Айланайын айылдыктарым

Англисче түш жоруган араба уста
Талас шаарынын тургуну Өмүрзак Чормуков ат араба жасаганды интернеттен көрүп эле үйрөнүп алыптыр. Колунан жаралган буюмун кан базарга чыгарып, сата баштаганына 1,5 жылдай болгон экен. "Араба жасоо менин хоббим, мындан башка жер иштетүүгө да кызыгам. 50 кило салмакка чейин чоңойчу ашкабактын уругун Америкадан алдырган элем. Кечээ жакында отургуздум, түшүмү кандай болору күздө билинет" деди. Чоо-жайын сураштырсак, бу жигит Таластагы эл аралык уюмдардын биринде иштеген, англис тили боюнча котормочу болуп чыкты. Азаматсыз, Өмүрзак!

Кошой Наркеев




  Экономикалык саат

Саакашвили жасаган салык реформа Кыргызстанга да жетиши керек!
Сейитбек Усманов,
Борбор Азия эркин базар
институтунун директору
Бийликке келери менен 2004-жылы Михаил Саакашвили "коррупцияны жоем" деди. Ал кезде Грузия менен Кыргызстан бир деңгээлде болгон (Transparency International уюмунун басы боюнча 160-орунда) дүйнөдөгү эң терең коррупцияга баткан мамлекеттер деп эсептелген Тажикстан жана Гаитинин катарында.

2010-жылы болсо Грузия 68-орунга жетти (Италия менен бир деңгээлде), Кыргызстан ого бетер ылдыйлап 164-орунда (Тажикстан 154-орунда). Эмне үчүн 6 жылдын ичинде Грузия ушундай секирик жасады, революцияны чогуу баштан кечирген Грузия менен Кыргызстан эмне үчүн эки ача кетти?
Коррупцияны жоюуда негизги ролду салык реформа ойноду. Ладо Гургенидзе, Грузиянын мурдагы премьер-министринин айтымында, "салык реформанын жетишкендиги - салыктан качканга караганда салык төлөө пайдалуураак болду". Грузия кантип салык төлөөнү мамлекет үчүн пайдалуу кылды:
o Салыктардын саны 21ден 6 түштү
o Соц.фонд төлөмдөр жоюлду
o Микробизнес салык төлөбөйт
o Кичи бизнес бир эле салык төлөйт, кирешеден 5%
Салыктардын саны, анан жалпы ставкалардын азайышы менен адамдар көбүрөөк төлөп калды. Мурун потенциалдын 35% чогултса, реформадан кийин орточо 80% чогултуп калышты.
Салыктардын санын, анан деңгээлин радикалдуу азайтуу Грузияда 2004-жылы башталды. Салык төлөгөндөр деле эмес, мамлекеттик бюджет пайда көрдү. 2004-2010-жылдын аралыгында салык чогултуулар үч эсе өстү, 2.2 млрд. лариден (1.3 млрд. доллар) 5.8 млрд. лариге жетти (3.6 млрд. доллар).
Кыргызстанда болсо салык төлөгөндөн баары качышат. Эмнеге качышат?
Дүйнөлүк Банктын Doing Business изилдөөсүнө караганда, Кыргызстан 2011-жылы салыкты төлөө жеңилдиги боюнча 150-орунда турду. Эмнеге?
o Жылына 48 салык төлөш керек: Грузияда болсо 18, Шведцияда 2
o 202 саат кетет жылына салык төлөгөнү: Бирикен Араб Эмиратта 12 саат
o Кирешеден 57% салык катары алынып атса, Грузияда 15%
Ушул себептерден улам Кыргызстанда салык төлөө пайдалуу эмес, экономикалык коррупция гүлдөп, көмүскө экономикага кире качып атышат.

Салык реформалоо кеңештер
Салык системасы реформаланбаса Кыргызстандын калкы жалпысынан экономикалык коррупциянын баткагында кала берет. Кыргызстан өкмөтү кандай реформа кылышы керек?
1. Салыктардын саны аз болушу керек. Бир же эки салык калтырып, калганын жоюш керек. Жөнөкөй болгондон кийин төлөгөнү жеңилирээк болот.
2. Кыргызстандын салык деңгээли 57% болуп атат, бул өтө жогору, Грузиядагыдай 15% түшүрүш керек. Муну азайтканда салыктан качпай калышат.
3. Салык төлөө эң тез жана оңой болушу керек. Бизде 202 саат коройт экен, салык төлөөдөн көңүлдү айнытып, иренжитип коет. Эмираттын деңгээлине жеткизиш керек, 12 саат гана коротсо, ошондо жайбаракат баары төлөй башташат.
Эгер салыктардын саны аз, деңгээли төмөн жана төлөө жөнөкөй болсо, анда салыктан азыраак адам качат, көбүрөөк адам төлөйт. Ошондо экономикалык коррупция жалпы калк арасында азаят, Кыргызстан болсо Transparency International боюнча алдыңкы орундарга чыгат. Ушундай чечкиндүү салык реформа болбосо, анда Кыргызстан калкы коррупцияга батып тура берет.