Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Акүй жыттанат

Акылбек Сариев, Боршайком төрагасы:
"Мени Атамбаевге иштеп атат дегиңер келеби?"
Кечээ жакында Өмүрбек Текебаевдин жетекчилиги астында Жогорку Кеңеште Шайлоо кодексине өзгөртүүлөр талкууга алынып, бир даары өзгөртүүгө учурады. Бирок бул иш-аракет Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан колдоого алынган жок. БШКнын төрагасы Акылбек Сариевдин айтымында, бул өзгөртүүлөр эл өкүлдөрүнүн президенттик шайлоого карата күн мурунтан көргөн даярдыгы.

- Акылбек мырза, шайлоо кодексине өзгөртүүлөр парламентте талкууга алынып атканда эмнеге катышкан жоксуз?
- Биринчиден, мыйзам жазган топтун жетекчиси Өмүрбек Чиркешович болгону үчүн катышкан жокмун. Анткени бул кишинин көз карашы мага өткөн жылы эле белгилүү болгон. Референдум, парламенттик шайлоо маалында ортодо пикир келишпестиктер болгон. Ошол нерсени сыртка чыгаргым келбеди. Экинчиден, Башмыйзам боюнча биздин мыйзам сунуштоого укугубуз жок. Ал депутаттардын гана милдети.
- Демек, мыйзам долбоорлорунан өөн табуунун артында жеке таарыныч катылып жаткан тура?
- Бул жерде эч кандай жеке мамиле жок. Болгону мыйзам долбоорлору жеке кызыкчылык үчүн өзгөртүлгөнүн айтып атам. Өмүрбек Чиркешович азыркы киргизген жоболорун парламенттик шайлоо алдында колдонмокчу болгон. Буга мен, албетте, каршы чыккам. Аягында жеңилип калды. Балким, ошондо "колдоп койсо утат элем" деп ыза болгондур. Эми кимибиз чын, кимибиз калп экенин мезгил өзү таразалайт дечи. Азыр депутаттар шайлоо комиссиясынын жоопкерчилигин көтөрүү үчүн ушул кадамга бардык деп атышат. Чынында андай эмес. Тескерисинче, жаңы кирген өзгөртүүлөрдө шайлоо комиссиясын күнөөлөгөнгө негиз болчу ченемдер көп. Өзүңөр жакшы билесиңер, бизде бир нерсе болсо эле Боршайкомго асылган адат бар. Ким күнөөлүү, анын артында ким турат, муну эч ким териштирбейт.
- Ошол Боршайкомду күнөөгө батырчу жоболорго кыскача токтоло кетсеңиз?
- Айтсак, шайлоочу каалаган жерден алдын-ала кайрылып, добуш берсе болот деген ченем. Мисалы, сиздин жашаган жер боюнча каттооңуз Көлдө дейли. Бирок Бишкекте жүрөсүз. Анан "мен шайлоого борбордон эле катышкым келет" деп арыз бересиз. Ошол күнү биз сизге шайлоого катышууга шарт түзүп беришибиз керек экен. Ачык айтыш керек, мунун айынан келечекте чоң чатак чыгышы мүмкүн. Буга биз өткөн жылкы референдумда эле күбө болгонбуз. Элдин токтоолугу, акылмандыгы гана кырдаалдын курчушуна жол берген эмес. Экинчиден, жасалма добуш берүү күчөйт. Адам бир жерге добуш берип чыккандан кийин, экинчи жерге бара бериши мүмкүн. Биз аны көзөмөлдөй албайбыз да. Анткени технология өнүккөн эмес. Бардыгы болуп 2300 шайлоо участогу бар болсо, анын 1000ге жакынында телефондук да байланыш жок. Азыркы шарт боюнча 3000ге жакын шайлоо участогу түзүлгөнү жатат. Анын баары менен кантип байланышабыз?
- Бирок буга бөгөт болчу маркировка боюнча жобо кирбедиби?
- Эми ошо колго боек сүрткөн ыкма дүйнө боюнча Афганистан менен Африка өлкөлөрүндө гана колдонулат. Демократиялуу өлкөдө бул укук бузууга жатат. Адамдын баарына бирдей карабаш керек да. Бизде эки жолу добуш берген уяты жоктор аз эле. Ашып кетсе республика боюнча 2000 чыгаар. Ал эми булардыкы 3 млн. шайлоочунун баары ушундай деп киргизгендей болуп атпайбы. Анүстүнө маркировка каражатты талап кылат. Чет өлкөдөн сатып келиш керек. Эртең донорлор акча бербей, тетири карап кетсе эмне болот? Жокко чыгарабызбы дагы?
- Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда Ишенбай Кадырбеков Боршайкомго билимдүү, тажрыйбалуу жаңы жетекчи келиши керек деди. Бирок Боршайкомдун курамын жаңыртууга КСДП партиясынын депутаттары каршы болуп атат…
- Акылбек Сариев КСДПга иштеп атат дегиңер келип жатабы? Азыр депутаттардын арасында ушундай саясат жүрүп атат. Ошол себептүү жанагы талкууга кирген жокмун. Кызмат үчүн ары-бери жүгүрүп атат дебесин деп. Эртең мен "Ата-Журттун" өкүлдөрү менен кол алышсам, алар менен да дос кылып коюшу мүмкүн. Ишенбай Кадырбековдун ушул сөзүнөн кийин мага журналисттер чалышкан. Ушунтип атат кандай дейсиз деп. Мен билбейм, балким, өзүн айткандыр деген элем. Алдын ала айтып коеюн. Биз убактылуу эле келгенбиз. Убактылуу декрет менен бекип, президенттик шайлоодон кийин кетмекпиз. Андыктан калгысы келип атат деген болбогон сөз.
- Алдыдагы президенттик шайлоого премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин катышары анык болуп калды. Бирок ал кызматын тапшырбайт экен. Бул административдик ресурс бүт бойдон ага иштейт дегенди билдирбейби?
- Атамбаевдин шайлоого барар-барбасын билбейм. Бирок укканыма караганда, шайлоо маалында эмгек өргүүгө чыгып, убактылуу кеткенине макулдук беришсе керек. Бир эле ал эмес, жогорку кызматтагылардын баарына. А мыйзам боюнча мындай учурда алар кызматын тапшырышы керек болчу. Бизде эми өз эсебинен эмгек өргүүсүнө чыгып кеткен көнүмүш болуп калбадыбы. Азыр Кыргызстанды ким башкарып атканы белгисиз. Көп министрлерди КСДП дайындаган эмес. Андыктан административдик ресурс конкреттүү бирөөгө иштейт деп айтууга болбойт.

