жүрүп, заманыңардан 5-10 жыл артта каласыңар. Мисалы, азыркы бир күнүңөрдү айтып бергилечи?..
Айжан: - Саат тогуздарда турабыз. Даярданып, сабакка жөнөгүчө түш болот. Окуу бүткөндө кайра үйгө келип калабыз.
А.Ө.: - А кечкисин эмне кыласыңар?
Айжан: - Бирөө китеп окуп, бирөө тамак жасап, бирөө интернетте...
А.Ө.: - Свиданиечи, дискотекачы?
Айжан: - Мен дискотекага бара элекмин.
А.Ө.: - Китепканагачы? Же интернетке көп кайрыласыңарбы?
Айпери: - Мага китепканага баргандан көрө, интернеттен маалымат издеген оңой. Улуттук китепканага барганда бир китепти издеп, анысы бирөөнүн колунда болуп, алгыча эле бир күн өтүп кетет.
Гүлжамал: - А мен филологияда окуйм. Биздин кесипке тиешелүү адабияттар интернетте жок. Элдик оозеки чыгармачылыктагы накыл сөздөр, жөө жомоктор, уламыштар, кошоктор интернеттен табылбайт. Ошон үчүн "азыр жаштар китеп окубайт" дегенге мен кошулбайм.
А.Ө.: - Жаштар китеп окубайт дегенибиздин себеби бар. Жаштар тургай мен 5-6 жылдан бери адабий китеп окуй элекмин. Мурда өлүп-талып окуп, китепканадан китептин бирин жаздырсам, экинчисин койнума катып кеткен учурлар болчу.
Айпери: - Студенттик темадан чыгып, жашоо, сүйүү жөнүндө сүйлөшпөйлүбү?
А.Ө.: - О-оо. Бул менин сүйүктүү темам да…
Кошой: - Канча жашыңызда үйлөндүңүз эле?
А.Ө.: - Мен аябай эрте үйлөнгөм. Мектепти бүтөөрүм менен эле классташ кызымды алып алгам. Экөөбүздүн сүйүүбүз 9-класста башталып, турмушка эрте аралаштык. Бирок кыйналган жокпуз. Анткени ал кезде жаш үй-бүлөлөргө өкмөт кам көрчү. Нике шакекке да мамлекет акча берчү. Азыр антип эрте үйлөнгөндөр, ата-энеси шарт түзүп бербесе, кыйналып калат. Сен эмнеге мага ал суроону берип жатасың? Өзүң үйлөнүп алайын деп ойлонуп атасыңбы?
Кошой: - Жо-ок. Эрте үйлөнүп алсаңыз, анда көп деле кыздар менен сүйлөшкөн эмес турбайсызбы?
А.Ө.: - Ооба. Алгачкы сүйүүм менен көзүм тумандап, элжиреп, үйлөнүп, турмуш башталгандан кийин жерге түшүп, айланамды карасам, бир топ кызыктуу, жакшы кыздар көп экен (күлүп).
Айпери: - Кошой сиз келгиче даярданып алып, эми ал суроосун бере албай атат. "Кыздарга кантип жаксам болот?" деп сурайын деп аткан.
А.Ө.: - Кыздарга жагынгандын эмне кереги бар? Иштей бер заңылдап. Ошондо сага кызыккан кыздар четинен эле пайда болот.
Айжан: - Статистика боюнча кыздар көп дебейсизби?
А.Ө.: - Аа, Айжан, сен ошону да эсептеп жүрөсүңбү? Ошол үчүн кыздар башка улуттагы жигиттерге күйөөгө тийип кетип аткан турбайбы, ээ? Бул боюнча эчак маалымат топтоп жүргөн турбайсыңарбы?
Айжан: - Биздин кыздардын башка улутка турмушка чыкканына каршысызбы?
А.Ө.: - Башка улутка кеткени өкүнүчтүү. Жакшынакай кыздар өзүбүздүн жигиттерге турмушка чыкса, өз тукумубузду көбөйтсө жакшы болмок. Бирок ортодо сүйүү болуп тийип кетсе, каршылык жок. А бизде Кыргызстандын келечегине ишенбей тийип кетип атышпайбы. Силерде ошондой пландар жокпу?
Айпери: - Менимче, азыр сүйүү экинчи орунда калган. Атургай ата-энебиз деле бир баланы айтсаң, "кайсы жерде иштейт, үйү барбы?" деп сурайт да.
Айжан: - Мен үчүн сүйүү биринчи орунда, бирок мени багып кете турганына көзүм жеткен балага күйөөгө тием.
А.Ө.: - Эгер сага "мен сени катуу сүйөм, бирок багып кетериме көзүм жетпейт" десечи?
Айжан: - Анда ага күйөөгө тийбейм.
А.Ө.: - Эмнеге силер "Мен эркектен көз каранды болбойм. Өзүмдү материалдык жактан толук камсыз кылып туруп, анан турмушка чыгам" деген максат койбойсуңар? Силердин айтууңар боюнча баарын эле эркек жасаш керек болуп атпайбы?
Айжан: - Аял балага тарбия берип, үй ичиндеги проблемаларга жооп бериши керек. Акчаны сырттан эркек таап келиши керек. Эки милдетти тең аткарган аялга оор болуп калат го. Анда эмнеге "аял назик, жумшак, алсыз" деп айтасыңар?
А.Ө.: - Ал жагынан сеники туура. Бирок акыркы убакта бардыгы тетири кетип атат. Мисалы, азыр тескерисинче, байдын кызын издеп, бардар адамга күйөө бала болом деген эркектер толтура.
Гүлжамал: - Асылбек байке, сиз дагы деле аялыңызды сүйөсүзбү?
А.Ө.: - Сүйгөн үчүн жашап келатабыз да, отуз беш жылдан бери.
Кошой: - А сиз үйлөнгөндөн кийин башканы сүйүп калган учурлар болгон жок беле?
А.Ө.: - Сүйүү деп айтпайм, бирок жакшы көрүп калган учурлар көп эле болгон. Э-эй сүйүү жөнүндө сүйлөшө берсек сөз толтура. Шайлообек Дүйшеевдин ыры эске түштү:
Кыйноосун тартып кыздардын,
Карандаш болуп учталдым.
Учталдым, бирок аттиң ай,
Учталган сайын кыскардым, - дейт. Кыздардын кыйноосун мен да тарткам, учталгам, кыскаргам. Силерден сүйүү жөнүндө ошол үчүн билгим келип аткан. Азыркы жаштардын сүйүүгө көз карашы башкача экен. Кандай болсо да сүйүүнүн таза болгону жакшы. Чекеңерге бырыш түшсө да, жүрөгүңөргө бырыш түшпөсүн!

Даярдаган
Бегимай БАКАШЕВА