Ыракенин жандептеринен

Ай кыздар, кыздар,
байпагым кызыл, көргүлө!
Ыраке (Рамис Рыскулов) биздин редакцияга келбей калды. Сагындык. Чакырып, келтире албай койдук. Жеңе болсо Ыракени бизден кызганып, үй камактан чыгарбай койду. Эми үйүнө болбой эле баралы деп атабыз. Ыраке "бирдеме уюштурбайсыңарбы"деп калчу эле, ошо уюштуруп алып барбасакпы. Эмне жаңы ыр жазды экен, анысын баса калып окуйбуз. Ага чейин биздин архивдеги ырларын таап алдык. "Ай кыздар, кыздар, байпагым кызыл, көргүлө" деп жазыптыр. Жаз келгени Ыраке кыздар жөнүндө көп жазчу эле. Эми да жазса экен деп атабыз, кыргызда Ыракедей талант саналуу.
Ыраке, сиз сүйгөн
"Dе-факто"кайра чыгып атат, биздин үйгө деле келип туруңуз сагынтпай.


Кудай көргөн коер бизди кечирип,
Чыдай албай дароо кеттиң чечинип.
Көзү менен табиятты карасак,
Сүйүшүү да эмес деги чекилик.
Чымчык жана көгүчкөн да сүйүшөт,
Кош көгүчкөн бирге ээрчишип жүрүшөт.
Бири Майрам Акаева,
экинчиси Аскар Акаев го дейм.
Кампания курап анан байкасак,
Шайырланып жаштар жыргап күлүшөт.

Биздин турмуш жакшы
Аяштардын этегиндей көйкөлөт
Көп көңүлдөр сулууларды
көргөн кезде өйкөлөт.
***
Чиркин сүйүү,
Сүйүлүүдө болгондор
Делбетап,
Ээликме жана жээликме.

Сүйүү - бул турмуштун лүкүлдөгөн, дүкүлдөгөн локомотиви. Өргүл, өткүр локомотиви.
***
Чыңгызга бир досу "Чыке, жаш аял алган кандай экен?" деп сураса, "төшөктө мышыкча ойнотот экен" дептир.
***
Казак акыны Олжас Сулейменов: "Биз, эркектер, аял-кыздын санына, жамбашына сыйыналы көбүрөөк" деген.
***
- Бейиш кайда? - деди Сартбай. - Бейиш аялымдын кухнясында. Менин бөлмөмө куурулган пияз менен эттин жыты келгенде, аябай жыргайм.
Мидинден
Күндө өтөмүн эшигиңдин түбүнөн
Айтчы секет, качан сенден түңүлөм.
Тамтаңдатып такыр колго тийбейсиң,
Мени көрсөң жүгүрүп чык үйүңдөн.


Тарарам
Тарарамды ырдап барам, Тамараны ойлоп жыргап барам.
****
Акын Сүйөркул Тургунбаев "аял - мончо" деген. А мен "аял - түрмө" деп уладым. Аял - бейиш, жашоого негиз, Аялың жанда болсо телегейиң тегиз. Кыз, айымдын өзү пляж, Кудай аял-эркек деп бөлүп, бирине-бирин издетип койгону ырас.
***
Кайран Мидикем деле минткен: көп эле этек жакты ырдап кетпейличи.
***
Драматург Токтоболот Абдумомунов: "Аял-кызды киндигине чейин ырга кошолу, андан ылдый жагын мындай коелу" деген.
***
Көчөдө баратсам, калпагым кыз-келин жакка кайкая берет.
***
Жиндиге кемпирди салып берсе, жини кагылат.
***
Биз бродго көп барып, же чабак, же русалка, же алтын балык кармайбыз.
***
Белиң сенин ийилет,
ээр токум токуп чапкандай,
Дилдештигиң билинет,
чабышып бекем капкандай.

Көл боюнда кыз-келиндер жатат,
Булардын жамбаштары выставкасы дедим.
***
Цивилизованный досум, жазуучу Дайырбек жарым бөтөлкө коньяк менен аялы Ырыс экөөңөр ичкиле деп бизди калтырып кетти. Ырыс "кайнэнем дүлөй, бизди тыңшабайт" деди. А мен кухняда сүйүшөмбү деп, "шампанскийдин пробкасындай" үйүнөн атып чыктым.
***
Москва - Мас күйөө деп чечилет. Мидин, Есенин, Байдылдача мени да кабак колдоп, кабагым ачкан көп ирет.
Акын Райкан Шүкүрбеков:
- Мен арак кошпогон акмакмын, - деген.
***
Мен Ысык-Көлдүн Хутор кыштагында кароолчу болуп иштегем. Бир фляга кымыз жана он бештеги сулуу кызды мага калтырышты. Мен ага "жазда келем айылыңа, көпкөк өрүк, кайта кетем жериме сени көрүп" деп ага эч жуубай койсом, кыз ыйлап жиберди. А мен ага да болбой, аны калтырып кете бердим. Ал себеби, үй-жайсыз тентип жүрүп, кантип андай кызга үйлөнөм дедим.

Аңгыча мен үйлүү-баштуу ажонун кызы Элмира Раззаковага жолугууну болжошком. Ага атасы мени келечеги кең акын болот деген экен. Ал Элмира жаныма 10 метр калганда кайта чегинди. Үтүктөлбөгөн костюм-шымчан кебетемди көрүп, мени көп элеске албай, артка чегинди.
***
Ай кыздар, кыздар, байпагым кызыл, көргүлө.

Жаз маалында үрөн сепсем талаага,
Миллион телпек өсүп чыкты.
Өзүм калдым терең санаада.
***
Күйөөсү менен аялы узак ойногон магнитофон пластинкасындай тура.
***
"Ой, сен тармал чач, аппак жигит элең. Эмне үчүн эми өзгөрүп кеттиң" деди Качкынбай Осмоналиев.
"Эй, досум, азыр мен жаштыгымдын чучелосу гана болуп калбадымбы" дедим.
***
"Оо, жигит, сенсиң кысталак" деп карыя кемпирин катуу кызганат.
***
Согуш убагында турмуш начар болгон үчүн сулуулар кеткен азайып. Бир сулуу үчүн көп жигит өлтүрүлгөн. Аябай куугун жеген кашайып.
Сулуу аялы менен үстү ачык легковойдо эл алдына чыкканы үчүн президент Кеннедиге ок атылып, не бир досу каршы болуп бурган жүзүн.

***
Женщень, пантокрин, армян коньягы тез арада күчтүү сексти билгизет, өздөрүнчө бактылуу адамдардын не бир маньягы.
***
Күчтүү секс абдан коркунучтуу. Гомосекстен талма оору, рак оорусу көп убакта пайда болорун чыгарбагыла эстен.
***
Мен ушул аялыма үйлөнгөндөн кийин отуздан ашуун мезгилде төрт жолу гана солго кеттим. Ошон үчүн поэзия, сүрөт, обондор болду чыныгы секетим.

Майрамка
тууралуу
Сүйүктүү Майрам Акаева экөөбүз көрүшкөндө кош жалбырактай жабыша түштүк. "Ой, Аскарчик эмне дейт" деп чыга кача жөнөгөм, эхей, аттиң.
***
Көп кыз-келиндер менен жүргөндө
кайра бактысыз болдум,
Үйлөнгөндө чынында бакыт эмне
экенин билдим.
***
Колтукташып жаз менен, көчөдө келем эркелетип логиканы, эмоция эмем.

Даярдаган
Жеңишбек КАДЫРБЕК уулу