Суроо салган
Санжи Туйтунова




  Жол азабы - көр азабы

Гансиден Афганистанга
жүк ташыган айдоочулар Эркин Исаковго нааразы
Американын "Ганси" авиабазасынан Афганистанга жүк ташыган айдоочулар нааразычылык акциясын жарыялашты. Алар бир жумадан бери "Дордой" базарынын жанындагы кан жолдун боюнда отурушат. Негизги талабы - жол чыгымга төлөнчү акыны көбөйтүү. Торугарт-Эркечтам бажы постторуна жүк түшүрүүчү жайларды куруу жана Транспорт министрин кызматтан кетирүү.

Бул толкундоого чейин айдоочулар АКШдан "Ганси" авиабазасына келген жүктү Афганистанга ташып жүргөн. Буларга иш берген фирма түрктөргө таандык. Айдоочулар менен түрктөрдүн ортосунда эч кандай эмгек келишим түзүлбөсө да, жолго кеткен чыгым үчүн иш берүүчүлөр 4500 доллардан төлөп келген. Бирок күн жылыгандан баштап, фирма аны кескин түрдө 3700 долларга арзандаткан. Айдоочулардын айтымында, бул сумма барып-келген жол чыгымды актабайт. Ортодо келишим болбогондон кийин, фирма виза ачып берүү, май куюп берүү, тамак-аш менен камсыздоо өңдүү көйгөйлөргө баш оорутпайт экен.
"Түрктөр биздин акчаны ортодон "сындырып" жеп атат. Афганистанга жетиш үчүн 47 сомдон 2 тонна май керек. Доллардын курсу түшүп жатат. Тетик, дөңгөлөк, баары кымбат. Бир машинеге барып-келүү үчүн 18 дөңгөлөк керек. Анын ар бири 10 миңден болгондо эле 180 миң сом кетет. Бизди коштоп жүргөн киши жок. Виза, миграциялык уруксат кагаз деп отуруп документке эле 800 доллар кетет. Визаны Душанбеге барганда өзүбүз ачтырабыз. Андан сырткары, постторго төлөгөн акчабыз канча?", - дешет.
Ал эми Торугарт-Эркечтам жолу боюнча сураганыбызда, Айдоочулар коомунун төрагасы Надыр Токторов буларды айтты:
- 2006-жылга чейин бизге жакшы эле жумуш болгон. Андан кийин жүктү кытайлар өздөрү тартып, биз ишсиз калдык. Кытайдын ичинде жүргөнгө биздин укугубуз жок. Бизден барган жүктү алар чек арадан эле атайын базаларга түшүрүп алат. Биз да Кыргызстандын эки чек арасына, Торугарт менен Эркечтамга ушундай база курулсун деген талап коюп атабыз. Бул биздин экономикабызга эле пайда алып келмек. Жумушчу орундар пайда болмок. Жүктү түшүрүп алып, кайра бизге жүктөсө, бери көздей өзүбүздүн айдоочулар эле ташымак. Анда эч кандай "Гансиге" жалдырабайт элек, - деди.
Айдоочулар өкмөт бул талаптарды жакын арада чечпесе, Кытайга барчу жолду бууй турганын билдиришти. Ушул эле Айдоочулар коомунун тең төрагасы Айдарбек Турсуниязов:
- "Ганси" менен 2010-жылы ноябрда макулдашканбыз. Анда алар Айдоочулар коомуна жалдырап барчу. Жол азабын тартып, кышында иштеп бердик. Эми күн жылыганда айнып атышат. Иштегиси келгендер көбөйдү да. Бул жерде түрктөрдүн 5-6 ортомчу фирмасы бар. Баарынын башында "Хасан таш" деген турат. Көздөрүн май басып, жон терибизди сыйрып атат. Транспорт министри болсо беш күндөн бери бир басып келип, көйгөйүбүздү угууга жарабады. Ошол себептүү министрдин кызматтан кетишин талап кылабыз, - деп билдирди.

Кошой Наркеев







кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??